Инклюзивдүүлүк бул – боорукердик эмес, адилеттүүлүк жана адам укугу. Ош шаарындагы бала бакча, мектептерде инклюзивдүү билим берүүгө кандай аракеттер жасалып жатат? Айырмачылыктардан биримдик курган коомдун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылабыз.
Масуда Айдарбекова, Ош шаарынын мэринин орун басары:
Инклюзивдүүлүккө түзүлүп жаткан шарттар

-Мамлекеттик менчикте баланста турган социалдык билим берүү мекемелеринен сырткары майыптуулугу бар балдар менен иштеген коомдук уюмдардын саны 2025-жылы 16га жеткен. Тилекке каршы, аутизм жана Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу балдар менен иштеген коомдук уюмдардын саны кошо өсүп жатат. Уюмдарды түптөгөндөрдүн бардыгы ата-энелер. Мамлекет тарабынан бүгүнкү күндө инклюзивдик билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ош шаарында 6 бакчада коррекциялык группалар ачылып, логопед, дефектологдорго кабинеттер берилди. Бул адистердин айлык акыларын Агартуу министрлиги, калган материалдык чыгымдарын Ош шаарынын мэриясы көтөрөт. “Жеке мамлекеттик, мамлекеттик жеке” өнөктөштүктүн негизинде социалдык борборлорду ачуунун үстүндө иштеп жатабыз. Жогорудагы 16 борбордун баары жеке менчик. Биз аларга жер маселесин чечип беребиз, алар өз каражаттарына борбор курушат. Төлөйкөн аймактык башкармалыгында 4 кабаттуу реабилитациялык борбор даяр болуп турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен штат, жабдууларды каржылоо маселесин карап атабыз. 2027-жылдын январынан ишке кирет. Коммуналдык жана тамак-аш төлөмдөрү мэриянын эсебинен каржыланат. Бул ата-энелерге чоң жардам. Себеби, имарат реабилитациялык жана абилитациялык, коррекциялык болуп ачылат. Даун синдрому, аутизм же сүйлөө речинде кемчилиги бар балдарды жаңы ыкмалар, көндүмдөр менен социалдаштыруу бүгүнкү күндүн талабы. Бул диагноздор менен төрөлгөн балдарга реабилитация эмес, абилитация керек. “Сантерра Юг” Даун синдрому бар балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо коомдук кайрымдуулук фонду жана күндүзгү ресурстук борбор менен “Жамгыр балдары” коомдук кайрымдуулук фонду, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборуна муниципалдык менчиктеги 240 чарчы жана 180 чарчы метр орун берип, азыркы учурда иштеп жатат.
“Аутизм диагнозу барлар бакчага кезексиз кабыл алынат”
-Аймактык медициналык-психологиялык, эксперттик комиссиядан өткөн балдар инклюзивдик билим берүү программасынын алкагында окутулат.
Аутизм, Даун синдрому, балдардын церебралдык шалы (ДЦП), түрдүү жаракат алгандар жана интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган 235 бала үйдө окутууга тартылган. 18 жашка чейинки майыптыгы бар 1 609ду, церебралдык шал оорусуна чалдыккан 266, Даун синдрому 116, аутизм 145 бала түзөт. Ош шаарында бала бакчаларда жалпы 281 майыптыгы бар бала тарбияланууда. “Айданек” инклюзивдик балдар бакчасында 35, “Ак-Тайлак” балдар бакчасында 77, № 36 балдар бакчасында 169 бала тарбияланат. “Ак тайлак” атайын адистештирилген бала бакчасы көрүү жөндөмү бузулган балдар (жалпы 165 бала, анын ичинен көрүүсү начар 67, кеби боюнча 98 мүчүлүштүгү бар бала), “Балакай” бала бакчасы кептик мүчүлүштүгү бар балдар (жалпысынан 305 бала, анын ичинен мүчүлүштүгү бар 180 бала).
Санатордук типте 1 бала бакча, кургак учук оорусуна каршы багытталган “Наристе” балдар бакчасында 100 бала тарбияланат.
“Айданек” бала бакчасында жалпысынан 670 бала болсо, анын ичинен 41 (ар кандай диагнозу бар жеңилдетилген түрдөгү балдар), 59 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланууда. Акыл- эсинде мүчүлүштүгү бар (аутизм, Даун синдрому, ДЦП) 276 окуучу № 12 көмөкчү мектебинде, ал эми көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатында 100, “Баалам” коррекциялык жеке менчик мектебинде 17, “Олимпик” коррекциялык жеке менчик мектебинде 50 окуучу билим алып жатышат. Ал эми 251 окуучу үйүндө окутууга алынган. Алардын баары шаардын туруктуу тургуну эмес.
Ата-эне жана баланы колдоо
-Ош шаардык мэриясынын бул багыттагы дагы бир иши – аутизм, Даун синдрому бар балдарды спорттук мелдештерге, маданиятка тартуу. 2026-жылы апрель айында Даун жана аутизм диагнозу бар 7- 16 жашка чейинки балдардын чуркоо боюнча мелдешин өткөрдүк. Мода жумалыгында Маданият жана жаштар башкармалыгы менен биргеликте Даун синдрому бар балдарды подиумга алып чыгышып, коомчулукта жакшы пикир жараттык. Бул да болсо баланын өсүүсүнө оң таасир берет деп ишенем. “Жаштар борборуна” бул балдарды тартуу, ийримдерге катыштыруу тапшырмалары берилген. Бул да жакынкы күндөрдө ишке ашат. Ата-энеге бөлүнгөн болор-болбос материалдык жардамдан сырткары жан дүйнөсү эс ала тургандай моралдык колдоо көрсөткөнгө аракет кылып атабыз.
“Коом диагнозу бар баланы кабыл алыш керек”
-Үчүнчү балам “таңдайдын жырыгы” диагнозу менен төрөлгөн. Эки жолку операциядан өткөргөнбүз. Баланын оорусун жон терим менен сезген эне катары мен ата-энелерди колдогонго даярмын. өкүнүчтүүсү дени соо балдар да, алардын ата-энелери да майыптуулугу бар балдарга мамилесин өзгөртүшө элек. Кабыл албай, “эмнеге майып бала менин балам окуган класста окуусу керек” деп көйгөй жаратышат. Биз коомчулук, балдар, ата-энелер майыптуулугу, диагнозу бар балдарга мамилени оңдошубуз керек. Мындай бала бардык үй-бүлөдө төрөлүп калышы мүмкүн. Диагнозу бар баланы жетиштирүү үчүн бир күн дагы маанилүү. Себеби, бала алдыга жылбаса, сөзсүз аркага кетет.
Гүлназ Исаева, шаардык Кеңештин депутаты:
“Аутист балдар үчүн атайын мугалимдер, тарбиячылар даярдалышы зарыл”

-18 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешемин. Аутизм менен төрөлгөн балдардын көбү ушул окуу жылында мектепке барышты. Мектептер кабыл албай бир аз резонанс болду. Аутизм менен ооруган балдар үчүн мугалимдерди атайын даярдоо абдан зарыл. Инклюзивдик билим берүүдө катардагы педагогикалык ыкмалар көп учурда натыйжа бербейт. Ошондуктан мугалимдер атайын билимге жана көндүмдөргө ээ болушу керек. Мугалимдерди даярдоонун негизги себептери: аутизми бар балдардын айлана-чөйрөнү кабыл алуусу, пикир алышуусу жана социалдашуусу башкача болот. Мугалим ар бир баланын жеке муктаждыктарын түшүнүп, маалыматты туура жеткире билиши кажет. Окуу чөйрөсүн адаптациялоо: Педагогдор класстагы сенсордук жүктөмөлөрдү азайтууну (ашыкча ызы-чуу же жарык), визуалдык жадыбалдарды жана альтернативдүү байланыш каражаттарын колдонууну үйрөнүшү зарыл. Атайын даярдык мугалимдерге баланын эмоционалдык өзгөрүүлөрүнө же гиперактивдүүлүгүнө туура реакция жасоого, ошондой эле ата-энелер менен эффективдүү кызматташууга жардам берет. Аутизм менен жабыркаган балдар бакчаларда тарбияланууга, жалпы билим берүү мектептеринде окууга укуктуу. Алар үчүн мектептерде, бакчаларда атайын даярдыктан өткөн тарбиячылар, мугалимдер иштеши керек. Агартуу министрлиги мэрия менен биргеликте Ош шаарынын мектептеринде жана мектепке чейинки уюмдарда мүмкүнчүлүгү чектелген, анын ичинде аутист балдарга атайын коррекциялык класстарды ачуу боюнча иштер жүрүп жатыптыр. Ага кабыл алуу педагогикалык медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жүрөрү айтылып өттү. Бул маселенин системалык түрдө аягына чейин чечилишин күтөбүз. Албетте биз, эл өкүлдөрү, бул маселенин чечилишине колубуздан келишинче, мыйзамда каралган тартипте болгон жардамыбызды беребиз.
Акмарал Тентимишова, шаардык Кеңештин депутаты:
“Коомго өзгөчө балдарга толеранттуу мамиле кылганды үйрөтөлү”

-Инклюзия деп “атайын өзүнчө бала бакча, мектептерди курушубуз керек” дегенге каршы пикиримди гезитке биринчи жолу айтып жаткан жокмун. Муктаждыгы бар, физиологиялык, психикалык, интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам коомго аралаша албай жаткан баланы коомдон бөлүү менен аларга психологиялык басым жасаган болобуз. Кадимки мектептерди балдарга ылайыкташтырып, билим деңгээлинин сапатын көтөрүү менен өзгөчө бала да, жөнөкөй бала да түшүнө тургандай усулдарды пайдаланып окутуп, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша багыт берип, кесиптик окутуулардан өткөрүп, мамлекетке кызмат кылууга тарткан туура. Шаардык Кеңештин сессиясында билим алуусуна, коомдо жүрүүсүнө түзүлгөн шарттар боюнча маселени көп көтөрөмүн. Себеби, мен ошондой өзгөчө баланын энесимин. Түздөн-түз балам кабылган, ата-энеси катары биз кабылган көйгөйлөрдү ичинен билемин. Баланы кичинекей кезинде жаныңда алып жүрө аласың. Кийинчерээк коомго аралашсын, шаарда жүрүүнү үйрөнсүн дейсиң. Жөнөкөй эле өзгөчө балдардын коомдук транспортто жүрүүсү боюнча айдоочуларга сын-пикир, сунуш айтып келем. Орой мамилесинен айдоочулардан корккон балдар бар. Коомдук жайдагы тейлөөчү кызматкерлер бул нерсени туура кабыл алыш керек. Инклюзивдүү чөйрө түзүү мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе. өзгөчө шартка, өзгөчө билим алууга муктаж балдар бар. Жарандарга коомдун ар кандай мүчөлөрүнө толеранттуу мамиле кылууну үйрөтүү учурдун талабы. Маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу кыска видео-роликтерди жайылтып, элге түшүнүк калыптандырып, өзгөчө балдарды кабыл алууга жардам бере алабыз. Дени соо балдардын ата-энеси балдарына балдар ар түрдүү болорун, аларга жакшы мамиле кылуу керектигин үйрөтүп, өзгөчө баласы бар ата-энелерге колдоо көрсөтөлү.
Логопед-дефектолог, нутрицолог Венера Кубатбекова:
“Атанын уруктугунун төмөндүгүнөн, эненин аз кандуулугунан…”

-Баламдын диагнозунан кийин ушул сфераны тандадым. өзгөчө балага апа гана жардам бере алат. “Шоола кидс” логопедиялык-коррекциялык борборун түптөп, үч жылдан бери миңдеген апаларга жардамдашып келебиз. Бул диагноз 5 жаштан кийин коюлат. Бирок, бир жашка чейин же андан кийин деле байкалат. Атынан чакырса карабайт, оюнчуктарды өз орду менен ойнобойт, көз байланышы жок, уйкусу начар болот. Мындай балдардын баарын аутист деп атоого да болбойт. Ар кандай жагдайлардан улам балада кечигүүлөр байкалышы мүмкүн. Аутизм оору. Медицинада нейрондогу бузулуу деп аталат. Аны башка оору сыяктуу дарылап, айыктырып алат деп түшүнүүгө болбойт. Буга методика да, далилденген дары-дармек дагы жок. Аутизм боюнча калат деген да нерсе эмес. Баланы кичинекейинен комплекстүү дисциплина менен дарылап, жакшы динамикага чыгарып, өзүн-өзү тейлөө, айлана-чөйрөдөгү адамдарга жана өзүнө зыянын тийгизбөөнү үйрөтүп, коомго коркунуч алып келбеген абалда кошсок болот. Менин балам 7 жашта. Бул нерсени өзүмө жана башка ата-энелер үчүн далилдедим. Аутизмди коррекциялоодо убакыт эң маанилүү. 5 жаштан кийин коррекция кылуу бир аз оор. Баланын ар бир жаш курагына жараша өнүгүү этаптары бар. Көпчүлүк ата-энелер билбегендиктен, бала 5 жашка чыкканга чейин бир топ убакытты өткөрүп алышат. Көп кыздар эне болууга даярданбай баланы аз кандуулук менен төрөйт. Аз кандуулук менен төрөлгөн бала гипоксия болуп, мээсине кислород жетпей мээ өсүүсү артта калат. Тамак-аш, климат жана телефон, телевизордун дагы таасири өтө жогору. Ал эми эркектердин көпчүлүгү стрессте же толуп кеткен. Ден соолугунда көйгөйү бар. Көпчүлүк аталардын уруктугу 60 % дан өтпөйт. 60%дан төмөн болгон уруктуктан жаралган балдар инвалид спермадан болору медицинада далилденген. Инвалид спермадан дене мүчөсү толук бала төрөлүшү мүмкүн, бирок жөнөкөй ич өткөк, пневмония болсо, эмдөө алса, жер которсо деле сүйлөбөй калган балдар бар. Атанын уруктугунун төмөн болуусунан баланын акыл-эс кемтиги, аутизм же генетикалык өзгөрүүлөр менен төрөлүп калуусу 70 % тастыкталган маалымат. Витамин, минералдардын жетишсиздиги, зыяндуу тамак-аш организмди алсыздандырат. Ошол себептүү акыркы убактарда диагнозу бар балдар көбөйүп кетти. Коомдогу диагнозу бар балдарды эске алып, кийинки ата-энелер даярданып балалуу болуш керек. Дени сак ата-энеден дени сак бала төрөлөт.

Бурулкан Апиева:
“Россиядагыдай коррекциялык мамлекеттик мектеп ачылса Кыргызстанга барабыз”
-Балам 10 жашта. Аутизм диагнозун 3 жашында билдик. Азыр Россияда коррекциялык мектепте окуйт. Мамлекеттик ооруканаларга алып барсаң мындай балдар менен иштебейбиз дешет. Бир үй-бүлөнүн иштеп тапканын балама жумшайбыз. Россияда атайын баланын мектеби үчүн жашап жатканыбызга 4 ай болду. Мамлекеттик мектеп. Балам 2 жылдан бери диетада болгон үчүн тамагын өзүм жасап алып барып берем. Калган сабактарынын баары бекер. Россиядагыдай коррекциялык мамлекеттик мектеп ачылса жакшы болмок. Биз балам үчүн Россиядан кете албай жүрөбүз. Жөнөкөй мектепке албайт. 2 жылдан бери “Шоола кидс” борборунан кеңеш алып келебиз. Баламда бир кыйла жылыш бар. Кыргызстанда да мамлекеттик мектеп ачылса барабыз.
Бүкалча Маматали кызы