Интернет айдыңында тамак-ашка тиешелʏʏ коомчулукту дʏрбɵткɵн маалыматтар байма-бай чыгып турат. Таңгактагы белгилерди так-туура тʏшʏнʏʏ ɵтɵ зарыл. Мамлекет туш келди азыкты бажыдан ɵткɵрɵ бербестигин, тамак-аш коопсуздугун кɵзɵмɵлдɵгɵн атайы кызматтар бар экендигин эстен чыгарбоо керек. Таңгактагы номерлер менен берилген Е жана ГМО белгилери эмнени тʏшʏндʏрɵрʏн Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун санитардык дарыгери Таалайбекова Назгʏлдɵн сурап кɵрдʏк.

“Е” коду — Евробиримдиктин аймагында колдонууга уруксат берет
Жеп-ичип жаткан азыктарда, айрыкча таттуулар, сагыз, суусундуктар, полуфабрикаттар, колбаса, фабрикадан консерваланган азыктарда тʏс, жыт, форма берилген тамак-аш кошулмалары бар. Кошулмалар — азыктын даамын жакшыртып, туура консистенция берип, тʏс, жыт кошуп, сактоо мɵɵнɵтʏн узартат. Тамак-аш кошулмалары табигый жана синтетикалык заттардан болушу мʏмкʏн. Алардын ар бирине сериялык номер берилип, ал кошулманын коду болуп саналат. Коддун алдындагы “Е” тамгасы Евробиримдиктин аймагында колдонууга уруксат берилип, JECFA (кɵз карандысыз илимий-изилдɵɵ) комитети тарабынан текшерилгенин тастыктайт. Ал эми калган сандар кошулманын максатына жараша коюлган:
1ден башталгандар (Е100-Е199) – азыкка тʏс берʏʏчʏ боектор;
2ден башталгандар (Е200-Е299) – консерванттар, тагырагы азыкты сактоо мɵɵнɵтʏн узартат.
3тɵн башталгандар (Е300-Е399) – кычкылданууну азайтат;
4тɵн башталгандар (Е400-Е499) – консистенциясын бир калыпта кармагандар, коюуланткычтар;
5тен башталгандар (Е500-Е599) – кычкылдарды кɵзɵмɵлдɵгʏчтɵр;
6дан башталгандар (Е600-Е699) – даам жана жыт бергичтер;
7ден башталгандар (Е700-Е799) – антибиотиктер, жана башка.
Тамак-аш кошулмаларынын баары эле коркунучтуу деп айтууга болбойт, ал тургай кээ бирлери пайдалуу, кɵпчʏлʏгʏ нейтралдуу келет. Бирок айрымдарынын аллергия чакырган белгилери да жок эмес.

ГМО деген эмне?
ГМО (Генетикалык модифицирленген организм) — англис тилинен которгондо (genetically modified organism) – гени ɵзгɵртʏлгɵн организм дегенди тʏшʏндʏрɵт. Гендик модифицирленген (ɵзгɵртʏлгɵн) организмдер гендик инженерия адистери тарабынан жан-жаныбарлардын, ɵсʏмдʏктɵрдʏн организмдери менен гендик-модифицерленген микроорганизмдерди бириктирет. Жалпак тил менен айтканда, бир гендин кодуна экинчи генди кошуу дегенди билдирет. Мисалы, картошка генине чаяндын генин кошуунун натыйжасында эч бир жандык жебей турган картошканын жаңы тʏрʏн алышкан. Ɵсʏмдʏк менен жаныбарлардын генин ɵзгɵрткɵн ушундай изилдɵɵлɵр кɵп жʏргʏзʏлʏп, таң калаарлык натыйжаларга кʏбɵ болушкан.
ГМО ɵнʏрʏмʏнʏн терс жактары
Гени ɵзгɵртʏлгɵн азыктардын ден соолукка терс таасири бар экени аныкталган. Мисалы, онкологиялык оорулардын кɵбɵйʏшʏ, зат алмашуу бузулуп, иммунитеттин тɵмɵндɵшʏ, бойдун ɵспɵй калуусу, тукумсуздук, тɵрɵлгɵн балдардын физикалык жактан алсыздыгы, акылы кем болуусу.
ГМО ɵндʏрʏмʏнʏн оң жактары
Бул кɵбʏнчɵ ɵндʏрʏшчʏлɵргɵ таандык. ГМО ɵсʏмдʏктʏ тез жетилтип, тʏшʏмʏн жогорулатат. Аба ырайынын туруксуздугуна чыдамдуу кылып, курт-кумурскалардын, зыяндуу заттардын таасиринен анчейин зыян келтирбейт.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы