Жеке ишкердин салык тɵлɵɵдɵгʏ милдеттери
Салыкты ɵз убагында тɵлɵɵ – ишкер ʏчʏн да мамлекет ʏчʏн да пайдалуу. Жеке ишкер болсоңуз же ишкердик баштоону пландап жатсаңыз бир нече салык эрежелерин билʏʏңʏз керек. Ош шаардык салык кызматы чакан ишкерлерге тиешелʏʏ бир нече маалыматтар менен бɵлʏшɵт.
ККМ жана патентти кимдер колдонот?
Буга чейин соода жʏргʏзʏʏчʏ ишкерлерге патент системасы жоюлган эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ базарларга жана чакан базарларга патенттик система кайтууда. Ишкерлерге тандоо берилет. Патентти тандаса ККМ колдонбой иштейт, эгер нɵлдʏк ставканы тандап алса, ККМди сɵзсʏз колдонуусу керек. Ал эми базарларга ɵз соодасынын аянтына ылайык патенттик ставкалар бекилет.
Мамлекеттик салык кызматы кичи жана орто бизнесте алектенген жеке ишкерлердин жумушун жеңилдетʏʏ, аларга кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ максатында ɵлкɵ башчысы С.Н. Жапаровго кичи жана орто бизнеске фиксирленген патент берʏʏ боюнча сунуш берген. Берилген сунушту колдоп Президент Указ чыгарган. Сунушталган мыйзамды Жогорку Кеңеш карап чыгып, биринчи окуудан ɵткɵргɵн.
Мурда патент кызмат кɵрсɵтʏʏнʏн 46 позициясына берилип келсе, мындан кийин соода-сатыкка да берʏʏ пландалып жатат. Ири соода-сатыкта “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында иштеген жеке ишкерлерге патент берʏʏ болжолдонууда. Жаңы моделдеги патент берʏʏдɵ жылдык товар жʏгʏртʏʏсʏнɵ жараша каралат: 4 миллион сомго чейинки, 8 миллион сомго чейинки, 15 миллион сомго чейинки.
Киреше салыгы менен бирдиктʏʏ салыктын айырмасы?
Кыргыз Республикасынын салык кодексинде киреше салыгы VII бɵлʏмдʏн 22 главасынын 184-беренесинен башталат.
1. Утуш – тапкан кирешенин тʏрʏнɵ, утуштун накталай акчалай тɵлɵнʏшʏ, салык тɵлɵɵчʏнʏн азарт оюндардан, лотереядан, конкурстардан, фестивалдардан жана башка иш-чаралардан тапкан кирешелери.
2. Киреше — активдин кɵбɵйʏшʏ, материалдык байлыктардын ɵсʏшʏ, акчанын кɵбɵйʏшʏ жана башка.
3. Тууганчылык- салык тɵлɵɵчʏнʏн эсебинен киреше таппай жашаган жакын туугандары.
Бирдиктʏʏ салык тɵлɵɵчʏ тɵмɵндɵгʏ салыктарды алмаштырат;
1. Пайдадан алынуучу салыкты,
2. Сатуудан алынуучу салыкты,
3. Салык алынуучу КНС.
Салык санкциясы кайсы учурда салынат?
Салык мыйзамдарына кирген 2025-жылдын 1-майынан тартып ɵзгɵртʏʏлɵргɵ ылайык, салык тɵлɵɵчʏ салык тɵлɵɵ милдеттин ɵз мɵɵнɵтʏндɵ аткарбай, салык тɵлɵɵ мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кетсе бирдиктʏʏ салык декларациясы ʏчʏн 70 эсептик кɵрсɵткʏчтɵ санкция эсептелет.
Отчетту кечиктирип тапшырса ар бир кеч тапшырылган салык тʏрлɵрʏ бонча юридикалык жактарга 70 эсептик кɵрсɵткʏчтɵ, жеке ишкерлерге 30 эсептик кɵрсɵткʏчтɵ, физикалык жеке жактарга 10 эсептик кɵрсɵткʏчтɵ санкция эсептелет. Санкция автоматтык тʏрдɵ эсептелип калат.
Ай сайын тапшырылуучу жана кварталдык отчет деген эмне?
Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет – ай сайын 20сынан кечиктирбестен, камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏ ай сайын 15инен кечиктирбестен, пайда салыгы – 20-майдан, 20-августтан, 20-ноябрдан кечиктирбестен, КНС- ай сайын 25нен кечиктирбестен, ири салык тɵлɵɵчʏлɵр ай сайын айдын акыркы кʏнʏнɵн кечиктирбестен, акциз салыгы — ай сайын 20сынан кечиктирбестен, сатуудан алынуучу салык — чакан, орто ишкердик субьектер квартал сайын 20сынан кечиктирбестен. Ири ишкердик субьектер — ай сайын 20сынан кечиктирбестен, бирдиктʏʏ салык тɵлɵɵчʏлɵр — чакан жана орто ишкердик субьектер-отчеттук кварталдын кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, ири ишкер, лотереялык иштин субьектери ай сайын 20сынан кечиктирбестен, турак жай имаратына, курулмага жана жайга мʏлк салыгын 1-сентябрдан кечиктирбестен тɵлɵɵгɵ милдеттʏʏ. Турак жай эмес имаратына 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар отчет бериши шарт.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы