27 февраля, 2026

Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат

Кыргызстан агрардык мамлекет болуп, айыл чарба тармагын дагы да ɵнʏктʏрсɵ болорун адистер белгилеп келишет. Бул жааттан алганда ɵлкɵ азыркы учурда аталган тармакты ɵнʏктʏрʏʏнʏ колго алгандай. Анткени, акыркы мезгилдерде айыл чарба багыты боюнча жеңилдетилген насыялар берилип, малдардын асылдуулугун арттыруу боюнча иштер байма-бай жʏрʏʏдɵ. Дегенибиз, мамлекет дыйкан-фермерлерди колдоо боюнча бир канча программаларды иш жʏзʏнɵ ашыруунун ʏстʏндɵ иштеп баштады. Биз кеп кыла турган ишкана да ушул багытта иш жʏргʏзʏп, тʏзʏлгɵнʏнɵ аз гана убакыт болгондугуна карабай ɵзʏнɵ коюлган пландарды натыйжалуу аткара баштады. Анда кеп башынан болсун.

Ош шаарынын мэриясынын «Агрардык чарба» муниципалдык ишканасы 2024-жылдын аягында негизделип, 2025-жылдын башынан баштап толук ишин баштаган. Алгач башкармалыктын милдетинде штатты бекитʏʏ, аларды уюштуруу, чарбалык, жайыт жерлерди тактоо иштери турган. Деген менен бул маселелер чарбагер жетекчилик ʏчʏн оор болгон эмес. Жетекчиликтин тажрыйбасы ишти ɵз нугунда улап кетʏʏгɵ ɵбɵлгɵ болуп, кɵп ɵтпɵй ишкана пайда таба баштаган. Аталган ишкананын директорунун орун басары Уланбек Олжобаев мекеменин алгачкы иштерин мындайча саймедиреди.

«Административдик-аймактык реформанын негизинде Ош шаарына Кызыл-Кыштай айыл аймагы, Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵтʏ толугу менен ɵткɵн. Аталган айыл ɵкмɵттɵрдʏн карамагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин, жайыт жерлерди башкаруу вазыйпасы жаралды. А буга чейин мэриянын курамында айыл чарба багытындагы жерлерди башкара ала турган ишкана жок болчу. Ошондуктан, айыл чарба жерлерин башкара турган функционалдык милдети бар ишкана тʏзʏлдʏ. Бул жɵн гана ишканалардын санын кɵбɵйтʏʏ максатында эмес, реалдуу максатта тʏзʏлгɵн ишкана болду деп эсептейм», — деди ал.

Ишкана Ош шаарынын мэринин 2024-жылдын 2-октябрындагы токтомунун  негизинде тʏзʏлʏп, уставы иштелип чыгып, штаттык бирдиги бекитилген. Бирок, иш жʏзʏндɵ мекеме 2025-жылдын январынан иштеп баштаган.

«2025-жылдын январынан баштап штаттык бирдикти бекитип, иштеп баштадык. Ошондон кийин бизге Мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин, жайыт жерлерин башкаруу милдети жʏктɵлдʏ. Аталган жерлерди Ɵкмɵттʏн 2007-жылдын 22-июнундагы №243  токтому менен бекитилген «Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берʏʏ шарттары жана тартиби» деп аталган типтʏʏ жобонун негизинде иштетип баштадык», — деди ал.

Демек, ишкана Адилет министрлигинен каттосунан ɵттʏ. Директору, орун басары, кызматкерлери ишке алынды. Андан соң ишкана башкара турган мʏлк берилиши керек болот. Аталга муниципалдык мекемеге Кара-Суунун эки айыл ɵкмɵтʏнʏн, Ош шаарынын бир айыл ɵкмɵтʏнʏн Мамлекеттик фондунун айыл чарба багтытындагы жерлери, жайыт жерлер берилген. Ал кандай жараян менен коштолгонун Олжобаев мындайча тʏшʏндʏрдʏ.

«АТРдин алкагында бизге, Ош шаарына ɵткɵн Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн жана Ош шаарынын курамындагы Жапалак айыл ɵкмɵтʏнʏн жерлерин алыш керек болду. Жерлерди кабыл алуу актысы боюнча Оштун мэринин буйругу менен комиссия тʏзʏлгɵн. Комиссиянын курамына биздин директор, юристибиз, адисибиз, Жапалак, Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏнʏн башчылары,  жер адистери, Кара-Суу райондук агрардык чарба бɵлʏмʏнʏн  башчысы, райондук администрациянын тийиштʏʏ адистери кирип, жерлерди ɵткɵрʏп алганбыз. Жалпылап айтканда, 1 миң 862 гектар жерди ɵткɵрʏп алганбыз. Анын ичинен 630,6 гектар  – сугат-айдоо жер, 815 гектар – кайрак-айдоо жер, 329,7 гектар – кɵп жылдык бак, 86 гектар – саздак жер.

Жогорудагы кабыл алуу актысы менен 13 миң 600 гектар жайыт жерлерди да мекменин карамагына ɵткɵрʏп алдык. Ал жайыттар да алыскы, ортоңку, жакынкы жайыттар болуп бɵлʏнɵт. 2 миң гектарга жакын жер Ош шаарына чектешкен жайыттар. 7 миң 200 гектардан ашыгыраагы ортоңку жайыттар болуп саналат. Булар Кара-Суу районунун Папан, Кара-Сɵгɵт, Лаглан айылдарында жайгашкан. 3 миң 585 гектар жайыт жерлери алыскы жайыттар болуп, Алай районунда жайгашкан», — деди Уланбек Олжобаев.

Ишкана тʏзʏлʏп, штаттарын, уставдарын, башкара турган мʏлктɵрʏн тактап алгандан кийин аларды ижарага берʏʏ маселеси жаралган. Орун басардын тʏшʏндʏрʏшʏнчɵ, жайыттарды пайдаланууга берʏʏ жаряны Ɵкмɵттʏн №515 токтому менен бекитилген «Жайыттарды мал жайыгуу жана мал жайуу менен байланышпаган максаттарга колдонуу» жобосу менен ишке ашып жʏрсɵ, 2025-жылдын май айында Министрлер кабинетинин №301 токтому менен бекитилген тартиби чыккан, ошондо кɵрсɵтʏлгɵн тартип менен жайыттар пайдаланууга берилген.

«Жайыттарды 3 жылдан кем эмес убакытка пайдаланууга беребиз. Жайыттарды былтыркы жылы да ижарага бергенбиз. Быйылкы жылдан кайрадан тактоо жʏргʏзʏлɵт. Себеби, биринчи жайыттарды мал багуу ʏчʏн беребиз да. Мал багуу ʏчʏн берген учурда жылда ошол биз берген жайытка мал алып барган адамдар быйылкы жылы да ошол жайытка чыгабы же чыкпайбы дегенен маселеге айкындык киритип алышыбыз керек. Эгер быйыл кайра чыга турган болсо, канча даана мал алып чыгарын тактап, жаңыдан келишим тʏзʏлɵт. Жылына бирдей санда мал чыкпай калышы мʏмкʏн. Ошону ʏчʏн тактоо иштери жʏрʏп турушу абзел. Андыктан, ошол адам жайытка канча уйду, же койду алып чыкканын   тактап, келишим тʏзʏп, жайыт билеттерин беребиз. Жайытты ижарага алган адам акысын жылдын май айына чейин жарымын, кʏз айларында калган жарымын тɵлɵшɵт», — деди Олжобаев.

Эгер жаран уй же кой багуу ʏчʏн жайытты ижарага алыш керек болсо, тиешелʏʏ айыл аталган ишканага кайрылып, жайыттардын атайын коюлган тарифтери боюнча ижарага алып иштетсе болот. Улан Олжобаев жайыттарды пайдалануу боюнча норматив бар экенин айтты.

«Жайыттарды иштетʏʏ боюнча атайын норматив бар. Анда 1 гектар жерге канча уй же кой же башка жандык бакса болору кɵрсɵтʏлгɵн. Жогоруда кеп кылганыбыздай, Министрлер кабинети №301 токтомду сонун кылып иштеп беришкен. Ошол токтомдо кɵрсɵтʏлгɵндɵй, жайыт сезону учурунда 1 гектар жайыт жерге 1 баш ийри мʏйʏздʏʏ жандыкты бакса болот. Эгер, мисалы, бир жарандын 10 уйу боло турган болсо, 10 гектар жерди ижарага алат дегенди билдирет. Ал эми майда жандыктар боюнча айта турган болсок, 1 гектар жайыт жерге 5 койду бакса болот. Ошону ʏчʏн фермер, малчы, койчулардын малдарынын саны канча экенин тактап, жайыттын жолдорун оңдош керекпи, суу чыгарып бериш керекпи, же башка маселеси барбы, ошого окшогон кошумча факторлорун тактап, тарифтерин бекитип беребиз. Ошондой эле атайын тарифтерге ылайык, 1 баш ийри мʏйʏздʏʏ жандыкка (1 гектар жайыт жерге) жылына 200 сом, 5 даана койго 50 сомду (1 гектар жайыт жерге) тʏзɵт», — деди Олжобаев.

Мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара акысы Ɵкмɵттʏн №243  токтому менен бекитилген «Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берʏʏ шарттары жана тартиби» деп аталган типтʏʏ жобонун негизинде комиссия тʏзʏлгɵн. Аталган комиссия айыл чарба багытындагы жерлердин баштапкы баасы аныкташат.

«Жогорудагы комиссиянын тɵрагасы Ош шаарынын биринчи вице-мэри, курамында биздин ишкананын жетекчиси, тийиштʏʏ адистери бар. Ошондой эле айыл аймактык башкармалыктардын башчылары, Ош шаардык кеңешинин 3 депутаты, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын бир адиси кирген. Ушул 13 адамдан турган комиссия баштапкы бааны бекитип, айыл чарба багыты боюнча жерлерди аукционго коет. Ошол аукционго катышкан дыйкан-фермелер ɵздɵрʏ сунушташкан баалары менен катышып, утуп чыкканына келишим тʏзʏлʏп, жерлер ижарага берилет», — деди Олжобаев.

Ишканага 2025-жылы Мамлекеттик фондунун жерлери боюнча 9 млн сом чогултуу тууралуу план коюлган болсо, жылдын аягында 9, 5 млн сомго аткарып, аткаруу кɵрсɵткʏчʏ 105,7 пайызды тʏзгɵн. Ал эми жайыт жерлер боюнча жыл башында 4 млн сом план коюлуп, мекеме 4 млн 339 миң сом жыйынап, планды 108,5 пайызга аткарган.

Былтыркы жылы 14 млн сомго жакын акча жыйналган болсо, анын 6 млн сомдон ашыгы ишкананын кызматкерлеринин айлык акысына кеткен. Калган акча шаардык мэриянын бюджетине ɵткɵн.

Былтыркы жылы ишканага мурда Кызыл-Кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏнʏн жайыттарына иштетилип жʏргɵн 5 трактор, 1 «Хово» ɵткɵн. Ошондой эле шаардык мэрия 2 «Хендай Портер» ʏлгʏсʏндɵгʏ унааларды берген. Жалпы 8 техниканы кое турган жай мекеменин ɵздʏк эсебинен капиталдык оңдоп-тʏзɵдɵн ɵтʏп, унааларды коюучу жай катары пайдаланылып келʏʏдɵ.

2026-жыл боюнча ишканага былтыркыдан эки-ʏч эсе ашыкча план коюлган. Алсак, Мамлекеттик фондунун жерлерине 30 млн сом, жайыт жерлерге 10 млн сом коюлган. Анткени, аукциондун негизинде айыл чарба багытындагы жерлердин ижара акысы кɵтɵрʏлʏп, мэрдин буйругунун негизинде жерлерди инвентаризациялап, аларга мамлекеттик акт алуу тапшырмасы коюлуп, бул тармак толук анализделип, 30-40 млн план коюлган.

Азырынча план боюнча жыйылган 40 млн сомдун канча миллиону айлык акыга, канча миллиону шаардык бюджетке тʏшɵрʏ белгисиз. Анткени, ишкана былтыркы 11 штаттан турса, быйыл алардын саны 26га кɵбɵйгɵн.

Мындан тышкары, 2025-жылдын кʏз айларында Озгур айылындагы 200 гектар кайрак-айдоо жерге  кʏзгʏ ʏрɵн себилген. Анын 135 гектарына буудай, 65 гектарына арпа себилген болсо, быйылкы жылдын июнь айында тʏшʏмʏн берет.  Жыйналган тʏшʏм мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандарга, аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ акысыз берилет.

Бек Бисмарк

About The Author