Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия мүчөлөрү жана шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов Ош шаарында уюштурулуп жаткан Коңур-Жаз” “Агро өнөр-жай комплекси” менен жеринен таанышып келишти.
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев жана “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги аталган агро өнөр-жай комплексинде келечекте ишке ашуучу долбоорлор жөнүндө кеңири баяндама беришти.
Ошондой эле эл өкүлдөрү агро өнөр-жай комплексин сугат суу менен камсыздоочу сугат суу системаларынын курулушу менен да таанышышты.


