6 июля, 2025

Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”

Учурда республика боюнча айыл жана шаар аймактарын ɵнʏктʏрʏʏ иштери кызуу жʏрʏп жатат. Ал арада Ош шаарында да бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Муниципалдык жана айыл аймактык башкармалыктар боюнча кезектеги чыгарылышыбызда Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына барганбыз. Аймакта айрыкча Ак-Буура дарыясынын жээгине, суу ʏстʏнɵ курулуп калган объектилер кызуу алынып жатыптыр. МАБ башчысы Равшан Мирзабаев кенен баяндайт.

-Суу ʏстʏнɵ курулган дʏкɵн, чайкана, турак ʏйлɵрдʏн ээлери талапка ылайык бошотуу керектигин туура эле тʏшʏнʏп жатышабы?

-Ооба. Биздин аймактагы “снос” иштерин эл туура тʏшʏнʏп, убагында бошотуп беришʏʏдɵ. Ак-Буура дарыясынын жээги суу корук зонасы болгондуктан облустук оорукананын жанынан баштап бардык объектилер алынып жатат. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой ɵткɵн жылы селдин кесепетинен кɵптɵгɵн адамдар жабыркаган. Ошол окуядан кийин атайы комиссиянын чечимдери менен суу ʏстʏнɵ курулган объектилер алынышы керек болгон. Сʏрдʏрʏлгɵн курулуштардын ичинде эки жер ʏй да бар. Азыр ээлерин убактылуу батирлерге жайгаштырганбыз. Жакында Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор бир типтʏʏ ʏйлɵрдʏ куруусу кʏтʏлʏʏдɵ. Компенсация ала турган жарандар ошол жакка жайгаштырылат.

-Исанов кɵчɵсʏндɵ буга чейин чоң эс алуу паркы болгон эмес, иш пландарына бул да киргизилгенби?

-Юго-восток кичи районунда эс алуу паркы Союз учурунда болгон экен, кийин ордуна кɵп кабаттуу ʏй салыныптыр. Ал жактагы тургундар ʏчʏн парк жок болгондуктан мурдагы кургак учук ооруканасынын ордун тегиздеп, азыр эс алуу паркын куруу жолго коюлду. Бул жашоочулар ʏчʏн абдан жакшы жаңылык болмокчу.

-Мектеп, бала бакча маселелерине токтолсоңуз?

-Негизи Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы чоң аймактардын бири болуп саналат. Калктын саны — 54 734, аянты — 58 840 гектарды тʏзɵт. Аймакта жалпы беш мектеп, алты бала бакча балдарга билим берип келʏʏдɵ. Эки мектебибиз жаңылоого муктаж. Карл Маркс мектеби авариялык абалда экени жɵнʏндɵ мындан 6 жыл мурда ƟКМ корутунду чыгарып берген. Бул маселе элдик курултайларда да айтылды. Мэр Жеңишбек Шермаматович барып, мектепти жеринен кɵрʏп келди. Тиешелʏʏ тараптарга берилген тапшырмага ылайык иш кетип жатат. Экинчиси, Жоомарт Бɵкɵнбаев мектебине кошумча корпус куруу зарыл. Ички миграциянын таасири менен балдардын саны ɵсʏп, класстык каналардын тартыштыгы жаралган. Кошумча корпус куруу иштери да кийинки жылга пдандалууда.

-“Спортивная” кɵчɵсʏнʏн жашоочулары “жолубузда кɵйгɵй бар” дешти эле, жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери кандай жʏрʏʏдɵ?

-Учурда эң негизги иштердин катарына жолдорду асфальттоо да кирет. Исанов кɵчɵсʏнɵн баштап, онкологиялык ооруканасына чейин алты паласалуу асфальт басылды. Мындан сырткары Шакиров кɵчɵсʏ асфальтталып, Демократ жана Шамшиев кɵчɵлɵрʏн асфальттоо иштери жʏрʏп жатат. Монуев кɵчɵсʏ толук реконструкцияланып, жер астындагы ɵтмɵк менен асфальт тɵшɵɵ иштери аяктады. Спортивная кɵчɵсʏндɵ да жакынкы аралыкта тегиздɵɵ иштери башталат. Ошондой эле Мирсатов кɵчɵсʏнɵ 1 млн. 228 миң 542 сомдук асфальт тɵшɵɵнʏн сметалык баасы эсептелген. Аталган долбоор “50/50” каржылоо программасы менен ишке ашып жатат.

Монуев кɵчɵсʏндɵгʏ 54-56-ʏйлɵрдʏн фасаддары оңдолду. Айрыкча жаңы ɵтмɵк курулгандан кийин фасаддарды бирдиктʏʏ типте оңдоо тапшырмасы берилген. Ошондой эле Ак-Буура милиция бɵлʏмʏ ачылганда калаа башчы келип, алдындагы 101-кɵп кабаттуу ʏйдʏ актап-сырдоо тапшырмасын берген эле, эл менен мэрия биргелешип, жумуш эки кʏндɵ аткарылды.

-Коомдук транспорт каттамдары жетиштʏʏ элеби?

-Бизде Озгур дача участкасы бар. Ал жакка бир кʏндɵ эки маал 111- маршруттук каттам каттайт болчу. Ал убакта жол асфалтталбаган, начар абалда эле. Азыр мэр Жеңишбек Шермаматовичтин жардамы менен 1,5 километрге асфальт басылды. Эми маршруттук каттамдарды кɵбɵйтсɵк деп турабыз. ʏч кɵчɵсʏ жарыктандырылган. Мындан сырткары суу кɵйгɵйʏ бар болчу, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан таза суу чыгаруучу насос алууга тендер жарыяланды. Ɵткɵн жылы да бир насос алып берген элек, учурда иштеп жатат. Дагы экɵɵнʏ алып берсек, эл таза суу кɵйгɵйʏнɵн кыйла кутулат. Коомдук транспорт калган борбордук кɵчɵлɵрʏбʏздɵ жетиштʏʏ.

-Кышка даярдык иштери тууралуу айтып ɵтсɵңʏз?

-Кыштын камын жазда кɵр демекчи кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн ар биринин жер тɵлɵсʏнɵ тʏшʏп, тʏтʏктɵрʏн текшерип жатабыз. Айрыкча Масалиев кɵчɵсʏндɵгʏ “Дом быта” тарапта эски ʏйлɵр кɵп. Рейддин жʏрʏшʏндɵ эски, жараксыз тʏтʏктɵр аныкталса, алмаштырабыз. Ɵткɵн жылы да кɵп ʏйлɵрдʏн жер тɵлɵсʏндɵгʏ тʏтʏктɵрʏн алмаштырган элек. Кышта эл жылуулуктан кыйналбашы ʏчʏн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Мындан сырткары эң чоң долбоорлорубуздун бири — Абакир уулу Тɵрɵбек кɵчɵсʏндɵгʏ “коробка” ʏйлɵр газ менен камсыз болот. 12 жылдан бери газы жок жашап келишкен. Учурда демɵɵрчʏлɵрдʏ таптык. Каражаттын тең жарымын мэрия бɵлʏп берди. Буюрса, быйыл кышында газ менен камсыз болушат. Кошумчалай кетсем, Турсунбаев кɵчɵсʏнɵ саркындуу суу тʏтʏктɵрʏн тартуу иштерин эл менен жергиликтʏʏ бийлик чогу аткарып жатат.

-Социалдык абалы начар ʏй-бʏлɵлɵргɵ кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер?

-Аз камсыз болгон жарандарга ар кандай материалдык жана гуманитардык жардамдар кɵрсɵтʏлʏп келет. Жыл башынан бери аймактагы демɵɵрчʏлɵрдʏн жана коомдук бирикмелердин жардамы менен 777 адамга 1 млн. 250 миң 950 сомдук кɵмɵк кɵрсɵтʏлдʏ. Бʏткʏл дʏйнɵлʏк азык-тʏлʏк программасы аркылуу МАБда беш долбоор жазылып, иш алып барылууда.

Эки ай мурда 5 балалуу келинге мэрибиз бир бɵлмɵлʏʏ батир белек кылды. Негизи аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵрдʏн балдарын бала бакчага, мектептерге жайгаштырууда жардамдарды кɵрсɵтɵбʏз. Биздин территорияда ресторан, кафелер кɵп, алар менен тыгыз иш алып барып, жумушсуздарга жумуш таап бергенге аракет кылабыз.

Ал эми жаш ɵспʏрʏмдɵр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ата-энелер, мугалимдер, мектеп директорлору, ИДН кызматкерлери менен чогуу мектептерде жолугушууларды ɵткɵрʏп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп турабыз. Мыйзамсыз наркотик жʏгʏртʏʏгɵ каршы кызмат менен биргеликте аптека наркоманиясынын кооптуулугу боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Ак-Буура милиция бɵлʏмʏнʏн жетекчиси Мухаммедали Тороходжаевге да ɵзгɵчɵ ыраазычылык билдирем. Рейд уюштуралы десек кʏнʏ-тʏнʏ жок дебей, балдардын, жаштарыбыздын келечеги ʏчʏн жардамын аябайт.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author