• Вт. Ноя 10th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

«Бактаалайбергенгүлүмдөн» «Окейге» чейин. Ат коюу модабы же мааниби?

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 14, 2026

Наристе жарык дүйнөгө келгенде ата-энени толкунданткан, ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти талап кылган маанилүү кадамдардын бири ага татыктуу ысым берүү. Адам баласына коюлган ат – бул жөн гана кайрылуу үчүн колдонулган сөз эмес, өмүр бою коштоп жүрүүчү руханий белек жана анын өздүгүнүн ажырагыс бөлүгү. Акыркы жылдары Кыргызстанда балдарга кайсы ысымдар көп коюлууда? Ислам шариятында ат тандоонун кандай тартиптери жана чектөөлөрү бар? өзгөчө, сейрек же чет элдик ысымдарды берүүдө эмнелерге көңүл буруу зарыл? Бул суроолорго Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин берген расмий статистикалык маалыматтары жана ислам аалымдарынын түшүндүрмөлөрүнүн негизинде даярдалган төмөнкү макаладан жооп таба аласыз.

Уул төрөлсө Мухаммад,кыз болсо Айлин коюшат

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин соңку жылдардагы (2021–2026-жж.) статистикалык маалыматтарына кайрылсак, өлкөбүздө жаңы төрөлгөн балдарга ысым берүүдө туруктуу тенденция байкалат. Ата-энелер уулдарына негизинен ислам тарыхындагы инсандардын, пайгамбарлардын жана сахабалардын атын берүүнү туура көрсө, кыздарга диний мааниси бар, кулакка жагымдуу, жумшак угулган ысымдарды тандоону адатка айлантышкан.  Жылдар боюнча топтолгон жалпы көрсөткүчтөрдү талдап көрсөк, уул балдардын арасында Мухаммад жана Умар ысымдары бир канча жылдан бери талашсыз сап башында келе жатат. Ал эми соңку жылдары Байхан, Имран жана Хамза сыяктуу ысымдардын популярдуулугу кескин өскөн. Кыз балдардын арасында болсо узак жылдар бою Салиха ысымы биринчиликти бербей келсе, соңку жылдары аны Айлин ысымы басып өттү. Муну менен катар Сафия, Амина, Айша сыяктуу салттуу диний ысымдар менен бирге Аруузат сыяктуу нукура кыргызча маанидеги ысымдар да туруктуу ондуктун катарын толуктап келет.

Алтынкирпик, Бриллианта, Нарына, Карышкырбек…

өлкөбүздө көп коюлган салттуу ысымдардан сырткары, каттоо органдарына катталган өтө өзгөчө, сейрек жана кулакка башкача угулган аттар да бар. Ата-энелердин мындай оригиналдуу тандоосу кээде коомчулуктун таң калуусун жаратат.
Кызмат мамлекеттик мекемесинин бизге берген маалыматына ылайык, эркектер арасында Шох Жохон Мухаммад Расул, Шахрух Мирза, Июльбек, Карышкырбек, Адмирал, Дасталбек, Байангалый, Густав, Джими жана Олимпиадабек деген сейрек ысымдар катталган. Ал эми кыздардын ысымдарынын арасынан төмөндөгүдөй өзгөчө ысымдарды жолуктурууга болот: Ай, Алтынкирпик, Бриллианта, Врачгүл, Нарына, Эйва, Алондра, Мулана жана Бактаалайбергенгүлүм. Мындан сырткары, кадимки турмуштук сөздөрдөн, географиялык же тарыхый аталыштардан коюлган Окей, Учурашалы, Кызмат, Эдельвейсбек, Чайжанакүл, Тажмахол, Салсабилбиби, Джихура, Хермес жана Равулькастро сыяктуу өзгөчө ысымдар да мамлекеттик базада катталган.

Акжол кары Бакиров:
«Мода болуп жатат» деп маанисин билбей туруп ат коюу туура эмес”

  • Балага ысым тандоодогу шарттар, адеп-ахлактык эрежелер жана ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу Ош шаарынын казысынын биринчи орун басары, дин аалымы Акжол кары Бакиров менен маектештик.
  • Балага ат коюуда дин биринчи орунда турабы же ата-эненин каалоосубу?

-Балага ат тандоодо диндин талаптарын эске алуу өтө зарыл, бирок бул ата-эненин эркин таптакыр чектөө дегенди билдирбейт. Исламда балага ат коюу — эң оболу ата-эненин укугу жана негизги жоопкерчилиги. Алар өз каалоосу менен каалаган жакшы, адептүү атты тандай алышат. Эң башкысы, ал ысым шариятта тыюу салынган же жагымсыз мааниге ээ болбошу шарт.

-Исламда балага коюуга тыюу салынган же жагымсыз ысымдар барбы?

-Ооба, айрым учурларда конкреттүү ысымдарды коюуга тыюу салынат же каралат:

  1. Аллах Таалага гана тиешелүү сыпаттар: Жаратуучуга гана тиешелүү болгон өзгөчө ысымдарды же сыпаттарды (мисалы, Ар-Рахман, Аз-Залик ж.б.) адамга ошол бойдон коюу туура эмес.
  2. Аллахтан башкага кулчулукту билдирген аттар: Мисалы, «Абду» сөзүн Аллахтын ысымдарынан башка нерселерге кошуп салуу.
  3. Ширк жана мазактоо мааниси: Ширк маанисин камтыган, динди же ишенимди мазактаган ысымдар.
  4. Кемсинткен же уят ысымдар: Адамдын кадыр-баркын төмөндөткөн, жаман мүнөздү же терс нерселерди билдирген аттардан оолак болуу керек.

-Мааниси жакшы, бирок араб тилине же ислам тарыхына тиешеси жок ат коюуга болобу?

-Ооба, толук болот. Шариятта ысымдын сөзсүз арабча же диний каармандардын аты болушу милдеттендирилбейт. Башкысы — ал ысымдын мааниси таза, туура, адептүү жана шарият эрежелерине каршы келбегендигинде.

— «Ысым баланын тагдырын же мүнөзүн өзгөртөт» деген түшүнүк динге канчалык туура келет?

-Исламда «ысымдын өзү баланын тагдырын таптакыр өзгөртөт» же «тигил атты койсо сөзсүз бай болот, тигил ысымды койсо мүнөзү сөзсүз катуу болот» деп ишенүү туура эмес. Анткени тагдыр Жаратуучунун гана колунда. Бирок жакшы, аруу ысым тандоо — исламдагы эң көркөм адептердин бири. Жакшы маанидеги ысым айтылганда айланадагыларга жагымдуу энергия берет, балага психологиялык жактан оң таасирин тийгизип, коомдо өзүн ишенимдүү алып жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.

-Азыр трендде болгон чет элдик же өзгөчө аттарды коюуда эмнелерди эске алуу керек?

-Жөн гана «мода болуп жатат» деп маанисин билбей туруп ат коюу туура эмес. Эгер ата-эне чет элдик же сейрек кездешкен ат коюуну кааласа, төмөнкү 6 алтын эрежени эске алышы керек:

  1. Мааниси: ысымдын мааниси так, туура жана оң маанайдабы, эске алуу зарыл.
  2. Ширк мааниси: Аллахка өнөктөш кошуу же башка нерсеге сыйынуу мааниси жокпу кароо керек.
  3. Жаратуучунун сыпаттары: Жаратканга гана тиешелүү ысымдардын бири эмеспи, демек бул жерде да ойлонууга негиз бар.
  4. Адептүүлүк: жаман, уят же адамды кемсинтүүчү мааниге ээ эмеспи?
  5. Диний символ: башка диндин атайын өзгөчө диний белгиси же символу болуп эсептелбейби, муну да кароо керек.
  6. Келечектеги таасири: бала чоңойгондо, эс тартканда өз ысымынан уялбайбы, ушуга маани бериш кажет.

Google, Like аталган балдар

Дүйнө жүзүндө балдарына өзгөчө ысым берүүдө чектен чыгып кеткен кызыктуу фактылар абдан көп. Социалдык тармактар, заманбап гаджеттер жана ири корпорациялардын доорунда айрым ата-энелер балдарына белгилүү бренддердин атын берип, коомчулукту да, ошол компанияларды да таң калтырып келишет.
Индонезияда кадимкидей эле бир үй-бүлө жаңы төрөлгөн уулуна IT-гиганттын урматына Google деген ысым берген. Энеси адегенде күйөөсүнүн бул чечимине чечкиндүү түрдө каршы чыкканы менен, кийин макул болгон. Баланын атасы «уулум Google сыяктуу коомго пайдалуу, каалаган суроого жооп таба алган акылдуу, билимдүү жана кең пейил инсан болуп чоңоюшун каалайм»деп түшүндүргөн. Бул окуя дүйнөлүк маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарга тез арада тарап кеткен. Натыйжада, Google компаниясы бул кабарды угуп, үй-бүлөгө куттуктоо кат жөнөткөн жана бала үчүн атайын баалуу белектерди, анын ичинде фирмалык ноутбук, мектепке керектүү буюмдарды жана эстелик белектерди тартуулаган.

Компьютердик коддор жана интернет символдору

Мексикада жана АКШда балдарына Хештег, Лайк деген ат койгон учурлар катталган. Ал эми Швецияда бир жубайлар өз баласына өзгөчө ысым катары Brfxxccxxmnpccclllmmmccvvmmcc33 деген 102 тамгадан турган ысымды каттатууну каалашкан. Бирок жергиликтүү сот баланын келечегин, социалдык укугун жана психологиялык саламаттыгын коргоо максатында бул ысымды каттоодон расмий түрдө баш тарткан. Маркетингдик аракеттер жана «айфондор» Россия менен Украинада iPhone телефонун акысыз алуу же ири акцияларга катышуу үчүн өз аты-жөнүн расмий түрдө паспорттон «Айфон Семёрка» же «Симка» деп өзгөрткөн жаштар болгон. Бирок мындай эмоционалдуу кадамга баргандар кийинчерээк коомдогу шылдыңга чыдай албай, өкүнүч менен кайрадан өз аты-жөнүнө кайтышкан.

Мамлекеттик чектөөлөр жана мыйзамдар

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө балдардын укугун коргоо үчүн ата-энелердин ат коюшуна тыюу салынган катаал мыйзамдар иштейт. Алсак, Исландияда атайын мамлекеттик ысымдар комитети иштейт. Эгер ата-эне тандаган ат исланд тилинин грамматикасына туура келбесе же келечекте балага ыңгайсыздык жаратса, ал ысымды каттоодон баш тартышат. Жаңы Зеландияда балага «Падыша», «Принцесса», «Люцифер», «Мессия» же жөн гана цифралардан турган ысымдарды коюуга расмий түрдө мыйзам аркылуу тыюу салынган. Балага ат тандоо — бул жөн гана кооз угулган сөздөрдүн жыйындысы же убактылуу моданын артынан чуркоо эмес. Бул — наристеге берилген эң биринчи руханий белек, анын өмүр бою алып жүрө турган визиттик карточкасы жана ата-эненин чоң жоопкерчилиги. Ат тандап жатканда анын кыргыз тилинде же башка тилде айтылышы, кулакка жагымдуулугу, коомдо кабыл алынышы жана эң башкысы — маанисинин тазалыгы биринчи орунда турушу керек. Ислам дини да, улуттук каада-салтыбыз да балага келечекте коомдо сыймыктануу менен алып жүрө турган, адептүү, аруу жана маанилүү ысымдарды берүүнү сунуштайт.

Айша Нуридинова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *