27 февраля, 2026

Ɵспʏрʏм кыздын ɵзʏнɵ болгон ишеними эмнеге негизделет?

Ɵспʏрʏм кыздын ɵзʏнɵ болгон ишенимин кантип калыптандыруу керек жана бул процессте атанын ролу кандай? Социалдык тармактардагы «идеалдуу» жашоо баланын психологиясына кандай сокку урат? Бул суроолорго ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасынын окутуучусу, практикадагы психолог Наар Жакыпова жооп берет. Эксперт бала тарбиялоодогу ата-эне менен баланын мамилесиндеги чек ара, шартсыз сʏйʏʏ менен куру мактоонун айырмасы жана эненин ɵзʏн-ɵзʏ баалоосу кыз баланын келечегине кандай таасир этери тууралуу баалуу кеңештери менен бɵлʏштʏ.

—Баланы ар бир кадамы ʏчʏн «сен эң мыктысың, эң акылдуусуң» деп ашыкча мактай берʏʏ туурабы?

—Менин оюмча, ашыкча мактоо (перехвала) аз мактаганга караганда кооптуураак. Эгер баланы бардык нерсе ʏчʏн эле «сен эң акылдуусуң, эң сулуусуң, эң мыктысың» деп эч кандай негизсиз, реалдуу аракеттерине же жетишкендиктерине байланыштырбай мактай берсе, анда баланын мээсинде ɵзгɵчɵ бир абал калыптанат. Бала куру жерден ɵзʏн-ɵзʏ мактай баштайт же анда нарциссизм ɵнʏгɵт: «мен башкачамын, ɵзгɵчɵмун, эң мыктымын» дейт, бирок буга эч кандай негиз жок.

Ал эми реалдуу жашоодо, ага дайыма суктанып, мактай бербеген жерде, ал ɵзʏн кыйрагандай сезип, депрессияга кабылышы мʏмкʏн. Ошондой эле агрессия пайда болушу же башкалардын мактоосуна ɵтɵ кɵз каранды болуп калышы ыктымал. Бул учурда баланын жʏрʏм-туруму башкалардын жактыруусуна карап ɵзгɵрʏп, катуу кɵз карандылык ɵнʏгɵт. Ошондуктан, баланы конкреттʏʏ бир аракети, иши же натыйжасы ʏчʏн мактоо зарыл. Мисалы: «Сен эл алдына чыгып сʏйлɵш ʏчʏн абдан жакшы даярданыпсың, азаматсың. Кɵп кʏч жумшаганың кɵрʏнʏп турат». Жɵн эле бар болгону ʏчʏн эмес, кылган иши ʏчʏн мактоо керек. Албетте, баланы эч кандай шарт койбостон сʏйʏʏ маанилʏʏ, бирок мактоо — бул эмгекке жараша болушу шарт.

—Ɵспʏрʏм кыз ɵзʏнʏн сырткы кɵрʏнʏшʏнɵ (фигурасына, келбетине ж.б.) нааразы болуп, «мен сулуу эмесмин» деп капаланса, апасы аны кантип сооротуу керек?

—Бул жерде эч качан баланын сезимин баалабай койбош керек (обесценивание), мисалы: «Ой, сен нормалдуу элесиң, баары жакшы», —  деп айтууга болбойт. Ошондой эле ашыкча мактоо да туура эмес: «Жок, эмне десең да сен мен ʏчʏн дʏйнɵдɵгʏ эң сулуусуң». Мындай сɵздɵрдʏ айтуунун пайдасы аз, анткени ɵспʏрʏм кризис учурунда ɵзʏн кайрадан таанып жатат. Анын денеси гормоналдык жактан ɵзгɵрʏп, мээси «мен нормалдуумунбу же жокпу?» деген суроого жооп издеп жаткан учуру.

Апасынын эң туура жообу — баланын сезимдерин кабыл алуу. «Кызым, сенин азыр ушундай сезимде болуп жатканыңды кɵрʏп турам, бул сенин курагыңда нормалдуу нерсе», —  деп айтуу керек. Бала менен талашпай, «Сен ушундай сезʏʏгɵ укуктуусуң» деп колдоо кɵрсɵтʏʏ зарыл. Ошондой эле кɵңʏлдʏ дененин функционалдык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵ бурса болот: «Сенин денең — бул сага чуркоого, секирʏʏгɵ, бийлɵɵгɵ, досторуңду кучактоого мʏмкʏндʏк берген курал». Башкысы — уят кылуу сезимин кʏчɵтпɵɵ жана «арыктасам эле баары жакшы болот» же « эртерээк чоңойсом сулуу болом» деген сыяктуу иллюзиялар менен алдабоо керек.

—Кыз баланын ɵзʏнɵ болгон ишениминин калыптанышында атанын ролу канчалык маанилʏʏ?

 —Кыздын ɵзʏнɵ болгон ишенимин калыптандырууда атасынын ролу абдан чоң жана кɵбʏнчɵ чечʏʏчʏ мааниге ээ. Анткени, ата — кыздын жашоосундагы биринчи эркек, ал анын аялдык табиятынын кʏзгʏсʏ сыяктуу. Атасы кызын кабыл алып, ага суктанып, колдоп турганда, кыз балада «мен аял катары сʏйʏʏгɵ жана кɵңʏл бурууга татыктуумун» деген базалык сезим калыптанат.

Эгер атасы кызы ʏчʏн эмоционалдык жактан ачык болсо, анын аракеттерин мактаса жана анын жеке чектерин коргосо, анда кыз балада ɵзʏн баалоо сезими жогору болуп, эркектерден нормалдуу мамилени кʏтɵт. Ал эми атасы кайдыгер болсо, дайыма сын айтса же анын жашоосунда жок болсо, анда кыз бала ɵзʏнʏн баалуулугун башка эркектерден издɵɵгɵ ɵтɵт. Мындай учурда кыздын начар мамилеге кабылуу коркунучу бар. Атанын ролу — жɵн эле ʏй-бʏлɵнʏ багуу эмес, кызына таяныч жана коргоо болуу.

—Инстаграмдагы же Тик-Токтогу идеалдуу сʏрɵттɵр, фильтрлер ɵспʏрʏмдɵрдʏн ɵзʏн баалоосуна кандай сокку урат?

— Бул маселеде мен белгилʏʏ орус психотерапевт Курпатовдун сɵзʏн келтире алам. Ал социалдык тармактарды «медиагипноз» жана ɵспʏрʏмдɵрдɵгʏ «санариптик аутизмдин» же «санариптик деменциянын» негизги себеби деп атайт. Эмне ʏчʏн мындай болот? Анткени санариптик дʏйнɵ кɵрсɵткɵн идеалдуу сʏрɵттɵр — бул фильтрлер, фотошоп жана атайын коюлган кадрлар. Бирок ɵспʏрʏмдʏн мээси аларды реалдуулук катары кабыл алат. Ал телефондогу сʏрɵт менен ɵзʏнʏн айланасындагы реалдуулуктун айырмасын кɵрбɵйт. Бул кырдаалда эмне кылуу керек? Албетте, убакытты чектɵɵ зарыл, бирок бул сɵз жʏзʏндɵ эмес, реалдуу болушу керек. Бул сʏрɵттɵрдʏн баары жасалма экенин, бир ийгиликтʏʏ кадр ʏчʏн 100 адам иштээрин ачык талкуулоо зарыл. Фильтрсиз, реалдуу жашоону кɵрсɵтʏʏ керек. Кɵңʏлдʏ баланын реалдуу жɵндɵмдɵрʏнɵ буруу зарыл: мисалы, «сенин сʏрɵт тартканың сонун», «сен жакшы бийлейсиң» же «сен досторуң менен абдан ишенимдʏʏ мамиле кура аласың». Баланын ɵзʏндɵ бар болгон ресурстарды табуу маанилʏʏ.

—Эмне ʏчʏн баланы «жок» деп айтууга ʏйрɵтʏʏ маанилʏʏ? Эгер бала ʏй-бʏлɵдɵ ɵз оюн ачык айтып, каршы чыга албаса, бул анын келечектеги мамилелеринде кандай коркунучтарды жаратат?

—Жеке чектер ʏй-бʏлɵдɵгʏ коркпой, «жок» деп айтуу тажрыйбасы аркылуу калыптанат. Эгер бала ата-энеси тарабынан  четке кагылуудан, айыпталуудан же жемеден коркпой «жок» деп айта алса, анда ал башкаларга да ушундай деп айта алат. Ата-энелер «жок» деген сɵз ʏчʏн баланы жазалабашы керек, ал тургай ал сɵз ыңгайсыз болсо дагы.

Баланы ɵз оюн туура билдирʏʏгɵ ʏйрɵтʏʏ керек: «Мага азыр ыңгайсыз болуп жатат, мен каалабайм». Мындай сɵздɵрдʏ айтууну бала билиши керек. Буга ата-эне ɵзʏ ʏлгʏ кɵрсɵтɵ алат. Мисалы, апасы же атасы ɵздɵрʏн кʏнɵɵлʏʏ сезбестен туруп эле бир нерсеге «жок» деп айтып, кызына ʏлгʏ болуп,  «сенин сезимдериң маанилʏʏ, сен ал сезимдериңди коргоого укугуң бар» деп тʏшʏндʏрʏʏ зарыл. Кɵбʏнчɵ кыздар «жакшы кыз» болуп чоңоюп, «жок» деп айта албаганы ʏчʏн начар мамилелерге кирип кетишет.

—Эненин ɵзʏн-ɵзʏ баалоосу кызына канчалык деңгээлде ɵтɵт?

—Статистика боюнча, 70-80% учурда ата-эне бала ʏчʏн кʏзгʏ болуп саналат. Эгер эне ɵзʏнɵ ишенбесе, дайыма шек санаса, ɵзʏнʏн сырткы кɵрʏнʏшʏн сындаса же «жок» деп айтуудан коркуп, ɵзʏнʏн «бар» болгону ʏчʏн эле кечирим сурай берсе, анда кыз бала бул жʏрʏм-турумду норма катары кабыл алат. Ошентип, кыздын ɵзʏн баалоосу да «апасыныкын кɵчʏрʏп алат».

Эгер эне ɵзʏнʏн ʏстʏнɵн иштесе, ɵзʏнɵ кам кɵрсɵ, чектерин так коё алса, анда кызы да «мен сыйлоого татыктуумун» деген моделди алат. Бул — ɵзʏн баалоо сезиминин аялдар линиясы аркылуу ɵтʏшʏнʏн эң кʏчтʏʏ фактору.

—Бала ката кетиргенде же туура эмес иш кылган учурда, аны жазалоонун эң туура жолу кандай?

—Мен кыздарды  катуу жазалап, анын  инсандыгын сындаганга каршымын. «Сен жамансың, акылсызсың, колуңдан эч нерсе келбейт» деген сɵздɵр абдан зыян. Кɵңʏлдʏ катаны оңдоого буруу керек. Мисалы: «Кызым, бул катага капа болуп жатканыңды кɵрʏп турам. Бул нормалдуу нерсе, бирок сен эмне ʏчʏн мындай кылганыңды тʏшʏнɵм». Андан соң: «Эми муну кантип оңдосо болот? Кийинкиде кандай кылат элең?» деген суроолорду берʏʏ зарыл. Баланы маселени чечʏʏгɵ тартуу керек, ошондо ал ɵз жоругуна жоопкерчиликти сезет. Эң негизгиси — бала менен байланышты жана ишенимди сактап калуу. Баланын ɵзʏн баалоосу ата-эненин мамилеси аркылуу куралат. Шартсыз сʏйʏʏ, туура мактоо жана ата-эненин ʏлгʏсʏ кыз баланын бактылуу, ишенимдʏʏ жана кʏчтʏʏ болуп ɵсʏшʏнɵ шарт тʏзɵт.

Айнура Валижанова

About The Author