Бишкек шаарында республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын арасында өткөн «Спартакиада-2026» спорттук мелдеши жыйынтыкталды. Ага Бишкек, Ош, Баткен, Манас, Нарын, Талас, Токмок жана Каракол шаарларынын эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышты.
Салтанаттуу жабылуу аземинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев спорттук эстафетаны өткөрүп берүү алкагында Ош шаарынын өкүлдөрүнө спорттун символу болгон футбол тобу менен ышкырыкты тапшырды. Бул белектер кийинки спартакиаданы өткөрүү укугу Ош шаарына берилгендигин билдирет.
Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
- Кичи футбол: I орун – Бишкек, II орун – Каракол, III орун – Ош.
- Дартс (командалык): I орун – Талас, II орун – Бишкек, III орун – Ош.
- Таяк тартыш (эркектер): I орун – Баткен, II орун – Бишкек, III орун – Талас.
- Таяк тартыш (аялдар): I орун – Токмок, II орун – Баткен, III орун – Каракол.
- Кол күрөш (эркектер): I орун – Каракол, II орун – Манас, III орун – Ош.
- Кол күрөш (аялдар): I орун – Талас, II орун – Каракол, III орун – Ош.
- «Үч тапан» оюну: I орун – Нарын, II орун – Манас, III орун – Талас.
- Аркан тартыш: I орун – Ош, II орун – Манас, III орун – Талас.
- Бильярд: I орун – Каракол, II орун – Манас, III орун – Каракол.
- Мык кагуу: I орун – Токмок, II орун – Талас, III орун – Бишкек.
