2026-жылдын 19-январында Илим, билим берʏʏ, инновациялык ɵнʏгʏʏ жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «Милдеттʏʏ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ тууралуу» мыйзам долбоору каралып, депутаттар талкуулашты. «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев эгер бул маселе ɵкмɵттʏн мыйзамдан тышкаркы актылары аркылуу чечилсе, ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ тезирээк киргизʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болорун, ɵз учурунда бул жарандардын кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏгɵ жардам берерин билдирди.

Жаңылыштык менен берилген ПИН
Кыргызстанда болжол менен 150 миң жаранга персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ката менен берилгенин мамлекеттик «Кызмат» мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев Жогорку Кеңештин илим, билим берʏʏ, инновациялык ɵнʏгʏʏ, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттʏʏ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында персонификацияланган (жеке) эсепке алуу тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул документ ПИНди ыйгаруу жана аны оңдоо тартибин Министрлер Кабинети аркылуу тактоого багытталган.
Жыйында депутат Гʏлшаркан Култаева ПИН ɵзгɵртʏлгɵн учурда анын тарыхы кандайча сакталары, башкача айтканда, жаран номерин алмаштыргандан кийин да ошол номер менен ишин уланта алышы жана бул жагдай мыйзамда так жазылышы керектиги тууралуу суроо койду.
Эрнес Досалиев ПИН — бул жаранды идентификациялоочу курал экенин белгиледи. Анын айтымында, система ичинде бардык маалыматтар катталган жана аларды толугу менен жокко чыгарууга же ɵчʏрʏʏгɵ мʏмкʏн эмес. Ал ошондой эле буга чейин Кыргызстанда 150 миңге жакын жаран ПИНди ката менен алганын, мында жарандардын эч кандай кʏнɵɵсʏ жок экенин айтты. ПИНди ɵзгɵртʏʏ жаран ɵзʏ арыз берген учурда гана жʏргʏзʏлɵт.
Депутаттын айтымында, жарандар ПИН алмаштырганда ар кандай кɵйгɵйлɵргɵ туш болбошу ʏчʏн бардык маалыматтар бирдиктʏʏ система аркылуу интеграцияланышы керек.

Кандай учурда ПИНди алмаштырууга болот?
Депутат Дастан Жумабеков санариптик ɵнʏктʏрʏʏ министринин орун басары Нурсултан Кубановдон идентификациялык жеке номерди (ИЖН) кайсы учурда алмаштырууга болорун сурады.
Анын айтымында, ИЖН-кодду алмаштырууга техникалык ката кеткен учурда гана уруксат берилет.
Жумабеков ИЖН-код берʏʏдɵ аялдарга 1 цифрасы, ал эми эркектерге 2 цифрасы ыйгарыларын белгиледи.
Министрдин орун басары мыйзамга ылайык, жынысын ɵзгɵрткɵндʏгʏнɵ байланыштуу ИЖН-кодду алмаштырууга болбой турганын айтты.
«Учурда ИЖН-кодду ыйгаруу боюнча тɵрɵт ʏйлɵрʏ менен интеграциялык иштер жʏрʏп жатат. ИЖН-кодду алмаштыруу маселеси жарандын жеке кайрылуусунан кийин жана алмаштыруунун себептери толук изилденгенден кийин гана каралышы мʏмкʏн», — деп жооп берди ал.
Учурдагы мыйзамдарда ПИНди ɵзгɵртʏʏгɵ мʏмкʏн болгон негиздер белгиленген, атап айтканда:
• жарандык абал боюнча нормаларга ылайык туулган кʏндʏ тууралоо;
• бир нече жаранда бирдей ПИНдин болушу;
• жыныс же туулган кʏндʏ кɵрсɵтʏʏдɵ катачылыктар;
• криминалдык ɵндʏрʏштɵ укуктарды коргоо ʏчʏн белгиленген жагдайлар;
• 2017-жылдын 1-июлуна чейин болгон техникалык катачылыктар ʏчʏн ɵзгɵчɵ учурлар.
ПИНди ɵзгɵртʏʏ жана берʏʏ ɵкмɵт тарабынан жʏргʏзʏлɵт.

ПИНдин алмаштыруу Минкабга берилсе, ЖКнын ролу алсырап кетеби?
Депутат Сеидбек Атамбаев бул мыйзам долбоору жарандардын укуктарын коргоо ʏчʏн арналганын, бирок ал Жогорку Кенештин ролун алсыратууга да алып келиши мʏмкʏн экенин белгиледи.
«Мен бул мыйзам долбоорун колдойм, бирок анын кемчиликтерин талкуулоо керек. Бир жагынан, ал ɵкмɵткɵ кɵп ыйгарым укуктар берет, бул парламенттин макулдугусуз ПИНди ɵзгɵртʏʏ негиздерин ɵзгɵртʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет, бул болсо парламенттик кɵзɵмɵлдʏ алсыратат. Долбоордо негиздердин так тизмеси жок, баары мыйзамдан тышкаркы актылар менен аныкталат, туурабы?», — деп депутат суроо берди.
Бул боюнча Санариптик ɵнʏктʏрʏʏ министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов парламент ɵз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзамга ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизе аларын айтты.
«Мен макулмун, бирок мыйзам долбоорун колдоо менен бирге парламенттин мыйзамдан тышкаркы актылар боюнча кɵзɵмɵлʏн камсыз кылуу керек, ошондуктан ПИНди ɵзгɵртʏʏ тек гана техникалык жана укук коргоо аспектилери менен байланыштуу болушу керек. Ɵкмɵт Жогорку Кенешти ɵз аракеттери жɵнʏндɵ маалымдоосу керек, же ПИНди ɵзгɵртʏʏ ʏчʏн негиздерди так аныктоо зарыл», — деп кошумчалады Атамбаев.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев депутаттар негиздердин тизмеси мыйзамдан алынып салынат деп тынчсызданбашы керектигин, анткени алар мыйзамдан тышкаркы актыларга кɵчʏрʏлɵрʏн баса белгиледи.
«Трансгендердик муктаждыктар сыяктуу чукул кырдаалдар пайда болот. Жакында бизге эркек болуп, аялга айланган адамдын ПИНин ɵзгɵртʏʏ боюнча ɵтʏнʏч менен кайрылышты. Анын ПИНине ɵзгɵртʏʏ киргизилгенге чейин, ал ɵлкɵдɵ кызматтарды пайдаланууда кыйынчылыктарга туш болот. Бул болгону гипотетикалык мисал», — деди ал.
Досалиев мындай гендердик нормаларды киргизʏʏ ʏчʏн олуттуу убакыт талап кылынарын кошумчалады. Эгер бул маселе ɵкмɵттʏн мыйзамдан тышкаркы актылары аркылуу чечилсе, ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ тезирээк киргизʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берет, бул жарандардын кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏгɵ жардам берет.
Ал ошондой эле мыйзамдагы ɵзгɵртʏʏлɵр трансгендердик жана башка суроолордун контекстинде актуалдуу экенин белгиледи.

Мыйзам долбоорунун максаты кандай?
Санариптик ɵнʏктʏрʏʏ жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов белгилегендей, мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет ɵлкɵлʏк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерлерди ыйгаруу процессин жɵнгɵ салуу максатында иштелип чыккан.
Депутат Гʏлшаркан Култаева жекече эсепке алууда жаңы номер ыйгарылган же техникалык каталар оңдолгон учурларда мурда берилген номердин тарыхы сакталабы деген маселени тактады. Ал эми эл ɵкʏлʏ Советбек Рустамбек уулу чет ɵлкɵлʏк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жекече (индивидуалдык) эсепке алуу номерлерин ыйгаруунун тартибине кызыкты. Комитет тɵрайымы Токтобʏбʏ Ашымбаева министрликтер менен ведомстволордун ортосунда маалымат базаларын интеграциялоо маселесине токтолду.
Талкуу маалында башка депутаттар эсепке алуу номерин ыйгаруу тартибине, техникалык каталарды кетирбɵɵ жана оңдоо механизмдерине байланыштуу маселелерди да кɵтɵрʏштʏ.
Мындан улам 2026-жылдын 21-январь кʏнʏ «Милдеттʏʏ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ тууралуу» мыйзам долбоору кайрадан каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары
Жеке автомектептердин базасы жабылды: Айдоочуларды даярдоо системасы реформаланды
Алтын – акчанын кунун кармоодогу ишенимдʏʏ “касса”