• Вт. Ноя 24th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Алмалык – эмгек бириктирген эл

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 23, 2026

Көмүр кенинде иштейбиз деп келип жашап айыл болгонуна бир кылымдан ашса дагы Алмалыктын быйыл гана жолу, мектеби оңдолуптур. Жакында таза суу келет деп сүйүнүп турушат. 1200дөн ашуун адам жашаган айылда медициналык тейлөө жок болгону болбосо, Алмалык базар, соода-сатыкка Ноокатка, билим алууга Ош шаарына жакын жайгашкан. Зире, мисте, гавар, адырашман өскөн Алмалык Кудайдын мээри төгүлгөн берекелүү айыл. Айыл аксакалдары, жашоочулары менен маектешип кайттык.

Айыл аксакалы Эгемберди Рахманбердиев:

“Алмалык кенинде түрмө болгон”

-Алмалыкта туулуп-өстүм. 89 жаштамын. Уруш жылдары көмүр кени кол менен казылып, жыгач вагондорго жүктөлүп эшек менен ташылган. Шахтада жаш кезимден эсепчи болуп көп жыл иштедим. Канча вагон чыкканын, канчасы төгүлгөнүн тыйынынан бери эсептечүбүз. Шахтанын тарыхы өтө терең. Абдан түйшүктөнчүбүз. Машина пайда болгондо кол менен жүктөп Ошко жөнөтөт элек. Ошол убакта Алмалыкта түрмө болчу. Кылмыш кылып камалгандарды алып келип, аскерлер мылтыгы менен кайтарып, көмүр кенде иштетет эле. Жумуш убактысынан кийин кайра камап, таң эрте ишке чыгарчу. 1962-жылы көмүр кен жерди чукуп төбөгө чыгып ачык шахта пайда болду. Электр тогу, экскаватор, чоң жүк унаалары келип, орус, татарлар, жакынкы райондордон шахтага иштегени келгендер өтө көбөйгөн. 50 үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү үйлөр салынган. Үйлөр түшүп, эл көбөйгөн. 1970-жылдардан баштап кайра курууга чейин шахта өтө күч алды. Колхоз, совхоздор өз унаалары менен келип, 1000- 1500 тоннага чейин көмүр күнүнө чыгарылып турган. Андан кийин да бир топ жыл шахта жакшы иштеди. Кайра куруу мезгилинде иш солгундаган.

Айыл аксакалы Алымжан Каримов:

“Алмалыктын мурунку аты Чакмак болгон”

-1949-жылы Алмалык айылында туулганмын. Ош облустук өсүмдүктөрдү зыянкечтерден сактоо мекемесинде 1969-жылдан 2015-жылга чейин агроном, 1986-жылдан жетекчи болуп иштеп азыр пенсиядагы ардагермин. Жарматов Осмон, Суратбай, Нүрдүн, Жээнбек, Каары аба, Акматали аба, Низам аба, Карим аба, Абдрахман, Бурканов Юстра, согуштун ардагерлери Назирбай аба, Шакир аба жана Кадырали аба, Тойчу, Бото аба, Турдали аба, Жээнали аба, Жаанбай аба, Асан аба шахтада иштешкен. Бул кишилердин баарынын көзү өтүп кетти. Аксакалдардын айтканы боюнча шахтада иштейбиз деп келип отурукташып калган беш кошкон эл ар уруудан чогулган. Бирок негизги уруу катары Мунгуштан тараган соколоктор. Тарыхчы Бөрүбаев Абдалим агайдын айтканы боюнча Жапалак, Соколок, Төлөйкөн, Кодогочун бир тууган. Эски Алмалык деп айтылган жерде булак жана бир түп алма болгон дешет. Алмалуу деп айтылып жүрүп, Алмалык болуп калган деген уламыш кептер бар. 1904-1905-жылдары айыл болуп калыптана баштаган. Илгерки аты Чакмак болуптур. Кызыр-Булак, андан кийин Кызыл-Булак айылы болуп, кийин Алмалык деп аталып калды. 70 үй-бүлө, 400гө жакын адам соколок уруусунан болушат. Ичкилик, жапалак, бөрү, төөлөс, саруу, улуу катын, баргы, барын, найман урууларынан да жашашат.

“Медициналык тейлөө жок”

-Каада-салт, нарк, ата-бабадан келаткан таалим-тарбия сакталган. Элдин тууган-уруктук мамилеси абдан жакшы. Той-топур, жакшылыктарда уюшумдуу. Ар тараптан чогулган эл болсо дагы бир үй-бүлөдөй ынтымактуу жашайбыз. Сууну Оштон ташып, сатып алып ичет элек. Быйылкы жылы түтүктөр тартылып, жаңы жылга чейин айылыбызга суу келип калат. Айылдан бир аял балдарынын бир үйүн бошотуп берип, азыр бала бакча элге кызмат кылып атат. ФАП жок болгондуктан ооруган адам Ошко же Ноокатка барыш керек. Бул бир топ убарагерчилик жаратат. Электр тогунун кубаттуулугу начар. Шамал болсо же жылуулук уласаң свет өчөт.

Алмалык көмүр кенинин башкы инженери Акжол Бөрүбаев:

“Көмүр кендин кирпичи да калбай жок болгон эле…”

-Алмалык аймагындагы көмүр жөнүндө алгач ишкер А.В. Спечев изилдеген. 1903-жылы изилдөө жүргүзгөндөн кийин Алмалык-Сайда убактылуу шахта курган. Эң жеткиликтүү горизонттор казылып алынган. Кийин ал жерден өрт чыгып, кен казуу иштери башка жерге көчүрүлгөн.1917-жылы шахта талкаланып, 1926-жылга чейин кенде көмүр казылган эмес. 1940-жылы 1,3 чарчы чакырым аянтта 1:5000 масштабындагы геологиялык изилдөөдөн кийин жер астындагы өндүрүштүк кендердин картасы түзүлүп, запастар эсептелген. Ошол жылдан кенди иштетүү Кыргыз ССРинин Жергиликтүү өнөр жай министрлигине өткөрүлүп, 1955-1956-жылдары Кыргыз геология башкармалыгы издөө иштерин батыш бөлүгүнө чалгындоо жүргүзгөн.1960-жылдын аягында ачык карьердин капталдарында жер көчкүлөр пайда болуп, 1973-жылы Средазуголь комбинатынын жана Украина илимий-изилдөө институтунун сунуштары менен ачык кендин батыш бөлүгү, 1977-79-жылдары борбордук жана чыгыш бөлүктөрү чалгындалып, кендин запастары боюнча токтом бекитилген. 1960-жылдары ачык казуу иштери башталып, согуш убагында дагы иштеп турган. Тылда калган аялдар жумушка тартылып, ат-эшек менен тартып чыгарып турушканы айтылат. 1960-жылдан 2000-жылга чейин кен иштеди. 1970-80-жылдары көмүр кени Алай, Араван, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, керек болсо Анжиян, Фергана областтарын дагы көмүр менен камсыздап турган. 1993-96-жылдары Кыргызстанда дүйнөлүк банктын катышуусунда ишке ашырылган өнөр жай ишканаларын кайра түзүү, менчиктештирүү жана чыгашалуу ишканаларды жоюу программасына кирген. Техникалар сатылды, көмүр кени талкаланды. Имараттар бузулду, бир кирпичи да калбай тегиз жок болду. Кийин жергиликтүүлөр көмүр казып сата башташты. Тоо инженери катары геологиядан 2015-жылы уруксат жана лицензия алып, Алмалык көмүр кенинде башкы инженер болуп иштегениме 10 жыл болду. Мурункудай кызуу иш жүрбөсө дагы жергиликтүү эл аздыр-көптүр иш менен камсыз болууда. Ноокат районундагы аз камсыз болгон үйлөргө, мечиттерге айыл өкмөт аркылуу жылына 50-60 тонна көмүр таратабыз. Курулуш материалдары, куюучу май кымбат болгондуктан кээде финансылык көйгөйлөр болуп турат. Ошондуктан жер астынан казууну токтотуп ачык казуу иштери менен алекпиз. Көмүрдүн сапаты бир аз жакшы чыкпай жаткандыктан көбүнчө кирпич заводдор менен келишим түзгөнбүз.

“30 жыл сууну ташып, сатып алып ичишти”

-Атам Алмалык мектебин түптөп 50 жыл директор болду. Атамдын көзү өткөндөн кийин айылга жаңы мектеп түштү. Мектеп, жол, суу көйгөйлөрү чечилип, спорттук зал, аянтчалар жасалып атат. ФАП дагы жакынкы күндөрдө чечилип калат. Элдин күчү менен жол жарыктандырылууда. Алмалык айылынан да суу чыгат. Бирок өтө туздуу болгондуктан адам ичкенге жарабайт. Бак-даракты дагы кууратып коёт. Мал гана ичет. Таза суу 25 чакырымдык долбоор болду. Документ иштеринде өзүм баш-көз болуп, азыр 95% жумуш аяктап калды. Алмалыкта 1995-жылдары суу токтоду. 30 жыл аралыгында Алмалык эли сууну ташып, сатып ичишти. 30 жылдан кийин кайрадан таза суу келет деп элдин кубанычы чексиз. Биз бала кезде 2 ай зире сезонунда бир ай жыттуу зиренин сезону болот эле. Менин апам айылдагылар менен Коконго алып барып сатышчу. Азыр да жөн жаткан адам жок. Зире, мисте, гавар, адырашман терип сатышат. Мал чарбасы менен алектенишет. Эл соода-сатыкка эптүү. Алмалык элинин жөнөкөй, адамгерчиликтүү, уюшумдуулугу менен сыймыктанам. Биздин айылда уурулук деген болбойт. Унааны жолго калтырсаң деле эч ким тийбейт. Биз бала кезде ушундай болчу. Элдин бул ток пейилдүүлүгү азырга чейин бар. Айылда муктаж болгон адам жок. Баары өзүнө ток үй-бүлөлөр. Жаш үй-бүлөлөр миграцияга кетпей, бала-чакасынын маңдайында иштеп жатат.

Алмалык айылынын айыл башчысы Бектурсун Акботоев:

“2026-жыл Алмалык үчүн ийгиликтүү болду”

-2026-жыл Алмалык айылы үчүн ийгиликтүү жыл болду. Буга чейин Алмалык айылынын жери Ноокат районуна, эли Ош шаарына карачу. 2 жыл мурун жаңы 291-токтом боюнча биздин айылды Ноокат районунун Токтомат Зулпуев айыл өкмөтүнө толугу менен кошту.
Алмалык айылында 137 түтүн бар. 1237 адам жашайт. Жаңы 2 кабаттуу 130 орундуу мектеп курулуп ишке берилди. 4 чакырым жолго асфальт басылды. Эки ай мурун биздин айылда жаңы кирпич завод ачылды. Таза суу маселеси чечилип, түтүктөрдү айылга тартып келүү иштери жүрүп, ар бир үйгө суу түтүктөрүн жана суу чорголорун киргизип жатышат. Азыркы күндө кызуу иш жүрүүдө. Кудай буюрса, декабрь айында айылга суу келип калат. Бизде азыр медициналык ФАП жок. Бул эл үчүн түйшүк жаратат. Кытай ишкерлери менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Аз күндө чечилет деп турабыз.

Мектеп мугалими Сонунбү Кошуева:

“Туулган жериме кызмат кылганыма сыймыктанам”

-Алмалык жалпы орто билим берүү мектебинде 39 жылдан бери эмгектенем. Өмүрүмдүн жана эмгек жолумдун эң маанилүү бөлүгүн айылыма арнап келатам. Алмалык айылы менин кубанганымдын, түйшүк тартып эмгектенгенимдин, бактылуу көз ирмемдеримдин күбөсү. Айылда мен үчүн кымбат мектеп бар. Зиреси, көмүр кени, ташы, топурагы деле алтынга тете. Алмалыктын эли эмгекчил, меймандос, адамгерчиликтүү, салт-санааны бекем сакташат. Бири-бири менен бир туугандай мамиледе. Ал эми окуучуларыбыз акылдуу, билимге умтулган, көздөрүнөн от жанган шамдагай балдар. Балдарга билим берип, келечек муунду тарбиялоодон өткөн чоң сыймык жок.

Айыл тургуну Нурбек Аманов:

“Зире эттин баасынан кымбат”

-Алмалыкта 15 жашымдан тарта ата-энебиз менен зире тергени чыга баштадым. Зире бышкан кезде сөзсүз зире теребиз. Зиренин пайдасы өтө көп. Түйшүгү да көп. Сатсаң бир килограммы эттин баасынан кымбат. Тамакка кошуп жесең дагы пайдалуу. Жайында бир ай зире терип, үй-бүлөлүк муктаждыктарыбызды жоюп алабыз. Бул биздин айылга Кудайдын берген сыйы болсо керек. Анткени адырларда өтө көп өсөт. Жыттуу зиренин баасы кымбат болот.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *