Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Эмнелер айтылды, кенири токтолобуз.

Кайсы акимдер жана мэрлер кызматтан кетиши мүмкүн?
Кеңешмеде негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы, аймактардагы чечимдердин аткарылышы жана 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы угулду. Текшерүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, кадр саясаты жана жер ресурстарын пайдалануу маселелери каралды.
Натыйжада бир катар аймактарда ишти уюштурууда жана милдеттерди аткарууда олуттуу кемчиликтер аныкталды. Буга байланыштуу айрым жетекчилерге тартиптик чараларды көрүү, ал эми кээ бир акимдерди жана мэрлерди ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.
Элди эң көп түйшөлткөн көйгөйлөр: 7 миңден ашык кайрылуу
Мамлекет башчысы жаз айларынан бери жети облустун тургундары менен өткөрүлгөн жолугушууларда жергиликтүү бийликке, укук коргоо органдарына жана сотторго карата көптөгөн арыз-даттануулар айтылганын белгиледи. Жалпысынан 1 672 жарандан 2 286 маселе көтөрүлүп, кошумча 4 967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн. Тармактар боюнча эң көп козголгон маселелер:
- Айыл чарба жана жол инфраструктурасы: 913 маселе;
- Турак жай, жер жана мүлк: 528 маселе;
- Социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү: 495 маселе;
- Укук коргоо органдары жана прокуратура: 268 маселе;
- Сот тутуму жана ырайым берүү: 241 маселе;
- Облустук, райондук органдар жана ЖӨБ иши: 225 маселе;
- Маданият, спорт жана туризм: 111 маселе.


«Убакыт өткөрүп жүрө бербей, элге кызмат кылыш керек»
Президент Садыр Жапаров жер-жерлердеги жетекчилердин демилгесиздигин жана жоопкерчиликсиздигин катуу сынга алды. Ал жарандар документтерди айлап ала албай убара болуп жатканын, райондордо юридикалык жардам жоктугун, өнүктүрүү фонддорунун каражаттары натыйжасыз коротулуп, трансформацияланган жерлер иштетилбей жатканын белгиледи.
«Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер өзү менен өзү болуп, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бербей, элге кызмат кылышы кажет. Тигил же бул жетекчинин ишмердигинин негизги натыйжалары элибиздин жашоо шартынын кескин жакшырышынан байкалышы зарыл», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы жетекчилердин айлык акысы жогорулатылып, ыйгарым укуктары кеңейтилгенин эске салып, эми борбордук бийликтин кийлигишүүсүн күтпөстөн, көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүнү талап кылды. Ошондой эле формалдуу жооп жазуу жана куру убада берүү мындан ары иш катары эсептелбей турганын эскертти.
«Кандай гана маселе болбосун элдин кызыкчылыгын көздөп, элдин пайдасына чечкенде гана ошол бийлик элге жакын болот. Бир убактарда биздин салган имараттарыбыз эмес, элге болгон жакындыгыбыз, элдин көйгөйүн чече билгендигибиз менен бааланат-баркталат», — деп баса белгиледи Президент.
Алдыдагы стратегиялык пландар жана тапшырмалар
Кеңешменин алкагында улуттук программаларды ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу багыттар да белгиленди:
- Кеңешменин алкагында улуттук программаларды ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу багыттар да белгиленди:
- Чийки затты кайра иштетүү жана технологиялык жаңылануу аркылуу индустриалдык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүү;
- Аймактардын өнүгүү деңгээлиндеги айырмачылыктарды кыскартуу;
- Жаңы административдик-аймактык бирдиктердин ресурстук базасын чыңдоо;
- Шаарларды экономикалык өсүштүн негизги борборлору катары өнүктүрүү
Соңунда Садыр Жапаров аймактардан түшкөн бардык кайрылууларды системалуу талдап, көйгөйлөрдүн создуктурулушунун себептерин аныктоону жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.