• Вт. Ноя 10th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Орус-украин согушунун геосаясий тамыры

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 10, 2026

Дүйнөлүк геосаясий тартипти түп тамырынан бери өзгөрткөн Россия менен Украинанын ортосундагы куралдуу каршылашуу соңку тарыхтын эң кара тактарынан болуп калды. Бул кандуу уруштун кесепети миңдеген чакырым алыстыктагы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстандын босогосуна чейин келип жетти. Украинанын мамлекеттик куралдуу түзүмдөрүнүн жана «Хочу жить» долбоорунун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери 13 миңге жакын Борбор Азиялык жаран орус армиясы менен келишим түзгөн. Алардын ичинен 1500дөн ашыгы кыргызстандыктар болуп, бүгүнкү күндө 143 мекендешибиздин кан майданда каза болгондугу расмий тастыкталды.

Аскердик каттоого алуу жана согушка тартуу ыкмалары

Орус өкмөтү согушка баргандарга айына 200–300 миң рублдан ашык айлык жана ар кандай жеңилдиктерди убада кылууда. Мындан улам насыясы бар же жумушсуз жүргөн мигранттардын бир бөлүгү өз ыктыяры менен контрактка кол коюп жатышат. Ал эми экинчи тараптан, Россиянын абактарында камалган миңдеген кыргыз жарандарына «жазаңды кечебиз» деген убадалар берилип, алар штурмдук топторго жөнөтүлгөн. Ошондой эле орус паспортун алган борбор азиялыктарды аскердик каттоого туругандарды мобилизация же тикелей кысым көрсөтүү аркылуу кан майдандарга жөнөтүү учурлары да бар.

Баары эмнеден башталган?

Конфликттин тамыры 2014-жылдын февраль айына барып такалып, 12 жылдан ашты. Ал эми 2022-жылдын февралындагы кеңири масштабдуу согуштун башталганына 4 жылдан ашып, 5-жылга аяк басты.
• Башаты — «Евромайдан» (2013–2014): Украинада Батыш менен интеграцияны колдогон элдик нааразылык акцияларынан кийин, өлкөнүн президенти Виктор Янукович тактан кулатылган. Муну Кремль «мыйзамсыз төңкөрүш» катары баалаган.
• Крымдын аннексиясы жана Донбасстагы жикчилдик (2014): Саясий кризистен пайдаланып, 2014-жылдын март айында Россия Kрым жарым аралын өзүнө кошуп алган. Андан соң Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында куралдуу кагылышуу (Донбасс согушу) тутанган.
• (2022): Сегиз жылга созулган локалдык кагылышуулардан кийин 2022-жылдын 24-февралында Россия Украинанын аймагына толук кандуу согуш менен кирди. Кремль муну «атайын аскердик операция» деп атады.

Эки өлкөнүн дүйнөлүк экономикага таасири

Экономикалык секторлорРоссиянын абалы жана таасириУкраинанын абалы жана таасириГлобалдык кесепеттери
Энергетика рыногу• Европага газ жеткирүү кескин азайган.
• Мунай экспорту Азияга (Кытай, Индия) бурулган.
• Энергетикалык тутумунун олуттуу бөлүгү ракеталык соккулардан улам кыйраган.• Дүйнөдө, өзгөчө Европада энергия бааларынын туруксуздугуна жана инфляцияга алып келди.
Азык-түлүк коопсуздугу• Жер семирткичтерди жана дан азыктарын экспорттоодо санкциялык чектөөлөргө туш болгон.• Дан экспорттоо потенциалы төмөндөгөн. Кара деңиздеги порттордун иши чектелген.• Африка жана Жакынкы Чыгышта азык-түлүк тартыштыгы жаралып, дүйнөлүк баалар кымбаттады.
Ички ИДПнын абалы• Согуштук чыгымдардын эсебинен ИДПнын өсүшү убактылуу сакталууда, бирок инфляция жогору.• ИДПнын өсүшү кескин басаңдаган. Өлкөнү калыбына келтирүү үчүн жүздөгөн миллиард доллар керек.• Логистикалык каттамдар өзгөрүп, эл аралык транспорттук чыгымдар бүткүл дүйнөдө жогорулады.

Эки өлкөнүн аскердик жана каржылык күч балансы

Көрсөткүчтөр / ФакторлорУкраина коалициясы (Батыш колдоосу)Россия Федерациясы жана өнөктөштөрү
Негизги каржылоо булагы• АКШ Конгрессинин аскердик пакеттери
• Европа Биримдигинин жана ЭВФтин түз жардамы
• Ички мунай-газ экспорту
• Салыктар жана аскердик-өнөр жай комплекси
Башкы өнөктөштөрү• АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция, НАТО өлкөлөрү• Кытай, Индия (негизги сатып алуучулар)
• Түндүк Корея, Иран (курал жеткирүүчүлөр)
Жалпы жоготуулар (Эл аралык чалгындоо баасы)• Жүз миңдеген аскер (курман болгондор жана жарадарлар)
• Миңдеген тынч тургундар
• Жүз миңдеген аскер (курман болгондор, оор жарадарлар жана катардан чыккандар)
Стратегиялык артыкчылыгы• Батышын жогорку технологиялык так куралдары
• Эл аралык укуктук жана саясий колдоо
• Ири жандуу күч (мобилизациялык ресурс) жана артиллерия
• Санкцияларга ыңгайлашкан согуштук экономика

Эки тараптын артында кимдер турат?

Дүйнөлүк серепчилер бул урушту жөн гана эки өлкөнүн кагылышуусу эмес, «дүйнөлүк ресурстардын жана коалициялардын согушу» деп аташат. Украинанын экономикасы жана аскердик потенциалы негизинен АКШ Конгрессинин аскердик пакеттерине жана Европа Биримдигин түз бюджеттик жардамына көз каранды. Германия, Улуу Британия, Франция сыяктуу өлкөлөр заманбап абадан коргонуу системаларын жана оор техникаларды берип келишет.
Россия көптөгөн санкцияларга карабастан, согушту өзүнүн ички ресурстары — мунай жана газ экспорту аркылуу каржылап келет. Кытай жана Индия орус энергия булактарын ири көлөмдө сатып алуу менен туруктуулукту камсыздоодо. Ал эми Иран (дрондор) жана Түндүк Корея (снаряддар жана аскердик күч) курал-жарак тартыштыгын жабууда.

Эки тараптан урулган соккулар жана инфраструктуранын талкаланышы

Согуш талаасынан сырткары, эки тарап тең бири-биринин экономикалык жана санариптик инфраструктурасын алсыратууга аракет кылууда:
• Украинанын соккулары: Украина өзүндө иштелип чыккан алыскы аралыкка учуучу дрондор менен Россиянын аймагындагы мунай өндүрүүчү заводдорду жана күйүүчү май базаларын бутага алып келет. Ошондой эле, Украинанын санариптик армиясы орус банктарына, мамлекеттик сайттарына жана ири IT компанияларына (анын ичинде Яндекс сервистерине) массалык киберчабуулдарды жасап, алардын ишин убактылуу үзгүлтүккө учуратууда.


• Россиянын соккулары: Россия буга жооп катары Украинанын энергетикалык жана санариптик түзүмдөрүн ракета жана дрондор менен системалуу түрдө аткылап келет. Натыйжада Украинанын ГЭС, ТЭЦ жана подстанцияларынын тең жарымынан көбү иштен чыгып, өлкө Евробиримдиктен рекорддук деңгээлде электр энергиясын импорттоого мажбур болууда.

Путин менен Зеленский элдешпей жатат

Путин менен Зеленскийдин бир пикирге келе албай жаткандыгы эл аралык саясаттын эң башкы табышмагынын бири. Дүйнөлүк саясат таануучулар жана аскердик серепчилер бул карама-каршылыктын артында бир нече терең себептер жатканын белгилешет. Эки тараптын тең тынчтык шарттары бири-бирине карама-каршы. Киев 1991-жылдагы чек араларды толук калыбына келтирүүнү жана орус аскерлерин чыгарууну талап кылса, Москва басып алган аймактарды Орусиянын курамы катары таанууну жана Украинанын НАТОго кирбөөсүн шарт коюуда. Компромисске орун жок. Саясат таануучулар белгилегендей, Кремль Украинадагы согуштук абалга байланыштуу шайлоо өтпөгөнүн жүйө келтирип, Зеленскийди «мыйзамдуу президент» катары таануудан баш тарткан. Экинчи жагынан Украинада Путин менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мыйзам жүзүндө тыюу салынган жарлык күчүндө турат. Эл аралык аналитиктердин баамында, бул тирешүү жөн гана саясий кызыкчылыктар эмес, эки лидердин ортосундагы жеке өчөшүүгө айланган. АКШ президенти Дональд Трамп да акыркы билдирүүлөрүндө эки жетекчинин ортосунда терең жек көрүү сезими бар экенин, бул жагдай диалог курууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын ырастады. Ал эми чет элдик серепчилердин пикиринде, Москва бул согушту Украина менен эмес, Батыш дүйнөсү менен болгон тирешүү деп билет. Ошондуктан Кремль Зеленский менен эмес, маселени түздөн-түз Вашингтон менен чечүүнү көздөйт. Киев болсо Батыштын колдоосуз Путин менен жалгыз сүйлөшүүгө бара албайт.

Юридикалык бөгөттөр жана Кыргызстандын позициясы

Кыргызстан бул согушта расмий түрдө бейтарап позицияны карманып келет. Бирок өлкөнүк Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга жалданып же өз ыктыяры менен катышкан кыргыз жарандары үчүн 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бул мыйзамдык чектөө согуштан кайтып келген айрым мигранттарга карата колдонулуп, сот жообуна тартылган учурлар бар. Муну менен катар эки өлкөнүн лидерлеринин позициясы да туюкка кептелген. Киев 1991-жылдагы чек араларды толук калыбына келтирүүнү талап кылса, Москва басып алган аймактарды Россиянын курамы катары таанууну шарт коюуда.

Элира Чынтемир кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *