Ош шаарында 2026-жылы жашылдандыруу багытында буга чейинки эң масштабдуу иштердин бири жʏзɵгɵ ашырылат. Негизги ʏч чоң кɵчɵ толук реконструкцияланып, ʏч жаңы сквер курулуп, заманбап сугаруу системалары орнотулат. Бул багытка 80 миллион сом каражат бɵлʏнʏп, шаарды экологиялык жактан туруктуу ɵнʏктʏрʏʏ стратегиясы ишке ашырылууда. Адистердин айтымында, бул кадам шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртып, абанын булганышын азайтып, жай мезгилиндеги ысыкты тɵмɵндɵтʏʏгɵ ɵбɵлгɵ тʏзɵт.
Yч кɵчɵгɵ тʏзʏлгɵн долбоор шаардын жʏзʏн ɵзгɵртɵт
Ош шаардык “Жашылдандыруу жана кɵрктɵндʏрʏʏ чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Азамат Советбек уулу:

— Алымбек Датка, Курманжан Датка жана Масалиев, Исанов, Раззаков кɵчɵлɵрʏ комплекстʏʏ тʏрдɵ жашылдандырылат. Бул кɵчɵлɵр шаардын борбордук кɵчɵлɵрʏнʏн бɵлʏгʏн тʏзɵт. Экологиялык функциясын толук аткара албай калган эски дарактар этап-этабы менен алынат. Алардын ордуна шаар шартына ылайык акация кɵчɵттɵрʏ отургузулат. Акация тез ɵсɵт, кɵлɵкɵ берет, чаңды азайтат жана декоративдик функцияны да аткарат. Кɵчɵлɵрдʏн ортосу, тротуарлар, ирригациялык латоктор ирээтке келтирилип, бирдиктʏʏ ландшафттык дизайн ишке ашырылат. Жашыл тилкелер атайын топурак катмары менен бекемделип, сапаттуу газон себилет.
Жаңы скверлер курулат
-2026-жылы ʏч жаңы сквер курулат. Шакиров кɵчɵсʏндɵгʏ “Нооруз” ресторанынын маңдайында курула турган скверде жер иштери аяктады. Черемушка кичи районундагы “Кыргызстан” кинотеатрынын маңдайында жашыл аймак тʏзʏлɵт. Ал эми Раззаков кɵчɵсʏндɵ дагы бир эс алуу зонасы уюштурулат. Бул скверлерде жарыктандыруу, отургучтар, жɵɵ жолдор, балдар ойноочу бурчтар жана автоматтык сугаруу системасы каралган. Черемушкадагы скверге штамб формасындагы декоративдик дарактар отургузулат. Мындай эс алуу аймактары жаштар, ʏй-бʏлɵлɵр жана улуу муун ʏчʏн социалдык мааниге ээ. Курулган скверлер шаар маданиятын жана туризмди ɵнʏктʏрʏʏгɵ чоң салым кошот.

2025-жылы 8 миңден ашуун кɵчɵт отургузулду
-2025-жылы 8 миңден ашуун кɵчɵт отургузулуп, 2 миңден ашыгын жазында, 6,5 миңге жакынын кʏзʏндɵ эккенбиз. 20дан ашуун жаңы бʏткɵн кɵчɵнʏн эки тарабы толук жашылдандырылган. Кең-Сай, Эне-Сай жаңы конуштарында да масштабдуу иштер жʏргʏзʏлгɵн. Кɵчɵттɵр: кайрыгач, чынар, терек, павлония, ак кайың, каштан, дуб жана башка жергиликтʏʏ сорттор. Анткени жергиликтʏʏ климатка ылайык тандалган кɵчɵттɵрдʏн жашап кетʏʏ пайызы жогору.
Жашыл инфраструктурага 80 миллион сомдук стратегиялык инвестиция
-Бɵлʏнгɵн 80 миллион сом кɵчɵт алуу, газон тɵшɵɵ, аэропорт жолунун 1,5 чакырымдык ортосун жашылдандыруу жана сугаруу системасын автоматташтырууга жумшалат. Автоматтык тамчылатып жана чачыратып сугаруу системасы суу ресурстарын ʏнɵмдɵп, кɵчɵттɵрдʏн бирдей ɵсʏшʏнɵ шарт тʏзɵт.

Жашыл аймак жана саламаттык
-Жашыл аймак кɵбɵйгɵн сайын абанын сапаты жакшырганын байкоого болот. Дарактар кɵмʏр кычкыл газын сиңирип, кычкылтекти бɵлʏп чыгарат. Чаңды кармап, ысыкты азайтат. Жашыл зоналар психологиялык жактан да адамга оң таасир берет. Скверлер жана парк аймактары шаардыктардын эс алуусуна, спорт менен машыгуусуна шарт тʏзɵт. Экологдор белгилегендей, системалуу жашылдандыруу 5-7 жыл ичинде шаардын микроклиматын оптималдаштырат.
Жашыл экономика жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
-Жашылдандыруу — узак мɵɵнɵттʏʏ инвестиция. Жашыл инфраструктура коммуналдык чыгымдарды кыскартууга, суу ресурстарын ʏнɵмдɵɵгɵ, шаардык климатты жɵнгɵ салууга жардам берет. Шаардагы кɵрктʏʏ жашыл тилкелер кыймылсыз мʏлктʏн баасын да кɵтɵрɵт, туризмге жагымдуу шарт тʏзɵт жана жергиликтʏʏ бизнес ʏчʏн тарбиялык, экологиялык тʏшʏнʏктʏ калыптандырууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

Кызматкерлерибиздин айлыгы кɵтɵрʏлдʏ
-2026-жылдын январынан тарта кызматкерлердин айлыгы 16 миң сомдон 31–32 миң сомго чейин кɵтɵрʏлдʏ. Бул чечим кадрларды сактап калууга жана иштин сапатын жогорулатууга багытталган.
Вандализм жана коомдук жоопкерчилик
-Кɵчɵттɵрдʏ сындыруу, парктагы мʏлккɵ зыян келтирʏʏ учурлары кездешʏʏдɵ. Жол кырсыгынан жабыркаган дарактар ʏчʏн айдоочулардан чыгым ɵндʏрʏлɵт. Камера байкоосу аркылуу аныкталган жарандар да жоопкерчиликке тартылууда. Адистер жашыл шаарды курууда коомдук жоопкерчилик маанилʏʏ экенин белгилешет.
Жазгы ʏч айлык жана коомдук демилге
-Март-май айларында жазгы ʏч айлык акция ɵткɵрʏлɵт. Жарандар, студенттер, уюмдар жашылдандыруу иштерине катыша алышат. Каалоочулар ɵз эсебинен кɵчɵт алып келип, эгип бере алышат. Бул коомдук тилектештикти бекемдейт жана жаш муун экологиялык маданиятка тарбияланат.

Жашылдандыруунун узак мɵɵнɵттʏʏ стратегиясы
-Жашылдандыруу иштери бир жылдык акция менен чектелбеши керек. 2026-жылдан тарта кɵчɵт отургузуу менен катар аларды багуу, сугаруу, калыптандыруу жана коргоо иштерине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат. Шаар ичинде “жашыл коридор” системасын тʏзʏʏ пландалууда. Бул негизги кɵчɵлɵрдʏ бириктирген ʏзгʏлтʏксʏз жашыл тилке аркылуу аба алмашууну жакшыртып, шаар ичиндеги чаңдын кɵлɵмʏн азайтууга жардам берет. Мындан тышкары, мектептер жана бала бакчалар менен биргеликте “Бир окуучу — бир кɵчɵт” демилгеси ишке ашырылат. Жаш муун экологиялык маданиятка тарбияланат. Жашыл аймактарды санариптик картага тʏшʏрʏʏ иштери каралууда. Ар бир парк, сквер жана кɵчɵ боюндагы кɵчɵттɵрдʏн саны, тʏрʏ жана абалы тууралуу маалымат электрондук базага киргизилет. Бул кɵзɵмɵлдʏ кʏчɵтʏп, пландоону так жʏргʏзʏʏгɵ шарт тʏзɵт. Системалуу жана илимий негизде жʏргʏзʏлгɵн жашылдандыруу иштери 5-7 жыл ичинде шаардын экологиялык абалын кыйла жакшыртат.
5 жыл ичинде Ош шаары тʏп-тамыры менен ɵзгɵрɵт
-Акыркы жылы 94 гектар жашыл аймак каралса, шаардын аймагы кеңейгенине байланыштуу бул кɵрсɵткʏч эки эсеге жакындады. Нариман, Кең-Сай тараптарында жаңы жашыл зоналар тʏзʏлдʏ. Эгер пландар толук аткарылса, 3–5 жыл ичинде Ош шаарынын кɵрʏнʏшʏ тʏп-тамырынан ɵзгɵрɵт. Ар бир кɵчɵдɵ системалуу жашыл тилке, ирээттʏʏ газон жана заманбап дизайн пайда болот.
Эң негизгиси кайдыгерлик болбосо…
-Жашыл шаарды куруу — жалпы коомдун милдети. Кɵчɵттɵрдʏ сындырбоо, таштанды таштабоо, коомдук мʏлккɵ аяр мамиле кылуу — ар бир тургундун жоопкерчилиги. 2026-жыл Ош шаары ʏчʏн жашылдандырунуун жылы болору кʏтʏлʏʏдɵ. Эми эң башкысы бул эмгекти сактап калуу жана келечек муунга жашыл шаарды калтыруу болуп саналат.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат