27 февраля, 2026

ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК

Ооган согушу — 1979-1989-жылдардагы Советтер Союзунун куралдуу кʏчтɵрʏнʏн Ооганстандын ички согушуна кийлигишʏʏсʏ менен башталган 10 жылдык согуш. Бул согушка 620 миңден ашуун советтик жоокер катышкан. Алардын арасында кыргызстандыктар да болгон. Бʏгʏн Ош шаарында жашап жаткан Ооган согушунун ардагерлери жаш муунга тынчтыктын баркын тʏшʏндʏрʏп, ɵздɵрʏ кɵргɵн оор кʏндɵрдʏ эскерип келишет. Биз Ош шаардык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин тɵрагасы, запастагы полковниги Какан Эралиев, тɵраганын орун басары Курсанбек Тойчубаев жана ардагер Бахадыр Абдуллаев  менен маектештик.

-Какан агай, сиз Ооганстанга кантип жɵнɵп кеткенсиз жана алгач барганда кандай абалда болдуңуздар?

-1983-жылы 26 жашымда Орто Азия аскердик округунун буйругу менен Ооганстанга жɵнɵтʏлгɵм. Ал кезде 7 жашар уулум бар болчу, жубайым алты айлык кош бойлуу эле.  Ал убакта “эмнеге барам? Кайда барасың?” деген пикирлер болбойт болчу. Буйрук кʏтʏʏсʏз келип, дароо эле жɵнɵп кеткем. Башында абал абдан оор болду. Согуш жʏрʏп жаткан аймак болгондуктан коопсуздук маселеси ɵтɵ кʏчтʏʏ эле. Биринчи сегиз ай жер казып, жер тɵлɵдɵ (землянкада) жашадык. Андан кийин чатырда, кийин офицерлер ʏчʏн курулган модулдук жайларга кɵчтʏк. Жашообуз оор шартта, аябай катаал болчу.

-Сиз кайсы кызматта иштедиңиз?

-Мен эвакуациялык взводдун командири болуп иштедим. Биздин милдет — жарадарларды, ооругандарды жана каза болгондорду ташуу эле. Колумда 26 жоокер болсо, алардын он экиси фельдшер, ʏчɵɵ дарыгер, калганы айдоочулар. 21 даана санитардык техникабыз болгон. Кɵп учурда аскердик колонналарды коштоп жʏрчʏбʏз. Жолдо жоокерлер жарадар болот, ооруп калат, кээде курмандыкка да учурайт. Ошолорго биринчи медициналык жардамды кɵрсɵтʏп, госпиталга жеткирчʏбʏз. Бул биздин эң башкы милдет эле.

-Эң оор учурлар кайсылар болду?

-Жоготуулар. Жаш жигиттердин кɵз алдыбызда каза болгону эң оор болду. Кээде ачка, кээде суусуз калчубуз. Негизги тамак-ашыбыз консерва эле. Бышырылган картошка жана капуста салынган ʏч литрлик  банкалардагы тамактарды жечʏбʏз. Суу кайнатып, ысык чай ичкенге да шарт жок эле…

Биз кызмат ɵтɵгɵн аймак Пакистан чек арасына жакын Лангархар тарап болчу. Субтропикалык климатта эле. Жайында 50 градуска чейин ысык, суу тартыш. Фляшка менен суу ташып, чоң идиштерден куюп иччʏбʏз. Ал кʏндɵр эч убакта эсимден кетпейт.

-Согуштан кайтып келгенден соң кандай абалда болдуңуз? Ден соолугуңузга залакасы тийбедеби?

— Ооба. Сарык оорусу менен оорудум. Ташкентте дарыландым. Кол тифи менен ооруп, эки жолу безгек (малярия) болдум. Кайтып келерде гарнизондо холера чыгып, карантинге алындык. Келгенден кийин эң биринчи балдарымды кɵрʏп ыйладым. Кетип жатканда жубайым кош бойлуу болчу. Кайтып келсем уулум бир жаш жети айлык болуп калыптыр. Туулганын да, алгачкы кадамын да кɵргɵн эмесмин. Балам мени тааныбай, чоңоюп сʏйлɵп калган экен.

-Азыркы жаштарга эмне айтаар элеңиз?

-Тынчтыкты баалагыла, биз кɵргɵндʏ кɵрбɵгʏлɵ. Азыркы жаштар жоопкерчиликти сезиши керек. Мекен ʏчʏн кызматтан качпай, кызматын ɵтɵсɵ бул эң чоң жоопкерчилик. Эң негизгиси мекенибиз тынч, эл журтубуз аман болсун.

-Курсанбек аба, сизди аскерге качан жана кантип чакырышты?

-Мектепти бʏтʏрʏп, институтка тапшырып жʏргɵн учурда апрель айында аскерге чакырылдым. Ош шаардык аскер комиссариатынан ɵтʏп, батыш кичи районундагы аскер бɵлʏгʏнɵ чогулдук. Андан кийин ʏч айга Ташкентке байланыш адистиги боюнча окууга жɵнɵтʏштʏ. Ташкенттеги даярдык учурунда согушка бара турганыбызды билдик. Климатка кɵндʏрʏʏ ʏчʏн Казакстандын чɵлдɵрʏндɵ машыктырылдык. Андан соң учак менен Ооганстандын Шинданд шаарына, ал жерден Кабулга бардык. Кабулда 103-ɵзʏнчɵ байланыш полкунда кызмат ɵтɵдʏм. Бул бɵлʏк Ооганстандагы 40-армиянын курамында болчу. Биздин милдет — бардык аскердик кыймылдарды байланыш менен камсыз кылуу эле. Мен 42-радиостанциянын телеграфисти болуп иштегенмин. Колоннанын алдында да, артында да байланыш унаасы жʏрчʏ. Чабуул, коргонуу, кɵчʏʏ баары биздин маалымат аркылуу башкарылчу. Байланыш ʏзʏлсɵ, башкаруу токтойт.

-Кайсы аймактарда болдуңуз? Алар тууралуу кандай ойюңуз кандай?

-Кабулдан тышкары Баграм, Саланг ашуусу жана башка аймактарда болдум. Жалпы эки жыл кызмат ɵтɵдʏм. Ал кезде 18 жашта, бойдок элем. Ооганстан тарыхында кɵп согуштарды кɵргɵн ɵлкɵ. Эл аралык абал татаал болчу. Ошондуктан биз ал жакка элдин тынчтыгы ʏчʏн жардамга барганбыз. Кандай болгон кʏндɵ дагы, тарыхта калган окуяга кʏбɵ болуп, окуянын ɵзʏндɵ кызматымды ɵтɵп келгеним ʏчʏн ɵкʏнбɵймʏн.

-Мекенге кайтып келгенде кандай сезимде болдуңуз?

-Алгач Ташкентке тʏшʏп анан Кыргызстанга келгенбиз. Эң алгач Ташкентке конгондо “мен бактылуумун” деп сʏйʏнгɵнбʏз. Аман кайтып келʏʏ чоң бакыт. ʏйгɵ жеткенче ишене албай кубанганыбыз эсимде.

-Бахадыр аба, сиз канча жашыңызда Ооганстанга бардыңыз?

-Ал кезде 18 жашта элем. Окууну бʏткɵндɵн бир ай ɵтпɵй аскерге чакырышты. Октябрь айында комиссиядан ɵтʏп, Ташкенттеги Сергели аскер бɵлʏгʏнɵ жɵнɵтʏштʏ. Ал жерден Баграмга бардык. Учактан тʏшкɵндɵ эле айланадагы куралчан адамдар жана аскер техникаларына туш болдук. Бир жагында танка, бир жагында учак. “Кайда келип калдым?” деп ойлонгондор да болду. Башында катуу коркуу болду. Бирок убакыт ɵткɵн сайын ал шартка деле кɵнʏп кеттик. Бирок 18 жашта, балалык артта кала элек кезде согушка кирʏʏ психологиялык чоң сокку болду.

-Ал жакта башка адамдар менен мамиле кандай болду?

-Мен орус тилин жакшы билчʏмʏн. Ошондуктан башка улуттагы жоокерлер менен бат тил табыштым. Кыргыз, казак, ɵзбек жигиттер да кɵп болчу. Биримдик чоң жардам берди.

-Согуштан кандай сабак алдыңыз?

-Ɵмʏрʏнʏн баркын билдик. Тынчтыктын кадырын сездик.  Согуш эч качан жакшылык алып келбейт. Кыргызстаныбыз дагы тынч эле болсун дейт элем. Согуш мага ден соолуктун кадырын дагы сездирди. Келген соң бир жыл Фрунзедеги клиникада дарыландым. Аскер комиссариаты жардам берди. Азыр кудайга шʏгʏр, жакшы жʏрɵм.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author