28 февраля, 2026

Масуда Айдарбекова: «Мен тагдырга ишенип, жɵн эле бир агым менен жашаган адамдардан эмесмин»

8-Март — Аялдардын Эл аралык майрамына карата Ош шаарындагы атактуу айымдардын бири — Ош шаарынын мэринин социалдык иштер боюнча орун басары Масуда Айдарбекова боюнча кеп кылабыз. Ал айым катары назик, жетекчи катары чечкиндʏʏ, эне катары мээримдʏʏ.  Маектешибиздин басып ɵткɵн эмгек жолу, турмуштук принциптери жана ички гармониясы тууралуу кызыктуу маекти сунуштайбыз.

— Масуда айым, алгач окурмандарга ɵзʏңʏздʏн балалыгыңыз жана эмгек жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дɵбɵ айылында, 1977-жылдын 12-декабрында туулгам. Эки жогорку билимдин ээсимин. Эмгек жолумду алгач Майлуу-Суу шаарындагы №9 орто мектепте  баштап, кийин №8 мектеп-гимназиясында уланттым. Андан соң Майлуу-Суу шаардык билим берʏʏ бɵлʏмʏндɵ, Алай райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏндɵ жана Алай райондук мамлекеттик администрациясында иштедим.

2009-жылдан бери Ош шаарынын мэриясында эмгектенип келе жатам. Бул аралыкта кадрлар боюнча жетектɵɵчʏ адис, башкы адис, социалдык бɵлʏмдʏн башчысы, Документтик камсыздоо жана кɵзɵмɵлдɵɵ бɵлʏмʏнʏн жетекчиси, ошондой эле Уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу бɵлʏмʏндɵ кызмат кылдым. Ал эми 2025-жылдын апрель айынан тарта Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштедим. Учурда вице-мэр болуп иштеп жатам.

—Сиз ʏчʏн жашоонун эң башкы баалуулугу эмне? Кызматпы, атак-даңкпы же ʏй-бʏлɵбʏ?

— 2018-жылы  Республикалык кадрлар резерви тʏзʏлгɵндɵ Бишкектен, министрликтерден жана акимчиликтерден кɵптɵгɵн сунуштар тʏшкɵн. Чет ɵлкɵгɵ барып билим алууга да мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏм бар эле. Бирок мен ʏчʏн жашоонун башкы баалуулугу — ʏй-бʏлɵ. Жолдошум Ошто иштегендиктен жана балдарым ушул жерде жашагандыктан, аларды таштап кете алган жокмун. Азыр деле сунуштар тʏшʏп турат, бирок азыр эми жаш курагым да башкача болуп калды. Мен ɵкʏнбɵйм, себеби ʏй-бʏлɵмдʏн жанында болгонум — мен ʏчʏн чоң бакыт.

— «Тагдырдын жазганы болот» деп  жашайсызбы же ɵз тагдырыңызды ɵзʏңʏз жазасызбы?

— Мен тагдырга ишенип, жɵн эле агым менен жашаган адамдардан эмесмин. Чечимди ɵзʏм кабыл алам. «Бешенеге жазылган тагдыр» деп коюшат го, балким, ɵмʏрʏбʏздʏн узактыгы Жараткандан болсо керек, бирок ошол ɵмʏрдʏн ичиндеги мазмун, демек, ɵмʏрдʏн кенендиги — ар бирибиздин ɵзʏбʏзгɵ байланыштуу. Жашоомдун автору — ɵзʏммʏн.

— Мындай чечкиндʏʏ мʏнɵзʏңʏздʏн калыптанышына кимдин таасири тийген?

— Мен кɵп учурда мисал келтиргенде же макал айтканда «чоң атам айткандай» деп айтам. Муну кесиптештерим да байкашат. Анын себеби, мен чоң ата, чоң энемдин колунда ɵскɵм. Алардын тарбиясы мени тартипке, дисциплинага ʏйрɵттʏ. Биздин ʏйдɵ жазылбаган «алтын эрежелер» бар эле. Чоң атамдын кеп-кеңештери, мисалдар менен тʏшʏндʏргɵн сабактары дагы деле эсимде. Менин бʏгʏнкʏ чечкиндʏʏ, бекем мʏнɵзʏм — ошол кишилердин таалими.

— Жумуштун оордугуна карабай, ички гармонияңызды кантип сактайсыз? Кандай китептерди окуйсуз?

— Ички дʏйнɵмдʏ балдарым менен болгон мамиледен толтурам. Ɵзгɵчɵ кичинекей уулумду эркелетип, аны менен сʏйлɵшʏʏ мага чоң кʏч берет. Китеп окууну абдан жакшы кɵрɵм. Жакында эле Роберт Гриндин «Бийликтин 48 мыйзамы» деген китебин окуп бʏттʏм. Бул китеп адамга жашоонун маанилʏʏ эрежелерин: досту кантип табуу, душманды кандай аралыкта кармоо жана рухий-физикалык жактан ɵсʏʏнʏ ʏйрɵтɵт. Азыр Халед Хоссейнинин «Шамал артынан чуркагандар» (Бегущий за ветром) чыгармасын окуп жатам. Кыргыз адабиятынан Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын 1-томун, Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын, Тɵлɵгɵн Касымбековдун «Сынган кылыч», «Келкел» повестин сʏйʏп, 10-класста окуп бʏтʏргɵнмʏн.

— Ɵзʏңʏздɵгʏ эң чоң ɵзгɵрʏʏ катары эмнени айта аласыз?

— Сабырдуулук. Мурда бат ачууланчумун, азыр болсо турмуштун ысык-суугун кɵрʏп олтуруп, сабырдуу болуп калдым. Анан да мурда ɵзʏмдʏ кɵп сындачумун (самокритика), азыр ɵзʏмɵ болгон баа (самооценка) ɵстʏ, балансты таптым.

— Сиз тɵрт баланын энесиси экенсиз, балдарга жетишээрлик убакыт бɵлɵ аласызбы?

— Убактым ɵтɵ аз, бирок болушунча балдар менен болууга аракет кылам. ʏч уулум, бир кызым бар. Улуу балам академияны бʏтʏрʏп, Улуттук гвардияда кызмат ɵтɵп жатат. Кызым И. Раззаков атындагы университеттин архитектуралык дизайн факультетинде 3-курста окуйт. Мектеп курагындагы эки уулум — бири 9-класста, экинчиси 5-класста. ʏйдɵ мен жетекчи эмесмин, мен болгону апамын, аялмын. Жумуш кʏндɵрʏ бачым бышуучу тамактарды, дем алыш кʏндɵрʏ манты, оромо жасап берип, ʏй-бʏлɵ очогун сактоого аракет кылам.

Бир жолу маанилʏʏ конокко чакырышканда, «бара албайм, ʏйдɵ кайненем бар» десем, кесиптештерим «Сиз элʏʏгɵ чыгып калган аял, анан да жетекчи болсоңуз, кантип эле бара албайсыз?» деп таң калышкан. Мен ʏчʏн ʏй-бʏлɵлʏк иерархия жана сый-урмат баарынан бийик турат.

— Акыркы жылдары Ош шаарында аткарылып жаткан рейддерде абдан активдʏʏ болдуңуз. Кол шилтеп кеткиңиз келген учурлар болдубу?

— Жок, бир да жолу андай ой келген жок. Бул менин намыскɵйлʏгʏмдɵн жана баштаган ишти аягына чыгаруу керек деген мʏнɵзʏмдɵн болсо керек. Бул «чуркап иштɵɵнʏн» мага пайдасы гана тийди. Ошто жашаганыма 16 жыл болсо да, кɵчɵлɵрдʏн аттарын жакшы билчʏ эмесмин. Баарыбыз эле «Араванский», «ХБК» же «Сулайман-Тоонун берки бети» деп ориентир менен сʏйлɵчʏбʏз да. Рейддердин аркасында Оштун ар бир кɵчɵсʏн, объектисин коён жатагына чейин билип калдым. Мурда мамлекеттик органдар менен мэриянын ортосундагы мамиле расмий иш кагаздары менен гана чектелсе, азыр ортобузда тыгыз байланыш жана бир туугандык маанай орноду. Жʏргʏзʏлгɵн рейддер бизди бириктирип, ынтымагыбызды арттырды. Иш ʏстʏндɵ талашып-тартышсак да, мунун баары жалпы иштин кызыкчылыгы ʏчʏн экенин тʏшʏнɵбʏз. Азыр бири-бирибизди кɵргɵндɵ жылуу учурашып, колдоо кɵрсɵтʏʏгɵ даярбыз. Ортобуздагы сый-урмат мурдагыдан кыйла жогорулады

— Ыйык Орозо айы — бул кʏнɵɵлɵрдɵн арылуу жана кечиримдʏʏ болуу мезгили. Сиз айткандай, мурда мамлекеттик органдар арасында мындай тыгыз байланыш жок эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ иш ʏстʏндɵгʏ таарынычтарды артка таштап, бир туугандай мамиле тʏзʏʏгɵ бул айдын таасири кандай болду?

— Мен дайыма «кечиримдʏʏ болгула» деп айтам. Мага жамандык кылган адамга деле кек сактабайм. Жазасын мен эмес, Жараткан берет.  Кээде чогуу иштеген кыздар: “Сизге жамандык кылса деле алдыга тʏртɵ бересиз”, — деп  айтып калышат. Мен аны жазалап кое албагандан кийин, кылган кʏнɵɵсʏ ʏчʏн жазасын кудай берет, берсе-бербесе мага айырмасы жок дейм. Менин ыраматылык чоң атам айтчу: “Балам, бул кайтар дʏйнɵ”, — деп. Менин турмуштук цитатам бар: «Дайыма жашоодо биринчи бол!». Биринчи болуп кечир, биринчи болуп жакшылык жаса, биринчи болуп жаңы нерсени ʏйрɵн жана биринчи болуп бирɵɵгɵɵ пайдалуу иш кыл. Ошондо жашоо ɵз нугуна тʏшɵт.

Айнура Валижанова

About The Author