11 апреля, 2026

Айдар Камалов: “Элдин ишенимин актоо – мен үчүн чоң жоопкерчилик”

Түштүк аймактын алыскы Кара-Мык айылынан чыгып, билим жана эмгек аркылуу өз ордун тапкан каарманыбыз бүгүнкү күндө Ош шаардык кеңешинин депутаты, тажрыйбалуу юрист катары коомго кызмат кылып келет. Айылдан башталган жөнөкөй турмуш, тынымсыз изденүү жана максатка умтулуу аны бүгүнкү деңгээлге алып келген. Биз анын өмүр жолу, кесиби жана кооойлору боюнча маектештик.

– Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен 1980-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында төрөлгөм. Бул аймак өлкөбүздүн эң алыскы, бийик тоолуу жерлеринин бири. Балалыгым ошол жерде өтүп, жөнөкөй үй-бүлөдө тарбия алдым. Айылдагы жашоо мага эмгектин баркын, чыдамкайлыкты жана жөнөкөйлүктү үйрөттү. Кыйын шарттар адамды эрте бышырат экен, ошол себептен бала кезден эле максат коюп жашоого үйрөндүм.

– Билим алууга болгон жолуңуз тууралалуу азын-оолак кеп кылсак жакшы эле.

– Мектепте окуп жүргөндө билимге өзгөчө көңүл бурчумун. Натыйжада биздин мектептен алтын медаль алган алгачкы окуучу мен болдум. Бул жетишкендик мен үчүн чоң дем берип, мындан ары дагы аракет кылууга түрткү болду. Андан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, юридика тармагын тандадым. 1997–2002-жылдары окуп, “Юриспруденция” адистиги боюнча артыкчылык дипломуна ээ болдум. Ошол эле учурда аскердик факультетте билим алып, запастагы офицер болдум. Кийин билимимди тереңдетүү максатында Швейцариядан бизнес укугу боюнча билим алдым. Бул мага дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйба берди.

– Эмгек жолуңуз кандай башталган?

– Эмгек жолумду окутуучу болуп баштагам. Жаштарга билим берүү мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Сабак берип жүрүп, өзүм да көп нерсени үйрөндүм. Андан кийин мамлекеттик кызматка өтүп, юстиция тармагында иштеп баштадым. Бул жерде жарандардын көйгөйлөрүн жакындан көрүп, мыйзамдын турмуштагы ролун терең түшүндүм.

– Кесиптик тажрыйбаңыз тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Ар кандай кызматтарды аркалап, акырындап тажрыйба топтодум. Жетекчилик кызматтарда иштеп, чечим кабыл алуу, адамдар менен иштөө сыяктуу көндүмдөрдү өздөштүрдүм. Коомдук уюмдарды жетектеп, ар кандай долбоорлорду ишке ашырдык. Бул иштер мага чоң турмуштук жана кесиптик мектеп болду десем жаңылышпайм.

– Депутат болууга эмне түрткү болду?

– Көп жыл юридикалык тармакта иштеп, жарандардын көйгөйлөрүн жакындан көрдүм. Айрыкча ишкерлер жана жөнөкөй адамдар укуктук колдоого муктаж экенин байкадым. Ошол маселелерди кеңири деңгээлде чечүүгө салым кошуу үчүн депутат болууну чечтим. Элдин ишенимин актоо – бул мен үчүн чоң жоопкерчилик жана милдет.

– Элдин кайрылуулар көбүнчө кандай маселелер менен байланыштуу болот?

– Көпчүлүк кайрылуулар үй-бүлөлүк жана укуктук маселелерге байланыштуу. Ажырашуу, мүлк бөлүштүрүү, жер талаш, салык маселелери көп кездешет. Ошондой эле социалдык жардам сурагандар да аз эмес. Ар бир кайрылууну жеке тагдыр катары кабыл алып, мүмкүн болушунча жардам берүүгө аракет кылам.

– Сизди  кайсы көйгөйлөр көбүрөөк тынчсыздандырат?

– Азыр ажырашуу маселеси өтө көбөйүп жатат. Ошондой эле бир туугандардын ортосундагы мүлк талаштары көбөйдү. Бул коомдогу баалуулуктардын өзгөрүп жатканын көрсөтөт. Кээде адамдар материалдык нерсени адамдык мамиледен жогору коюп жатышат. Бул нерсе мени ойлонтот. Коомдо адамгерчилик биринчи орунда болушу керек деп эсептейм.

– Чет өлкөлөр көп чыгат экенсиз. Тажрыйба артыруу үчүнбү же саякаттоо үчүн чыгасызбы?

– Дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө болдум. Ар бир сапар мен үчүн чоң тажрыйба. Айрыкча мыйзамдын үстөмдүгү, тартип жана жарандардын жоопкерчилиги жогору экенин байкадым. Айрым өлкөлөрдө мыйзам баарына бирдей иштейт, бул коомдун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошол жакшы тажрыйбаларды өз ишимде колдонууга аракет кылам.

– Балалык кыялыңыз тууралуу ой бөлүшүңүзчү. Ар бир адамдын балалыктагы кыялы, тилектери, максаттары болот эмеспи. Ошол сыяктуу эле сиз жаш кезиңизде кайсы кесипти аркалоону каалайт элеңиз?

– Бала кезде дарыгер болууну кыялданчумун. Бирок кийин юрист болдум. Ошентсе да, балалыктагы кыялдар адамды алдыга жетелейт экен. Чет өлкөдө билим алуу, коомдо өз ордуңду табуу, элге кызмат кылуу сыяктуу максаттарым ишке ашты. Азыр дагы алдыга койгон пландарым бар.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз, канча балаңыз бар, жубайыңыз эмне иштер менен алектенет?

– Үй-бүлөлүүмүн, үч уулум бар. Жубайым жеке ишкерлик менен алектенет. Балдарымды тарбиялоодо аларга эркиндик берип, ошол эле учурда жоопкерчиликти үйрөтүүгө аракет кылам. Үй-бүлө – адамдын эң чоң байлыгы жана таянычы.

– Жашоо ар түрдүү кырдаал болушу мүмкүн. Адам кээде оор учурга кабылат. Тагдыр жолу татаал болуп калышы мүмкүн дегендей. Ошондой эле сиздин жашооңузда да оор учурлар болду беле?

– Бул жыл мен үчүн оор болду. Апамдан жана эки бир тууганымдан айрылдым. Бул орду толгус жоготуу. Жакын адамдардын баркын тирүү кезде билиш керек экенин дагы бир жолу түшүндүм. Мындай сыноолор адамды сабырдуу кылып, жашоого болгон көз карашты өзгөртөт.

– Сиз үчүн эң негизги баалуулук?

– Мен үчүн эң негизги баалуулук  – үй-бүлө, адамгерчилик жана элдин ишенимин актоо. Кайсы гана кызматта болбоюн, элге пайдалуу иш кылуу менин негизги максатым. Ишенимди актоо – бул сөз менен эмес, иш менен далилденчү нерсе.

Айша Нуридинова

About The Author