• Пн. Май 25th, 2026

Популярные метки

1-июнь- мээримдин майрамы: «Боорукердик»социалдык мекемесинин бейпил жашоосу

Автор:Osh Shamy

Май 25, 2026

Алар — тагдырдын эрте келген катаал сыноолоруна туш болуп, бирок жүрөгүндөгү үмүт отун өчүрбөгөн балдар, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, карылыктын дөөлөтүн кастарлаган карыялар жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, коргоо издеп келген энелер… Мындай катаал тагдыры бар адамдарды камкордугуна алган «Ош шаардык боорукердик үй-интернаты» талыкпай иштеп келет.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата анын жетекчиси Айгүл Калматова жана анын тарбиялануучулары менен маектешип, борбордун ички жашоосу, жетишкендиктери жана көкүрөктү өйүгөн муктаждыктары тууралуу кенен маектештик.

— Айгүл Касымбековна, адегенде өзүңүз жана сиз жетектеп жаткан бул өзгөчө мекеменин тарыхы, бүгүнкү ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

— Саламатсыздарбы. Мен, Калматова Айгүл Касымбековна, ушул мекемеде жетекчи болуп иштеп жатканыма быйыл туура 44 жылдын жүзү болду. Мекемебиз Ош шаарынын мэриясынын карамагында. Биз бул жерге жумушка келгенде, анын маңызын тереңирээк ачуу максатында «социалдык мекеме» деп кайрадан аталышын өзгөрттүк.

Бул жердин тарыхы абдан терең. Мурун, союз мезгилинде бул имаратта балдардын пульмонологиялык санаториясы жайгашкан экен. Кийинчерээк мезгилдин талабына ылайык анын актуалдуулугу жоголуп, 2004-жылы Ош шаарынын мэриясынын атайын токтому менен «Ош шаардык боорукердик үй-интернаты» деп бекитилген. Ошондон бери биздин мекеме өзүнүн үзгүлтүксүз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

— Сиздердин борборду башка балдар үйлөрүнөн же карылар үйлөрүнөн айырмалап турган негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

— Биздин эң башкы өзгөчөлүгүбүз — бул жерде бир эле учурда карылар да, кароосуз калган же тагдырдын оор кырдаалына кабылган балдар да чогуу жашашат. Андан сырткары, мындан туура бир жыл мурун биздин базада атайын кризистик борбор ачылды. Ал жерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, барар жери жок, балалуу аялдар баш калкалашат. Демек, бир чатырдын астында карылар тагдыры, балдардын тагдыры жана энелердин тагдырлары тогошуп турат.

Мурун Ош шаарынын мэриясынын токтому менен мекемебиз 60 адамга ылайыкталып бекитилген болсо, азыркы учурда муктаждардын санына байланыштуу сыйымдуулук 100 адамга чейин көбөйтүлдү. Учурда бизде 85 адам туруктуу жашап жатат. Алардын 35и — жаш балдар. Биз «балдар» деп айтканда Кризистик борборубуздагы  наристелерди да кошо эсептейбиз. Себеби, алардын баары биздин балдар, баарына бирдей камкордук көрүлөт.

— Борбордогу балдардын тарбиясы, билими жана алардын коомго аралашуусу кандай тартипте жүрөт?

— Балдарыбыздын келечеги — биздин башкы жоопкерчилигибиз. Аларды тамактандырып, кийинтип гана койбостон, сапаттуу билим алуусуна, мектепке баруусуна шарт түзөбүз. Борборго балдар 4 жаштан 17 жашка чейин кабыл алынат, ал эми Кризистик борбордогу балдардын жашы чектелбейт, анткени алар энелери менен чогуу келишет.

Бизде балдар үчүн атайын 1 социалдык педагог жана 3 тарбиячы күнү-түнү кызмат кылат. Социалдык педагог балдардын мектептеги билимин, документтерин, сабакка даярдануусун көзөмөлдөсө, тарбиячыларыбыз ар бир баланын ички дүйнөсүнө үңүлүп, адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна, тартибине өзгөчө көңүл бурушат.

Биздин балдар абдан  зээндүү. Учурда 11-классты аяктап жаткан бир бүтүрүүчүбүз, 9-классты аяктап жаткан эки бүтүрүүчүбүз бар. Арасында мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү, сабакты мыкты окуган алдыңкы окуучулар арбын. Балдардын сабактан сырткары убактысын туура уюштуруу үчүн биз «Келечек» балдардын чыгармачылык борбору, спорт комитети, ошондой эле «Алай» футбол клубу менен расмий келишимдерди түзүп, тыгыз иштешип жатабыз.

— Бул уюмдардын ичинен өзгөчө колдоо көрсөткөндөрүн атай кетсеңиз болобу?

— Албетте. Маселен, «Алай» футбол клубу 5 баланы өз карамагына алып, аларды спорттук төлөмдөрдөн бошотуп, атайын спорттук формалар менен толук камсыздап берди. Учурда ал балдарыбыз чоң шыктануу менен футболго барып, машыгып жатышат. Спорт — балдарды тартипке жана сергек жашоого үйрөтөт.

Мындан сырткары, быйыл шаардык мэрия тарабынан бизге 1 штаттык бирдикте психолог берилди. Борборубузга аябай тажрыйбалуу адис — Аскар Бакиров келди. Ал кишинин салымы  чоң . Анткени, Аскар мырза балдар менен да, карылар менен да, зордук-зомбулуктан жабыркап, стресс абалында келген аялдар менен да жекече, өтө кылдат иш алып барууда. Бизге келген ар бир балага жана чоң кишиге кадимкидей жеке файл (иш кагазы) ачылып, алардын психологиялык абалы үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп турат.

— Акыркы кездери борборго келгендердин курамында өзгөрүүлөр барбы? Жана алардын келечегине кандай кам көрүлүүдө?

— Негизинен 15 жаштан 17 жашка чейинки, өз үй-бүлөсү менен тил табыша албай, чатакташып кеткен балдар келишүүдө. Бул курак абдан назик жана кооптуу эмеспи.

Кубанычтуусу, бизге жеке ишкерлерден, кайрымдуулук уюмдарынан сунуштар көп түшүүдө. Алар: «Кыздарыңыздарды ПМ мастер (каш боёо), парикмахерлик, чеберчилик (тигүүчүлүк) жана ашпозчулук өнөрлөрүнө акысыз үйрөтүп берели», — деп демилге көтөрүштү. Мунун аркасында биздин кыздар 11-классты бүткөнчө эле мектеп аттестатынан сырткары кошумча өнөргө ээ болуп, колуна атайын кесиптик сертификат алышууда. Учурда 6 кызыбыз ушундай кесиптик сертификаттарга ээ болуп олтурушат.

— Мекеменин материалдык-техникалык базасы тууралуу айтсаңыз. Мамлекет тарабынан жана демөөрчүлөрдөн жардамдар үзгүлтүксүз болобу?

— Кудайга шүгүр, материалдык-техникалык базабыз жакшы. Шаардык мэрия тарабынан ар тараптуу чоң колдоолор көрсөтүлүп келет. Жакында эле балдардын заманбап билим алуусу үчүн атайын интерактивдүү панель берилди. Андан сырткары, белгилүү дин аалымы, демөөрчүбүз Абдышүкүр Нарматов өзү келип, биздин балдарга 6 даана заманбап компьютер белек кылып кетти. Ал жөн гана техника бербестен, «балдар компьютерди терең өздөштүрсүн» деп 1 информатика мугалимин ар дайым сабак бериш үчүн дайындап кетти. Ал мугалим жумасына бир жолу келип, балдарга компьютердик сабаттуулук боюнча сабак берет.

Ошентип, мамлекеттин, элдин жана демөөрчүлөрдүн күчү менен биз борбордо жашагандарга заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүп жатабыз. Бирок, ошол эле учурда чечилбей жаткан чоң көйгөйүбүз да бар.

— Ал кандай көйгөй?

— Учурда балдардын сыртта ойной турган жери өтө эле тар жана заманбап талаптарга такыр жооп бербейт. Биз азыр эң муктаж болуп жаткан нерсе — бул балдар футбол ойной турган заманбап кичи футбол аянтчалары. Балдардын чындыгында сыртка чыгып, кенен чуркап ойной турган аянтчасы жок болуп жатат. Биз ачык спорттук аянтчага же спорттук залга аябай муктажбыз. Эгер ушул маселебиз чечилип калса, балдарыбыздын кубанычында чек болмок эмес. Демилгечи инсандар, демөөрчүлөр болсо ушул маселеге көңүл бурса деп суранат элек.

 (Биз мекеменин таза, жарык бөлмөлөрүн кыдырып жатып, бул жерде тарбияланып жаткан айрым балдарды кепке тарттык).

Айдар Хашимов (14 жашта): «Келечекте бизнесмен болом жана жаныбарларды коргойм»

«Менин атым Айдар. Жашым 14тө. Мектепте математика жана биология сабактарына абдан кызыгам. Бул жерде мага баары жагат, тамактары абдан даамдуу, уруксат менен сыртка чыгып сейилдеп келе алабыз. Жатаканабыз, керебеттерибиз абдан ыңгайлуу.

Менин жаныбарларды багууга абдан кызыгам. Бул жерде менин попугайларым, өрдөктөрүм жана таш бакам бар. Аларды кантип багуу керек экенин, аларга камкордукк кылганды жакшы көрөм. Өз каалом  менен аларды багым алгам жана алардын өмүрү үчүн толук жоопкерчилик алгам. Мындан сырткары, футболго да кызыгам, бирок учурда айрым себептерден улам убактылуу ойнобой турам. Келечекте чоң бизнесмен болууну самайм».

Гаухар Хашимова (2012-жылы туулган): «Бул жердеги эжекелер мени «кызым» деп чакырышат»

«Мен бул жерде жашап жатканыма 3 айга чукулдап калды. Мекемедеги бардык эжекелерди абдан жакшы көрөм жана урматтайм. Мага бул жерде баары жакшы мамиле кылышат, эркелетип «кызым» деп чакырышат. Бул жерден эң сүйүп жеген тамагым — палоо (аш).

Мектепте биология жана орус тили сабактарын жактырам. Өсүмдүктөргө, өзгөчө гүлдөргө кызыгам. Мага жоогазын жана коңгуроо гүлдөрү абдан жагат, бирок гүлдөрдүн түрлөрүн азырынча толук өздөштүрө элекмин, дагы көп окушум керек. Бош убактымда волейбол ойнойм, токуганды жана шуруларды тизгенди жакшы көрөм».

Раяна Эсенбаева (13 жашта): «»Ак кемедеги» Нургазынын билимге умтулуусу мага күч берет»

«Мен 13 жаштамын. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасын өзгөчө дем менен окудум. Чыгармадагы башкы каарман Нургазынын билимге умтулганы, тазалыгы мага өзгөчө жагат. Өзүм кыргыз тили предметин абдан жакшы көрөм. Келечекте адамдардын өмүрүн сактаган хирург болгум келет.

Биздин борбордо дем алыш күндөрү кызыктуу өтөт. Ишемби күндөрү баарыбыз чогуу волейболго барабыз. Жакында эле тарбиячы эжекем менен биргеликте кыргыздын улуттук боз үйүнүн ичиндеги кооз жасалгаларын өз колубуз менен жасадык».

— Айгүл Касымбековна, балдардын эс алуу күндөрү кандай уюштурулат?

— Балдарыбыздын кусалыгын жазуу, дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн дем алыш күндөрү жана каникул мезгилинде атайын экскурсияларды уюштуруп турабыз. Жайлоолорго чыгабыз, шаардагы парктарга, кинотеатрларга жана зоопарктарга алып барабыз. Албетте, бул иш-чаралардын бардыгы биздин кайрымдуу демөөрчүлөрдүн, жүрөгү таза инсандардын жардамы менен ишке ашат.

— Мыйзам боюнча балдар 18 жашка толгондон кийин борбордон кетиши керек, алардын кийинки тагдыры кандай болот?

— Ооба, мыйзам негизинде 18 жашка толгондон кийин биз балдарды боорукердик үйүнөн чыгарышыбыз керек. Бирок биз аларды көчөгө таштап коё албайбыз, жүрөгүбүз чыдабайт. Ошондуктан, биз Ош шаардык мэриясы жана Социалдык коргоо башкармалыгы (соцзащита) менен алдын ала тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Балдарыбыз мектепти бүткөн соң окууга жайгашып, окуу жайдын жатаканасына толук жайгашып алгыча аларды ар тараптан колдоп, баш-көз болуп турабыз.

— Бул жерге келген балдардын тагдыры, үй-бүлөлүк абалы тууралуу айтсаңыз, алар негизинен кандай кырдаалдан улам келишет?

— Бул балдар — тагдырдын оор соккусуна туш болгон «жабырлануучулар». Арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту көзү менен көргөн же өзү кордук көргөн балдар бар. Кээ бирлеринин ата-энеси түрмөдө отурушу мүмкүн, же болбосо турмуштун оор жагдайларынан улам ата-энеси чет өлкөгө миграцияга кетип, балдар кароосуз калган учурлар болот.

Кээде ата-энелер убакыт өтүп, кылган иштерине кейип, катачылыктарын түшүнүп, балдарын кайра алгысы келип келишет. Мындай учурда биз түз эле баланы бере салбайбыз. Аларга: «Адегенде Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылгыла» деп багыт беребиз. Алар ошол жакка барып, тиешелүү документтердин баарын чогултушат, атайын текшерүүлөрдөн өтүшөт. Биз: «Баланы кайра алгандан кийин ал кайра эле көчөдө калбайбы? Ага татыктуу шарт түзүлөбү?» деген катуу талаптарды коёбуз. Мындай учурда биз эң биринчи кезекте балага кандай кылсак жакшы болот деп ойлонуп, баланын кызыкчылыгы үчүн гана чечим чыгарабыз. Эгер бала өзү да үй-бүлөсүнө кайтууну чын жүрөктөн кааласа, биз ага албетте көмөктөшөбүз. Көбүнчө балдарды апалары келип алып кетишет. Алар кеткенден кийин да биздин ичибиз ачышып: «Кайсы жакта болду экен? Аман-соо жүрөт болду бекен?» деп дайыма сарсанаа болуп, дуба кылып турабыз.

— Сизди акыркы учурда эң көп толкунткан же жүрөгүңүздү ооруткан кандай окуя болду?

— Жакында эле бир окуя болду… Күйөөсү менен аялы ажырашып кетишип аялы башка күйөөгө тийип кетиптир. Ортодогу жаш кыздарын атасына таштап кеткен экен. Ал эми атасы болсо динге катуу берилип кеткен инсан экен, айлап-апталап дааватка кетип калат тура. Кыздарын болсо кошуналарына эле таштап кете берчү экен. Көзөмөлсүз калган ал кыздар кийин биздин борборго жайгаштырылган болчу.

Бир күнү атасы келип, «кыздарымды кайра алып кетем» деди. Ошондо кыздардын кеткиси келбей, кучактап ыйлашканын көрсөңүз… Мен кыздарды узатып жатып: «Кыздарым, менин телефон номеримди билесиңер. Эгерде кандайдыр бир кыйынчылык болсо, дароо мага чалгыла» деп кучактап узаттым. Мындай тагдырларды көргөндө ишиңдин жоопкерчилигин дагы терең сезесиң.

— Жаңы келген балдарды адаптациялоо жана ички тартипти сактоо кандай жолго коюлган?

— Борборго жаңы келген балдар дароо эле көнүп кетишпейт, алар чоң стрессте болушат. Ошондуктан, башында балдар келип бизге көнгөнчө 10 күндөй балага толук эркиндик беребиз, адаптация кылабыз. Дароо эле темирдей тартипке салып коюу мүмкүн эмес, бала анда ого бетер жабыркайт. Психолог менен бирге акырындап ишке киришебиз.

Ал эми адаптациядан өткөндөн кийин ички тартип баарына бирдей. Маселен, кечки саат 9дан кийин балдардын телефондорун толугу менен жыйнап алабыз. Түнкүсүн бала эс алышы керек. Бизде ынтымак абдан күчтүү. Эгер бир бала тартип бузса (нарушение кылса), «баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн» деген принцип менен баарын тең тартипке чакырабыз. Бул аларды жоопкерчиликтүү болууга жана бирин-бири коргоого үйрөтөт.

Ошондой эле балдарды эмгекке үйрөтөбүз. Мына, күн жылып калды, жазгы тазалык иштерин баштадык. Балдар менен биргеликте борбордун килемдерин жууп, бөлмөлөрүн тазалашты. Эмгек — баланы адам кылат. Тарбияны эмгек менен кошо бергенде гана натыйжалуу болот.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, балдардын келечеги кең болсун!

— Сиздерге да чоң рахмат. Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү менен бардык кичинекей мекендештерибизди куттуктайм! Ар бир бала үй-бүлөдө, мээримдин кучагында чоңоюуга татыктуу. Биз болсо колубуздан келген жардамыбызды жана мээримибизди алардан эч качан аябайбыз.

Айнура Валижанова

About The Author

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *