28 февраля, 2026

Жашыруун тартиптер, коомдук коркунуч жана мифология: масондор феноменин талдоо

Акыркы жылдары дʏйнɵлʏк маалымат мейкиндигинде жашыруун уюмдар, кɵмʏскɵ элита жана «дʏйнɵнʏ башкарган кʏчтɵр» тууралуу талкуулар кайра кʏчɵдʏ. Мунун кʏчɵшʏнɵ айрым резонанстуу кылмыш иштеринин материалдарынын жарыяланышы да тʏрткʏ берди. Айрыкча америкалык маркум финансист Жеффри Эпштейндин  документтери коомчулукка жеткен соң, интернет мейкиндигинде ар кандай божомолдор, анын ичинде масондорго байланышкан жоромолдор да кеңири тарады.

Мындай кырдаал коомдук аң-сезимде эзелтен жашап келген суроону кайра жандантты: масондор чынында кимдер? Алар жɵн гана тарыхый-философиялык бирикмеби же дʏйнɵлʏк саясатка таасир эткен кɵмʏскɵ тʏзʏлʏшпʏ? Тɵмɵндɵ ушулар боюнча айтып беребиз.

Фримасондук же масон кыймылынын тʏпкʏ тарыхы орто кылымдардагы таш усталардын кесиптик гильдияларына барып такалат деген кɵз караш тарых илиминде кеңири таралган. XVII–XVIII кылымдарда Британия аралдарында бул бирикмелер кесиптик мʏнɵздɵн алыстап, бара-бара символдук-философиялык коомго айланган. 1717-жылы Лондондо Улуу ложанын (филиал) тʏзʏлʏшʏ заманбап масон кыймылынын расмий башталышы катары эсептелет. Кийин дал ушул тʏзʏм дʏйнɵгɵ тараган уюшкан тармактын пайдубалына айланган.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин тарыхчысы, доцент Самарбек Осмонов масондордун башаты орто кылымдагы европалык таш усталарына тʏздɵн-тʏз байланыштуу экенин белгилейт. Анын тʏшʏндʏрʏшʏнчɵ, таштан кооз сепилдерди курган чеберлер кесиптик билимин устаттан шакиртке жашыруун ɵткɵрʏп берип, гильдияларга биригишкен. Алар ɵздɵрʏн “масондор (эркин таш усталар)” деп аташкан. Ал убактагы кесиптин жогорку кадыр-баркы жана уюмдун жабык мʏнɵзʏ цехке кабыл алуу учурунда атайын  ырым-жырымдар менен коштолгон.

Тарыхчынын айтымында, убакыт ɵтʏп, таш имараттарына болгон муктаждык азайганда гильдиялардын ролу ɵзгɵрɵ баштаган. Башында ложалар саясаттан жана бийликтен алыс турган. Усталар негизинен кесиптик маселелерди талкуулаган. Кийинчерээк бул жыйындар моралдык жана руханий ɵнʏгʏʏгɵ багытталган коомго айланып, бир туугандык, теңдик жана эркиндик принциптерин карманган тʏзʏлʏш катары калыптанган.

Болжол менен ʏч кылым мурда Лондондо уюшкан формага ɵткɵн «эркин таш усталар» коомчулугу бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин ишин улантып келет. Уюм байыркы аталышын — freemasons («эркин таш усталар») жана бурч ɵлчɵгʏч менен циркуль сыяктуу цехтик символдорун сактап калган.

Ошондой эле кайрымдуулук ишмердʏʏлʏгʏ алардын ɵзʏн-ɵзʏ таанытуунун маанилʏʏ бɵлʏгʏ болуп эсептелет. Бирок уюмдун жабык уюшкан формасы коом ичинде ар кандай божомолдордун жана конспирологиялык теориялардын жаралышына шарт тʏзʏп келʏʏдɵ.

«Эзотерикалык масондор» деп аталган сайтта кɵрсɵтʏлгɵндɵй, масондук уюмдун чыгышы Британ аралдарынан болсо да, бʏгʏнкʏ кʏндɵ алардын жамааттары дээрлик дʏйнɵнʏн кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏндɵ бар десек болот. Аны менен катар айрым ɵлкɵлɵрдɵ масондор тыюу салынган же ишмердʏʏлʏгʏ чектелген. Мисалы, кɵп ислам ɵлкɵлɵрʏндɵ уруксат берилбейт же жабык режими бар деген маалыматтар бар. Кээ бир маалыматтарда масондордун ложалары 150дɵн ашык ɵлкɵдɵ иштеп жатканы айтылат.

“Britannica” энциклопедиясында масондор жабык уюм болгондуктан, ɵзʏнʏн толук мʏчɵлʏк статистикасын коомчулукка ачык билдирбестигин жазат. Ошондуктан ар кандай булактарда болжолдуу цифралар сунушталып, 2 миллиондон 6 миллионго чейин масон бар деп айтылат.

Бир нече жергиликтʏʏ булактардын маалыматына ылайык, бул уюмдар Борбор Азия ɵлкɵлɵрʏндɵ, анын ичинде Кыргызстанда расмий тʏрдɵ таанылбайт жана алардын ишмердиги чектелген же жокко эсе. Кыргызстандын Юстиция министрлигинде да расмий катталгандыгы тууралуу маалыматтар жок.

Тарыхта айрым кɵрʏнʏктʏʏ саясатчылар, жазуучулар жана мамлекеттик ишмерлер масон болгон деген маалыматтар бар. Мисалы, АКШнын айрым негиздɵɵчʏлɵрʏ, европалык агартуучулар жана аскер жетекчилери масондор ложаларына мʏчɵ болгону документтерде кездешет.

Дал ушул факт коомчулукта «элиталык жашыруун тармак» тʏшʏнʏгʏн кʏчɵткɵн. Бирок изилдɵɵчʏлɵр белгилегендей, белгилʏʏ инсандардын мʏчɵлʏгʏ уюмдун дʏйнɵлʏк саясатты борборлошкон тʏрдɵ башкарганын далилдебейт. Тескерисинче, кɵп учурда ложалар бири-биринен кɵз каранды эмес, жергиликтʏʏ деңгээлде иш алып барган автономдуу тʏзʏлʏштɵр болгон.

Социология илимдеринин кандидаты, доцент Нурбек Маткаримов тарыхый уламыштарды мисал катары келтирет. Ал белгилегендей, XVIII кылымдагы Россия империясында айрым башкаруучулар масондордун чɵйрɵсʏндɵ болгону тууралуу божомолдор айтылып келген. Император Павел I тууралуу да ушундай пикирлер бар. Бирок бул маалыматтар илимий жактан так далилденген эмес жана кɵбʏнчɵ тарыхый жоромол катары каралат. АКШда да “кɵпчʏлʏк президенттер масон болгон” деген уламыштар кеңири тараган. Чынында айрым тарыхый инсандардын масондор уюмдарына мʏчɵ болгону белгилʏʏ, бирок бул фактты глобалдык башкаруу теориясына айландырууга болбойт. Кɵп учурда мындай жыйынтык жɵн гана дал келʏʏлɵрдʏн негизинде чыгарылган.

Массондорго байланышкан талаш-тартыштардын негизги себеби — алардын жабык жыйындары, символикалык ырым-жырымдары жана ички иерархиясы. Коомдук турмушта ачык-айкындуулук негизги баалуулукка айланган заманда мындай “сырдуу” формадагы уюмдунун ишмердʏʏлʏгʏ табигый тʏрдɵ суроолорду жаратат. Кɵпчʏлʏк “эгер жашыруун болсо , демек бир нерсе бар” деген логика менен ой жʏгʏртɵт.

Нурбек Маткаримов муну «маалымат жоктуктун эффекти» менен тʏшʏндʏрɵт. Маалымат жетишсиз болгон жерде адам аң-сезими аны божомолдор менен толуктайт. Коомдук институттар, саясий, экономикалык же диний тʏзʏмдɵр чечимдерин ачык жана тʏшʏнʏктʏʏ жеткирбегенде, адамдар жашыруун кʏчтɵр тууралуу ойлонууга ɵтɵт. Натыйжада белгисиз уюмдар кʏмɵн саноонун объектисине айланып, мифология жаралат.

Маткаримовдун баамында, Кыргызстанда масондор тууралуу маалымат аз болгондуктан, коомдук пикир кɵбʏнчɵ социалдык тармактардагы жана интернеттеги текшерилбеген маалыматтарга негизделет. Бир булактан экинчи булакка ɵткɵн жоромол факт катары кабыл алынып кетиши мʏмкʏн. Натыйжада “дʏйнɵнʏ жашыруун топ башкарат” же “бийликтегилердин баары масондор” деген сыяктуу ой-пикирлер кеңири жайылат.

Массондордун символдору — циркуль, бурч ɵлчɵгʏч, ортосундагы «G» тамгасы же «жалгыз кɵз» белгиси — ар кандай интерпретацияларга жем таштайт. Айрымдар «G» тамгасын God (Кудай) же Geometry (геометрия) деп тʏшʏндʏрʏшɵт. «Кɵз» символу жараткан бардык нерсени кɵрʏп турат деген философиялык мааниге ээ. Бирок, айрыкча кинолордо бул белгилерге ашыкча мистикалык жана кээде зомбулукка байланышкан маанилер жʏктɵлʏп, коомдо коркунучтуу элес пайда болот.

Нурбек Маткаримов: «Дʏйнɵнʏ кимдир бирɵɵ жашыруун башкарат» деген ишеним маалымат жетишсиздигинен тышкары, психологиялык факторлордон да чыгаарын айтат. Адамдар татаал дʏйнɵнʏ тʏшʏнʏʏ ʏчʏн жɵнɵкɵй тʏшʏндʏрмɵлɵрдʏ издешет. Бул — когнитивдик кыскартуу (heuristics) жана контрол иллюзиясы (illusion of control) аркылуу пайда болот”.

Социаологдун пикирине таянсак, негизги психологиялык механизмдер тɵмɵнкʏлɵр:

1. Пропорционалдуулукка жакындык (proportionality bias) — чоң окуялардын чоң себептери болушу керек деп ойлоо.

2. Бир тараптуу ырастоо (confirmation bias) — адам ɵз ишеними менен дал келген маалыматты гана издеп, башка далилдерди четке кагат.

3. Контрол иллюзиясы (illusion of control) — белгисиз кырдаалда адамдар чɵйрɵсʏн кɵзɵмɵлдɵп жаткандай сезʏʏнʏ каалашат.

Ошентип, конспирология — жɵн гана чындыкка жетпɵɵнʏн натыйжасы эмес, когнитивдик механизмдер менен психологиялык муктаждыктардын («cognitive and psychological needs») айкалышы болуп эсептелет.

Кɵпчʏлʏк академиялык изилдɵɵлɵр масондордун борборлошкон дʏйнɵлʏк башкаруу механизми бар экенин тастыктабайт. Тарых илими аларды символикалык-ритуалдык бир туугандык уюм, кайрымдуулук жана социалдык байланыш тармагын тʏзгɵн коомдук институт, агартуу доорунун интеллектуалдык мурасын сактаган маданий феномен катары мʏнɵздɵйт.

Мисалы, батыш тарыхчылары масондор ложаларын кɵбʏнчɵ жергиликтʏʏ жамааттык клубдардын функциясын аткарганын белгилешет. Алар мектеп, оорукана же кайрымдуулук долбоорлорун каржылоого катышкан учурлар кɵп кездешет.

Бул фактылар масондордун глобалдык кутум теориясынан кɵрɵ, жарандык коомдун бир формасына жакын экенин кɵрсɵтɵт.

Масондор тууралуу уламыштардын жашап келатканы — жɵн гана тарыхый кокустук эмес, маданий кɵрʏнʏш.

Адабият жана кинонун таасири: Детективдик романдар, триллерлер жана тарыхый фантастикалык фильмдердин сюжети мындай уюмдарды ашыкча кооздоп, драмалаштырып жиберишет.

Саясий риторика: Айрым учурларда «жашыруун кʏчтɵр» тʏшʏнʏгʏ коомдук нааразычылыкты башка нукка буруу ʏчʏн колдонулат.

Маалымат доорундагы ишеним кризиси: Расмий институттарга ишеним азайганда, альтернативдʏʏ тʏшʏндʏрмɵлɵр популярдуу боло баштайт.

Массондор тууралуу суроолор, балким, дагы узак убакыт коомдук кызыгуунун борборунда кала берет. Себеби, бул тема бийлик, сырдуулук жана адилеттʏʏлʏк сыяктуу универсалдуу суроолорду козгойт.

Демек, бʏгʏнкʏ коомдун негизги алуучу сабагы — белгисиздиктен коркуу эмес, алган маалыматты талдап билʏʏ. Биздин коом ʏчʏн чоң коркунуч — текшерилбеген маалыматка ишенип алуу болушу мʏмкʏн.

Гульнура Ормонова

About The Author