Аксакалдар соту институтунун тарыхы тереңге — IX–X кылымдардагы Улуу Кыргыз каганаты маалына барып такалат. Ал доордо уруу башчыларынан, коомдук-саясий жана аскер ишмерлеринен, кагандын жакын кеңешчилеринен турган аксакалдар кеңеши мамлекетти башкаруу иерархиясында өзгөчө мааниге ээ болгон. Каган тарабынан сунушталган өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы орчундуу маселелер, чарбалык-экономикалык абал жана калктын жашоо деңгээли дал ушул кеңеште талданып, чечимдер мерчемделген. Байыркы жамааттык-уруулук коомдордо да улуу муундун өкүлдөрү каада-салттарды сактоочу жана эл ичиндеги талаш-тартыштарды жөнгө салуучу бийлик органы катары зор кадыр-баркка ээ болушкан.
Ал эми Кыргызстандын жаңы тарыхында, тактап айтканда, 1993-жылы аксакалдар соту кайрадан жанданып, алгач сот системасынын төмөнкү деңгээлдеги жергиликтүү соттору катары иш алып барган. Кийинчерээк, 1996-жылы сот адилеттигинен чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына өткөрүлгөн. Кылымдарды карыткан бул уникалдуу институттун бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү, азыркы коомдогу кадыр-баркы жана аткарып жаткан милдеттери тууралуу Ош шаардык аксакалдар сотторунун кеңешинин төрагасы Шерали Ураимов менен кеңири маек курдук.

—Шерали Ураимович, сиз Ош шаарындагы 14 МАБдын жана 3 айылдык башкармалыктын аксакалдар сотторунун кеңешин жетектейсиз. Сиздер жарандардын арыздарын түз карайсыздарбы же негизги милдетиңиздер ошол 17 аксакалдар сотунун төрагаларын координациялап, багыт берүүбү?
-Аксакалдар соттору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 115-беренесинде жана 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамда так жазылган. Анын негизинде тиешелүү агенттик Жобо кабыл алып, Аксакалдар сотторунун кеңеши түзүлгөн. Биздин негизги милдетибиз – Ош шаарындагы 17 башкармалыктын карамагындагы аксакалдар сотторунун ишин координациялоо, мониторинг жүргүзүү, усулдук жардам көрсөтүү жана бирдиктүү багыт берүү. Жарандардын укуктарынын бузулушун болтурбоо, алдын алуу – аксакалдар сотторунун башкы милдети. Ар бир кварталда, керек учурда ай сайын кеңештин отурумун өткөрүп турабыз. Учурда шаар боюнча 17 төрага жана 110дон ашуун мүчө эмгектенет.
Ал эми жарандардын арыздарын мыйзам боюнча жериндеги ошол 17 аксакалдар соту өз алдынча карайт. Бирок жарандардан түз биздин кеңешке кайрылуулар түшсө, аларды угуп, мыйзамдуу жолун түшүндүрүп, тиешелүү аймактык аксакалдар сотуна багыттайбыз жана анын калыс каралышына көмөктөшөбүз. Укук бузуулардын алдын алуу максатында мэрия, прокуратура, ички иштер башкармалыгы жана сот органдары менен тыгыз кызматташабыз.
—Жакында эле Ош шаардык соту менен биргеликте семинар өткөрүп, 30-сентябрда облустук деңгээлдеги чоң форумга катыштыңыздар. Ушул иш-чаралардан кийин ишиңиздерде кандай өзгөрүүлөр болду?
-Чынында, мурда аксакалдар сотторуна мындай деңгээлде көңүл бурулган эмес эле. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Ош облустук соту уюштурган форумда мен да сөз сүйлөп, көйгөйлөрүбүздү жана жетишкендиктерибизди айттым. Ош шаардык сотунун төрайымы да бизге ыраазычылык билдирип, атайын усулдук колдонмо китепче иштеп чыгып жатышат.
Буга чейин биз ар жерде отургучтарда отуруп маселе чеччүбүз, кеңсебиз да жок болчу. Мына азыр Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жардамы менен бизге атайын эмеректер менен жабдылган кеңсе берилди. Учурдан пайдаланып, бизге колдоо көрсөтүп жаткан шаардык Кеңештин төрагасы Болот Баетовго ыраазычылык айтам, өзү кесиби боюнча юрист болгону үчүн да иштин көзүн билген, атанын тарбиясын алган жигит экен. Ошол жаңы кеңседе отурумдарыбызды өткөрүп, жарандарды кабыл алууга толук шарт түзүлдү. Андан тышкары, шаардык соттун судьялары өткөргөн окуу-семинардан кийин бардык 17 аксакалдар сотунда иш кагаздарын, протоколдорду мыйзам талаптарына ылайык сабаттуу толтуруунун бирдиктүү стандарты киргизилди.
—Форумда аксакалдар сотунун чечимдерин иш жүзүндө аткаруу маселеси да көтөрүлдү. Эгер жаран сиздердин чечимди аткарбай койсо, сот аткаруучулар же милиция аркылуу таасир этүү механизми азыр кандай иштеп жатат?
-Аксакалдар соту коомдук орган болгону менен чечимдерибиз жөн гана сөз бойдон калбайт, мыйзамда так механизм каралган. Эгер жаран чечимди белгиленген мөөнөттө өз ыктыяры менен аткарбаса, жабырлануучу тарап бир айдын ичинде Ош шаардык сотуна аткаруу баракчасын (исполнительный лист) берүү жөнүндө арыз жазат. Шаардык сот биздин чечимдин мыйзамдуулугун текшерип, аткаруу баракчасын берет. Андан кийинкиси мамлекеттик сот аткаруучулардын милдети.
Ошондой эле участкалык тескөөчүлөр менен тыгыз байланыштабыз. Бирок эгер иш буга чейин милицияда же сотто каралган болсо, мыйзам боюнча кабыл алынган чечимдерди карабайбыз. Негизги максатыбыз – чырды сотко жеткирбей жеринде элдештирүү. Мисалы, Э. Алиев көчөсүнөн бир жаран кайрылды. Коңшусу экөө көп жылдан бери жер талашып келишкен экен. Биз жерине барып, эки тарапты тең угуп, мунасага келтирип элдештирдик.
Кээде мыйзамдан тышкары, элдик нарк жана дин өкүлдөрүнүн жардамы менен маселе чечкен учурлар болот. Бир МАБда аялы менен ажырашкан жаран кайрылды, мурдагы жубайы үйүнөн чыкпай отуруп алыптыр. Милиция барса да кетпейт, кайнатасы келсе да көнбөйт. Мага кайрылышканда, Сулайман-Тоо мечитинин имамын ээрчитип келдим. Имам шарият боюнча талак берилгенден кийин ал үйдө жашаганы, ичип-жегени арам болорун түшүндүргөндөн кийин гана ал жаран үйдөн чыгып кетти. Буга окшогон мисалдар өтө көп.
—Шаардагы негизги талаштарга токтолсок. Былтыркы жылы канча арыз түшкөн жана кайсы аймактарда кайрылуулар көп катталууда?
-Өткөн жылдын эсебинен Ош шаарындагы аксакалдар сотторуна жалпы 300гө жакын арыз түшкөн. Мындан тышкары, оозеки кайрылуулар андан да көп, аларды да убагында кароого аракет кылабыз. Ар бир төрага каралган иштер, канчасы жарашуу менен аяктап, канчасы сотко өткөнү тууралуу коомчулуктун жана кеңештин алдында отчёт берет. Арыздардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк маселелер, коңшулук талаштар. Айрыкча калкы жыш жайгашкан МАБдарда кайрылуулар көп катталат.
—Мыйзам боюнча аксакалдар соттору коомдук башталышта иштейт. Маяна жок шартта аксакалдарга жергиликтүү бюджеттен кандайдыр бир колдоо же сый акы каралганбы?
-Ооба, мүчөлөрүбүз айлыксыз, коомдук башталышта бекер иштешет. Ал эми төрагаларга 2024-жылкы мыйзам боюнча күнүнө 50 сомдон эсептелип калган экен. Мен Ош шаардык Кеңешине кайрылып, депутаттардын колдоосу менен былтыркы жылдан тарта жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, бул сумма көбөйтүлдү. Азыр 17 төраганын ар бири кварталына 9 миң сомдон сый акы алып жатышат. Мындан сырткары, аксакалдар сотторунун жаңы регламентин иштеп чыгуудабыз, аны шаардык Кеңештин сессиясына алып чыгабыз. Айрым учурларда демөөрчүлөр тарабынан да колдоолор болуп турат.
—Аксакалдар сотуна 50 жаштан жогорку жарандар мүчө боло алат. Ош шаарындагы аксакалдар сотторунун курамына юристтер же аялдар тартылып жатабы?
-Мыйзам боюнча 50 жаштан өткөн, эл арасында кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү жарандар жыйында шайланат. Ар бир МАБда 3төн 9га чейин мүчө болушу керек. Мыйзамда курамдын кеминде 30 пайызын аялдар түзүшү керек деген талап бар, биз муну сактайбыз. Билим деңгээли боюнча айрым кемчиликтер бар болгондуктан, азыр шаардык мэрия менен биргеликте карап жатабыз: төрагалар жогорку билимдүү болушу керек, ал эми юридикалык билими барларга артыкчылык берилет. Бир гана өкүнүчтүү жагдай — кээ бир аймактарда кварталдык комитеттин төрагалары аксакалдар сотуна мүчө болуп кирип алышкан. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы бар, мыйзам боюнча алар мүчө боло албайт. Бул маселени да жакында тартипке салабыз.
—Өзүңүздүн басып өткөн эмгек жолуңуз тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
-Кесибим боюнча педагогмун, убагында милицияда да иштегем. Кийин партиялык кызматтарда, облустук аткаруу комитетинде (облисполком) 12 жыл эмгектендим. Уюштуруу бөлүмүндө да иштеп, облустук комсомолдор комитетинде лекторлор тобун жетектедим. Султан Ибраимов, Насирдин Исанов, Абдибаит Тажибаев сыяктуу инсандар менен чогуу иштешүү насип этти. Ошол мектептен өткөнмүн, таалим-тарбиясын алдым. 2015-жылдан бери Сулайман-Тоо МАБында аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштедим, 2025-жылы Аксакалдар сотторунун кеңешинин төрагасы болуп шайландым.
Бирөөгө акыл айтып, жол көрсөтүп жаткан соң биз өзүбүз да ошол наамга татыктуу болушубуз керек. Биз мындан ары да мэрия, шаардык кеңеш менен тыгыз кызматташтыкта элибиздин көйгөйүн жеринде чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшай беребиз. Ош шаардык аксакалдар сотторунун мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин так аткаруу жалпы калаа коомчулугунун алдындагы ыйык парзыбыз, башкы жоопкерчилигибиз деп эсептейбиз.
Бурул Исмаилова