• Вт. Ноя 24th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Саламат Садыкова: “Бүгүнкү дөөлөттүү курагыма ыраазымын ”

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 23, 2026

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” наамынын ээси Саламат Садыкова 1956-жылы 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы эки жашында, апасы тогуз жашында каза болуп, балалыгы кыйынчылыктар менен коштолгон. Кара-Суудагы мектеп-интернатында, Оштогу музыкалык мектепте билим алып тогуз жашынан баштап обон созуп, 1973-жылдан Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштаган.

Кыргыздын үнү, кыргыздын жүзү, улуттук фольклордун дүйнөлүк алкактагы маданий элчиси Саламат Садыкова 70 жашка толуп, мааракелик майрамын белгилегени турат. Сөзү да үнү сыяктуу өзгөчө Саламат Садыкованын ар бир кыймыл-аракети жаштар үчүн тарбия. Кыргыз-казак эки элдин сый-урматына тең бөлөнгөн ырчы 7-декабрда “Ала-Тоого таазим” аттуу сахнада 50 жыл жана 70 жаш юбилей концертин тартуулайт. Мааракени утурлай кыргыздын легендасы менен маектешүү бизди да өзгөчө толкундантты. “Улук болсоң кичик бол” деген накыл кептин үлгүсү Саламат Садыкованы 70 жаш кутман курагы менен куттуктайбыз!

“Үнүмдө энеме болгон куса бар”

-Саламат эже, 70 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Өмүрүңүздү чыгармачылыкка арнап келатасыз. Адам үчүн бала кез өмүр бою азык болчу нерсе экен. Сиз балалыгыңызды эстегенде эмнеге куса болосуз?

-Айылым киндик каным тамган жер Баткендин Кызыл-Жол айылы. Адам көп нерсени унутуп, көп нерседен көңүл калса да айылдагы өткөн балалык күндөр дайыма көз алдыңда коштоп-дем берип жүрөт экен. Менин балалыгымдагы айыл элинин ынтымагы, улуу-кичүүнүн адеп-ыйбаасы, элдин карапайым эмгекчилдиги башкача эле. Балалыгым такыр башка ааламда өткөн сыяктуу. Баёо, китеп менен жакын, адабиятка суусаган балдар болдук. Бардык жазуучулардын аттарын жатка билет элек. Ата-энем эрте кеткени мен өзүм менен өзүм болуп, жан дүйнөмдө эмне болсо өзүм талдап, өзүм бүтүм чыгарып көндүм. Эсимде, эң алгачкы жолу 4-классымда “Эне жөнүндө баллада” деген ырды ырдап чыктым. Үнүмдө энеме болгон куса, орду толгус жоготуу болсо керек, айрымдар жашыганга чейин барышкан. Ошондо “мен ырчы болом” деген максат пайда болду. Талант Жараткан ыроологон белек экен. Ошондон баштап мектепте, райондо концерт менсиз өтчү эмес. Баткенде ырчы десе эле чалкасынан кетип каршы болушчу. Музыкага дилгирлигимден каршы чыккан туугандарыма “китепканачы болуп иштеп жатам” деп өзүм маданий бөлүмдө иштеп жүрдүм. 17 жашымда районго атым чыгып, ырчы кыз аталганмын.

“Айтматов “чоң кыз, жанагы ырыңды кайталап ырдачы” деп…”

-Сизди Чыңгыз Айтматов да өзгөчө баалап, ырларыңызды кайра-кайра ырдатып укканы айтылып келет. Айтматов менен болгон жолугушуулардан эсте калган окуяларды айтып берсеңиз.

-Айтматов деген ысымды мен “Кылым карытар бир күн” романы аркылуу билсем, жүзмө-жүз алгач 1976-жылы Фрунзе шаарында көрүштүм. Айыл чарба жетишкендиктеринин республикалык съездинин алкагында өткөн кароо-сынакта ырдадым. Ошол күнү боз үйдөгү мартабалуу конокторго ырдап кызмат көрсөтүп жаттык. Мени ырдап бүткөн соң чыгалы деп атсак боз үйдүн кире беришинде облустук комитеттин катчысы “кетпей тургула” деп ишарат кылды. Музыкант экөөбүз күтүп турдук. Боз үйдүн төрүндө Чыңгыз Айтматов, Керез эжеке, борбордук комитеттин чоңдору кызуу баарлашып жатышты. Сөз арасында Айтматов мага карап “чоң кыз, жанагы эле ырыңды кайталап ырдачы” деди. Чыңгыз Айтматовдун суроосу менен Тагаевдин “Сагыныч ырын” кайталап ырдадым. Ал киши мага: “чоң кыз, сиз келечекте кандай кесипке ээ болсоңуз да, ырчылык өнөрдү таштабай асыл буюмдай сактап, бирге алып жүрүңүз” деди. Анда мен бар болгону 20 жашта элем. Андан кийин экинчи ирет Мамлекеттик резиденцияда Айтматовдун энеси Нагима апанын эскерүү кечесинде ырдап бетме-бет жолуктук. Анда да Айтматов мага “бүгүн мыкты чыгарманы ырдадың, Саламат. Сенин үнүңдө бардык мүмкүнчүлүк бар. Сен чектелбе, жалаң кыргызча улуттук образдан сырткары заманбап кийинип, эстрада жанрында ырдап чыксаң болот” деген насаатын айтканы эсимде. Үчүнчү жолу улуу жазуучу менен Европада жыйырма күндүк чыгармачылык сапарда бирге болгонум бар.

— Сахнада миңдеген адамдардын алдында эркин ырдаган Саламат Садыкова жашоодо эмнеден коркот?

-Мен жашоодо эки жүздүүлүктөн, саткындыктан, ыймансыздыктан, текебер адамдардан коркомун. Дүйнөнү жана адамзатты мээрим, кечиримдүүлүк, кең пейилдүү, шайыр ары илимге, өнөргө, адабиятка ынактык, изгиликтин, сулуулуктун илебине кумарлык сактайт. Санаасы бийик адамдар жашоонун маанисин ашырып турат десем жаңылышпаймын.

“Кыргыз Республикасынын сыймыгы” наамын аларда кыздарымды эстеп толкундандым”

—Кыргыздын үлгүсү, легендасы катары ар бир кыймыл-аракетиңиз жаштарга тарбия. Президенттен сыйлык алган кездеги сезимдериңиз кандай болду?

-Чыгармачыл адамдын көшөгө артындагы төзүмдүүлүгү, жыгылып-турганы, бардыгына сабыр менен карап, барга-жокко түтүүсү, Айтматов айткандай адам бойдон кала билүүсү чоң жарыш, күрөш экен. Адал эмгек жасашың керек. Мамлекет башчысынын оозунан мактоо сөздү чыгармачыл адам жаш кезинде көп угат. Бирок бир сааты келет экен. Жараткан эгемдин буйругу менен мамлекет башчынын оозунан “улуттук маданиятыбызды дүйнөгө таанытууда” деген сөз уктум. Чынын айтайын, өзгөчө сыйлыгымды алып жатканда эки кызымды эстеп көзүмө жаш толуп кетти. Балдарды үйгө камап, туугандарга калтырып, айлап таштап кеткен күндөрүм болду. Америка, Жапония сыяктуу өлкөлөрдө айлап жүрдүм. Бир караганда анын баары чыгармачыл киши үчүн олжолуу сапар. Бирок чыгармачыл сапардын, сыйлыктардын артында бала-бакырага санааркоо, “алар ачка калдыбы, кимдир бирөөдөн тил угуп калбадыбы” дегендей пенделик турмуштун жыты аңкып турат. Биринчи кезекте мени алкап жаткан элибизге ыраазычылык билдирем. Экинчиден, мага чыдаган, мендей эненин барын-жогуна түткөн кыздарыма ыраазымын. Президенттин колунан сыйлык аларда кыздарымды эстеп толкунданып отурдум. Бул сыйлыктын артында адамдын маңдай тери, эмгеги бар. Мамлекеттик маданияттын системасында не бир адамдар эгемендүүлүк алган жылдардын башында тек гана стадиондон акча таап, тиричилик кылып, жеке турмуштун кызыкчылыгын түптөгөн учурлары болду. Алардыкы да туура. Мен өп-чап айлык менен ушул күнгө чейин улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын кемесинде чийинден чыкпай, кандай айтса ошондой болуп келдим. “Туруп турасыз” дегенде туруп турдум. “Бүгүн сиздин керегиңиз жок” дегенде кереги жок жылдарга да чыдадым. Не бир окуяларды башыман кечирдим. Соңку жылдарда дагы ошондой пендечиликтер болду. Чыгармачыл адам бардыгына түтүш керек экен. Ошондон келип инсандык топтун, көптүн ичинде мамлекет башчысынын колунан сыйлык алып, өз күйөрмандарымдын алдында “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” ардактуу наамын алдым. Бул жаңы даража экен. Буга Анатай Өмүрканов экөөбүз жол салыптырбыз. Элибизди сүйүп, мекенибизди даңазалап, элдин ынтымагына, улуттук тамырга, өзөккө, көрөңгөдөгү уюткуга эмгек кылгандан артыбыздагы урпактар дагы чаалыкпасын. Ал эми сыйлык алган кездеги ийгилгеним боюнча айтсам, бул өмүр бизге кубанып, эркелеп, керек болсо жашоого жарык чачып, барыңа шүгүр айтуу үчүн берилген. Менин мамлекет башчысына ийилгеним – бактыма, дөөлөттүү, берекелүү, ары кайраттуу, артта калган сабырыма, элибиз менен бирге баштан кечирген күндөрүмө, турмуштан алган санатыбызга, молчулуктан даам сыздырган Жаратканга ийилгеним.

-Жашоодогу тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, адамды бийиктикке жеткирген негизги сапат кайсы?

-Адамды бийикке жетелечү сапаттар балалыктан калыптанат. Адам болом деген киши баласы адептүү, максаттуу, өз келечегин анык көрө билген өжөр, чыдамкай, күрөшчүл, мээнеткеч, жан жагына карап элеңдебеген, артка кылчактабаган, сүрүнсө да тура билген кайраттуу, жигердуу болушу зарыл.
“Рух күчтүү болсо, адам өз бийигинде кала алат”

-Бүгүн эл сиз менен сыймыктанат. Сиздин үнүңүздөн кубат алат. Бул Кудайдан берилген дөөлөт эмеспи. Ар дайым “Саламат Садыкова” болуп жүрүү да оңой болбосо керек.

-Азыркы болмушум, бүгүнкү дөөлөттүү курагым үчүн мен Жаратканга жана мени жаратып кеткен атам Момун, энем Марияга чексиз ыраазымын! Мен өмүрүмдө абдан чечкиндүү болдум. Канчалык кыйын, татаал жолдордон басып өтөрүмдү билсем да, эч качан беттеген максатымдан артка чегинбедим. Жалгыз башым эки кызымды эч качан оокаттан, кийимден жана катарынан кем кылбай өстүрдүм. Кыздарыма бир аз катаал да болдум. Талапты катуу койчумун. “Намыска бекем болгула, өзүңөргө ишенгиле, билимдүү болгула” дечүмүн. “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген сөз дал биз, өнөр адамдары үчүн айтылгандай. Атактуу болуу бир башка. Күн сайын жай турмушта жай пенде катары өмүр сүрүү кагидаларыңды өзгөртө албайсың. Баскан-турганыңды тескеп, байкап, аңдып турган доордо жашап жатабыз. Бирөөнүн сөзүнөн, бирөөнүн көзүнөн көрүнүп өмүр сүрүүгө менталитет мажбурлайт. Бир келген өмүрдө башкысы адам өзүн-өзү баалаш керек. Өмүрдү баптап, жан жагыңда сени билген, сыйлаган досторуң, жөн гана жакшы адамдар бар экенин да аңдап баарлашуу керек. Рух күчтүү болсо адам дайыма өз бийигинде кала билет. Айланага, ааламга сүйүү менен карайт.

-Саламат эже, окурманга, күйөрманга, азыркы замандын кыргыздарына эмне айткыңыз келет?

-Аң-сезимдин жогорку формасы, ойлоо кабилети руханий болмушубуз гана бизди адам болуп өмүр сүрүүгө бүлөп-курчутуп турарын билдим. Ар бириңиздерге маңыздуу, баяндуу өмүр каалаймын. Убакытымдын тардыгына карабай сурооңузга жооп берүүгө аракет жасадым. Анткени, “Ош шамы” гезити жүрөгүмө жакын. Себеби менин тага журтум — Ош, Мады, Алай. Эл аман болуп, жер бетине тынчылык берсин Жараткан! Урматым менен Саламат Садыкова.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *