27 февраля, 2026

Жазда адамдын организми  жана жан дʏйнɵсʏ кантип ойгонот?

Быйыл Кыргызстандагы кыш — суук мезгил катары сезилбей, кɵбʏнчɵ узарып кеткен ноябрды элестеткендей ɵттʏ. Январь менен февралдын аба ырайы да ошол эле жумшак, туруктуу эмес маанайын сактап, кыштын кадимки мʏнɵзʏн толук ачып бере алган жок. Ошентсе да климаттагы мындай ɵзгɵчɵлʏктɵр жазды кʏтʏʏ сезимин басаңдата албайт. Тескерисинче, адамдар жазды ɵзгɵчɵ ʏмʏт жана шыктануу менен тосушат.

Кыш мезгилинде эртең менен ойгонуу оорлошуп, кечке маал чарчоо бат келет. Мындай абал табигый кɵрʏнʏш болгону менен, ал тʏбɵлʏккɵ созулбайт.

Табият жаздын келишине даярдангандай эле биз организмибизди жаз мезгилине кантип даярдашыбыз керектигине байкоо жʏргʏздʏк.

Кɵпчʏлʏк адамдар жазды сергек жана кʏч-кубатка толгон абалда тосууну кʏтʏшɵт. Бирок реалдуулук башкача болот: эртең менен ойгонуу оор, териде кургактык байкалат, маанай туруксуз болуп, кичинекей жумуштар да тʏйшʏк алып келчʏдɵй сезилет. Бул толугу менен табигый кɵрʏнʏш. АКШдагы “Улуттук биотехнология маалымат борбору” белгилегендей, кышында организм энергияны сактоого ɵтʏп, тɵмɵнкʏдɵй ɵзгɵрʏʏлɵргɵ дуушар болот:

• кыймыл азаят, адам кɵбʏрɵɵк отурат;

• кʏн нуру жетишсиз болуп, серотонин деңгээли тɵмɵндɵйт;

• витаминдердин запасы азаят;

• гормоналдык баланс жайлайт, айрыкча серотонин жана кортизол деңгээли ɵзгɵрɵт.

“Сезондук эмоционалдык процесс- бул психологиялык жана биологиялык механизмдердин айкалышы. Кыштан кийин организм акырын ойгонууга муктаж”, — дейт психотерапевт Нуриякан Токтосунова.

Жаз — организм гана эмес, адамдын ички абалы да ɵзгɵргɵн назик мезгил. Бул учурда катуу талаптардан же тез жыйынтык кʏтʏʏдɵн кɵрɵ, ɵзʏн акырындык менен колдоо маанилʏʏрɵɵк. Адистер да дал ушундай мамиле ден соолукту сактап, узак мɵɵнɵттʏʏ жыйынтыкка алып келерин белгилешет.

Ош шаарынын дене тарбия, спорт  комитетинин машыктыруучусу Алмазбек Казибековдун айтымында, жаз мезгилинде машыгууга болгон мамиле ɵзгɵчɵ этияттыкты талап кылат. Эгер адам буга чейин эле спорт менен алектенип жʏрсɵ, кɵнгɵн режимди сактап, уланта берсе болот. Ал эми жаңы баштагандар ʏчʏн организмде витамин жетишсиздиги кʏчɵгɵн учур болгондуктан, катуу жʏк берʏʏ тескери натыйжа жаратышы мʏмкʏн. Ошондуктан машыгууну жай, жеңил кɵнʏгʏʏлɵрдɵн баштап, организмге керектʏʏ витаминдерди толуктоо маанилʏʏ.

Кыштан кийин фитнес-залга барууга тыюу жок, анткени машыгуу булчуңдарды тонуска келтирип, денени сергек кармоого жардам берет. Бирок тез жыйынтыкка жетем деп ашыкча чуркоо же кɵп тердɵɵ сунушталбайт. Тер менен кошо организмдеги керектʏʏ заттар да жоголуп, айрыкча март-апрель айларында алсыроого алып келиши мʏмкʏн. Бул мезгилде негизги максат — салмакты кескин азайтуу эмес, организмди сергек жашоого акырындык менен даярдоо.

Адис кɵбʏнчɵ кечки убактагы машыгууну ылайыктуу деп эсептейт. Бирок ал уктаардан дароо мурда эмес, уйкуга чейин болжол менен беш саат калганда жʏргʏзʏлʏшʏ керек. Бул жʏрɵк кагышынын жана булчуңдардын абалынын калыбына келишине, тамак сиңирʏʏнʏн нормалдуу жʏрʏшʏнɵ шарт тʏзɵт. Эртең менен организм толук ойгоно элек болгондуктан, дароо интенсивдʏʏ кɵнʏгʏʏ жасоо да туура эмес. Негизи машыгуу адамга кыйноо эмес, ырахат тартуулашы керек.

Тамактанууда тең салмактуулук башкы орунда турат. Жашылча-жемиштер менен катар эт, белок, пайдалуу майлар жана гемоглобинди кɵтɵрʏʏчʏ азыктар жетиштʏʏ болушу зарыл. Ошондой эле А, В, С сыяктуу витаминдерди толуктоо сунушталат. Камыр тамактары, ашыкча таттуулар, газдалган суусундуктар жана холестеринге бай азыктарды чектɵɵ жетиштʏʏ; катуу диеталарга ɵтʏʏнʏн зарылдыгы жок. Организм бардык пайдалуу заттарды ɵз ɵлчɵмʏндɵ алган учурда гана жазгы сергектик толук сезилет.

Жаз келгенде кɵп адамдарда тʏшʏнʏксʏз, бирок жагымдуу толкундануу пайда болот. Бир жагынан — жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ ʏмʏт, экинчи жагынан — белгисиз тынчсыздануу.

Орусиянын “Психикалык саламаттык илимий борборунун” сайтындагы жарыяланган диссертацияларында, психологдор бул кɵрʏнʏштʏ «мезгилдик эмоционалдык ɵзгɵрʏʏ» же «мезгилдик депрессия» тʏшʏнʏгʏ менен тʏшʏндʏрʏшɵт. Психотерапевт Нуриякан Токтосунова кошумчалагандай, кыштын жай ритминен кийин адамдын психикасы жаңы, жеңилирээк жашоо ыргагына кɵнʏʏгɵ аракет кылат. Ошондуктан жаз мезгилинде ɵзʏнɵ ашыкча талап коюп, дароо чоң ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ кʏтʏʏнʏн ордуна, ички абалды жай кабыл алуу маанилʏʏ.

Кээде жɵнɵкɵй кɵрʏнгɵн майда кадамдар чоң психологиялык жаңыланууга алып келет:

• жаңы блокнот ачуу;

• жашаган чɵйрɵнʏ иретке келтирʏʏ;

• кʏнʏмдʏк образда чакан ɵзгɵрʏʏ жасоо.

Мындай ɵзгɵрʏʏлɵр ички гармонияны жандандырып, жаздын энергиясын толук сезʏʏгɵ жардам берет.

Жаратылыш ʏчʏн жаз гʏлдɵɵнʏн, жаңы жашоонун башталышы болсо, адам ʏчʏн да жаңылануунун ɵзгɵчɵ мезгили болуп саналат. Бул учурда энергиянын жогорулашы, сезимталдыктын кʏчɵшʏ, сулуулукка жана жашоонун сапатына кɵңʏл буруунун артуусу байкалат. Айрымдар жаңы максаттарды коюуга, жашоосунда ɵзгɵрʏʏ жасоого шыктанат.

Бул жɵн жерден эмес. Организм кышкы жай абалдан чыгып, активдʏʏ фазасына ɵтʏп, ички ресурстарын кайра жандандыра баштайт. Натыйжада ой жʏгʏртʏʏ сергийт, демилге кʏчɵйт, жашоого болгон кызыгуу артат. Жаздын дал ушул энергиясы адамга жаңы идеяларды жаратууга, ички тең салмактуулукту табууга жана кʏнʏмдʏк жашоону жаңыча кабыл алууга мʏмкʏнчʏлʏк берет.

Заманбап дʏйнɵ адамдан дайыма кʏчтʏʏ, ийгиликтʏʏ жана энергиялуу болууну кʏтɵт. Бирок табияттын мыйзамы мындан башкача: кыш — тынчтыктын мезгили, ал эми жаз — акырын ойгонуу учуру.

Жаз адамды кʏч менен ɵзгɵртʏʏгɵ мажбурлабайт. Тескерисинче, ал акырын ички дʏйнɵгɵ кайрылып, «сен тирʏʏсʏң, демек кайра жандана аласың» дегендей сезим тартуулайт. Бул мезгилде идеалдуулукка умтулуудан кɵрɵ, ɵз абалын кабыл алуу, ички энергияны угуу алда канча маанилʏʏ.

Балким жаздын эң чоң керемети да ушул болушу мʏмкʏн — кемчиликсиз болууга эмес, ɵзʏңдʏ кайра сезʏʏгɵ, жашоонун агымына кайра кошулууга мʏмкʏнчʏлʏк бергени. Дал ушул сезим жаңылануунун, ɵзгɵрʏʏнʏн жана жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏн башатына айланат.

            Гульнура Ормонова

About The Author