14 февраля, 2026

Мэрдин ишинин динамикасы менен шаар ɵнʏгʏʏдɵ

 «Ош шамы» гезити айына эки жолу жарык кɵрɵт. Бирок, кеп мында эмес, кеп Ош шаарынын мэринин кыска аралыкта атка оор, тɵɵгɵ жʏк болчу иштерди жасап жатканында болууда. Эсеби маселен, гезитибиздин жаңы саны чыкканга чейин болжолу 15 кʏн убакыт кетет. Бул аралыкта Токторбаев токтоп калган жок. Ал адатынча ат кɵтɵрɵ алгыс иштерин четинен жасай баштады. Алсак, ɵмʏрʏ Оштун чиновниктерине жат болгон рейдин жаңырган жылдан улантып, жолдорду кеңейтʏʏ, шаардын инфратʏзʏм жакшыртуу ʏстʏндɵ талыкпай эмгектенʏʏдɵ. Эмесе тɵмɵндɵ калаа башчысынын кыска убакытта жасаган иштерин тизмектеп беребиз.

Албетте, бул сɵз Токторбаевге гана жарашат. Анткени, анын жумушунун динамикасы абдан бат болуп, аткарган иштерин жазганга ʏлгʏрбɵй жатабыз. Чʏ дегенде эле аны бир апта бою аткарган жумушу боюнча кыскача баяндама жасап берейин.

Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгенден бери шаардагы мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштерин жʏргʏзʏп, шаардыктардын эсинен чыгып кеткен каналдардын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуп, жергиликтʏʏлɵр эс ала турган парктарды куруп келʏʏдɵ. Бу сапар да ал иштери ɵз нугунан жазбай уланып жатат. Февралдын башында эле Токторбаев кезектеги рейдин улап, Апсамат Масалиев проспектиси аркылуу ɵткɵн Жекелик каналынын жээгин карап чыкты.

Ош мэриясынын маалыматына караганда, рейддин жʏрʏшʏндɵ шаар мэри Масалиев кɵчɵсʏнʏн Нурматов кɵчɵсʏ менен кесилишинен тартып Шамшиев кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыкта жайгашкан Жекелик каналынын эки жээгин кɵрктɵндʏрʏп, сквер куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелʏʏ кызматтарга тапшырды.

Мындан тышкары, каналдын ʏстʏнɵ жана корук аймагына мыйзамсыз курулуп алган коммерциялык багыттагы бир катар объекттерди белгиленген тартипте алып салуу, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирʏʏ боюнча тапшырмалар берилди.

«Аталган иштер шаарды кɵрктɵндʏрʏʏ, жашоочулар ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жʏргʏзʏлʏʏдɵ», — деп айтылат муниципалитеттин басма сɵз кызматы таркаткан маалыматта.

Шаар башчысы калааны жашыл шаарга айлантууга жан ʏрɵп келген сейрек жетекчилердин бири. Эскилиги жетип, биологиялык функциясын аткара албай калган дарактарды адистер менен кошо изилдеп, аларды алып салуу иштерин жасап, ордуна айлан-чɵрɵдɵгʏ зыяндуу заттарды ɵзʏнɵ сиңирип, таза аба бɵлʏп чыгара турган дарактарды эгʏʏ тапшырмасын бай-бай берип келʏʏдɵ. Бул ɵңʏттɵн алганда Токторбаев жакынкы жылдары бу байыркы калааны гʏлзарга айлантып жибериши мʏмкʏн. Маселен, 2-февраль кʏнʏ Токторбаевдин Курманжан-Датка кɵчɵсʏндɵ ɵткɵн рейдинде аталган кɵчɵгɵ 1000 тʏп акация гʏлдɵрʏн отургузуу тапшырмасын берди.

Мэриянын маалыматына ылайык, Курманжан-Датка кɵчɵсʏнʏн А. Навои жана Т. Касымбеков кɵчɵлɵрʏ менен кесилишкен аймагына (автобекет) миңге жакын акация (робиния) кɵчɵттɵрʏн отургузуу боюнча мэр  тапшырма берген.

Учурда аталган кɵчɵнʏн эки тарабында тротуарларды жана жашыл аймактарды куруу иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Анын алкагында тротуарлардын эски катмары алынып, жер тилкелери даярдалууда.

Белгилей кетсек, аталган кɵчɵ 2025-жылы толук капиталдык оңдоодон ɵткɵрʏлʏп, ирригациялык лотоктор орнотулган. Жаңы долбоор жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏгɵ багытталган.

2-февраль кʏнʏ Токторбаев Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту. Жыйынга ошондой эле Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жергиликтʏʏ бийликтин маалыматына караганда, жыйындын жʏрʏшʏндɵ шаар мэри ɵткɵн жылы тургундар тарабынан кɵтɵрʏлгɵн кɵйгɵйлʏʏ маселелердин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, 2025-жылы аталган муниципалдык аймактык башкармалыкта жалпы 10,5 чакырым жолго асфальт тɵшɵлгɵн. Быйылкы жылы да негизги кɵчɵлɵрдʏ асфальттоо иштери улантылып, Х. Абдуллаев атындагы мектеп толук капиталдык оңдоодон ɵткɵрʏлɵрʏ белгиленди.

«Сɵзʏн жыйынтыктап жатып мэр Ош шаарынын мындан аркы ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн шаар тургундарын ынтымакта болууга, шаар бийлиги тарабынан жʏргʏзʏлʏп жаткан иштерге тʏшʏнʏʏ менен мамиле кылып, колдоо кɵрсɵтʏʏгɵ чакырды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ошондой эле жыйында муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берип, жʏргʏзʏлгɵн жумуштар жана жетишкен ийгиликтерге токтолду.

Иш-чаранын соңунда жарандар тарабынан ирригация, мыйзамсыз курулуштар, ички кɵчɵлɵрдʏ асфальттоо, газдаштыруу, пенсия жана жеке маселелер боюнча суроолор берилди. Кɵтɵрʏлгɵн суроолорго шаар мэри тарабынан тиешелʏʏ жооптор берилди.

Белгилей кетсек, шаар башчысынын эл менен жолугушуусу жылына эки ирет ɵткɵрʏлʏп келет. Бул иш-чаралар шаардагы кɵйгɵйлɵрдʏ жеринде аныктап, аларды иреттʏʏ чечʏʏгɵ шарт тʏзɵт.

«Ош» унаа бекетинин инфраструктурасы жакшыртылып, жанындагы май куюучу жай алынат

3-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек Датка кɵчɵсʏндɵ кезектеги таңкы рейд ɵткɵрдʏ.

Рейддин жʏрʏшʏндɵ шаар мэри Алымбек Датка кɵчɵсʏндɵ, Ош шаар унаа бекетинин (автобекет) жанында жайгашкан май куюучу жай элдин коопсуздугуна коркунуч жаратышы мʏмкʏн экенин белгилеп, аталган жайдын ордун тиешелʏʏ кызматтар тарабынан кайрадан карап чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, кыска мɵɵнɵттʏн ичинде аталган унаа бекеттин айланасын кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу боюнча жетекчилигине конкреттʏʏ тапшырмалар берилди.

Аталган иштер шаарды кɵрктɵндʏрʏʏ, тургундар ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек Датка кɵчɵсʏн кеңейтʏʏ боюнча тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жеринде таанышты.

Аталган кɵчɵнʏ кеңейтʏʏгɵ тоскоол болуп жаткан мыйзамсыз жана жол жээгине чыгып курулган объектилерди алып салуу, ошондой эле каралбай калган жер тилкелери боюнча тиешелʏʏ мекеме-ишканаларга тактоо жʏргʏзʏп, маалымат берʏʏнʏ камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, шаар мэри Курманжан Датка кɵчɵсʏндɵ аткарылып жаткан эки тараптуу тротуар жана жашыл аймактарды куруу иштерин жеринде кɵрʏп чыкты. Текшерʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелʏʏ кызматтарга аларды ɵз мɵɵнɵтʏндɵ жоюу жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу боюнча конкреттʏʏ тапшырмалар коюлду.

Белгилей кетсек, Курманжан Датка кɵчɵсʏ 2025-жылы толук капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏп, ирригациялык лотоктор орнотулган. Учурда ишке ашырылып жаткан долбоор жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттарды тʏзʏʏгɵ, ошондой эле шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

  Дооран Токтошев

About The Author