20 августа, 2025

“Жоралар” менен жарк эткен Нурмиранын артында ким турат?

Эламан Сапарбеков  —  кыргыз шоу-бизнесинде жаңы жылдыздарды жарыкка чыгарып жаткан жаш продюсер. Азыр анын колдоосундагы жаш ырчы Нурмира Асанованын «Жоралар» аттуу ыры социалдык тармактарды “жардырып”, эл ичинде чоң резонанс жаратууда.

Келечекте кɵптʏ ʏмʏттɵндʏргɵн жаш продюсер алдыдагы асыл максаттары, сахнанын ачык жана кɵмʏскɵ жʏзʏ тууралуу бизге ачык кеп салды.

— Сизди бʏгʏн продюсер, режиссёр, клипмейкер катары тааныйбыз. Бирок, мурда ɵзʏңʏздʏ ырчы катары  да сынап кɵргɵнсʏз. Музыкалык карьераңыз кандайча башталган?

— Музыкага болгон кызыгуум 2007-жылы башталган. Ал кезде азыркыдай шоу-бизнес жок болчу, аранжировщиктер саналуу эле. Тааныш байкелер аркылуу кайсы  жерде студия бар экенин билип, ошол жакта биринчи ырымды жаздыргам.  Аскат деген аке менен иштешкенбиз. Кийин ырдап жʏрʏп, видеого болгон кызыгуум кʏчɵп кетип, ырчылык калып калган.

— Ырчы катары элге жетээрлик тааныла алдым деп ойлойсузбу?

— Жок, ырчы катары  таанылдым деп айта албайм. Видеографикага кызыгып кеткенден кийин ырчылыкты экинчи орунга коюп койдум. Анда-санда мага жакын чыгарма болсо эле ырдап чыгарып койбосом, ырчылык менин хоббим болуп калды. ʏй-бʏлɵбʏздɵ дагы жакшы колдоо болгон эмес. Атам ɵзʏ аскер адамы, полковник болгондуктан, “сенин каныңда, ата-тегиңде ырчы жок, болбойт бул тармак”  деп каршы чыккан.  А мен кɵгɵрʏп жʏрʏп эле, ɵз аракетим менен бул тармакка аралашып кеттим.

— Эмне себептен продюсер болууну чечтиңиз?

— Шоу-бизнес —«таза эмес тармак». Мен ɵзʏм кɵбʏнɵ алданганмын, жем болгонмун,  кɵп эле акыма киргендер да болгон. Андыктан жаңы чыгып жаткан таланттарды ɵзʏмдɵй кɵрʏп, колдон келишинче жардам берейин деген максатта продюсерликти да аркалоону тандадым.

— Азыр сиздин продюсердик борбордо канча ырчы бар жана алар кимдер?

— Негизги командамда 2021-жылдан бери  Нурмира Асанова иштеп келе жатат. Аруна Куб 2022-жылы келишим тʏзгɵн. Жакында эле Ырысбек Токтобаев акебиз менен да келишим тʏздʏк. Кыска мɵɵнɵткɵ келишим тʏзʏп, иштешип кеткендер аябай кɵп. Алардын ысымдарын аташтын кажети жок деп ойлойм.

— Ырчылар менен иштɵɵдɵ сиз ʏчʏн эмнелер маанилʏʏ?

— Ырчы кылган ишине 100 пайыз берилип, команда менен ɵзʏн бир кемедегидей сезип, иш алып баруусу абзел. Ал ырчынын деңгээлинин кɵтɵрʏлʏʏсʏ биздин жетишкендик. Ушул нерсе мен ʏчʏн маанилʏʏ.

— Ырчынын жеке стилин табууга кантип жардам бересиз?

— Алгач ырчынын табитин талдайм. Ал ʏчʏн анын кызыкканына, кɵнгɵн нерселерине, жада калса бала чагынан берки жактырып уккан ырларына, клиптерине, кумирлерине чейин байкоо жʏргʏзʏп, изилдеген соң, ага туура келген, образына жараша турган стилди сунуштайм.

— Сиз ʏчʏн музыка ɵндʏрʏшʏндɵгʏ эң чоң кыйынчылык эмне?

— Ырчыга ылайык ыр тандоо – чоң кыйынчылык жаратат деп айтсам болот. ʏнʏнɵ туура келеби, вокалдык мʏмкʏнчʏлʏгʏ жетеби деген сыяктуу суроолор байма-бай ойлондуруп турат. Менде музыкалык билим жок болгондуктан, табитиме жана интуицияма таянып иш алып барам.

— Музыкалык жаңылыктарды кайдан табасыз?

— Биринчи, эл эмнени угуп, кандай ырларды талап кылып атат, ошону изилдейбиз. Азыр элге ɵзʏңʏн табитиңди таңуулай турган, мурункудай заман эмес. Орто Азиянын чарттарын угуп кɵрɵбʏз, дагы да жетиштʏʏ болбой жатса, андан ары Европанын, дʏйнɵлʏк чарттарды тыңдайбыз. Байкоонун жыйынтыгын ɵз долбоорлорубузга,  музыка ɵндʏрʏшʏндɵ колдонобуз.

 —Командадагы ырчыларга кантип мотивация бересиз?

— Бир эле менин командамдагы ырчыларга гана эмес, башка ырчыларга да  ыр жаздырып же клип тарткан учурда, кээ бир адамдарга окшоп, маанайын, ɵзʏнɵ болгон ишенимин сындырбайм. Окшоштура албай жатса, жылуу-жумшак, сылык-сыпайы сɵздɵр менен жеткизип, дагы да ачылышына жардам беремин.  Болбой жаткан нерсени ачык эле сʏйлɵшʏп, сырдашып моралдык  жактан колдоо кɵрсɵткɵнгɵ аракет жасаймын.

— Азыркы музыкалык тенденциялар боюнча оюңуз кандай? Сиздин кайсы долбооруңуз буга жооп берет?

— «Мода кайталанат» деп коюшат го. Азыр ошол 90-жылдардагыдай музыкалык стиль популярдуу болуп, менин командамдан Нурмира Асанова “Жоралар” ырын кавер кылып ырдап жʏрɵт. Ал ырды бир клиент тойго чакырып атайын,  “ушул ырды ырдап бериниз” деп аранжировкасынын акысын ɵзʏ тɵлɵп жаздырган ыр. Кызыгы, бул ырды жазган ɵзбек автору Фуркат Мачо Нурмирага Ɵзбекстанга барып дуэт ырдоону сунуштады. Мындан тышкары, азыр абдан популярдуу болуп жаткан ɵзбек ырчысы Хамдам Собиров биздин ырчы Аруна Куб менен дуэт ырдады. Бул долбоорлор азыркы музыкалык тенденцияларга туура келет деп эсептейм.

—Сʏйʏп жеген тамагыңыз кайсы?

— Мен ʏчʏн чыныгы даам — ашта. Анын жытынан, даамынан жана ысыгынан ырахат алам. Жɵнɵкɵй тамактын ичинде чоң жашоо бардай сезилет.

— ʏй-бʏлɵлʏк абалыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Бул менин жеке жашоом, ошондуктан сыр бойдон калтыргым келет.

— Ɵзʏңʏздʏ кандай мʏнɵздɵйсʏз?

— Мен жɵнɵкɵй адаммын. Жɵнɵкɵйлʏк — мен ʏчʏн чоң баалуулук. Адамдын жʏрɵгʏ таза, сɵзʏ тʏз болсо, ошол жетиштʏʏ. Жɵнɵкɵйлʏк менен жашоо мага тынчтык алып келет жана башкаларга ишенимдʏʏ мамиле кылууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт.

— Сиздин командаңызга кошулуу ʏчʏн ырчылар кандай критерийлерге жооп берʏʏсʏ керек?

— Биринчи орунда вокалдык жɵндɵм абдан маанилʏʏ. Андан соң сырткы келбет, музыкалык табит каралат. Ошондой эле келишимдеги ɵндʏрʏштʏк чыгымдарды каржылоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ болушу шарт. Эгер ушул талаптарга жооп бере турган таланттар болсо, мен командама чакырып кетем.

Гульнура  Ормонова

About The Author