• Пн. Май 25th, 2026

Популярные метки

Мөңгүлөрдүн тагдыры — Борбор Азиянын келечеги

Автор:Osh Shamy

Май 25, 2026

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышы бүгүнкү күндө экологиялык гана эмес, экономикалык, социалдык жана аймактык коопсуздук маселесине айланып бара жатат. Климаттын өзгөрүшү, температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы өлкөдөгү мөңгүлөрдүн көлөмүн жылдан жылга азайтууда. Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммитте Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин тартып жаткан мамлекеттердин бири экенин белгилеп, акыркы жылдары мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын айтты. Ал эми экологдордун акыркы изилдөөлөрү реалдуу жоготуу дээрлик 30 пайызга жеткенин көрсөтүүдө. Адистердин  айтымында, эгер азыркы темп сакталса, ушул кылымдын соңуна чейин Кыргызстан мөңгүлөрүнүн 70–80 пайызынан ажырап калышы мүмкүн. Бул болсо суу тартыштыгына, кургакчылыкка, экосистеманын бузулушуна жана Борбор Азиядагы миллиондогон адамдардын жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган чоң коркунуч катары бааланууда.

Мөңгү — жаратылыштын эң байыркы жана эң маанилүү суу ресурстары. Мөңгүлөр миңдеген жылдар бою топтолгон кардын кысылып, музга айланышынан пайда болот. Алар негизинен бийик тоолордо жана түбөлүк суук аймактарда кездешет. Кыргызстандагы Теңир-Тоо тоолору миңдеген мөңгүлөргө бай. Бул мөңгүлөр өлкөдөгү дарыялардын негизги суу булагы болуп эсептелет. Өзгөчө Эңилчек мөңгүсү Борбор Азиядагы эң ири мөңгүлөрдүн катарына кирет. Мөңгүлөрдүн адамзат үчүн мааниси чоң. Алар таза суунун кампасы болуп гана тим болбостон, климаттын туруктуулугун сактоодо дагы маанилүү ролду ойнойт. Бирок акыркы жылдары климаттын өзгөрүшү дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө. Мөңгүлөрдүн азайышы келечекте суу тартыштыгын күчөтүшү мүмкүн. Мындан тышкары, мөңгүлөрдүн эриши сел жана жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө себеп болууда. Акыркы 10 жыл ичинде дүйнө жүзүндөгү мөңгүлөр өтө ылдамдык менен эрип жатат. Эл аралык окумуштуулардын маалыматына ылайык, 2015–2024-жылдар аралыгында дүйнөдөгү мөңгүлөр жалпы жоготуунун 41 пайызын жоготкон. Бул акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Ал эми Кыргызстанда мөңгү абдан тез темп менен азайып жатат. Так сан жыл сайын өзгөрүп турганы менен, окумуштуулардын эсебинде өлкөдөгү мөңгүлөрдүн аянты акыркы 50 жылда болжол менен 15–16 пайызга кыскарган.  Эгер акыркы 10 жылдык көрсөткүчтү эсептесек, адистер Кыргызстан мөңгүлөрүнүн болжол менен 3–5 пайызы жоголгонун айтышат. Айрым жайда мөңгүлөр толугу менен эрип кеткен. Өзгөчө Теңир-Тоо жана Алай тоо кыркаларындагы мөңгүлөр тез азаюуда. Учурда Кыргызстанда 10 миңге жакын чоң жана майда мөңгү бар экени айтылат. Бирок алардын көлөмү жылдан-жылга кичирейип жатат.  Экологдордун маалыматына ылайык, Кыргызстандагы орточо температура акыркы 10 жылда болжол менен +1,2°C га жогорулаган. Бул мөңгүлөрдүн эришин тездеткен негизги себептердин бири болуп эсептелет. Бул климаттык катастрофа.

Президент дүйнөлүк коомчулукка коңгуро какты

Президент Садыр Жапаров 22-апрелде Казакстандын Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшү бүгүнкү күндө дүйнө жүзү үчүн эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы бул Саммитти өткөрүү демилгеси өтө актуалдуу экенин айтып, климаттык өзгөрүүлөр өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө, экономикасына жана элдин жашоо сапатына түздөн-түз таасир берип жатканын баса белгиледи. Президент өз сөзүндө Кыргызстан дүйнөлүк парник газдарынын чыгындыларынын болгону 0,03 пайызын гана түзгөнүнө карабастан, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин эң катуу тартып жаткан өлкөлөрдүн бири экенин айтты.

«Кыргызстандын үлүшүнө парник газдарынын глобалдык чыгындыларынын болгону 0,03 пайызы туура келет. Ошол эле учурда биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин пропорциясыз чоң деңгээлде тартып жатат», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөдө табигый кырсыктардын саны кескин көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, 2020-жылдан бери сел, суу ташкындары жана башка өзгөчө кырдаалдардын саны үч эсеге өскөн. Мунун кесепетинен жыл сайын болжол менен 16 миллион АКШ долларына жакын материалдык зыян келүүдө жана өзгөчө мөңгүлөрдүн абалына токтолду. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми адистердин акыркы изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө реалдуу жоготуу дээрлик 30 пайызга жетип калган.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы көлөмү жылына болжол менен 50 миллиард куб метрди түзөрүн белгиледи. Анын 12 миллиард куб метри гана өлкөнүн ички муктаждыгына пайдаланылат, калган 38 миллиард куб метри коңшу мамлекеттерге агып кетет жана ошондой эле Кыргызстан Борбор Азиядагы суу коопсуздугун камсыздоодо өтө маанилүү ролду аткарып жатканын баса белгиледи.

«Биз Кыргызстанда түзүлгөн суу ресурстары Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы, энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ экенин жакшы түшүнөбүз», — деди президент.

Ошол эле учурда Кыргызстан суу ресурстарын сактоо үчүн ири чыгымдарды тартып жатканын айтты. Акыркы бир жылда суу чарба тармагына 80 миллион АКШ доллары бөлүнсө, акыркы беш жыл ичинде бул тармакка жалпысынан 259 миллион доллар багытталган. Бирок бул каражаттар эскирген инфраструктураны жаңылоого жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

Эколог эмне дейт?

Эколог Абдижапар Аккуловдун  айтымында, эң биринчи болуп кичи аянттагы, калыңдыгы жука жана төмөнкү зонада жайгашкан мөңгүлөр жоголууда. Айрым мөңгүлөр ондогон метрлерге, кээ бирлери километрлеп артка чегинген. Адис бул көрүнүштү дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү менен байланыштырат. Акыркы жылдары жылдык температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы жана кардын көлөмүнүн төмөндөшү мөңгүлөрдүн өзүн калыбына келтирүүсүнө тоскоол болууда. Ал белгилегендей, мөңгүлөр атмосфералык жаан-чачындардан азыктанат. Кышында кар көп жааса, мөңгүлөрдүн запасы толукталат. Бирок акыркы ондогон жылдарда температура жогорулап жаткандыгына байланыштуу  жаан-чачындын жылдык көлөмү азайып бара жатат. Бул болсо мөңгүлөрдүн эришин дагы да күчөтүүдө. Кыргызстан сууга бай өлкө катары саналганы менен, бүгүнкү күндө дарыялардын агымы азайып баратканы байкалууда. Ал муну түздөн-түз мөңгүлөрдүн азайышынан көз каранды экендигин айтты.

Аккуловдун  белгилегендей, мөңгүлөрдүн эриши эң биринчи кезекте суу тартыштыгын күчөтөт. Суу — жашоонун, айыл чарбанын, энергетиканын жана экологиянын негизги булагы. Эгер мөңгүлөр азайса, анда Борбор Азия аймагындагы миллиондогон адамдар суу тартыштыгына кабылышы мүмкүн жана ошондой эле адис учурда мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрүү процесси жүрүп жатканын айтты. Эгер бүгүнкү темп улана берсе, ушул кылымдын соңуна чейин Кыргызстан мөңгүлөрүнүн 70–80 пайызынан ажырашы мүмкүн деген кооптуу божомолдор бар. Бул болсо өтө чоң экологиялык катастрофага алып келиши мүмкүн. Себеби, тоолордогу суу булактары тартылып, айрым аймактар кургак тоо чөлдөрүнө айланышы ыктымал. Ал мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн эң биринчи кезекте атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдарды азайтуу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, көмүр кычкыл газы жалпы температуранын жогорулашына түздөн-түз таасир берүүдө. Ошол эле учурда өлкөдөгү абанын булганышы дагы олуттуу көйгөйгө айланып жатат. Абанын булганышы боюнча керек болсо дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыгып кеткен учурлар да болуп жатат.  Айрыкча кыш мезгилинде жылуулук борборлорунан чыккан түтүн, көмүр жагуу, автоунаалардан бөлүнгөн газдар абанын сапатын кескин начарлатууда.

“Альтернативалык энергия булактарын өнүктүрүү бүгүнкү күндүн негизги багыты болушу керек. Күн энергиясы, шамал энергиясы, гидроэлектр станциялары жана газ менен жылытуу системалары экологиялык коопсуздукту камсыздоодо чоң роль ойнойт”, — Аккулов.

Кыргызстан “жашыл” энергетиканы өнүктүрөт

Садыр Жапаров дагы  «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору, чакан гидроэлектростанциялар, күн жана шамал электр станциялары курулуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Бишкек шаарында энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар боюнча Регионалдык борбор ачуу демилгесин көтөрдү.

Абдижапар Аккулов  мөңгүлөргө тоо-кен өнөр жайы дагы терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Кен казуудан чыккан чаң-тополоң түз эле мөңгүлөргө жетип, алардын бетин булгайт. Бул болсо мөңгүлөрдүн эришин дагы да интенсивдештирүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көптөгөн жайыттар дагы деградацияга учурап жатат. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 614 миң гектар жайыт жер кунарсыз абалга келген. Жайыттардын талкаланышы, токойлордун азайышы жана топурактын бузулушу сел жана суу ташкындарынын көбөйүшүнө дагы себеп болууда. Жаан-чачын жерге сиңбей, түз эле агып кеткендиктен, топурак өзүнүн табигый функциясын жоготууда. Анын пикиринде, мөңгүлөрдү сактоо үчүн токойлорду көбөйтүү, жайыттарды мыйзам чегинде пайдалануу жана тоо экосистемаларын коргоо эң маанилүү багыт болушу керек.

Ошондой эле эголог тоо-кен тармагын жөнгө салуу зарылдыгын белгилешет. Анткени бүгүнкү күндө көптөгөн кендер мөңгүлөргө жакын аймактарда казылып жаткандыгын жана мөңгүлөр азыр өтө кир абалда экендигин да эскертти. Экономиканы, экологияны талкалоо аркылуу өнүктүрүү саясаты келечекте орду толгус жоготууларга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мөңгүлөрдү стратегиялык ресурс катары сактоо мамлекеттик саясаттын негизги багыты болушу керек.

Өлкө башчысы  мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү биргелешип аракет кылууга чакырды. Ал 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык Тоо Саммитине активдүү катышууга чакырып, бүгүнкү аракеттер келечек муундардын тагдырын чечерин белгиледи.

«Биргелешкен аракеттер менен гана туруктуу келечекти камсыздап, табигый мурастарыбызды кийинки муундар үчүн сактап кала алабыз», — деп сөзүн жыйынтыктаган  мамлекет башчысы.

Арстанбек кызы Жаңылай

About The Author

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *