20 августа, 2025

Кең дʏйнɵдɵ эмне кеп?

Жамы журттун кɵңʏлʏнɵ жарылбаган жарадай тийип бʏткɵн орус-украин  согушу качан жана кандай ыңгайда аяктаарын эч ким айта албашы турган кеп. Бирок, согушту токтотууга карай ар кандай аракеттер кɵрʏлʏп жатканына коомчулук ɵзʏ кʏбɵ.

АКШ президенти Трамп  оболу элʏʏ кʏндʏк мɵɵнɵттɵ Орусияга ок атышууну токтотууга макул болуу, антпесе  оор шарттардагы санкция жасаарын эскерткен шарты менен ультиматум койгону маалым. Эртең менен айтканын кечинде эле оңдой берген салтына салып, Трамп бул мɵɵнɵттʏ бат эле — ”он кʏнгɵ” деп жылдырган. Ошондо, он кʏндʏк мɵɵнɵт  бул аптанын жума кʏнʏ, тагыраагы 8-августта бʏтʏʏгɵ тийиш эле. Ал ортодо — 6-августта Трамп АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткоффту Москвага жумушчу сапары менен жɵнɵттʏ. Сапардын жыйынтыгына Трамп ɵзʏ комментарий берди.

АКШпрезидентинин баамында, “Путин менен болгон сʏйлɵшʏʏ абдан жакшы жʏргʏзʏлгɵн”. Америкалык лидер ошону менен бирге, жакынкы эле аралыкта орус президенти Владимир Путин менен Украинадагы согшту токтотууну талкуулоо ʏчʏн  жолугуп калуу ыктымалдуулугу бар экенин белгиледи. Путин менен сʏйлɵшʏʏ “жакшы ɵткɵнʏн” дагы бир ирет кайталап, бирок Кремлге каршы анын соода ɵнɵктɵштɵрʏнɵ салынчу  аралык санкциялардын мʏмкʏндʏгʏн да жокко чыгарбады.

Ак ʏйдʏн башчысы жакынкы апталарда украин-орус жаңжалын кантип бʏтʏрсɵ болоорун  тʏшʏнʏʏнʏ каалаарын белгиледи. Анын айтканы боюнча, ал “милдеттенмелерин” сезип жатат, андыктан кризисти токтотуу керек. Орусиянын ɵнɵктɵштɵрʏнɵ карата экинчи — аралык санкциялар киргизилет деп билдирди Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мурдараак: ”Эки президенттин жолугушуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнɵ  тоскоолдук кылып жаткан кɵптɵгɵн бɵгɵттɵрдʏ жок кылуу ʏчʏн бир катар маанилʏʏ аракеттерди жасоого туура келет”, — деп билдирген эле.

“Бʏгʏн жакшы кʏн болду. Бирок, алдыда кɵп иштер кʏтʏп жатат. Тоскоолдууктарды жеңʏʏ ʏчʏн дагы кɵп иштерди жасоо керек жана биз аны жакынкы кʏндɵрдɵ, сааттарда, а балким апталарда жасашыбыз мʏмкʏн”,-  деген мамкатчы.

Ак ʏйгɵ жакын маалымат каражаттары президенттердин жолугушуусуна карата даярдыктардын жʏрʏп жатканын тастыкташты. Алардын маалыматы боюнча, Дональд Трамп алгач Путин менен, андан соң  Украина президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда ʏч тараптуу жолугушууларды ɵткɵрʏʏсʏ ыктымал.

Орусиялыктар президент Трамп менен жолугушуу боюнча каалоолорун билдиришти жана Трамп президент Путин менен да, президент Зеленский менен да жолугушууга даяр.

Ак ʏйдʏн басма сɵз катчычсы Кэролайн Ливитттин, “айгышкан бул согуштун аягына чыгуусун Трамп каалайт” деген билдирʏʏсʏн CNN жазып чыкты.

Америкада “Эпшейн тизмесинин” айланасындагы ызы-чуу уланууда. Кɵрсɵ, бай педофилдер ʏчʏн жабык кечелердин уюштуруучусу Трамп менен жекече тааныш экен. Ал эмес, 1993-жылы Нью-Йоркто ɵткɵн Трамптын ʏйлɵнʏʏ ʏлпɵтʏнɵ да келгендиги белгилʏʏ болду. Буга дейре белгисиз болгон фотолорду жарыялаган CNN телеканалы муну ачык тастыктады. Телеканалды фейкчил деп айыптаган Дональд мунун ыкы-чыкысын комментарийлɵɵдɵн баш  тарта трубканы таштап койду. “Эпштейндин тизмесинин” тегерегиндеги ызы-чууну ал ФБР директору Жеймс Коми тарабынан бурмаланган досьеге негизделген демократтардын “жаңы жалганы” деп атады. Андыктан, аны азырынча “бул ачык эле жалгандын кимге кереги бар?” деген шылтоо менен ачыкка чыгара элек.

Бирок, кɵңʏл сыртында калбоочу бир маселе, басма сɵздɵ баягы “тизмеде” айтылуу миллиардер Илон Маск да эскертилип жʏргɵнʏ  туурасындагы маалымат берилген. Ооба,  аталган ызы-чуулуу досьени жарыялаганга каршы болгон Трампты алгачкылардан болуп аёосуз  сындап чыккан Илон Масктын дал ɵзʏ…

АКШда дагы бир ызы-чуу 2016-жылкы президенттик шайлоодо маалыматты бурмалоого Орусиянын катыштыгы бар деген айыптоого байланышкан баш айлантма пайда болду. Буга байланыштуу, Трамп экс-президент Барак Обаманы “Банда башчысы” атап, анын фейктик досье тʏзʏʏгɵ берген буйругу ʏчʏн мамлекеттик чыккынчылыкта айыптап чыкканга ʏлгʏрдʏ. Жазалоо деп катуу айтылганы менен, андай болбоосун америкалыктардын баары эле эң сонун тʏшʏнʏшɵт. Америкада, бʏгʏн шайланган президентти эртеңден баштап, кечээ шайланган президентти бʏгʏнтɵн тартып кескин сындап, оппозицияга олтура калуунун биздей ит пейили  жок. АКШнын эң жогорку бийлик тɵрʏндɵ “мурункуларга асылба, кийинкилер да сага асылбайт” деген жазылбаган эреже сакталат жана бул эрежени азыркы учурда кɵптɵгɵн мамлекеттерде эп кɵрʏшɵт. Бул эрежеге биз да эми-эми  кɵнɵ баштадык сыягы.

Обамага келсек, Трамп ал жɵнʏндɵ каерде, эмнени айтпасын, баары бир Обамага тийишпейт.

Орустар   какшыктап  ”Самоходный Жо” деп атап алышкан экс-президент Байден ɵз мемуарларын сатты. Ооба, мемуарлар али жазыла элек жана аларды Байден ɵзʏ жаза албоосу, башка бирɵɵлɵргɵ ɵз атынан жаздыраары белгилʏʏ. Буга чейин деле маанилʏʏ документтерге  Байдендин колу факсимиле менен коюлуп келгени маалым. ”Уйкучу Жо” деген дагы бир какшык аты бар экс-президенттин эскерме китеби ʏчʏн эмитен эле он миллион долларга чамалаш гонорар тɵлɵɵгɵ даяр тургандар чыгууда. Кандай таңкалыштуу экенин кɵрдʏңɵрбʏ, ага пайдалуу болгон маалдарда Байден кирди-чыкты акылына шылтоолоп, кɵрʏнбɵгɵн тааныш-билиштери менен саламдашып, ары бас десең,  бери басып, бери бас дегенде ары кетет.Ал эми, 10 миллион доллар дегенде, адекваттуу болуп, баарын эсине тʏшʏрɵт экен.

Ɵкмɵттɵгʏ кадрдык алмаштырууларда билим берʏʏ министри Барбара Новацкая ɵз  постун сактап калды. Польша Сейминде ага карата аркы-берки  ар кандай  кеп-сɵздɵр айтылды. Депутат Цвиг аны “баарынын кɵңʏлʏ калган болбогур жетекчи” деп атап, анын жогору жакта чоң колдоочусу бар себептен алмаштырышпай шʏк калтырышканын кыйыткан: “Фактыларды байланыштыра ала турган ар кандай эле адам анын ɵз ордунда кантип калганын билет”,- деген ал.

ЖМКлар бул айтылгандарды дароо кɵкɵлɵтʏшʏп, Туск менен Новацкийдин ортосунда сырдуу бир интригалык мамиле  болуусу ыктымал деп жазып чыгышты. Кийинчерээк депутатка мен андай маанини кɵңʏлгɵ алып айтпадым деп  кечирим суроого туура келди. Бирок, ушунун ɵзʏ да Барбаранын чын эле таасирдʏʏ колдоочусу бар экендигинен кабар берип турат дешет.

Абдираим  Мамытов

About The Author