14 февраля, 2026

Куурчак аркылуу аксакалдардын элесин сʏрɵттɵгɵн жаш режиссер

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ улуттук баалуулуктарды заманбап искусство менен айкалыштырып, кол ɵнɵрчʏлʏктʏ кино жана анимация менен байланыштырууну максат кылган жаштар аз эмес. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Келдибек Сапарбаев.  Учурда Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде билим алып жатат. Каарманыбыз жʏн, жыгач, кагаз сыяктуу табигый материалдар менен иштеп, кыргыз турмушун, айрыкча аксакалдардын образын куурчак аркылуу чагылдырууга аракет кылып келет. Жаш кол ɵнɵрчʏ меен  ички дʏйнɵсʏ, чыгармачылык жолу жана чоң максаттары тууралуу кенен айтып берди.

Келдибек Сапарбаев:

-Мен Келдибек Сапарбаев, 27 жаштамын. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунан болом. Учурда ОшМУнун Искусство факультетинде,  Киноакадемияда 2-курста окуйм. Адистигим — режиссёр. Кол ɵнɵрчʏлʏккɵ болгон кызыгуум бала кезимден эле башталган. Кичинекей кезимде жыгачтан ар кандай оюнчуктарды жасап ойночумун. Мектепте окуп жʏргɵндɵ кол ɵнɵрчʏлʏк жана сʏрɵт тартуу боюнча кɵргɵзмɵлɵргɵ, конкурстарга байма-бай катышып турдум. Ал убакта жʏн менен иштɵɵ тажрыйбам жок болчу, бирок кагаздан, картондон макеттерди жасап, жыгач менен иштɵɵнʏ жакшы ɵздɵштʏргɵм. Азыр деле бул ɵнɵрлɵрдʏ таштабай улантып келем.

-Жʏн менен иштɵɵгɵ 2020-жылы кызыга баштадым. Буга себепкер болгон Нурзат Жээнбек кызы аттуу тажрыйбалуу кол ɵнɵрчʏ эже болду. Ал киши мага: “Сен кɵп нерсе жасай алат экенсиң, жʏн менен куурчак жасап кɵрбɵйсʏңбʏ? Муну деле ʏйрɵнсɵ болот”,  — деген сунушун айткан. Ошол сɵз мен ʏчʏн жаңы жол ачкандай болду. Алгач YouTube аркылуу видеолорду кɵрʏп, керектʏʏ жʏн жана атайын ийнелерди сатып алып, биринчи куурчагымды жасадым. Биринчи аракетим жаман чыккан жок. Ошондон кийин бул иш колуман келерин тʏшʏнʏп, улам татаал образдарды жарата баштадым. Бара-бара жаныбарлардын, адамдардын, кийимдердин, турмуштук буюмдардын образдарын жасап калдым. Бул мен ʏчʏн жɵн гана хобби эмес, ички дʏйнɵмдʏ билдирʏʏнʏн бир жолу болуп калды.

-Мен кɵбʏнчɵ аксакалдардын образын жасаганды жакшы кɵрɵм. Бул образдар мага чоң атамды, айылдагы улуу муундагы адамдарды эстетет. Мурда айылда аксакалдар кɵп болчу, алардын жʏзʏ, сʏйлɵгɵнʏ, жʏрʏм-туруму ɵзгɵчɵ бир жылуулукту тартуулачу. Азыр ошол кɵрʏнʏштɵр акырындап азайып бара жаткандай сезилет. Ошол жоголуп бараткан эстетиканы мен куурчактар аркылуу сактап калгым келет. Куурчактарымдын кɵбʏ 15 сантиметрдин тегерегинде болот. Алгачкы жасаган куурчагым 10 сантиметрдей эле, тилекке каршы ал азыр жок, белекке берип жибергем.

-Кино же мультфильм кɵрʏп отурганда, кɵчɵдɵ сейилдеп жʏргɵндɵ, ар кандай адамдардын жʏздɵрʏн байкайм. Алардын ичинен жʏзʏ жылуу, мʏнɵзʏ байкалган адамдар болот. Кээде ошол адамдардын жʏзʏн куурчактарымда чагылдырган учурларым кɵп. Ар бир образдын артында ɵзʏнчɵ бир окуя, ɵзʏнчɵ тагдыр жаткандай сезилет.

-Жʏн менен иштɵɵ абдан майда жана тактыкты талап кылат. 15 сантиметрлик бир адамдын куурчагын жасап чыгуу ʏчʏн 10-15 сааттай убакыт кетет. Эгер алаксыбай иштесең, бир кʏндɵ бʏтʏрсɵ болот. Айрым учурларда бир иш бир нече кʏнгɵ, кээде бир айга чейин созулушу мʏмкʏн. Мен бир ишти баштасам, аны бʏтʏрмɵйʏнчɵ башка нерсеге алаксыбоого аракет кылам. Иштеп жатканда музыка, “Манас” эпосунан ʏзʏндʏлɵрдʏ же фильм коюп алам. Ошондо убакыт билинбей ɵтʏп кетет.

-Азыр боз ʏй жасоону да ɵздɵштʏрʏʏгɵ аракет кылып жатам. Буга чейин бир эле боз ʏй жасадым, аны эксперимент катары карагам. Кийинки максатым — улуттук композициялар менен иштɵɵ. Бул жылы атайын чоң композиция жасоону пландап жатам.

-Кɵбʏнчɵ социалдык тармактарга жʏктɵп турам. Элге активдʏʏ кɵрсɵтɵ баштаганыма болгону эки жумадай эле болду. Ошого карабастан, кызыгып, сурап жазгандар кɵбɵйдʏ. Мурда бул ишти анча бɵлʏшпɵй жʏргɵм.

-Кол ɵнɵрчʏлʏк менен алектенген учурда жаман ойлордон арылып, кɵңʏлʏм жай алат. Айрыкча ɵз колуң менен бир нерсе жасап, аны бирɵɵгɵ белек кылганда адамдардын кубанганын кɵрʏʏ мен ʏчʏн чоң бакыт. Кээде тааныбаган адамдарга деле белек берип коём. Алгач мен кубанам, анан алардын эмоциясын кɵрʏп, кубанычым эки эсе артат.

-Келечекте Кыргызстанда анимация тармагында алдыңкы орунда турган студия ачсам дейм. Улуттук баалуулуктарды, тарыхыбызды, кɵчмɵн турмушту дʏйнɵгɵ тааныткан мультфильмдерди жаратуу — эң чоң кыялым.

-Жеке мектептердин биринде иштеп жʏргɵн мезгилде балдар ʏчʏн кол ɵнɵрчʏлʏк кружокторун алып бардым. Ал жерде жʏн менен иштɵɵдɵн тышкары, кагаздан, картондон макет жасоону, уча турган самолетторду, жɵнɵкɵй оюнчуктарды кураштырууну ʏйрɵтчʏмʏн. Балдар менен иштɵɵ ɵзʏнчɵ чоң жоопкерчилик экенин ошондо тʏшʏндʏм. Анткени ар бир баланын кабылдоосу, кызыгуусу ар башка болот. Кээ бири тез ʏйрɵнсɵ, кээ бири убакытты талап кылат. Бирок алардын жасап чыккан нерсесине сʏйʏнʏп, кɵздɵрʏ жайнап турганын кɵрʏʏ — мен ʏчʏн чоң дем болчу. Азыркы учурда мага ʏйрɵнɵм деген адамдар кɵп кайрылышат. Бирок тилекке каршы, туруктуу ʏйрɵтɵ турган атайын жерим жана шарттарым жок болгондуктан, бул ишти кеңири баштай элекмин. Ошентсе да чын ниети менен ʏйрɵнгʏсʏ келгендерге колуман келишинче багыт берип, кеңеш айтып келем.

-Мен шахмат ойногонду жактырам, пианино чертʏʏнʏ ʏйрɵнʏп жʏрɵм. Кээде университетте адамдар жок калган учурда барып, ɵзʏмчɵ машыгып келем. Комуз болсо — менин жашоомдогу ɵзгɵчɵ орунду ээлейт. Комуз черткениме 12 жылдан ашты. Кɵбʏнчɵ жалгыз калганда же ой калчап алуу ʏчʏн  комуз чертип, жан дʏйнɵмдʏ тынчтандырам. Сейилдегенди дагы абдан жакшы кɵрɵм. Сейилдеп жʏрʏп ар кандай адамдарды, кɵз ирмемдерди байкайм. Телефонума гʏлдɵрдʏ, кɵчɵдɵгʏ кызыктуу учурларды тартып алам. Бир гʏл жагып калса, аны ар кайсы ракурстан кайра-кайра тарта берем. Мен ɵзʏмдʏ интроверт адамдардын катарына кошом. Бирок акыркы убакта уялчаактыкты, тартынчаактыкты жеңʏʏ ʏчʏн адамдар менен кɵбʏрɵɵк аралашууга аракет кылып жʏрɵм.

-Эгер адам бала кезинен баштап бир ишти сʏйʏп жасап келсе, ал бара-бара ошол иштин устаты болуп калат. Кол ɵнɵрчʏлʏк мага сабырдуулукту, туруктуулукту, ɵзʏм менен иштешʏʏнʏ ʏйрɵттʏ. Эң башкысы — мен кылган ишимден чыныгы ырахат алам. Адам ɵзʏнʏн сʏйгɵн ишин аткарганда  чарчабайт. Тескерисинче, кʏч-кубат алат деп ойлойм.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author