Төрөт үйү — бул жаңы жашоонун башаты, үмүт менен кубанычтын ыйык мекени. Мына ушундай жооптуу жана сооптуу тармакта 15 жылдан бери эмгектенип, бүгүнкү күндө Ош шаардык клиникалык ооруканасынынтөрөт стационарын жетектеп жаткан Айжан Карыбекова менен мекеменин тарыхы, акыркы жылдардагы ири өзгөрүүлөр жана төрөт учурундагы эненин психологиясы тууралуу кенен маек курдук.

-Айжан Мырзабековна, сиз жакында эле төрөт стационарынын башчысы болуп дайындалдыңыз. Алгач өзүңүз жана сиз жетектеген мекеменин негизги багыты тууралуу айта кетсеңиз.
-Саламатсыздарбы. Ооба, мен бул тармакта 15 жылдан бери талбай эмгектенип келем. Төрөт стационарынын башчысы кызматына 2026-жылдын февраль айында дайындалдым.
Биздин мекеме 1991-жылы атайын типтеги 4 имараттан курулуп пайдаланууга берилген. Биздин не- гизги милдетибиз — Ош шаары эле эмес, Ош облусу, Жалал-Абад жана Баткен сыяктуу бүтүндөй түштүк региону боюнча мөөнөтүнө жетпей төрөгөн (22 жумадан 36 жумага чейинки) кош бойлуу аялдарга акушердик, ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайларга неонаталдык адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү. 2001-жылдан бери «Энеге жана ымыркайга боорукер мамиле жасаган оорукана» деген эл аралык наамды сыймык менен алып жүрөбүз. Ошол жылдан тарта ымыркайларды 6 айга чейин эмчек сүтү менен гана эмизүү принциптерин бекем сактап, мамлекеттик токтомдордун жана Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарынын негизинде иш алып барабыз.
-2025-жылды мекеме үчүн абдан жемиштүү болду деп белгилеп жатасыз. Бул жылы кан- дай чоң өзгөрүүлөр орун алды?
-Чынында эле, 2025-жыл биз үчүн тарыхый жыл болду. Себеби, 1GG1-жылдан бери имаратта бир дагы жолу капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес эле. 2021-жылы
«Өзгөчө кырдаал» долбоорунун (COVID-1G мезгилинде) алкагында гинекология бөлүмүбүз гана реконструкцияланган болчу. Ал эми 2025-жылдын 10-августунан баштап оорукананын директорунун
№136-буйругунун негизинде стационарыбыз 6 айга жабылып, толук капиталдык оңдоодон өттү. Азыр ар бир палатада кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ошондой эле эки операциялык блогубуз да санитардык-эпидемиологиялык талаптарга толук ылайыкталды. Мурда 155 бейтапка ылайыкталган болсок, азыр 185 орунга чейин кеңейдик.
-Төрөт үйүнө Мырзайым Разаеванын ысымы берилгени тууралуу да айта кетсеңиз?
-Ооба, бул абдан маанилүү окуя. Көптөгөн дарыгерлерибиз бул мекеменин түптөлүшүнө зор салым кошушкан. 2025-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты Айбек Маматкеримовдун сунушу, Ош шаардык кеңешинин токтому жана директордун буйругу менен биздин мекемеге көп жылдар бою ак дилден иштеп кеткен акушер дарыгерибиз Мырзайым Разаеванын ысымы ыйгарылды.
-Имараттарды кайтарып алуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча да жакшы жа- ңылыктар бар экен…
Ооба, биз 4 имараттан ту- рабыз, бирок 3-жана 4-имараттарыбыз мындан 10-15 жыл мурун жеке тараптарга өтүп кеткен болчу. 2025-жылдын июнь айынан тарта «Ош клиник» жеке клиникасы жана Ош мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалы жайгашкан имараттар мурунку мэрибиз Жеңишбек Шермаматовичтин колдоосу менен кайрадан өзүбүздүн баланска кайтарылды.
Мэриянын жардамы менен төрөт үйүнүн айланасына асфальт төшөлүп, тротуарлар салынды. Заманбап лед экран коюлуп, айкел тургузулду. Кире бериштеги тепкичибиз кафелденип, четтерине мраморлор чапталды. Биринчи имаратыбыздын фасады да заманбап стилде жаңыланды.
— Учурда жамаатта канча кызматкер эмгектенип жатат?
-Жалпы жамаатыбызда 465 кызматкер бар, анын ичинен 325и учурда эмгектенет. Бизде 76 дарыгер бар: алардын 6сы жогорку категориядагы, 9у — биринчи, 11и — экинчи категориядагы адистер. Ошондой эле 168 орто (медайымдар) жана кичи медкызматкерлер бар. Биздин жыл сайын өзүбүздөн жана чет өлкөлөрдөн квалификациясын жогорулатып келишет.

Биздин төрөт үйү — жаңы өмүр тартуулаган ыйык мекеме. Бул жер- де иштөө бийик жоопкерчиликти талап кылат, анткени биз бир эле учурда эне менен баланын — эки тагдырдын амандыгы үчүн күрөшөбүз.
-Төрөт учурундагы эненин психологиялык абалы жана «кесарево» маселеси боюнча эмне айта аласыз?
-Аялдын психологиясы төрөт учурунда биринчи орунда турат. Жатын (матка) — бул өтө назик жана сезимтал орган. Эне катуу сүйүнсө же катуу кайгырса, кан кетип калуу коркунучу жаралат. Ошондуктан биз медициналык гана эмес, психологиялык да жардам беребиз.
Ал эми «кесарево» боюнча айтсам, бул аялдын каалоосу менен жа- салчу процедура эмес. Ал атайын медициналык көрсөтмөлөр менен гана жасалат. Тилекке каршы, жылдан жылга «кесаревонун» саны өсүүдө. Себептери көп: кыймылдын аздыгы, балдардын өтө чоң болуп жатышы (крупный плод), аялдардын боюнун кичирейип баратышы. Чет өлкөдө аялдар кесирдик жол менен төрөөнү өздөрү тандашы мүмкүн, бирок биз аялдын каалоосу менен кесаревого албайбыз.
-Төрөт учурундагы кыйынчылыктар жана заманбап энелердин айырмасы тууралуу айтсаңыз?
-Кээде кош бойлуулар төрөт учурунда өздөрүн туура эмес жүрүм- туруму менен балага травма кылып коюшу мүмкүн. Же болбосо үйдөн ар кандай чөп дарыларды ичип алышат, бул өтө кооптуу. Анткени, бала тондон эрте ажырап, кан же суу кетип калышы ыктымал.
Бирок азыркы санарип доорунун артыкчылыгы да бар. Мурда жатын моюнчасынын айрылуусу көп бол- чу. Азыр интернеттен гимнастика, йога, туура дем алууну үйрөнүп келишет. Бул абдан жакшы. Белгилей кетчү нерсе, «өнөктөш менен төрөө» (партнерские роды) ковидге чейин бар болчу, бирок кийин алынып салынган бойдон кайра киргизилген жок. Ал эми толгоону жеңилдетүүчү уколдор (эпидуралдык анестезия) бизде жок, алар негизинен жеке клиникаларда колдонулат.

-2025-жылдагы статистика- лык көрсөткүчтөр кандай болду?
-Былтыр бизде 12 миң 468 төрөт кабыл алынды. Мурдагы жылдары бул сан 9-10 миңдин тегерегинде болчу. Мындай өсүштүн себеби, облустук төрөт үйү капиталдык ремонтко жабылганына байланыштуу жүктөм бизге түштү. Бул республика боюнча эң жогорку көр- сөткүч. Ошол 12 миң 468 төрөттүн ичинен 2 миң 285и (18,6%) «кесарево» жолу менен көз жарышты.
-Тажрыйбаңызда эсте кал- ган кызыктуу же өкүнүчтүү учурлар барбы?
-Албетте, ар бир күнүбүз кызыктуу окуялардын куралат. Бир жолу кош бойлуу келин 9-уулун төрөгөнү келди. Ал абдан тынчсызданып жаткандыктан: «Кыжалат болбоңуз, тогузунчу уулду болдуңуз»,— десем, ал: «Сен да мага ок- шоп G уулду төрөп жатып кал!»— деп айтканы эсимде.
Ошондой эле, акыркы жылдары жашы жете элек кыздардын төрөтү көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Мунун башкы себеби , интернет жана эне менен кыздын ортосундагы жакындыктын, сырдашуунун жоктугу. Биз мындай учурда кыздын өзү жана ата-энеси менен атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.
-Болочок энелерге эң негизги кеңешиңиз?
-Аял киши турмушка чыккандан баштап эле эне болууга даярданышы керек. Туура тамактануу, режим менен уктоо, гигиенаны сактоо жана жылуу кийинүү — бул дени сак баланын кепилдиги.

Айнура Валижанова.


Окшош макалалар
Жазда адамдын организми жана жан дʏйнɵсʏ кантип ойгонот?
Сапаттуу стоматологиялык кызмат — калктын ден соолугунун кепилдиги
Жаракатка кайдыгер мамиле – ɵмʏргɵ жана келечекке коркунуч алып келет