Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо системасында олуттуу ɵзгɵрʏʏлɵр кʏчʏнɵ кирди. Президенттин жарлыгынын негизинде жеке автомектептер убактылуу токтотулуп, айдоочулук окутуу жана кʏбɵлʏк алуу процесси толугу менен мамлекеттик автомектептер аркылуу жʏргʏзʏлɵт.
Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана окутуунун сапатын кɵтɵрʏʏ максатын кɵздɵйт. Бирок реформа жеке сектордун катышуусу, мамлекеттик автомектептердин даярдыгы жана кɵзɵмɵл механизмдеринин натыйжалуусу боюнча бир катар суроолорду жаратты.

Реформа эмнеден турат жана эмне ʏчʏн жасалды?
Баштапкы сунуштама 2025-жылдын ноябрында Президенттик администрациянын башчысы Каныбек Туманбаев тарабынан жарыяланган. Ал боюнча 2026-жылдан тарта жеке автомектептер жабылып, окутуу узактыгы 14 айга чейин узартылмак. Январдагы пилоттук режимде ɵзгɵртʏлгɵн токтом боюнча:
• Убактылуу токтотуу: 30-январдан тартып жеке автомектептердин лицензиясы 30-августка чейин токтотулду.
• Окутуу мɵɵнɵтʏ: Программа В жана С категориялары ʏчʏн 10 айга чейин узартылды. Экзамендер жасалма интеллект аркылуу ɵткɵрʏлʏп, тест суроолорунун саны 750дɵн 2000ге кɵбɵйтʏлдʏ.
Бул маселеге байланыштуу айдоочулук кʏбɵлʏк алуудагы жаңы тартип тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигине берген тʏшʏндʏрмɵсʏндɵ, В жана С категориялары боюнча жаңы окуу программасы бекитилген. В категориясы ʏчʏн окуунун мɵɵнɵтʏ 10 айды тʏзʏп, жалпы 480 саатты камтыйт.
Программага жол кыймылынын эрежелерин теориялык окутуу, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ, айдоочунун этикасы, автоунаа башкаруунун психологиялык жана физиологиялык негиздери, ошондой эле практикалык сабактар киргизилген. С категориясы боюнча окуу да 10 айга (422 саат) эсептелсе, В жана С категорияларын чогуу алууну каалагандар 12 ай ичинде 576 саат окушат. Мындан тышкары, экзамендер жасалма интеллект аркылуу кабыл алынып, тест суроолорунун саны мурдагы 750дɵн 2000ге чейин кɵбɵйтʏлɵт. Окууга арыз берʏʏ атайын электрондук платформа аркылуу жʏргʏзʏлʏп, окутуунун баасы жана жол-жоболору кошумча маалымдалаары белгиленди. Ал эми учурда окуп жаткан жарандар мурдагы программа жана тартип менен окуусун улантат.
Коррупция жана жол коопсуздугу: бийликтин негизги жʏйɵлɵрʏ
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги «Унаа» мамлекеттик ишмердʏʏлʏгʏ менен таанышканы барып, ошол жерде жарандарга жолугушуу ɵткɵрʏп, автомектептердеги реформанын негизги максатын тʏшʏндʏргɵн. Анын айтымында, кɵп учурда жеке автомектептерде формалдуу окутуу жʏргʏзʏлʏп, экзаменден ɵтпɵй туруп кʏбɵлʏк алуу практикасы жол эрежелерин билбеген айдоочулардын кɵбɵйʏшʏнɵ жана жол кырсыктарынын ɵсʏшʏнɵ алып келʏʏдɵ.
“Жаңы реформа жеке кирешени кɵздɵгɵн практикаларды четке каккан, сапаттуу билим берʏʏгɵ багытталган жана адам ɵмʏрʏн сактоо максатындагы системалык чечим болуп саналат. Бул кадам жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртып, айдоочулук билим берʏʏнʏн сапатын фундаменталдуу тʏрдɵ кɵтɵрɵт” — деди Президент.
Ал кошумчалагандай, айдоочуларды 10 ай окутуу узак мɵɵнɵт эмес жана реформа жол кырсыктарынан адамдардын ɵмʏрʏн сактоого багытталган. Садыр Жапаров буга чейин болгон трагедиялар, анын ичинде ɵзʏнɵ жакын адамдардын каза болушу, билим берʏʏ системасын тʏп-тамырынан ɵзгɵртʏʏгɵ тʏрткʏ бергенин белгилеген.
Айдоочуларды жана транспорт каражаттарын каттоо министрлигинин Ош шаарындагы бɵлʏмʏнʏн башкы адиси Авазбек Маматалиев да мындай деди:
“Азыр мамлекетибизде айдоочуларды даярдоо боюнча жʏрʏп жаткан реформалардын алкагында мурунку ДОСААФ менен ОСТОлор мамлекетке ɵткɵрʏлгɵнʏ жалпыбызга маалым. Бул реформалар келечекте жол кыймылынын коопсуздугуна чоң пайдасын тийгизип, кырсыктардын алдын алууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.
Айдоочуларды даярдоодо мурункуга караганда кенири убакыт берилʏʏдɵ, алардын алган билиминин сапатынын жогорулашы талашсыз десем жаңылышпайм. Окуунун баасы мурункуга караганда арзандагандыгы дагы келечектеги айдоочуларды кубандырат деп ойлойм.
Ал эми экзамендерге киргизилип жаткан жаңы жасалма интеллект (ИИ) системасы теориялык жана практикалык экзамендердин сапатын жогорулатып, коррупциялык тобокелчиликти жокко чыгарат деп ишенебиз. Себеби мурун адис менен курсант сʏйлɵшкɵн болсо, эми ЖИ менен курсант байланышта болот.”

Ишкерлердин ʏнʏ: Реформа жана жеке бизнес
Жеке автомектептердин ээлери кабыл алынган чечим алар ʏчʏн олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жатканын белгилешет. Алардын айтымында, ишмердʏʏлʏктʏ мындан ары кантип улантуу керектиги, учурда окуп жаткан курсанттардын укуктук абалы кандай чечилери, ошондой эле компенсация же мамлекеттик тʏзʏмдɵр менен кызматташуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ каралабы деген суроолор ачык бойдон калууда.
Мисалы, Ош шаарындагы жеке автомектептердин биринин жетекчиси анонимдʏʏ тʏрдɵ мындай пикирин билдирди:
«Автомектепти инвестор катары жаңыдан ачкам. Окуу класстарын даярдоого, унааларды алууга жана техникалык базага болжол менен 10 миллион сомго жакын каражат жумшалды. Иш баштаганыбызга эки ай ɵтпɵй, ишмердʏʏлʏк токтотулду. Бул аралыкта биз мамлекетке салык тɵлɵп, Социалдык фондго чегерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏп, кызматкерлерге айлык берип келдик. Азыр болсо бизнес тагдыры кандай болору боюнча так механизм же тʏшʏндʏрмɵ жок», — деди ал.
Эксперттер жана депутаттар: билим берʏʏ узактыгы тууралуу пикирлер
Мамлекеттик кɵз караштан тышкары, кээ бир эксперттер жана парламент ɵкʏлдɵрʏ жаңы талаптарды сынга алышууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Болот Ибрагимов, Улукбек Карыбек уулу, Кундузбек Сулаймановтор окуунун мɵɵнɵтʏ 10 12 ай болгону узак экенин белгилешип, бул маселени кайра карап чыгуу керектигин айтып ɵтʏшкɵн.
Ал эми коомдук активист Руслан Акматов бул маселе боюнча тɵмɵндɵгʏдɵй пикирде:
“Жол коопсуздугу ɵлкɵдɵ олуттуу кɵйгɵй жана аны чечʏʏ зарыл. Бирок чечим кабыл алынганда алдын ала терең анализ жʏргʏзʏлʏп, коомдук талкуу ɵтʏшʏ керек болчу. Азыр ɵлкɵдɵ 300гɵ жакын жеке автомектеп бар жана 6 000ге жакын адам алар аркылуу жумуш менен камсыз. Бул мектептердин ээлери финансылык жоопкерчиликтерге ээ, жумушчулардын тагдыры эмне болот — бул маселе дагы чечилген жок.
Айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ жарандарга жана автомектептерге лицензияларды мурдатан эле мамлекеттик орган берип келген. Ошондуктан коопсуздук ʏчʏн жеке автомектептерди бир жактуу кʏнɵɵлɵп, жабуу канчалык туура? Ɵлкɵдɵ ресурстар аз, нефть, газ жок. Ошондуктан жеке бизнес, чакан жана орто ишканалар ɵлкɵ ʏчʏн ɵтɵ маанилʏʏ. Жеке демилге инновацияларды жана жаңы технологияларды жеке сектор алып келет. Биз мактанган бренддердин баары жеке секторлорго таандык. Эгер аларды колдоп, алдыга сʏрɵсɵк, ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ чоң салым кошмок.
Жакынкы эле кошуна Ɵзбекстанда 1-февралдан окутуу ийкемдʏʏ жʏргʏзʏлʏп, каалаган жерде окуп, мамлекеттик органга экзамен тапшырууга гана келʏʏгɵ шарт тʏзʏлдʏ. Кɵп ɵлкɵлɵрдɵ мындай практика бар жана ал жарандарынын жумушуна жеңилдик берет. Биз тескерисинче процессти татаалдаштырып жатабыз. Азыр дʏйнɵлʏк тенденция айдоочусуз машиналарга карай багытталган учурда биз айдоочуларды окутууну10 айга узартып жатабыз. Чечимдин туура же туура эместигин убакыт кɵрсɵтɵт, бирок нааразычылык кʏч. Бул тарыхый чечим жана коом бир жактуу кабыл алынганын тʏшʏнʏп жатат. Мындай реформаларды талдоо жана коомдук дискуссиянын негизинде кабыл алса, натыйжа жакшы болмок».

Соцтармактатардагы реакция: жарандардын пикири экиге бɵлʏндʏ
Айдоочулукка окутуу системасын реформалоо жана жеке автомектептердин ишмердʏʏлʏгʏнɵ байланышкан чечимдер социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Колдонуучулардын пикирлеринен жарандардын кɵз карашы экиге бɵлʏнгɵнʏн байкоого болот.
Айрым жарандар мамлекеттик кɵзɵмɵлдʏн кʏчɵшʏ айдоочулардын даярдык деңгээлин жогорулатып, жол коопсуздугун камсыздоого ɵбɵлгɵ тʏзɵт деп эсептешет. Ош шаарындагы социалдык тармак колдонуучуларынын бири комментарийинде:
«Эгер айдоочулукка чындап 8-10 ай окутуп, экзаменди талапка ылайык ɵткɵрʏшсɵ, бул жол кырсыктарынын азайышына таасир берет», — деп жазган.
Ошол эле учурда айрым жарандар реформанын ишке ашуу механизми боюнча тынчсыздануусун билдиришʏʏдɵ. Алар жеке автомектептердин жабылышы атаандаштыкты азайтып, аймактарда окууга жеткиликтʏʏлʏк маселесин жаратышы мʏмкʏн экенин белгилешет. Соцтармактагы дагы бир шаардын колдонуучусу:
«Мамлекеттик автомектептер бардык каалоочуларды кабыл ала алабы? Айрыкча облустарда кезек кɵбɵйʏп, чыгымдар ɵсʏп кетпейби?» — деген пикирин калтырган.
Гулнура Ормонова


Окшош макалалар
Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары
Алтын – акчанын кунун кармоодогу ишенимдʏʏ “касса”
Жарандардын персоналдык идентификациялык номерин ɵзгɵртʏʏ эмне ʏчʏн керек?