Туура тандалган кесип-келечектин ачкычы
Ош медициналык колледжи Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1988-жылдын 16 ноябрындагы №429 Токтомунун ,Ош областык Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын сунушунун негизинде Жалал-Абад медициналык окуу жайынын Ош областындагы филиалы катары уюштурулган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инспекция комиссиясынын 1992-жылдын 30-апрелиндеги чечиминин,Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин 1992-жылдын 15-майындагы №145 буйругунун негизинде Ош медициналык окуу жайы болуп өзгөргөн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин 2008-жылдын 12-октябрындагы №639 буйругу менен Ош медициналык колледжи болуп аталып ,иш алынып барылууда.
Адам өмүрүнө арачы болуп, ден соолукту сактоо — эң ыйык жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. Бүгүнкү күндүн талабы медицина тармагында билимдүү, кесипкөй жана бооркер адистерди даярдоо болуп саналат. Колледждин жалпы окутуучулар курамын көп жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй адистер түзөт.
Ушул максатта биздин Ош медициналык колледжи да сапаттуу медициналык адистерди даярдап келишүүдө.Колледжде заманбап талаптарга ылайык билим берүү уюштурулуп, теория менен практиканын айкалышына өзгөчө көңүл бурулууда.

Окуу жайдын 2 окуу имараты бар 33 теориялык,26 практикалык,11 клиникалык жана 4 лабораториялык каааналарда окуу процесстери жүргүзүлөт.1актылык зал,1 китепкана ,Мамлекеттик тил борбору жана улуттук тарых музейи студенттерге кызмат көрсөтөт.Окуу жайдын китепканасынын базасында 16200 даана медциналык,гуманитардык жана көркөм адабий китептер бар.Электрондук китепканадан да пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган.Китепканадагы жана ресурстук борбордогу компьютерлер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылган жана студенттердин колдонуусуна ыңгайлуу.Ош медициналык колледжи уюштурулгандан бери 9000 миңден ашуун медициналык кесипкөй адистер даярдалып,учурда калктын саламаттыгын жакшыртууга өз салымдарын кошуп,кызмат кылышууда .Колледжде төмөнкү адистиктер окутулат:
1.060101 Дарылоо иши
2.060102 Акушердик иши
3.060108 Фармация
4.060109 Медициналык айым иши
5.060110 Лабораториялык аныктоо
Окуу жайда 63 штаттык окутуучу иштейт, алардын ичинен 15 окутуучу «Саламаттык сактоонун мыктысы, 8 окутуучу « Билим берүүнүн мыктысы»,Саламаттыкты сактоонун министирлигинин Ардак грамотасы менен 3,Билим берүү министирлигинин Ардак грамотасы менен 6 окутуучу сыйланышкан.
Ош медициналык колледжи медицинаны сүйгөн,окуу предметтерин мыкты өздөштүргөн келечекте калктын саламатчылыгынын сакчылыгы үчүн кызмат кылган ак ниеттүү талапкерлерди кабыл алат.Окуу процесстери убакыт өткөн сайын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып барылууда.Окуу пландары жана программалары окутуунун жаңы усулунун негизинде жүргүзүлөт жана бүгүнкү замандын талабына толук жооп берет.Келечектеги медицина адистери окутуу оорунун алдын алууга жана жолдорун көрсөтүүгө багытталууда.Ага ылыйык окуу процесстери да жаңы предметтер менен улам толукталууда.
Орто медициналык кызматкерлерди даярдаган окуу жайы катары Ош медициналык колледжинин аброю,билим берүү деңгээли,сапаттык салмагы чоң.
Окуу жайдын жетишкендиктери
Орто медициналык кызматкерлерди даярдоодо Ош медициналык колледжинин аброю жана билим берүү сапаты жогору.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлгөн:
- 2005-жылы — «Медициналык билим берүү уюмдары арасындагы эң мыкты жамаат»;
- 2012-жылы — ушул эле сынактын мыкты жеңүүчүсү болгон.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз аккредитациялоо, рейтинг жана сертификациялоо институту (НИАРС) тарабынан өткөрүлгөн рейтингге катышкан.
Ал эми 2026-жылы Кыргызстандын медициналык колледждеринин арасында 1-орунду ээледи
Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы
Ош медициналык колледжи бүгүнкү күндө Республикадагы материалдык-техникалык базасы заманбап окуу жайларынын бири болуп эсептелинет.Башкача айтканда, окуу жайдын материалдык- техникалык базасы жогоруда айтылган окутуунун жаңы стандарттарынын талаптарына толугу менен жооп берет.Аудиториялар,окуу бөлүмдөрү,лабораториялар мезгил талабына ылыйык кимпьютердик кааналар менен жабдылган ,студенттердин билим алуусуна окутуунун жаңы стандарттарын жүргүзүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп берилген.Окуу жайдын окуу бөлумдөрү машыктыруу каанасы, төрөт зал, эне жана бала каанасы, фитобар,процедуралык,т аңуу каналарыжана башка окуу процессине ылайыкташтырылып, жогорку деңгээлдеги көрсөтмөлүүлүктөр менен жасалган. Окуу процессинде салттуу ыкмаларга негизделген практикалык багыттагы азыркы педагогикалык жана маалыматтык технологиялар пайдаланылат. Окуу жайында окутуучулардын жана студенттердин маданий эс алуусуна, спорттук машыгуусуна көп көңул бөлүнөт .Ошондой эле окуу жайдын укук коргоо органдары, диний кызматкерлер жана ардагерлер менен жолугушуулар, алдын алуу багытындагы иш чаралар,илимий практикалык конференциялар өткөрүлуп турат.
2026–2027-окуу жылына талапкерлерди төмөндөгү адистиктер боюнча бюджет жана контракт бөлүмүнө кабыл алууну жарыялайт:
1. Дарылоо иши
- Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.
- Контракттын жылдык төлөмү: 35 400 сом
- Окуу мөөнөтү: 3 жыл 6 ай
2. Акушердик иши
- Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.
- Контракттын жылдык төлөмү: 35 300 сом
- Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай
3. Фармация
- Контракттык негизде гана окутулат
- Контракттын жылдык төлөмү: 35 000 сом
- Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай
4. Мед айым иши
- Бюджеттик жана контракттык негизде окутулат.
- Контракттын жылдык төлөмү: 34 000 сом
- Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай
5. Лабораториялык диагностика
- Бюджеттик негизде окутулат
- Окуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай
Кабыл алуу шарттары
«Дарылоо иши», «Акушердик иши», «Мээрбан эже иши», «Фармация», «Лабораториялык диагностика» адистиктерине кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Кабыл алуу комиссиясына тапшырылуучу документтер
- ЖРТнын жыйынтыгы
- Орто билими тууралуу аттестаттын түп нускасы
- 3×4 өлчөмүндөгү 8 даана сүрөт
- Паспорттун көчүрмөсү
Биздин дарек
Ош медициналык колледжи
Дареги: Ош шаары, Салиева көчөсү, 57
Телефон: (03222) 4-69-67, 8-11-85
Уюлдук телефондор: 0555 80 76 59, 0755 95 55 60
Коомдук транспорттар:
- Автобустар: №13, №43
- Троллейбус: №1
- Маршруттук таксилер: №107, №109, №118, №122, №155
