20 августа, 2025

Б. Баетов: “Жашоомдун жол картасы:  кызмат, кыял жана жоопкерчилик”

Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов жашоосун кызмат, кыял жана жоопкерчилик менен байланыштырат. Бала кезинен билимге умтулуп, бʏгʏн Ош шаарынын ɵнʏгʏʏсʏнɵ салым кошуп,  элге кызмат кылуу анын башкы максаты экенин айтат.

— Мен 1989-жылдын 26-январында жарык дʏйнɵгɵ келгем. Балалыгым 1995-2001-жылдары Ɵзгɵн районунун Баш-Дɵбɵ айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Кашка-Терек айылында ɵттʏ. Чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум. 1995-жылы №56 Капар Кулматов атындагы орто мектепте билим алууну баштап, 1-класска бардым.

Ата-энемдин Жалал-Абадда жашагандыгына байланыштуу 2001–2006-жылдары шаардагы №4 мектеп-гимназиясында окуп, ошол жерден мектепти аяктадым. Ата-энем билим берʏʏ тармагында иштешет: апам университеттин профессору, атам болсо алгач мугалим болуп иштеп, кийин инженер кесибин тандап, бʏгʏнкʏ кʏндɵ “Кыргыз темир жолунун” тʏштʏк бɵлʏмʏндɵ эмгектенʏʏдɵ.

— Бала кезимде футболду сʏйʏп, кʏндɵ ойночумун. Ошол учурда дарыгер болууну кыялданган элем. Бирок чоңойгон сайын тандоого убакыт келет экен. Мага: “Эгер врач болом десең, Бишкекке барасың, эгер башка кесип тандай турган болсоң, Ошто каласың”, — дешти. Ушул жерден мен жʏрɵгʏмɵ жакын болгон юридикалык тармакты тандадым. Бул менин кыялымдын ишке ашканы деп ойлойм. Анткени мен ар дайым элге кызмат кылууну самап келгем.

-Саясатка толук кирдим деп айта албайм. Азырынча босогосунда турам. ʏйрɵнʏʏ процессин улантып жатам. Саясатты, чарбаны, дагы башка бардык тармактарды терең тʏшʏнгɵндɵ гана толук кандуу саясатчы болом деп ишенем.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы катары элге кызмат кылуу менин негизги миссиям. Экинчи чакырылыштын депутаты катары, шайлоодо элден ар кандай сунуштар, талаптар болгон. Алардын эң негизгилери — мурда жеке менчике ɵтʏп кеткен жерлерди, мамлекеттик социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу болчу. Учурда бул багытта активдʏʏ иштер жʏрʏп жатат. 4–5 бала бакчаны соттук териштирʏʏнʏн негизинде мамлекеттин карамагына кайтарып алдык. Бул — элге берген убадаларыбыздын ишке ашып жатканын кɵрсɵтɵт.

-Шаардык кеңештин депутаттары менен бирге биздин максатыбыз — шаардык тургундардын ʏнʏн угуу, жакшы демилгелерди колдоо жана кɵйгɵйлɵрдʏ бирге чечʏʏ. Шаардын ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн башкы милдеттердин бири — башкы планды (генпланды) жана деталдык планды бекитʏʏ. Бул кадамдар келечектеги урбанизациянын багытын аныктайт.

— Мен ʏчʏн Ош шаары башка шаарлардан тарыхы, абасы, конок кʏткɵнʏ менен айырмаланат. Бул жерде жакшыны жакшы деп айта алган эл жашайт.

— ʏй-бʏлɵм — менин байлыгым. Жубайым ʏй кожойкеси, ʏч балабыз бар. Эки уулум мектепте окушат, кызым бала бакчага барат. Жумуш менен канчалык алек болбоюн, ʏй-бʏлɵгɵ убакыт бɵлʏʏ мен ʏчʏн маанилʏʏ.

Пунктуалдуулук — менин дагы бир жеке сапатым. Эгер жумуш боюнча бир жерге баруум керек болсо, 5–10 мʏнɵт мурда жетʏʏгɵ аракет кылам. Бул — адамдарды сыйлоонун бир белгиси деп эсептейм.

-Кʏн сайын китеп окуйм. Айрыкча, тарыхый чыгармалар жана дʏйнɵлʏк лидерлердин ɵмʏр баяндары мен ʏчʏн мотивациянын булагы. Черчилль, Трамп, Рузвельт, Махатхир Мохаммад, Ли Куан Ю сыяктуу инсандар тууралуу кɵп окуп, изилдедим. Бирок кийин аңдасам, жалгыз гана батыш лидерлерине эмес, ислам тарыхындагы улуу инсандар — Азирети Омар, Абубакир Сыддык, Али (разияллоху анху) тууралуу да окуш керек экен.

Мактануу эмес, бирок, мен “Сынган кылыч” романын 17 жолу окуп чыктым. Ли Куан Юнун “Из третьего мира в первый” китеби да мен ʏчʏн чоң мотивация болгон. Сингапур сыяктуу кичинекей мамлекетти дʏйнɵлʏк деңгээлге чыгарган адамдын тажрыйбасы кɵп нерсени ʏйрɵтɵт.

Мотивацияны ар кайсы жерден алам. Чоң атамдын насааттары мен ʏчʏн жашоодогу жол кɵрсɵтʏʏчʏ багыт болуп саналат. Мотивация — мен ʏчʏн кʏнʏмдʏк жашоо образы.

-Жаштарга кеңешим: саясатка шашылбагыла, алгач кесибиңерди мыкты ɵздɵштʏргʏлɵ. Саясатчы болом деп кɵчɵгɵ чыгып, кыйкырган адам саясатчы боло албайт. Саясатчы болуу ʏчʏн кɵп кʏч-аракет, терең билим жана мамлекеттин келечегин кɵрɵ билʏʏ керек. Бизде кʏчтʏʏ мугалимдер, дарыгерлер, журналисттер, бизнесмендер  кɵп. Мына ошолорду мыкты саясатчы деп айтса болот. А саясатчы эң акыркы мотиватор десем жаңылышпасам керек. Андан мурда профессионалдардан мотивация алууга ʏйрɵнʏʏбʏз зарыл. Бʏгʏн дʏйнɵ тез ɵзгɵрʏʏдɵ. Мамлекетти кайсы багытта ɵнʏктʏрɵбʏз деген суроого жооп берʏʏ — саясатчылардын эң негизги милдети.

-Мен ʏчʏн ийгилик — бул жакындарымдын аманчылыгы, мамлекеттеги тынчтык жана стабилдʏʏлʏк, элдин жашоо деңгээлинин жакшырышы. Ийгилик — бул материалдык эмес, руханий тʏшʏнʏк. Ар ким ɵз ийгилигин ɵзʏнчɵ аныктайт.

— Мен кʏн сайын ката кетирем. Бирок ошол каталарды моюнга алып, оңдоого аракет кылам. «Ката кетирбейм» деген адам — ɵзʏн тааныбаган акмак адам. Адам кʏн сайын ʏйрɵнʏп, ɵсʏшʏ керек. Идеалдуу адам жок. Бирок кемчиликти моюнга алуу мен ʏчʏн улуулук.

Маегибизде кɵрʏнʏп тургандай, кызмат кылуу, талыкпай ʏйрɵнʏʏ, элге пайда алып келʏʏ менин жашоомдун башкы маңызы. Саясат — бул элдин жʏгʏн кɵтɵрʏʏчʏ оор, бирок сыймыктуу жол. Жаштарга ʏлгʏ болчу инсан болуу — бул жʏрɵктʏн чакырыгы.

Айнура  Валижанова

About The Author