Адамдын жыныстык кол тийбестиги жана жыныстык эркиндиги — Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана кылмыш мыйзамдары тарабынан корголуучу эң маанилүү укуктардын бири. Ар бир адам өзүнүн денесине, абийирине жана жеке жашоосуна байланыштуу маселелерди эркин чечүүгө укуктуу. Бул укуктарды бузган аракеттер коом үчүн өтө кооптуу болуп эсептелет жана мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине алып келет.
Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар адамдын ар-намысына, ден соолугуна жана психологиялык абалына оор зыян келтирет.
Мындай кылмыштар өзгөчө жашы жете электерге каршы жасалганда коомдук коркунучу дагы жогору болот.
Жыныстык кол тийбестик түшүнүгү — адамдын анын макулдугусуз жыныстык мүнөздөгү аракеттерден корголууга болгон укугу. Бул укук ар бир адамга таандык, айрыкча жашы жете электерге өзгөчө деңгээлде коргоо берилет. Жыныстык эркиндик болсо — адамдын өз каалоосу менен жыныстык мамилеге баруу же барбоо укугу. Башкача айтканда, эч ким башка адамды күч колдонуу, коркутуу же алдоо жолу менен жыныстык аракеттерге мажбурлай албайт.
Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштардын түрлөрү:
Зордуктоо — күч колдонуу, коркутуу же жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу жолу менен жыныстык катнашка баруу. Бул кылмыш эң оор кылмыштардын бири болуп саналат. Ал жабырлануучуга физикалык гана эмес, психологиялык жактан да чоң зыян алып келет.
Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттери — Бул кылмышка жыныстык катнаштан башка, бирок жыныстык мүнөздөгү күч колдонулган аракеттер кирет. Мисалы, адамды мажбурлап адепсиз аракеттерди жасоого түртүү.
Жыныстык аракеттерге мажбурлоо — Эгер адам кызматтык абалын, материалдык көз карандылыкты же башка жагдайларды пайдаланып, башка адамды жыныстык байланыштарга мажбурласа, бул дагы кылмыш болуп эсептелет.
Жашы жете электерге карата жыныстык кылмыштар – Балдарга жана өспүрүмдөргө каршы жасалган жыныстык кылмыштар өзгөчө оор деп эсептелет. Анткени жашы жете электер өздөрүн толук коргой албайт жана психологиялык жактан аялуу болушат.
Жогоруда кɵрсɵтүлгɵн кылмыштар үчүн мыйзамда катуу жазалар каралган тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексинин 154-162- беренелерине ылайык, 5 жылдан 15 жылга чейин, ошондой эле ɵмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин жазалар каралган.
Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштарга каршы күрөшүүдө коомдун дагы жоопкерчилиги чоң. Эгер шектүү көрүнүштөр байкалса, кайдыгер болбой тиешелүү органдарга билдирүү зарыл. Ошондой эле жаштар арасында тарбиялык иштерди күчөтүү, мыйзамдарды урматтоого үйрөтүү маанилүү.
Ошондой эле, мындай кылмыштардан сактануу үчүн кечки убактарда жалгыз жүрүүдөн мүмкүн болушунча алыс болуу зарыл. Өзгөчө жарыгы начар, эл аз жүргөн көчөлөрдө сактык талап кылынат. Коомдук транспортто же көчөдө шектүү адамдардан алысыраак болуу жана жакындарыңызга кайсы жерде жүргөнүңүздү билдирип туруу коопсуздукту камсыздайт.
Мындан сырткары, азыркы учурда көптөгөн кылмыштар социалдык тармактар аркылуу жасалууда. Белгисиз адамдарга жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү же даректи жибербөө керек. Интернет аркылуу жаңы таанышкан адамдар менен жолугушууда этият болуп, коомдук жайларда гана жолугуу сунушталат.
Ал эми, балдар жыныстык кылмыштардын эң аялуу курмандыктары болуп саналат. Ата-энелер балдары менен ачык сүйлөшүп, аларга кооптуу жагдайларды түшүндүрүшү керек. Балага “жок” деп айтууну, чоочун адамдар менен кетпөөнү жана жардам сурай билүүнү үйрөтүү маанилүү.
Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар адамдын ден-соолугуна, психологиясына жана коомдогу ордуна олуттуу зыян келтирет. Ошондуктан мамлекет, коом жана ар бир жаран бул кылмыштардын алдын алууга активдүү катышуусу зарыл. Адамдын ар-намысын, коопсуздугун жана эркиндигин коргоо — укуктук мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.
Ош шаарынын прокуратурасынын
бɵлүмүнүн улук прокурору Н.ϴмүрбек уулу

