Акыркы жылдары дʏйнɵлʏк жана аймактык экономикада туруксуздук кʏчɵп, валюта курстарынын ɵзгɵрʏшʏ, инфляциянын ɵсʏшʏ жарандарды акча каражаттарын сактоонун коопсуз жолдорун издɵɵгɵ мажбурлоодо. Мындай шартта салттуу аманаттардан тышкары альтернативдʏʏ инвестициялык жолдорго суроо-талап артып, алардын ичинен акчаны алтын менен сактоо кɵңʏл борборуна чыкты. Кыргызстанда да алтынга инвестиция салууга кызыккан жарандардын саны кɵбɵйʏʏдɵ. Ушул жана башка маселелер боюнча Улуттук банктан расмий жооп алдык.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кыргызстанда алтынга инвестициясына кызыгуу кандай?
Улуттук банк бʏгʏнкʏ кʏндɵ алтын куймалары валюта рыногундагы туруксуз кырдаалда аманаттарды сактоодо тобокелдиктерди диверсификациялоого жана инфляциялык таасирлерден коргонууга мʏмкʏндʏк берген банктык продукт болуп саналарын кабарлайт. Улуттук банктын басма сɵзкызматынын маалыматына карагандаа, алтын ɵзʏнʏн уникалдуу касиети жана акча каражаты катары узак тарыхы аркылуу инвестициялык жана камдык актив катары туруктуулукка ээ.
“Валюта рыноктору туруксуз болгон мезгилде кɵпчʏлʏк инвесторлор салыштырмалуу туруктуу болгон баалуу металлдар рыногун тандашат. Дʏйнɵлʏк рынокто алтындын баасы жогорку ɵзгɵрмɵлʏʏлʏккɵ ээ болгону менен, аны бир же бир нече жыл мурда сатып алгандар учурда пайда кɵрʏп жатышат. Ушуга байланыштуу алтын куймалары кыска мɵɵнɵттʏʏ эмес, узак мɵɵнɵттʏʏ инвестициялык инструмент катары каралат. Ошондой эле алтынды жеке капиталды сактоонун кошумча ыкмасы катары колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар”, — деп айтылат маалыматта.
Экономикалык туруксуздук шартында алтындын ролу кандай бааланат?
Улуттук банк экономикалык туруксуздук шартында алтын коргонуу мʏнɵзʏнɵ ээ актив катары бааланарын билдирет.
“Ал (алтын) айрым мезгилдерде акциялардан жана облигациялардан жогорку кайтарым кɵрсɵткɵн учурлар да болгон. Алтындын дагы бир артыкчылыгы — ликвиддʏʏлʏгʏ, башкача айтканда, аны накталай акчага оңой алмаштырууга болот. Ошол эле учурда, бардык каражатты алтынга салуу сунушталбайт. Диверсификация принциби сакталбаса, баа тʏшкɵн учурда жоготуулар болушу мʏмкʏн. Алтын дивиденд же купон тɵлɵбɵй тургандыктан, киреше рыноктук баанын ɵзгɵрʏшʏнɵ гана кɵз каранды экенин эске алуу зарыл».
Улуттук банк алтынга байланыштуу кандай инструменттерди сунуштайт?
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1035 (1 трой унция) жана 100 грамм болгон алтын куймаларды кайра сатып алуу укугу менен сунуштайт. Алтындын сатуу жана кайра сатып алуу баасы кʏн сайын Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын (LBMA) кечки фиксингинин негизинде аныкталат жана Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат. Бул ачык-айкын механизм жарандардын ишенимин арттырат.

Калк алтынды кайсы жерден сатып алганы туура?
Алтын куймаларын Улуттук банктын Борбордук жʏгʏртʏʏ кассаларынан жана облустук башкармалыктарынан иш кʏндɵрʏ саат 9:00дɵн 15:00гɵ чейин сатып алууга болот. Мындан тышкары, “Кыргыз фондулук биржасы” аркылуу да алтын сатып алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ тʏзʏлгɵн.
Алтын куймаларын сактоодо эмнелерге кɵңʏл буруу керек?
Алтын куймалары корголгон таңгакта жана сапат тастыктамасы менен берилет. Таңгактын бузулбашы – алтындын аныктыгынын негизги кепилдиги. Таңгак ачылган учурда куйма кайра сатууда кошумча экспертизага жɵнɵтʏлɵт.
Алтынды кайра сатууда жарандар кɵп кетирген катачылыктар кайсылар?
Кɵпчʏлʏк жарандар алтын куймаларынын таңгактарын ачып же бузуп алышат. Натыйжада мындай куймалар экспертизага жɵнɵтʏлʏп, анын баасы сатып алуу наркынын 7 пайызын тʏзɵт. Бул жарандар ʏчʏн кошумча чыгым жаратарын Улуттук банк эскертет.
Алтынга инвестиция салууну каалагандар эмнеден башташы керек?
Адегенде инвестициянын максатын жана мɵɵнɵтʏн так аныктоо зарыл. Алтын негизинен 5 жылдан жогорку мɵɵнɵттɵ натыйжалуу актив болуп саналат. Рыноктук бааларды талдап, сатып алуу жана сатуу бааларынын айырмасын, сактоо шарттарын эске алуу маанилʏʏ.
Инвестициялык портфелде алтындын ʏлʏшʏ канча болушу керек?
Адистердин жалпы сунуштарына ылайык, алтын инвестициялык портфелдин 5 пайыздан 20 пайызга чейинкисин тʏзʏшʏ мʏмкʏн. Бул кɵрсɵткʏч инвестордун максатына, тобокелдикке даярдыгына жана экономикалык шарттарга жараша ɵзгɵрɵт.
— Жарандарга шектʏʏ сунуштардан кантип сактануу сунушталат?
— Алтын куймаларын сатып алууда Улуттук банктын расмий сайтындагы бааларды текшерʏʏ, лицензиясы бар мекемелерди гана тандоо зарыл. Ишенимдʏʏ маалыматка таянуу жана расмий булактар аркылуу иш алып баруу жарандарды каржылык жоготуулардан сактайт.

2-3 жыл мурда баштаган жарандардын тажрыйбасы
Инфляция кʏчɵп, валюта курсу ɵзгɵргɵн сайын айрым жарандар акчасын сактоонун башка жолдорун издей баштады. Ош шаарында да накталай акчаны алтын тʏрʏндɵ сактаган адамдар бар. Алар бʏгʏн бул чечимине ɵкʏнбɵй турушканын айтышат.
Азамат К (аты-жɵнʏ ɵзгɵртʏлдʏ):
— Алтынды жɵн эле кызыгып барып, алып алган жокмун. Акчам банкта туруп эле арзандап жаткандай сезилди. Ошондо алтынды карап кɵрдʏм. Анан бул боюнча маалыматтарды изилдедим. Анан алтын алуу чечимин чыгардым.
Алгач 20 грамм алтын алдым. 2023-жылда баштагам. Жалпы 200 миңдей акча кетти. Чынын айтсам, ошол кʏнʏ бир аз корктум. Эгер баа тʏшʏп кетсечи деген ойлор болду. ʏй-бʏлɵм менен да кеңешкем. Ошондон бери менин акча сактоомдун жолу алтын алуу болуп келет. Кийинки жылы дагы 12 грамм кошком. Быйылкы жылы 5 грамм коштум. Азыркы учурда колумда 37 грамм алтыным бар.
Азыр сатууга даяр эмесмин. Пайда бар, бирок азыр сатпайм. Эң негизгиси коопсуздукту ойлоп сактап жатам. Атайы максаттарым жана пландарым бар. Буюрса ошол максаттарымды ишке ашырууга колдоном.
Нуриза Б(аты-жɵнʏ ɵзгɵртʏлдʏ):
— Батирге акча жетпейт. Доллар да туруктуу эмес. Ал эми алтынды аз-аздан алса болот. Мен алгач ʏч жолу 5 граммдан алдым. Жалпы 15 грамм. Бир жолу алтын алгандан кийин кызыгып калат экенсиң. Тапкан акчамды ашыкча коротпой, алтынга чогултуп калдым. Кудайга шʏгʏр тапкан акчам жетет. Башында алтынды тагынуу ʏчʏн алат элем. Азыр сактоо ʏчʏн алам. Туугандарым: “Зер буюм кылып тагынасыңбы, алалыбы?” деп тамашалап калышат.
Алтынды документине, пробасына, кайсы банктан алынганына кɵңʏл бурам. Анткени кийин сатууда маселе жаралбашы керек.
Алтын тез байытпайт. Бирок акчаны сактап турат. Алтынды сатып алган соң, дароо эле байып кетем, антип кетем, мынтип кетем деген ой болбош керек. Алтын сенин акчаңды сактап туруучу куралдардын бири. Ошол эле учурда баасы тʏшпɵгɵн курал. Кɵбɵйсɵ кɵбɵйɵт, бирок тʏшпɵйт.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары
Жеке автомектептердин базасы жабылды: Айдоочуларды даярдоо системасы реформаланды
Жарандардын персоналдык идентификациялык номерин ɵзгɵртʏʏ эмне ʏчʏн керек?