Кыргызстандын тʏштʏк аймагында жайгашкан Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы — акыркы жылдары капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ иштери, заманбап жабдуулар менен камсыздоо, дарыгерлердин билимин ɵркʏндɵтʏʏ жана бейтаптарды жогорку деңгээлде тейлɵɵ жагынан ири жылыштарга жетишти. Бул мекеме жалгыз гана оорукана эмес, тажрыйба жана билим борбору, тʏштʏк эли ʏчʏн ишенимдʏʏ медициналык калкан болуп саналат. Июль айынын биринчи жекшембиси — медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай оорукана тууралуу кенен айтып бермекчибиз.
Атабек Жумалиев, Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору.

-Атабек Каныбекович, учурда ооруканада оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏрʏп жатыптыр, кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болду?
-Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 2020-жылдан тарта, тагыраагы жаңы бийлик келгенден кийин жалпы Кыргызстан боюнча медициналык мекемелерди кеңири оңдоп-тʏзɵɵ иштеринин алкагында иштер жʏрʏп келет. Биздин оорукана 1980-жылдары курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондон бери айрым бɵлʏмдɵргɵ гана косметикалык оңдоолор жʏргʏзʏлбɵсɵ, жалпы капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ иштеринин жʏрбɵгɵнʏнɵ 40 жылдан ашты. Бул аралыкта ооруканадагы жылуулук системасы, электр монтаждоо жана сантехникалык жабдуулар эскирип, иштен чыгып, ишенимдʏʏ кызмат кɵрсɵтʏʏдɵн калган. 2009-жылдан бери оорукана жетекчилиги жогорку бийликке кайрылып, кат аркылуу абалды жеткирип келет. Ошол аракеттердин натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы аркылуу быйыл 295,7 миллион сом бɵлʏнʏп, Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган. Куруучу компания аныкталган соң 2025-жылдын февраль айынан тарта ооруканада масштабдуу оңдоо иштери башталып, азыркы кʏндɵ кɵпчʏлʏк жумуштар аяктап калды. Оорукана имаратынын чатыры 100 пайыз алмаштырылды. Мындан сырткары, фасаддык иштер, ички жылытуу системасы, канализация, сантехника, эшик-терезелер баары жаңыртылып жатат. Башкача айтканда, дубалдардан башка бардык элементтер кайрадан оңдолуп, заманбап шарттарда калкка кызмат кɵрсɵтʏʏгɵ багытталууда.

-Калктын саны кʏн сайын ɵсʏʏдɵ, дарыгерлердин жʏгʏ да оорлоп баратса керек?
-Ооруканадагы эң кɵйгɵйлʏʏ маселелердин бири — кеңеш берʏʏ жана дарт аныктоо (амбулатордук) бɵлʏмʏнʏн иш жʏгʏ. Бул бɵлʏмдɵр негизинен райондук деңгээлде дарыланбай, бизге жɵнɵтʏлгɵн оор бейтаптарды кабыл алып, консультация жана терең изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏзʏʏ ʏчʏн тʏзʏлгɵн. Бирок бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵпчʏлʏк жарандар ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлерден жолдомо албай, тʏз эле ооруканага кайрылышат. Бул бɵлʏм жылына болжол менен 35 миң бейтапты тейлɵɵгɵ ылайыкталган болсо, иш жʏзʏндɵ 150 миңден ашуун адамга кызмат кɵрсɵтʏʏдɵ.
2024-жылдын жыйынтыгы менен ооруканада 57 500 бейтап дарыланып, 150 миңден ашуун бейтап амбулатордук дарт аныктоо бɵлʏмʏнɵн консультация жана дарылоо кызматын алышты. Мындан сырткары, 20 миңге жакын хирургиялык операция жасалып, тɵрɵт стационарында 10 500 наристе жарык дʏйнɵгɵ келди. Бир гана кеңеш берʏʏ бɵлʏмʏндɵ эле кʏнʏнɵ 700-800 бейтап тейленʏʏдɵ. Бул кɵрсɵткʏч сезондуу оорулар кʏчɵгɵндɵ, ɵзгɵчɵ кыш, кʏз жана жаз айларында ɵсɵт. Жай мезгилинде бейтаптардын агымы салыштырмалуу азаят.
Ооруканада жалпы 50дɵн ашуун дарылоо жана параклиникалык бɵлʏмдɵр бар. Анын ичинде тɵрɵт стационары 9 бɵлʏмдɵн турат. Учурда тɵрɵт стационарында да капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏрʏп жатат. Октябрь айында толук пайдаланууга берʏʏ пландалууда.
-Дарыгерлердин кесипкɵйлʏгʏн жогорулатуу, тажрыйба алмашуу аракеттерине токтолсоңуз?
-Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы республикабыздын тʏштʏк аймагындагы ири медициналык мекеме гана болбостон, жаш дарыгерлер ʏчʏн билим жана тажрыйба алмашуу борбору болуп эсептелет. Бул жерде 400дɵн ашык дарыгер эмгектенет. Алардын 50 пайыздан ашыгы жогорку категорияга ээ. Калгандары биринчи жана экинчи категориядагы дарыгерлер. Жаш адистер региондордон келип, квалификациясын жогорулатып кетишет. 2024-жылы 50дɵн ашуун дарыгерлерибиз Кытай, Индия, Тʏркия, Казакстан, Америка жана Европанын бир катар ɵлкɵлɵрʏндɵ билимин тереңдетип келишкен. Ошондой эле ооруканада илимдин кандидаттары жана докторлору басымдуу бɵлʏктʏ тʏзɵт. 2025-жылдын беш айында эле ʏч дарыгер илимдин доктору, тɵртɵɵ илимдин кандидаты наамына ээ болду. Бул кɵрсɵткʏч дагы ɵсɵɵрʏнɵ ʏмʏтʏбʏз чоң.


-Материалдык-техникалык базанын абалы?
-Мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен жалпы суммасы 13 миллион сомду тʏзгɵн заманбап хирургиялык аппараттар сатып алынган. Андан сырткары, кошумча керектʏʏ жабдуулар менен камсыздоо иштери жʏрʏп жатат. Бирок жабдуулардын толук жетиштʏʏ деп айтуудан алысмын, кемчилдиктер жок эмес. Ошондуктан алдыда дагы жаңы, заманбап аппараттарды сатып алуу пландалууда.

Белгилей кетсем, буга чейин ооруканадагы тɵлɵмдɵрдʏ Элдик банк (мурдагы РСК Банк) тейлеп келген. Жарандар кассаларга кезек кʏтʏп тɵлɵйт болчу. Айрыкча сезондуу оорулар кʏчɵгɵндɵ кезек узарып, жарандарга бир аз ыңгайсыз болуп келген. Жыл башынан бери атайы терминалдар орнотулуп, бейтаптар кезек кʏтпɵй, кɵрсɵтʏлгɵн суммаларды ɵз алдынча тɵлɵй башташты.
Мобилдик медициналык жардам жана авиация кызматы
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы — Кыргызстандын тʏштʏк аймагындагы ʏчʏнчʏ деңгээлдеги медициналык жардам кɵрсɵтʏʏчʏ жападан жалгыз мекеме. Ооруканада санитардык авиация кызматы да иштейт. Бул кызмат аркылуу дарыгерлер Лейлектен Токтогулга, Чаткалдан Тогуз-Торо, Алайкуу жана Чоң-Алайга чейин барып, оор бейтаптарга жеринде жардам кɵрсɵтʏшɵт. Кɵп учурда ордунда операция жасап, дарылоону ɵзгɵртʏп же бейтаптарды ооруканага которуу боюнча чечимдер кабыл алынат. Жылына 1800дɵн ашуун чакыруу кабыл алынат. Бул кызмат дарыгерлердин тʏнʏ менен да иштɵɵсʏнɵ себеп болот.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?
Тамак-аш азыктарындагы белгилер эмнени тʏшʏндʏрɵт?