• Вт. Ноя 24th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

ВИЧ менен жашаган адамдар да дени сак балалуу боло алышат

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 23, 2026

Ар жыл сайын 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул дата 1988-жылы Бириккен улуттар уюму жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген. Оорунун тарыхына кайрылсак, вирус алгач 1981-жылы АКШда катталып, СССРде биринчи учур 1985-жылы, ал эми Кыргызстанда 1996-жылы аныкталган. Ош шаарында жана Ош облусунда АИВ-инфекциясынын жайылуусун алдын алуу боюнча 1-ноябрдан 1-декабрга чейинки бир айлык өнөктүк жүрүүдө. Бул боюнча Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун дарыгер-методисти, медицина илимдеринин доктору, профессор Т.М. Мамаев билдирет.

Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы абал

БУУнун Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) маалыматына караганда, эпидемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө 88,4 миллион адам бул илдетке кабылып, 25 миллиондон ашуун киши каза болгон. Учурда 15 жашка чейинки вирус алып жүргөн балдардын саны 2,4 миллионду түзөт.
Ал эми Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрына карата расмий түрдө 15 700 адам каттоого алынган (анын ичинен 15 284ү Кыргызстандын жарандары). Алардын 66,4 пайызын 20–39 жаштагы эмгекке жарамдуу жаштар түзөт. Бирок эл аралык серепчилердин «айсберг» эсеби боюнча (1:4), чыныгы көрсөткүч 34–35 миңге жетиши мүмкүн.

Аймактар боюнча

Республика боюнча инфекция эң көп катталган аймактар:

  • Бишкек шаары — 4 524 (29,5%)
  • Чүй облусу — 3 627 (23,7%)
  • Ош облусу — 2 179 (14,2%)
  • Жалал-Абад облусу — 1 790 (11,7%)
  • Ош шаары — 1 537 (10,0%)
  • Ысык-Көл — 651 (4,2%),
  • Баткен -406 (2,6%),
  • Нарын — 325 (2,1%),
  • Талас — 245 (1,6%).

Ош облусунун райондору боюнча (2 179 учур): Кара-Сууда — 1 126, Ноокатта — 455, Өзгөндө — 292, Араванда -117, Кара-Кулжада — 91, Алайда — 90 жана Чоң-Алайда — 8 адам катталган. Ош облусу менен Ош шаарына өлкөдөгү жалпы көрсөткүчтүн 24 пайызы туура келет. Ошондой эле бул аймактарда 15 жашка чейинки 528 бала (Ош облусунда — 439, Ош шаарында — 89) каттоодо турат.

Жугуу жолдору өзгөрдү

Мурда АИВ көбүнчө ийне аркылуу баңгизат колдонгондордун арасында жайылса (2005-жылы 89% болгон), азыр илдет негизинен жыныстык жол аркылуу жугууда (Ош аймагында 61,0%). Ошондой эле оору аялдар арасында көбөйүп, жалпы катталгандардын 42,9 пайызына жетти. Алардын дээрлик жарымы (48,6%) төрөт курагындагы (20–29 жаш) кыз-келиндер. Бул көрсөткүч илдеттин «шектүү» делген топтордон чыгып, жалпы калк арасында тарай баштаганын тастыктайт.

АИВ кантип жугат жана кантип коргонуу керек?

Вирус адамдан адамга гана төмөнкү үч жол менен жугат:

  1. Жыныстык катнаш аркылуу;
  2. Кан аркылуу (стерилденбеген медициналык же косметикалык аспаптар, бир шприцти колдонуу, текшерилбеген кан куюу);
  3. Энеден балага (кош бойлуулук, төрөт учурунда же эмчек сүтү аркылуу).

    Алдын алуу эрежелери:
  • Баңгизаттан таптакыр алыс болуу;
  • Корголбогон жыныстык катнашка барбоо жана сактануу каражаттарын (презерватив) колдонуу;
  • Медициналык жана сулуулук кызматтарында бир жолу колдонулуучу, таза аспаптардын колдонулушун талап кылуу;
  • АИВ менен жашаган жарандарды кодулабай, аларга адамгерчилик менен мамиле жасоо.

Илдеттин жайылышын токтотуу – жалпы коомчулуктун милдети. Ар бирибиз өз ден соолугубузга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен жакындарыбыздын өмүрүн сактап калабыз.

ВИЧ менен жашаган адамдар да дени сак балалуу боло алышат

ВИЧ инфекциясынын энеден балага өтүү коркунучу, алгачкы белгилери, дарылоо ыкмалары жана ВИЧ менен жашаган адамдардын дени сак балалуу болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолорго ушул эле борбордун диспансердик байкоо жана дарылоо бөлүмүнүн инфекционист дарыгери Гүлжан Нийматова жооп берди.

Гүлжан Өткүрбековна, инфекциянын энеден балага жугуу коркунучу кандай жана аны алдын алууга болобу?

Кош бойлуу аял каттоого турганда тиешелүү текшерүүдөн өтүп, инфекция эрте аныкталса, биз дароо антиретровирустук терапия дайындайбыз. Дарыны үзгүлтүксүз ичкенде вирустун көлөмү төмөндөп, балага жугуу коркунучу кескин азаят. Вирус жетиштүү деңгээлде төмөндөгөн учурда аял кадимки жол менен төрөй алат, ал эми вирустун көлөмү жогору бойдон калса кесарево жолу сунушталат. Жаңы төрөлгөн балага 1 ай же 40 күн бою атайын сироп түрүндөгү дары берилет (постконтакттык профилактика) жана энеге баланы эмизүүгө таптакыр тыюу салынат. Тилекке каршы, убагында каттоого турбай, чет өлкөдө жүрүп калган энелерден улам вирус жуктуруп алган 5-6 жаштагы балдар да бар. Ошондой эле улгайган жарандар да диспансердик каттоодо турушат.
Ал эми эки ВИЧ инфекциясын алып жүргөн кыз-жигит баш кошсо, алардын балдары сөзсүз оорулуу төрөлөт деген түшүнүк туура эмес. Эгер жубайлар экөө тең каттоодо туруп, кош бойлуулукка чейин жана кош бойлуу кезде дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дары-дармектерин үзгүлтүксүз ичишсе, дени сак балалуу боло алышат. Статистикага токтолсок, биздин борбордо 2025-жылдын тогуз айында диспансердик каттоого 1270 бейтап алынса, 2026-жылдын ушул мезгилинде 1313 адам каттоого турду.

ВИЧ инфекциясы организмде кандай өзгөрүүлөрдү жаратат? Аны толук айыктырууга мүмкүнбү?

Оорунун курч мезгилинде эч себепсиз эле сасык тумоого окшош белгилер байкалат: дене табы көтөрүлөт, көңүл айланат, ич өтөт, жөтөл пайда болуп, денеге кызыл бүдүрлөр чыгышы мүмкүн. Кийин оору өнөкөт түрүнө өтөт. Көп учурда бейтаптар себепсиз арыктоо, узакка созулган ич өтүү, түшпөгөн температура же кургак учук менен ооруканаларга жатып, убактылуу жакшы болуп чыгышат. Кээ бирлеринин денесине ар кандай жаралар чыгып, тери жана жыныстык оорулар диспансерлерине кайрылышат. Бирок белгилер кайра-кайра кайталанып, акыры дарыгердин сунушу менен анализ тапшырганда гана ВИЧ аныкталып калат. Ага чейин адам өзүндө мындай инфекция бар экенин билбей жүрө бериши мүмкүн.
Азырынча вирусту толук жок кылуучу дары жок, андыктан бейтап өмүр бою дары ичүүгө тийиш. Бирок «ВИЧ сөзсүз өлүмгө алып келет» деген пикир жаңылыш. Дарысын убагында ичип, жашоо образын тууралап, туура тамактанган адам эч кандай атайын диета кармабай эле, кадимкидей узак жашай берет. Кудай канча өмүр берсе, ошончо жашайт. Ал эми дарыны токтотуп койсо, вирус иммундук клеткаларды талкалап, организм айлана-чөйрөдөгү вирустарга, инфекцияларга жана бактерияларга туруштук бере албай алсызданып калат.

-Дарылоо канча турат жана учурда канча бейтап дарыланууда?

-Дарылоо чыгымдарынын 80 пайызын мамлекет, калганын БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) сыяктуу эл аралык уюмдар каржылайт. Бейтаптар үчүн бардык анализдер, керектүү текшерүүлөр жана дары-дармектер толугу менен акысыз жүргүзүлөт. Акыркы тогуз айдын ичинде 1312 жаран дарыларды үзгүлтүксүз ичип жатат. Бирок дарылануудан баш тарткандар же байланышка чыкпай, көзөмөлдөн чыгып кеткен бейтаптар да кездешет. Алардын ичинен 69 адамды кайрадан дарылоого тартып, көзөмөлгө алдык.

-Бүгүнкү күндө инфекция көбүнчө кайсы жол менен жугуп жатат жана окурмандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Ички жана тышкы миграция күч алганына байланыштуу жарандар Россияга же өлкө ичиндеги чоң шаарларга барып, үй-бүлөсүнөн алыс иштеп жатышат. Мунун натыйжасында учурда корголбогон жыныстык катнаш аркылуу жугуу көрсөткүчү өсүүдө. Ар бир адам биринчи кезекте өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, оорунун белгилерин байкаса убагында текшерүүдөн өтүп, кош бойлуу кезде сунушталган анализдерди өз убагында тапшыруусу зарыл. Эң башкысы — камкордукту өз ден соолугубуздан баштайлы.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *