14 февраля, 2026

Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары

Бʏгʏнкʏ санариптик доордо Чыңгыз Айтматовдун мурасы кандай мааниге ээ? Эмне ʏчʏн биз «санарип манкуртчулукка» кептелип жатабыз? Жалпысынан алганда Айтматовдун каармандары кимдер, жазуучу эмне ʏчʏн аял каармандарды ɵзгɵчɵлʏгʏн белгилеген? Ушул жана башка маселелер тууралуу адабиятчы Айнура Асанова менен маектештик.

— Айнура айым, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бʏгʏнкʏ кʏндʏн окурманына эмне бере алат?

— Айтматовдун чыгармаларын окуган адам анын келечекти кɵрɵ билген кɵсɵм, кɵрɵгɵч жана кɵɵнɵрбɵс талант экенин дароо байкайт. Ал кыргыз элинин руханий байлыгын, маданиятын жана ата-бабалардан калган адеп-ахлактык мыйзамдарын ортого салып, окурманды ар дайым таза жашоого жетелейт. Анын чыгармаларындагы негизги ɵзɵк — адам менен жаратылыштын байланышы. Мисалы, повесттеринде чоңдор уламыштарга ишенбей мазак кылган сайын, элдин руханий тамыры куурап баратканы кɵрсɵтʏлɵт.

— «Ак кемедеги» уламыштын  бʏгʏнкʏ жашоого кандай тиешеси бар?

— Бул жерде уламыштарга ишенген бала жана ага ишенбеген Орозкул менен анын айланасындагылар карама-каршы коюлган. Баланын жан дʏйнɵсʏ таза, адилеттʏʏ жана ыймандуу. Ал эми чоңдордун дʏйнɵсʏ катаал, ɵз пайдасын кɵздɵгɵн  жана руханий жактан жарды. Жазуучу мʏйʏздʏʏ Бугу эненин образы аркылуу: «Табиятты кордобо, кор болосуң!»,  — деп эскертет. Тилекке каршы, азыр ушул уламыштарга эмес, акчага жана мансапка ишенген адамдардын жашоосу жʏрʏп жатат.

— Сиздин пикириңизде, бʏгʏнкʏ технологиялык прогресс менен улуттук идеологиянын ортосундагы ажырым «санарип манкурт» деген терминди жараткан жокпу? Дегеле, заманбап дʏйнɵдɵгʏ «сабаттуу манкурттар» кимдер жана алардын Айтматовдун Жоламанынан кандай айырмасы бар?

— Азыркы маңкурт — бул ɵзʏнʏн тарыхын, тилин, улуттук баалуулуктарын билгиси келбеген, башкалар айткандай эле ой жʏгʏрткɵн адам. Бʏгʏнкʏ «санарип манкурттар» формасы — алгоритмге баш ийип жашоо (TikTok, Instagram, Facebook). Соцсетте эмне сунушталса, ошону кɵрʏшɵт. Алар ɵз алдынча ой жʏгʏртпɵйт, тренд эмне десе, ошого кошулушат. Бул — ой жʏгʏртʏʏ жалкоолугу. Азыр маалымат кɵп, бирок аны талдоо жок. Манкурт окуйт, бирок тʏшʏнбɵйт. Кɵрɵт, бирок ойлоно албайт. Ɵз эне тилин «модадан калган» деп уялуу, ɵз маданиятын шылдыңдоо — бул заманбап манкуртчулук. Бул илдет азыр окуучуларга да таасирин тийгизʏʏдɵ: чет элдик видеолорду кɵрʏшɵт, бирок кыргыздын идеологиясын, тарыхын, ата-бабаларынын басып ɵткɵн жолун билгиси да, окугусу да келбейт.

Бул маселеде «Ак кеме» повести бʏгʏн кɵп талаш-тартышты жаратса, «Кылым карытар бир кʏн» чыгармасындагы манкуртчулук темасы — накта трагедия. Айтматов эскерткендей, эгер адам ɵзʏнʏн тарыхый эс тутумун жоготсо, ал заматта башкага кул болот. Жоламандын образы — эс тутумдан ажыроонун коркунучтуу символу. Башына кийгизилген тɵɵ териси (шири) кʏндʏн ысыгында мээсин кысып, аны физикалык кыйноо аркылуу макулукка айландырган.

Бʏгʏнкʏ заманбап дʏйнɵдɵ болсо «маданияттуу» же «сабаттуу» (грамотный) манкурттар ɵздɵрʏ эле пайда болду. Алар техниканы жакшы билиши, бир нече тилде сʏйлɵшʏ мʏмкʏн, бирок ɵзʏнʏн тʏпкʏ тегинен, маданиятынан жана жаратылыш менен болгон руханий байланышынан ажырап калышкан. Айтматовдун адеп-ахлакка, тазалыкка чакырган терең философиялуу чыгармаларын мындай «саббатту манкурттар» окугусу да, билгиси да келбейт. Ошентип, бʏгʏнкʏ санариптик доордо манкуртчулук жаңы формага ɵттʏ. Чыңгыз Айтматов бʏгʏнкʏ кʏндʏ кɵрсɵ: «Эс тутуму бар, бирок ɵз алдынча ой жʏгʏртɵ албаган адам эркинби?»,  — деп сурамак деп ойлойм. Техника ɵнʏгʏп, санариптик мʏмкʏнчʏлʏктɵр аркылуу дʏйнɵ кеңейгени менен, адамдын ички дʏйнɵсʏ жалгызсырап, руханий жактан жарды болуп баратат. Эгер Айтматов бʏгʏнкʏ дʏйнɵнʏ жазса, анын башкы суроосу мындай болмок деп божомолдойм: «Глобалдашкан дʏйнɵдɵ адам бойдон калуунун баасы канча?».  Бул — ар бирибизди терең ойго сала турган, эс тутумубузду ойгото турган коңгуроо.

— Айтматовдун чыгармаларынын аягы трагедиялуу бʏтɵт эмеспи. Бул окурманды тʏңʏлтпɵйбʏ?

— Ооба, биринчи караганда тʏңʏлтʏʏдɵй сезилет.»Ак кемеде» бала ɵлɵт, «Кылым карытар бир кʏн» чыгармасында Абуталип атылат,  «Гʏлсаратта» Танабай жалгыз калат. Окуган адам жыйынтык чыгара  албай калышы мʏмкʏн. Бирок жазуучу муну катарсис (руханий тазалануу) катары колдонот. Окурман кайдыгерликтен, ɵзʏмчʏлдʏктɵн тазаланат. Окугандан кийин тынч уктай албай, ɵзʏн текшерип, «дагы кандай болот?» деген суроолор менен калат. Айтматовдун чыгармалары «Мындай бʏтпɵшʏ керек эле» деген ойду жаратат. Демек, бул  башкача жашоого чакыруу деп билсек болот.

— Жазуучунун каармандары, ɵзгɵчɵ аялдардын образдары тууралуу эмне айта аласыз?

— Айтматов чыгармаларында аялзатынын алсыз эмес, кʏчтʏʏ образдарды берген:

•      Толгонай: Негизги сапаттары — чексиз сабырдуулук, эне катары руханий кʏч, жоопкерчилик жана туруктуулук. Уулунан, жолдошунан, жаштыгынан ажырайт, бирок сынбайт. Нааразы болбойт. Эли, жери ʏчʏн жашоону андан ары улантат. Толгонай — трагедияны кɵтɵрɵ алган эненин символу, ал аялдын чыдамдуулугунун чеги кайда экенин кɵрсɵтɵ алган образ.

•      Алтынай: Билимге умтулат, ички эркиндикке ээ. Ɵз тагдырын ɵзʏ тандаган кайраттуу, чечкиндʏʏ сапаттары бар. Алтынай — кордолгон кыз, жетим калган, басынтылган, бирок ал билим алууну тандап, руханий кулчулуктан чыгат. Алтынай биринчилерден болуп кыргыз адабиятындагы ойгонгон аялдардын, билимге умтулган жаштардын образын берет.

•      Жамийла: Сезимге чынчыл мамиле кылат. Ички эркиндикте жашайт. Жасалма жашоо эмес, чыныгы жашоого карай багыт алган, сʏйʏʏсʏн жашырбайт, салтты эмес, чындыкты тандаган кыз. Жамийла — сʏйʏʏнʏн эркиндик экенин айткан образ. Башкача айтканда, чыныгы жашоого умтулган аялдын образы. Жазуучу чыгармаларында алсыз эмес, кʏчтʏʏ энелик образды, сʏйʏʏгɵ бекемдикти, туруктуулукту, адилеттикти жана чечкиндʏʏлʏктʏ берет.

— Ал эми жаныбарлардын образдарычы? Алар адамдын образынан эмнеси менен айырмаланат?

«Гʏлсарат» повестинде атты— эркиндиктин, жолдун, тагдырдын катаал мʏнɵзʏнʏн белгиси катары мʏнɵздɵйт. Гʏлсары башында кʏлʏк, эркин, кʏчтʏʏ, чечкиндʏʏ болсо, кийин чарчайт, басылат да, керексиз болуп калат. Бул — Танабайдын тагдырынын Гʏлсары аркылуу берилиши.

Ал эми Акбара — жырткыч, бирок табияттын мыйзамы менен жашайт. Керексиз кан тɵкпɵйт, жашоонун тең салмактуулугун сактайт. Адамзаты табиятты бузат, токойлорду кыят, ɵз пайдасы ʏчʏн баарын жок кылат, жоопкерчилик албайт, кайдыгер. «Чыныгы жырткыч ким? Карышкырбы же адамбы?» деген суроо туулат. Ташчайнар Акбарага караганда катуу, ɵжɵр, ал кордукка моюн сунбайт, эркиндигин сактоого аракет кылат. Акыркы демине чейин каршылык кɵрсɵтɵт. Бул образ руху сынбаган адамдарды, тоталитардык басымга баш ийбеген инсанды эске салат. Анткени жаныбарлар калп айтпайт, сатпайт, ɵз табиятына каршы чыкпайт. Ал эми адам ыңгайына карап ɵзгɵрɵт, ɵз абийирин сактай албайт, жамандыгын «бул зарылчылык» деп шылтоолошу мʏмкʏн. Жаныбарлар — адамдын жоготкон  абийири.

— Маектин соңунда эмнени кошумчалайт элеңиз?

— Менин мугалим болуп калыптанышыма Айтматовдун чыгармалары чоң таасир тийгизген. Анын чыгармалары бизди мекенди сʏйʏʏгɵ, патриоттуулукка тарбиялайт эле. Бʏгʏнкʏ кʏндʏн талабы — адабият сабагын кыскартпай, тескерисинче, келечек муунга сааттарын кɵбɵйтʏʏ. Биз Айтматовдун чыгармалары аркылуу гана балдардын дʏйнɵ таанымын кеңейтип, ой жʏгʏртʏʏсʏн ɵстʏрʏп, ак менен караны ажырата билʏʏсʏн ʏйрɵтɵ алабыз. Адабият — бул улуттун жʏрɵгʏ, келечек муундун руханий саламаттыгы ʏчʏн бул сабакка ɵзгɵчɵ маани берʏʏбʏз зарыл.

Айнура Валижанова

About The Author