14 февраля, 2026

Президент-генерал: Кош башкаруунун доору бʏттʏбʏ?

9-февраль кʏнʏ президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин тɵрагасынын орун басары – УКМКнын тɵрагасы кызматынан алынды. Чʏ дегенде эле Ташиевдин артынан анын атайын кызматтагы орун басарлары кетти. Дароо эле президент башка буйругу менен Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тɵрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын кызмат ордун бекемдɵɵ Жогорку Кеңештин укугунда калды. Бул жагдай элди нес абалга калтырган болсо, саясий элита тʏркʏн жоромолдорду айтканга ʏлгʏрдʏ.

Эксперттер бу жагдай боюнча эки версияны алдыга сʏрɵп жатышат. Анын биринчиси Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна жик тʏшʏп, тандем аягына чыкканын айтышса, экинчиси, бул болгону «саясий тактика» болушу мʏмкʏн деген жоромолдорду айтышууда.

Деген менен Камчыбек Ташиевдин кадрларынын бийликтин жогорку рангдарынан тазаланышы кɵп жагдайды ачык эле каңкуулап койду. Алгач башкы чекисттин ишенген нɵɵкɵрлɵрʏ — Даниэль Рысалиев УКМК тɵрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулган болсо, Курванбек Авазов УКМК тɵрагасынын биринчи орун басары кызматынан, Элизар Сманов УКМК тɵрагасынын орун басары кызматынан алынды.

Алардын ордуна дароо эле башка кадрлар дайндалды. Алар: Рустам Мамасадыков, Алишер Эрбаевдар, Уранбек Шадыбеков.  Рустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешнин катчылыгынан бошотулуп, УКМК тɵрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалса, Уранбек Шадыбеков УКМК тɵрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту

камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды. Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев УКМК тɵрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору кызматына бекиди.

Бул арада президент дароо эле ɵзʏнʏн  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тʏзʏмʏ жана курамы жɵнʏндɵ” Жарлыгына ɵзгɵртʏʏлɵр киргизип, Чек ара кызматы УКМКнын карамагынан чыгып, Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра тʏзʏлдʏ. Аны жетектеп турган Абдикарим Алимбаев ушул кызматтын башчысы болуп дайындалды.

Садыр Жапаров дагы бир жарлыгы менен УКМКнын 9-кызматынын базасында Мамлекеттик кʏзɵт кызматын тʏздʏ. Аталган кызмат мамлекеттик кайтарууга алынган мекемелерди коргойт. Бирок президенттин ɵзʏнɵ тʏз баш ийет.

Кɵп кʏттʏрбɵй эле Камчыбек Ташиев 11-февраль кʏнʏ текст тʏрʏндɵ билдирʏʏ тараттты. Тɵмɵндɵ анын кайрылуусун ɵзгɵртʏʏсʏз беребиз.

«Урматтуу Эл-журт!

Мен ооруп калып, Президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге кɵрʏнʏʏгɵ туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр,мен ʏчʏн ɵтɵ кʏтʏʏсʏз болду. Кандай болгон кʏндɵ да Президенттин чечимин аткарууга милдеттʏʏбʏз. Мамлекетибиз, Эли журтубуз,Президентибиз алдында ак кызматымды ɵтɵдʏм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону ɵкʏндʏрɵт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми ɵлкɵбʏздɵ тынчтык, стабилдʏʏлʏк болуш ʏчʏн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!».

Азимбек Бекназаров (Убактылуу ɵкмɵттʏн мʏчɵсʏ, мурдагы башкы прокурор) да Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча ɵз пикирин билдирди.

«Кадрдык ɵзгɵртʏʏлɵр боюнча кабыл алынган чечимдер ʏчʏн мамлекет башчысын кʏнɵɵлɵɵгɵ болбойт. Укуктук талаада ал туура иш кылды. Мен мында эч кандай трагедия кɵргɵн жокмун. Ɵзʏм да буга чейин кɵптɵгɵн президенттердин жанында иштешкем, мени да кызматтан бошотушкан. Бир жолу болгону алты ай гана иштеп калгам», — деди ал.

Ошондой эле Бекназаров мɵɵнɵтʏнɵн мурда президенттик шайлоо ɵткɵрʏʏнʏ сунуштаган 75 коомдук жана саясий ишмерден турган топтун дарегине карата кескин билдирʏʏ жасады.

Kaktus.media эксперттер менен бирге Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши эмнени билдирерин жана мындан аркы окуялар кандай ɵнʏгʏшʏ мʏмкʏн экенин талдоого аракет кылган.

Алардын негизги ойлору:

Бакытбек Жумагулов:

-Кызматтан кетʏʏ — системалык бурулуш. «Кош таяныч» модели (саясий жана кʏч тʏзʏмдɵрʏ) жыйынтыкталып, бийлик барган сайын жекелешкен мʏнɵзгɵ ɵтʏʏдɵ. Кыска мɵɵнɵттɵ — башкаруу туруктуу болот, орто мɵɵнɵттɵ — тобокелдиктер кɵбɵйʏп, шайлоонун алдында президентке болгон басым кʏчɵшʏ мʏмкʏн.

Феликс Кулов:

-Каршылашуу болбойт, абал туруктуу. Мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоо мыйзамсыз, анын демилгечилерин кимдир бирɵɵлɵр пайдаланган болушу ыктымал. Эң негизгиси — туруктуулукту сактоо. Ташиев шайлоого баруусу кʏмɵн.

Мавлян Аскарбеков:

Бул — шайлоонун алдында саясий талааны «тазалоо». Ташиев тʏзгɵн системаны демонтаж кылуу жана кадрдык ɵзгɵрʏʏлɵр болушу мʏмкʏн. Шайлоолор адилет жана тең шартта ɵтʏшʏ зарыл.

Алмаз Тажибай:

-Тандемдер тʏбɵлʏктʏʏ эмес — бул табигый этап. Кызматтан кетʏʏнʏн себептери ички же тышкы болушу мʏмкʏн. Эки сценарий ыктымал: саясий «жылымык» же президенттик вертикалдын дагы кʏчɵшʏ.

Аркадий Дубнов:

-Тандем ɵз мʏмкʏнчʏлʏгʏн тʏгɵттʏ. Ташиевде ашыкча саясий амбициялар болгон. Негизги суроо — ал мындан ары кандай жʏрʏм-турум кɵрсɵтɵт жана шайлоого катышабы.

Эмиль Жураев:

-Шайлоонун жакындашы жана мɵɵнɵттɵр боюнча талаштар фонунда бул кызматтан кетʏʏ кʏтʏлгɵн эле. Тандем жеке келишимдерге таянган жана ɵз доорун аяктады. Азыр — тыныгуу жана байкоо мезгили.

Бийлик бутактагылардан биринчилерден болуп Министрлер кабинетинин тɵрагасынын орун басары  Эдил Байсалов бул жагдай боюнча ɵз оюн ортого салды. Албетте, анын пикирин бийликтин позициясы да, позициясы эмес деп атоого болот.

Байсалов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга эмне себеп болгонун мынтип божомолдоду:

«Баарыбыз жакшы эстейбиз, генерал Ташиев президентти колдой турганын кɵп жолу жана ачык айтып келген. Ал мамлекет башчысынын багытын колдой турганын, кийинки шайлоодо анын талапкерлигин колдой турганын тʏз билдирген. Ошондой эле азыркы президент баштаган ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ улантууга толук конституциялык укугу бар экенин баса белгилеген. Бул билдирʏʏлɵр ачык, так жана коомчулук алдында жасалган.

Бирок акыркы айларда айрым жоопкерчиликсиз адамдар, жашы ɵтʏп калган “учуп тʏшкɵн учкучтар” жана “саясий банкроттор” эл генералынын атын жамынып, ɵздɵрʏн тарых жараткан адамдардай сезе башташты. Жеке максаттарын кɵздɵп, алар анын атынан сʏйлɵп, бийликке жеке дооматтар бар экенин, жакын арада бийлик алмашары тууралуу имиш чечимдерди жайылтып, жашыруун тирешʏʏ жана тʏшʏнʏксʏздʏк маанайын жарата башташты. Дал ошолор кɵп жылдар бою туруктуулукту камсыздап келген тең салмактуулукту солкулдата башташты.

Мунун натыйжасында кооптуу эки ача тʏшʏнʏк пайда болду. Коомдо кош бийлик бар деген, мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоо ɵткɵрʏʏ керек деген, азыркы бийликтин легитимдʏʏлʏгʏ шек жаратат деген сɵздɵр тарай баштады.

Дал ушул чагымчылар жана алардын жашырынбаган амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна ажырым салды. Бул ажырым эми бʏтʏндɵй коомго жана мамлекетке бɵлʏнʏʏ коркунучун жарата баштады.

Мамлекет ʏчʏн бул жол берилгис кɵрʏнʏш. Бийлик так, конституциялык негизде аныкталган жана жоопкерчилик бир борборго топтолгон болушу керек».

Эдил Байсаловдун версиясына ишенсек, анын божомолуна ишене турган жагдай жаралды. Бул «саясий башаламандык» жаралганга чейин президенттик шайлоону мɵɵнɵтʏнɵн мурда ɵткɵрʏʏнʏ демилгелеп, мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин, коомдук ишмерлердин кол жазмасын чогултуп жʏрʏшкɵн жарандардын ʏчɵɵ кечээ, 11-февралда кармалганы маалым болду— алар массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелʏʏдɵ.

ИИМден билдиргендей, кайрылуудагы айрым билдирʏʏлɵр коомдук-саясий абалды курчуткан. Аларга «Массалык баш аламандыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тергɵɵ иштеринин алкагында кайрылууда аты-жɵнʏ кɵрсɵтʏлгɵн 75 адам ИИМге жеткирилди. Демилгечи катары аталган ʏч адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Алардын ʏйлɵрʏндɵ тинтʏʏ жʏргʏзʏлгɵн. Баш тамгаларына караганда, сɵз Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев жана Эмиль Узакбаев тууралуу болууда.

11-февралда Ош шаарындагы капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵн Кɵкʏм-Бий бала бакчасынын ачылыш аземинде журналисттердин суроолоруна жооп берген Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишине байланыштуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев ɵзʏнʏн расмий билдирʏʏсʏн жасаган жана президенттин чечимин сыйлай турганын айткан.

«Мен ал кишинин кадрымын, ал менин досум. Ташиев ɵз оюн билдирди, аны баарыңыздар билесиздер. Ал президенттин чечимине баш ийем деди. Алар нан тиштешкен, кант тиштешкен, куран кармашкан — ажырагыс достор. Бул эки адамдын жеке мамилеси, муну саясатташтырбаш керек. Садыр Нуркожоевич менен генерал Ташиев иш алып барган мезгилде ɵлкɵдɵ бир топ ɵзгɵрʏʏлɵр болду.

Азыр айрым ɵзгɵрʏʏлɵр болуп жатат, аны убакыт кɵрсɵтɵт. Мен жеке оюмду гана айттым», — деди мэр.

Ошондой эле ал Камчыбек Ташиевдин ден соолугу тууралуу да маалымат берди. Анын жʏрɵгʏнɵ мурда 5 стент коюлганын, алардын бири жылып кеткенин айткан. Ушуга байланыштуу Ташиев президенттен 15 кʏнгɵ Германияга барып, дарыланып келʏʏгɵ уруксат сураганы маалым болду.

«Мен президенттин чечимине макулмун. Эгер азыр кетесиң десе, арыз жазып кете берем», — деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеңештин тɵрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тɵрагалык кызматын тапырды. Мындай чечимин ал ɵзʏ 12-февраль кʏнʏ парламенттик жыйындын башында жар салды.

«Ызы-чуу, бʏдɵмʏк ойлор болбошу керек. Мен ушундай чечим кабыл алдым. Мага эч ким кысым кɵрсɵткɵн жок. Туруктуулук болуш керек», — деди ал.

Азыркы учурда ким тɵрага болору белгисиз. Бирок тɵрагалык амбициясы бар бир нече депутаттын аты аталууда. Деген менен расмий маалыматты кʏткɵнʏбʏз жакшы.

Негизи кыргыз саясий аренасында, деги эле дʏйнɵлʏк саясий аренада тандемдик башкарууга узакка созулган эмес. Жогоруда эксперттер айткандай, «эки дос» тандеми эң узак жашаган тандемдердин бири. Алардын кош башкаруусу 5 жылга созулду.

Бек Бисмарк

About The Author