• Вт. Ноя 10th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Заман өзгөрсө да, салам өзгөрбөсүн

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 10, 2026

“Ким кимге салам айтат?” деген суроонун жообун издеп отуруп, кыргыз элинде саламдашуу маданияты өзүнчө тарбия экенине ынандым. Тарыхый-этнографиялык маалыматтар, эл арасында сакталып келген адептер жана азыркы саламдашуу маданияты боюнча маалыматтарды камтыган макалабыз пайдалуу болоруна ишенебиз. Заман өзгөрсө да, саламдын мааниси өзгөрбөшү керек. Анткени салам адамга көрсөтүлгөн эң жөнөкөй, эң маанилүү сый-урматтын белгиси.

Көчмөн коомдун алтын мыйзамы

Кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхында коомдук мамилелер, адамдык нарк, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо жана өз ара сый-урмат өзгөчө орунду ээлеп келген. Көчмөн турмуштун шартында калыптанган бул баалуулуктар элдин күнүмдүк жашоосун гана эмес, коомдук түзүлүшүн, үй-бүлөлүк тарбиясын жана адамдардын ортосундагы мамилелерин да жөнгө салып турган. Анткени кең талаада, тоо арасында жашаган эл үчүн ынтымак, биримдик, өз ара жардамдашуу жана адамгерчилик турмуштук зарылдык болгон.

Дүйнө кандай учурашат?

Элибиздин саламдашуу маданияты да дүйнөдөгү көптөгөн элдердин салттары сыяктуу улууларды урматтоого негизделген. Кыргыздарда жашы кичүү улууга биринчи салам берет. Япондордо ийилип таазим кылуу урматтын белгиси. Филиппинде жаштар улуулардын колун чекесине тийгизет. Индияда алаканды бириктирип учурашат. Маори элинде мурун тийгизүү жакындыкты билдирет. Дүйнө элдеринин саламдашуу адаттары ар башка болгону менен алардын түпкү мааниси – адамды сыйлоо, жакшылык каалоо, ынтымакты бекемдөө жана жылуу мамиле түзүү.

Жөөбү же атчанбы?

Салттуу адеп тууралуу айрым окуу материалдарында атчан адам жөө адамга биринчи салам берери көрсөтүлгөн. Бирок А. Муратовдун пикирине шилтеме берген 2025-жылкы илимий макалада жөө адам атчанга биринчи салам берери жазылган. Ошол эле макалада Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романынан «Атчан жөөгө, бирөө экөөгө, басып келаткан жатканга салам айтмай кыргыз сылыктыгы» деген сүйлөм келтирилет. Бул жаатта илимий изилдөөгө муктаж талаштуу пикирлер бар экени анык.

Саламдашууда кол берүү адеби

Этнограф Динара Молдокулованын 2016-жылы жарык көргөн «Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты» аттуу монографиясында кыргыздардын үй-бүлөлүк мамилелери, коомдук жүрүм-туруму, келиндин адеби жана салттуу этноэтикети изилденген. Изилдөөнүн негизин автордун этнографиялык талаа материалдары жана XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы изилдөөчүлөрдүн эмгектери түзөт. Динара Молдокулова кыргыздардын салттуу турмушунда азыркыдай жалпы кол алышып учурашуу кеңири жайылбаганын белгилеген. Анын түшүндүрмөсүндө кол алышуу көбүнчө көптөн бери көрүшпөгөн жакын адамдардын ортосунда же өзгөчө жагдайларда болгон. Ошондуктан “кол берип учурашуу жана колун бооруна алып, ийилип же үн менен салам берүү” деген эки түшүнүктү ажыратып кароо керек.
Көптөн бери көрүшпөгөн жакын адамдар кол алышып, төш тийгизип учурашкан. Кол берүү өзгөчө сый-урмат көрсөтүлгөн учурларда, ажыдан келген же аалым адам менен жолукканда колдонулган. Кадимки учурашууда кол алышуунун ордуна башка салттуу жаңсоолор пайдаланылган.

«Кол алышуу» түшүнүгүнүн тарыхый мааниси

«Кол Кудайдын мөөрү» деген түшүнүккө байланыштуу кол алышуу убадага туруу, макулдашуу, бүтүмгө келүү, антташуу, ишеним көрсөтүү маанилерин туюнткан. Айрым маалыматтарда кол алышып учурашуу мурда сейрек колдонулуп, көбүнчө антташуу жана убадалашуу менен байланышта болгону айтылат.

Кол алышуу маданияты

Мурда кол алышуу белгилүү бир учурларда колдонулган болсо, бүгүнкү күндө ал күнүмдүк турмуштун кадимки көрүнүшүнө айланды.
Колду сунуп учурашуу, адамдын көзүнө карап сүйлөшүү, колду өтө катуу кыспоо, учурашып жаткан адамдын ал-акыбалын суроо, улуу адамга биринчи болуп кол сунбоо негизги эрежелер болуп эсептелет. Атчан адам жөө адам менен кол алышып учураша турган болсо аттан түшөт. Отурган адам колун сунуп учураша турган болсо ордунан турат. Ал эми эркек менен аялдын кол алышуусунда чектөө болгон.

Салттуу саламдашуу жана анын бүгүнкү көрүнүшү

Илгери кыргыздар учурашууда жаш курагын, жынысын, туугандык байланышын жана коомдогу ордун эске алышкан. Эркектер бири-бири менен “Ассалоому алейкум!”, “Амансызбы?”, “Эсен-аман жүрөсүзбү?” деп учурашкан. Аялдар “Амансызбы?”, “Эсен-соосузбу?”, “Жакшы турасызбы?”деп саламдашкан. Азыркы учурда бул саламдашуу формаларынын көпчүлүгү сакталып калды. Бирок шаардык чөйрөдө, жаштар арасында «Салам!», «Кандайсың?», «Кандай жаңылык?» деген кыска жана жөнөкөй учурашуулар кеңири жайылды. Эркектер дээрлик бардык жолугушууларда кол алышат. Аялдар да бири-бири менен кол алышып учурашат. Расмий жолугушууларда кол алышуу кеңири колдонулат. Жаштар арасында кол алышуу менен катар кучакташып учурашуу да жайылган. Айрым учурларда улуубу, кичүүбү, ким биринчи кол сунары анчалык эске алынбай калат.


Кыргыздын саламдашуу кодекси

Кичүү улуу адамга биринчи салам берет

Жашы кичүү адам өзүнөн улуу адамга биринчи болуп салам айтат. Бул — улууну урматтоонун белгиси.

Атчан жөө адамга биринчи салам берет

Кыргыздын салттык адебинде атчан адам жөө адамга биринчи салам айткан. Эгер жөө адам жашы улуу же кадырлуу болсо, атчан адам атынан түшүп учурашкан.

Жогору жактан келаткан адам төмөн жактан келаткан адамга биринчи салам берет

Бул да кыргыздардын салттуу учурашуу эрежелеринин бири катары айтылат.

Өтүп бара жаткан адам отурган кишиге салам берет

Жолдон өтүп бара жаткан адам жол жээгинде же сыртта отургандарга биринчи салам айткан.

Жалгыз келаткан адам көпчүлүккө биринчи салам берет

Бир адам бир нече кишиге жолукса, аларга биринчи болуп жалгыз адам салам айтат.

Үйгө кирген адам биринчи салам берет

Үйгө ким кирбесин, жашына жана даражасына карабай үйдөгүлөргө биринчи салам айтып кирүүгө тийиш.

Улуу киши кол сунмайынча кичүү киши кол сунбайт

Кол алышып учурашууда кичүү адам улуунун кол сунушун күтөт. Бул улууга болгон ызааттын белгиси.

Эркек аялга биринчи кол сунбайт

Салттуу адепте эркек киши аял кишинин биринчи кол сунушун күтүшү керек деген түшүнүк болгон.

Көпчүлүк тамак жеп жатканда кол алышып учурашпайт

Мындай учурда алыстан салам айтып, тамактанып бүткөндөн кийин учурашкан оң деп эсептелген.

Сүйлөшүп жаткан адамдардын сөзүн бөлүп саламдашпайт

Эки же андан көп адам кызуу маектешип жатса, алардын сөзүн бөлүп, кол сунуп учурашуу адепсиздик катары кабыл алынган.

Топко келген жаш жигит аттан түшүп салам берет

Айрыкча улуу адамдар чогулуп отурган жерге атчан бойдон кирип баруу сыйлабастык деп эсептелген. Аттан түшүп, колун бооруна алып салам берген.

Улууларга эки колдоп учурашуу

Жаштар улуу адамдар менен учурашканда эки колдоп кол алышып урмат көрсөтүшкөн.

Көпчүлүккө салам бергенде оң тараптан баштоо

Көпчүлүктүн арасында саламды улууларды көздөй, оң тараптан баштап берүү салты болгон.

Келиндер улууларга жүгүнүп салам беришкен

Келиндин кайын журттагы улууларга жүгүнүп салам бериши кыргыздын өзгөчө салттарынын бири.

Саламды жоопсуз калтырбайт

Кыргыздар салам берген адамдын саламын алик албай коюуну өтө чоң адепсиздик деп эсептешкен.

Күн чыгыштан келаткан адам биринчи салам берет

Этнографиялык материалдарда эки атчан адам жолуккан учурда Күн чыгыш тараптан келе жаткан адам биринчи салам берери да жазылган. Бул кыргыздардын көчмөн турмушунда калыптанган өзгөчө жол-жоболордун бири.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *