Тарыхый, маданий жана тилдик окшоштуктарга негизделген божомолдор
Кыргыздар — байыртадан кɵчмɵн жашоо образын карманган эл. Алардын тарыхый мекени тууралуу ар кандай илимий кɵз караштар бар: бир тарап Ала-Тоону байыркы мекен десе, кээ бири аларды Чыгыш Теңир-Тоо же Батыш Монголия тарапка жайгаштырат. Айрым тарыхчылар болсо кыргыздарды Орусиянын тʏндʏк Сибирь ɵрɵɵндɵрʏнɵ байланыштырышат. Бул пикирлердин ар тʏрдʏʏлʏгʏ бизге таңсык деле эмес. Анткени биз кенедей кезибизден “Манас” эпосунан тарыхый маалыматтарды угуп, окуп келебиз.

Берингия — эки континентти бириктирген кɵпʏрɵ
Орусия менен Тʏндʏк Америка материгинин эң жакын жери — Беринг кысыгы. Анын эң тар жери болгону 85 км. Бул кысык муз доорунда(болжол менен 15 000–25 000 жыл мурда) кургак жер болгондуктан, ал “Берингия” деп аталган. Илимий иликтɵɵлɵргɵ караганда, ошол учурда Сибирден чыккан палео-индейлер аң уулоого ыңгайлуу жаңы жерлерди издеп, Берингия аркылуу Аляскага ɵтʏп, Тʏндʏк Америка континентине отурукташкан. Бул — Америкадагы адамдардын алгачкы миграциясы катары тарыхта таанылат.
2007-жылы Иллинойс университетинин изилдɵɵчʏсʏ Райпан Мали Сибирь, Алтай, Енисей аймактарындагы элдер менен Америка индейлеринин ортосунда генетикалык жана маданий байланышы болушу мʏмкʏн экенин билдирген. Бул гипотезаны Осмонакун Ибраимов дагы колдоп чыккан. Ал Алтайдагы атактуу Денисова ʏңкʏрʏнɵн табылган байыркы адамдын сɵɵгʏнɵ жасалган ДНК талдоолору жана башка ʏлгʏлɵр аркылуу мындай байланыштар тастыкталышы мʏмкʏн экенин белгилеген.
Навахолор менен кыргыздардын окшоштуктары


«Индейлер» – бул европалыктар Америкага барып, ал жактагы жергиликтʏʏ элге берген жалпы аталыш. А чынында индейлер ар кайсы этностордон болуп, тили жагынан такыр бири-бирине окшобогон эл болгон. Алардын ичинен навахо эли менен кыргыздардын ортосундагы маданий, тарыхый жана тилдик окшоштуктар ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурууга арзыйт. Ушул багытта кыргыз жана тʏрк окумуштуулары — Мирланбек Нурматов, Абдырасул Исаков, Кадыралы Конкобаев жана Ферхан Тунагʏр изилдɵɵ жʏргʏзʏп, атайын китеп жазышкан.
Навахолордун учурда жашаган аймагы АКШнын Аризона, Нью-Мексико жана Юта штаттарынын чектешкен бɵлʏгʏндɵ жайгашкан. Бул аймак 1968-жылдагы келишимдердин негизинде аларга расмий тʏрдɵ ыйгарылган. Аянты — 27 миң чарчы чакырым. Рельефи — тоолуу, кээ бир жерлери чɵл.
Навахолордун дʏйнɵ таанымы байыркы кыргыздардын теңирчилигине окшош: аалам, жаратылыш менен гармониялуу жашоо идеясы ʏстɵмдʏк кылат. Диний тʏшʏнʏктɵрʏ Орто Азия элинин ислам же христиан динин кабыл ала электеги доорлорду эске салат.
ʏй-бʏлɵлʏк жана коомдук тʏзʏлʏштɵгʏ параллелдер
Навахолор хокан деп аталган, тегерек формадагы, ʏстʏндɵ терезеси бар ʏйлɵрдɵ жашашкан. Бул боз ʏйгɵ абдан окшош келет. ʏйдʏн ичинин аял-эркек тарап болуп бɵлʏнʏшʏ, ички жасалгасы, колдонуу багыты да кыргыздардын боз ʏйʏн эске салат. Коомдук жашоодо элдик кеңеш, жамааттык чечим кабыл алуу системасы да кыргыздардын курултайына абдан окшош.
Бир кызыктуу факт — жаңы тɵрɵлгɵн балдардын куймулчак бɵлʏгʏндɵ кɵгɵргɵн тактын болушу. Кыргыздардын тʏшʏнʏгʏндɵ, Умай эне тɵрɵт учурунда баланы “чыга гой” деп урганынан улам ошол так калат деген имиштерибиз бар эмеспи. Бул кɵрʏнʏш навахолордо да кездешет экен. Бул да окумуштуулар тарабынан ɵзʏнчɵ изилденʏʏгɵ татыган керемет бир кɵрʏнʏш.

Тамак-аш, элдик дарыгерлик жана кол ɵнɵрчʏлʏк
Навахолордун тамак-аш адаттарында да кыргыздарга окшоштуктар кɵп: камырдан жасалган май токочтор, жармага окшош суусундуктар, кымыз сымал ичимдиктер. Эт бышыруу, мал союудагы мʏчɵлɵɵ ыкмалары — дал кыргыздардын салтына ʏндɵш.
Медицинада болсо навахолор табыпчылыкка кɵп ишенишет. Кɵз тийʏʏдɵн, жаман сɵздɵн сактоочу ырым-жырымдар, шуру, коралл, асыл таштардан жасалган кɵз мончоктор кеңири колдонулат.
Жʏндɵн жип ийрип, аны боёп, андан кийиз, килем жасоо ɵнɵрʏ дагы эки элдин ортосундагы дагы бир маданий параллел.
Бул окшоштуктар тууралуу коомдук ишмер Кубат Оторбаев навахолорду жеринде изилдеп келген соң:
“Кыргыздын калпагын кийгизсек, навахолордун 99 пайызы кыргыздын уулундай, кыздары биздин кыздардай”, — деп сʏрɵттɵгɵн.
Тилдик дал келʏʏлɵр

Филология илимдеринин кандидаты, лингвист Салтанат Мамбаева АКШдагы айрым индей уруулары менен тʏрк элдеринин, ɵзгɵчɵ кыргыздардын тилдеринин окшоштуктарын изилдеген.
Анын жазгандарында навахо тили менен кыргыз тилинин кɵптɵгɵн ʏндɵш сɵздɵрʏ келтирилет. Мисалы:
• “Алатсын” — алакан;
• “Этцы” — эт;
• “Адистий” — адис, чебер;
• “Акей”, “акея” — кыргызча “аке” дегенге окшош.
Ошондой эле, навахолор кар баскан тоолорду “Ала-Таоа” деп аташат. Бул кыргыздардын “Ала-Тоо” аталышына ʏндɵш.
Фонетикалык жактан кээ бир “ң”, “к” сыяктуу ʏнсʏздɵрдʏ кыргыздардай кекиртекке салып айткан ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ да бар. Тамгалардын ʏстʏнɵ ʏтʏр, дефис коюп ɵзгɵчɵ тыбыштарды кɵрсɵтʏшɵт.
Навахолордо кыргыздардын “акыйнек” сыяктуу ырдашуу салтына окшогон, чечендикти, сɵз тапкычтыкты кɵрсɵтʏʏчʏ ыр формасы бар. Ошондой эле, навахолор “чʏкɵ” оюнун да ойношот. Салтанат айымдын айтымында, бул оюн башка индей урууларынын арасында кездешпейт.
Илимий изилдɵɵгɵ арзый турган олуттуу кɵрʏнʏш
Кыргыздар менен индейлердин, ɵзгɵчɵ навахо элинин ортосундагы байланышты так аныктоо азырынча мʏмкʏн болбой турат. Бирок, жогоруда келтирилген генетикалык, тилдик, этнографиялык жана маданий дал келʏʏлɵр — эки элдин тарыхый жакындыгына ишарат берет.
Бул маселе дагы терең, кɵп тараптуу изилдɵɵнʏ талап кылган темалардын бири. Илимпоздордун пикирлери ар тʏрдʏʏ болгону менен, бир нерсе айкын: кыргыздар менен индейлердин, айрыкча навахолордун ортосундагы окшоштуктар жɵн гана туш келди жыйынтык эмес, ал илимий изилдɵɵгɵ арзый турган олуттуу кɵрʏнʏш.
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы