• Вт. Ноя 24th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

«Тойдо кабагын бүркөп отургандарга тийишип ырдайм…»

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 23, 2026

Бүгүнкү күндө той-топурларда күйөө балдар менен күйөө кошчуларды жандап, аккордеонун бооруна кысып, күтүүсүздөн «тах-тух, патак-путак!» деп кыйкырып элди бир чочутуп, ошол замат баарына шаң-күлкү, позитив тартуулаган өзгөчө стили менен таанылган жигит Токтосун Бекмаматов. Он сегиз жашынан бери элдин жакшылыгында кызмат кылып келе жаткан өнөрпоз аккордеонду өз алдынча үйрөнүп, куудул Рахман Разыковдун мектебинен тажрыйба топтогон. Учурда ал Кыргызстандын бардык аймактарында, ошондой эле коңшу Өзбекстан менен Казакстанга чейин чакыруу алып, жаш жубайлардын бактылуу күнүнүн көркүн ачып жүрөт. Биз Токтосун мырза менен анын өнөр жолу, күйөө кошчулар менен болгон кызыктуу учурлар, үн таптоо сырлары жана аккордеонго болгон мамилеси тууралуу маек курдук.

-Токтосун мырза, ырчылык өнөр сизге кимден өткөн?

-Өзүм Ош шаарына караштуу Мады айылынын тургунумун. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун, менден кийин беш карындашым бар. Ата-энем менен чогуу турам. Биздин айыл эли илгертен эле эмгекчил, меймандос, шаңдуу келет. Бала кезимден эле ушул айылдын көчөлөрүндө ойноп, чоңойдум, ата-энемдин тарбиясын алып, айылдагы жакшылык-жамандыктарда эл менен чогуу жүрүп калыптандым. Үйдө жалгыз уул болгондуктан, ата-энеме ар тараптан жөлөк болуп, карындаштарыма кам көрүп, ата-энемдин ак батасын алып, жакшы тилегине бөлөнүп келе жатам.
Биздин үй-бүлөдө, жалпы эле урук-туугандарыбызда ырчылар, өнөргө жакын адамдар көп. Ата журтум тарапта да, тай журтум жактан да ырдагандар, өнөргө жакын адамдар бар. Атам үйдө отурганда, жакшы маанайда болгондо өзү жактырган ырларын созуп, ырдап калат. Ошондуктан мага бул өнөр кан менен, чөйрө менен өттү го деп ойлойм. Мен он сегиз жашымдан баштап элдин жакшылыктарында ырдап, аккордеон чертип, элге кызмат кылып келе жатам. Өзүм көбүнчө шаңдуу, позитивдүү, көңүл көтөрө турган ырларды ырдайм, тойго келген адамдардын маанайын көтөргөнгө аракет кылам. Эл мени шайыр, тамашакөй мүнөзүмө карап чакырышат деп ойлойм. Тойлордо, кечелерде элдин суранычы менен көбүнчө «Чынара» деген ырды ырдайм. Ал ырды эл да абдан жакшы көрөт, кошо ырдап жиберишет, өзүм да жүрөгүмө жакын көрүп, сүйүп, көп ырдап жүрөм.
-Сиздин өнөрүңүздү көрүп, баалаган инсандар «сендей таланттар чоң сахнада ырдашы керек» деп айтышабы?
-Мен сахнада улуу устатыбыз Рахман Разыковдун колунда жүрдүм. Ал кишиден өнөрдүн көп сырларын көрдүм, үйрөндүм. Куудулдар менен да чогуу иштешип, сахнада бир аз жүрүп калдым. Өзүм да куудулчулук өнөрдү аркалап, тамаша-күлкү менен эл алдына сахнага чыгып жүрдүм. Кийин деле чогуу концерттерди коюп, элге маданий эс алуу тартуулап жүрдүк, бирок кийин ар кимибиз ар жакка чачырап, ар ким өз жолу менен кетти, ошол бойдон жеке тиричилик, үй-бүлө, оокат болуп кетти. Негизги убактым кыргыздын жакшылыгында, той-топурларда, ар кандай кечелерде элге кызмат кылуу менен өтүп жатат. Мен көбүнчө устатым Рахман Разыковдун жанында жүргөндүктөн, ошол кишини кумир тутуп, идеал тутчумун. Азыр мага окшоп аккордеон үйрөнүп, ырдагысы келген жаштар көп. Бирок тилекке каршы, менде аларды отургузуп алып атайын сабак берип, үйрөткөнгө убакыт жок. Үйдөн эрте менен чыгып кетип, ошону менен кеч киргенде араң келем.

-Өзүңүз аккордеонду кимден үйрөндүңүз эле?

-Аккордеонду мага эч ким атайын отургузуп үйрөткөн эмес. Өзүм эле абдан кызыгып, баскычтарын басып, ар кандай обондорду издеп, үндөрүн тыңшап жүрүп өз алдынча үйрөнүп алгам. Ал кезде атайын музыкалык билимим жок болчу, учурда бул багытта сырттан окуп жатам, билимимди толуктап жатам. Рахман Разыков жана башка көптөгөн агайлар, устаттар менен чогуу жүрүп, сахнанын артында, жолдо-жөөктө ошол агайлардан практикалык жактан көп сабак алдым. Алардын эл менен иштөөсүн, сахна маданиятын, көрүп эле өзүмө көп нерсени алгам. Практикада көргөн-билгеним менин өнөрүмдүн негизги мектеби болуп калды.

-Учурда той көп болуп, сиздин кызматыңызды сурангандар да көп болсо керек?

-Ооба, кудайга шүгүр, той-топурлар көп. Мына азыр эле бир тойду бүтүрүп, экинчи тойго кетип жаттым эле. Негизи мен күнүнө бир эле той алам, анткени элге сапаттуу, шашпай, жакшы маанайда кызмат кылгым келет. Эгер биринчи тойдон эртерээк бошоп калсам, анда бата тойго жетишип калам. Элдин жакшылыгына барганда шашпай, ар бир адамдын көңүлүн алып, жаш жубайларга жакшы каалоо-тилек айтып, өз милдетимди толук аткарып бүтүргөнгө аракет кылам.

-Ошол тойлордо кандай кызыктуу учурлар болот?

-Эми той болгондон кийин кызыктуу учурлар көп эле болот. Бирок ошол эле учурда ойлондурган, кээде өкүндүргөн нерселер да жок эмес. Кээ бирлер биздин ата-бабадан келе жаткан жакшы каада-салттарды жат көрүнүшкө чыгарып койгон учурлар болот. Өздөрү Россияда, Америкада же башка чет жактарда жүрүп келип алышып, кыргыздын идеологиясын, түпкү тамырын жок кылып, ошол жактын салттарын, жүрүм-турумун алып келип, ушуну кыргыздын салты кылып алып жатышат. Тойлордо адамдын оюна келбеген нерселер да болуп кетип жатат. Динге да, биздин менталитетке да туура келбеген терс көрүнүштөргө да күбө болуудабыз. Бул нерселер, албетте, абдан өкүнүчтүү. Анан кээ бирөөлөр «биз заманбаппыз» деп эле ошону туура көрүшөт. Бирок мен ар дайым өзүбүздүн нукура салтыбызды, баркыбызды сакташыбыз керек деп эсептейм.

-Үнүңүздү кантип таптайсыз? Бул да өзүнчө кыйын болсо керек?

-Ооба, үндү сактоо жана таптоо да чоң жоопкерчилик, өзүнчө бир түйшүк. Тойдо көп ырдайсың, сүйлөйсүң, ошондуктан өзүмдү аябай кармайм. Канчалык суусап турсам да муздак суу ичпейм, өтө ысык да ичпейм. Бирдей температурадагы сууну ичип, катуу суусап турсам да кээде өзүмдү кармаганыма туура келет. Анткени үн отуруп калса же каргылданып калса, элдин алдында ыңгайсыз абалда каласың. Мен көбүнчө күйөө балдарды жандап, коштоп ырдайм. Бул биздин жаштардын, жаңы куруп жаткан үй-бүлөлөрдүн бактылуу күнүнө кошкон салымыбыз, кызматыбыз деп айтам. Ошол тойлордо баарынын маанайын көтөргөнгө аракет кылабыз, күндү өзгөчө, эсте каларлык кылып өткөргөндү каалайбыз. Ал эми каражат жагы боюнча айтсам, катып калган бир сумма жок. Эл менен сүйлөшүүбүзгө карайбыз — мен да алардын жагдайын түшүнөм, алар да менин эмгегимди түшүнөт дегендей. Көбүнчө той ээсинин же күйөө баланын достору биз менен сүйлөшүп, келишет.

-Сиздин тойлордо ырдаган башка ырчылардан өзгөчө бир стилиңиз бар экен, тынч отурганда чочутуп туруп ырдап баштаган, муну адамдар кандай кабыл алышат?

-Бул эми тамаша катары, ошол тойдогулардын маанайын көтөрөйүн деген ниет менен жасаган нерсе. Жөн эле жаттап алган ырды ырдай бербей, тойдогу ар бир адамды карап, маанайы жок, кабагын бүркөп отургандарды байкап, ошолорго тамашалап, тийишип ырдайм. Бул нерсе ар бир жерде ар кандай кабыл алынат экен. Мисалы, Ош, Жалал-Абад, Баткен тарапта эл тойду өтө позитив менен, шаңдуу өткөрүшөт. Ырдасаң кошо ырдап, коштоп бийлеп, ордунан туруп кол чабышып, ушунчалык бир сонун маанай тартуулашат. Бирок кээ бир жерлер бар, ал тамашаны, ошол эркиндикти түшүнүшпөйт. Өтө бир олуттуу, сүрдүү жерлер болот, тамашаны деле кабыл ала албайт. Жакшы маанайда ырдап жатсаң, кээ бир жерлерде жакпай калат. Анан кийин ошол адамдар өздөрү айтып калышат: «Сырттан телефондон, видеодон башкача көрүнөт эле, көрсө көрүшкөндө, жанында угуп, кошо ырдаганда башкача сонун болот турбайбы» деп. Анан сүйүнүп, ак батасын беришип, акча кыстарышып, ыраазычылыгын билдирип калышат.

-Тойго кайсыл аймактарга барасыз?

-Мен Кыргызстандын бардык жерине барам. Күн алыс коңшу Өзбекстанга барып-келип турабыз, өзбек бир туугандарыбыз да тойлорго көп чакырышат. Казакстанга да чакырып калганда барабыз. Оштун бардык аймактарынан -кыргыздар деле, өзбектер деле чакырып турушат. Колдон келишинче маданият жагынан, элдин көңүлүн ачуу жагынан кызмат кылып жатабыз. Азыр жаштар аккордеон черткенге кызыгып баштады. Бир учурларда адамдар анча кызыкпай калышкан эле, кызыгып, өз алдынча үйрөнгөндөр көбөйдү. Бул мени абдан кубандырат, себеби жандуу үндүн кайрадан жанданып жатканы жакшы көрүнүш.

-Он сегиз жаштан бери аккордеон чертет экенсиз. Аккордеонду аябай бапестесеңиз керек?

-Туура, аккордеонду да өзүнө жараша карап, күтүп туруш керек. Убагында белек кылып бергендер да болгон. Азыр эки аккордеонум бар, кызыл, анан кара экөөнү алмак-салмак колдоном. Эгер аспапты жакшы карап, сактап колдонсоң, ал да узакка кызмат кылат. Бирок тынбай тойлордо, жолдо жүргөндөн кийин үнү, чанагы, баскычтары эскирип, өзгөрүп турат. Шартыма, мүмкүнчүлүгүмө жана аспаптын абалына жараша бир нече жылда бир алмаштырып турам. Жаңы аккордеон колго тийгенде үнү башкача болуп, өзүңө да жаңы дем, сонун маанай берет. Ырчы үчүн аспабынын таза, жакшы иштегени — ийгиликтин жарымы.

-Маегиңизге рахмат, элге мыкты маанай тартуулап жүрө бериңиз!

-Силерге да рахмат, атайын байкап, баалап чакырганыңарга!

Айша Нуридинова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *