• Пт. Ноя 13th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаардык Кеңешинин бюджет комиссиясы 9 айдын жыйынтыгын карады

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 13, 2026

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев алып барды. Күн тартибине 3 маселе сунушталып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Ош шаары жана Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, ошондой эле Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9 айдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулду.
Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарынын негизинде аталган маселе боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселе боюнча Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары О.Торобаевдин маалыматы угулуп, сессиянын кароосуна сунушталды.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *