Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 4 айында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо боюнча жалпы 14 (былтыркы жылы 6) текшерүү жүргүзүлүп, 68 (19) мыйзам бузуучулук аныкталып, 54 (9) мыйзам бузуу четтетилген, 1 каршылык билдирүү, 12 (8) сунуштама келтирилип, алардын ичинен 7 (4) сунуш прокурорлордун катышуусунда каралып, 2 (4) талап келтирилип, келтирилген прокурордук актылардын негизинде 4 (9) кызмат адамдары ар түрдүү тартиптик чараларга кириптер болушуп, мамлекетке келтирилген 303 008 сом зыян өндүрүлгөн.
Аныкталган 68 (100%) мыйзам бузууларды бөлүп караганда билим жөнүндө – 15 (10,2%), жетим балдардын укуктарын коргоо жөнүндө – 5 (3,4%), балалыкты, үй-бүлөнү коргоо боюнча – 40 (27,2%), жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу жөнүндө – 6 (4,08%), балдарды зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча – 2 (1,36%).
Ал эми аныкталган 68 (100%) мыйзам бузуунун ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан – 8 (5,44%), атайын тарбиялоо жана интернат мекемелери тарабынан – 4 (2,72%), билим берүү мекемелеринде – 8 (5,44%), ички иштер органдарында – 46 (31,28%), башка мекемелерде – 2 (1,36%) орун алган.
Талдоо көрсөткөндөй, аныкталган мыйзам бузуулардын орун алышын басымдуулугу 2023-жылдын 1-кварталында шаардын ички иштер башкармалыгы, билим берүү мекемелеринин, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан билим берүү, үй-бүлөнү балалыкты коргоо, укук бузуларды алдын алуу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүндө жол берилгендиги байкалат.
Билим берүү боюнча
Бул багытта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жалпы 5 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 15 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүү жөнүндө 4 сунуштама, 1 каршылык билдирүү келтирилип, көрүлгөн прокурордук актылардын негизинде 2 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, мамлекетке келтирилген 303 008 сом зыян өндүрүлгөн.
Жетим балдардын укуктарын коргоо боюнча
Бул багытта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жалпы 2 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 5 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүү жөнүндө 1 сунуштама, 2 талап келтирилген.
Үй-бүлөнү, балалыкты жана ата-энеликти коргоо боюнча
Бул багытта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жалпы 4 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 40 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүү жөнүндө 4 сунуштама, 17 укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштөр козголуп, 17 укук бузуулар жөнүндөгү иштин токтомдору жокко чыгарылган.
Балдардын арасындагы укук бузууларды алдын алуу иштери боюнча
Бул багытта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жалпы 2 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 6 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүү жөнүндө 2 сунуштама келтирилип, аны кароо менен 2 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.
Балдарды зомбулуктан коргоо боюнча
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жалпы 1 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 2 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүү жөнүндө 1 сунуштама келтирилген.
Бул багытта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан күчөтүлгөн тартипте иш алып барылууда.
Ош шаарынын прокуратурасынын
коррупцияга каршы аракеттенүү
жана мыйзамдардын аткарылышын
көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Даутбек уулу Бексултан
Окшош макалалар
ИЗМИРДЕ “ВЕЛОСИПЕД ТУРИЗМИ” КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ
XX сессия. “Жаңы курулган жɵɵ ɵтмɵктʏн ʏстʏ жабылбайт”
Кыргыз тили – мамлекет тарабынан эле колдоого эмес, колдонулууга муктаж