15 февраля, 2026

Дʏйнɵнʏ дʏрбɵлɵңгɵ салган  “Эпштейн файлдары”

Акыркы кʏндɵрʏ дʏйнɵлʏк коомчулукту дʏрбɵлɵңгɵ салган тема — “Эпштейн файлдары”. Миллиондогон документтердин жарыяланышы бийликтин жабык эшик артындагы сырларын, саясаттагы кɵмʏскɵ кʏчтɵрдʏ, элитанын жашыруун, кʏмɵндʏʏ байланыштарын жана жоопкерчиликсиз бийликтин чыныгы жʏзʏн ачып жаткандай. Бул материалдар кандай чындыкты кɵрсɵтɵт? Кимдердин ысымдары коркунучтуу тизмеде турат? Анан эң маанилʏʏ суроо — бул окуялардын арасында Кыргызстан тууралуу из барбы?

Бул — америкалык финансист Жеффри Эпштейн жана анын жакын шериги Гислейн Максвеллге байланышкан кылмыш иштеринин негизинде тʏзʏлгɵн, али толук ачыла элек архив. Анда соттук материалдар, тергɵɵ документтери, жеке кат алышуулар, учактардын учуу журналдары, байланыш тизмелери, ошондой эле сʏрɵт жана видео далилдер сыяктуу чоң кɵлɵмдɵгʏ маалыматтар топтолгон.

Материалдардын масштабы таң калыштуу: АКШнын Юстиция министрлиги 2026-жылдын 30-январында 3 миллиондон ашык барак документти, 180 миңден ашык сʏрɵттʏ жана 2 миңден ашык видеону коомчулукка жарыялаган (бул тууралуу кеңири маалыматты CBS News агенттигинин материалдарынан окууга болот). Бул АКШнын Юстиция министрлигинин маалымат ведомствосунун ɵкʏлдɵрʏ тарабынан жарыяланган расмий билдирʏʏдɵ айтылып, чыгарылган материалдар «Эпштейн файлдары» боюнча иликтɵɵгɵ байланыштуу экендиги белгиленген.

Бул кадам 2025-жылы кабыл алынган “Эпштейн файлдарынын ачыктыгы жɵнʏндɵ” мыйзамынан кийин мʏмкʏн болду. Аталган мыйзам федералдык органдарды бул ишке тиешелʏʏ документтерди ачыктоого милдеттендирген.

Белгилей кетсек, архив толук ачылган жок. Айрым материалдар жабырлануучулардын купуялуулугун коргоо жана соттук чектɵɵлɵргɵ байланыштуу азырынча жашыруун бойдон сакталууда.

Жеффри Эпштейн — АКШда таасирдʏʏ финансист катары белгилʏʏ болуп, эл аралык коомчулуктун кɵңʏлʏн кɵбʏнчɵ ɵзʏнɵ тарткан фигура. 2008-жылы ал жашы жетпеген кыздарды сексуалдык эксплуатациялоо боюнча кылмыш иши боюнча соттолгон.

2019-жылдын август айында Эпштейн федералдык камакта турган учурда Нью Йорк шаарындагы Metropolitan Correctional Center тʏрмɵсʏндɵ каза болгон. Нью Йорк шаардык башкы медициналык экспертиза башкармалыгынын отчетуна ылайык, анын ɵлʏмʏ ɵз жанын кыюу (суицид) катары катталган. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлигинин жана башка расмий булактардын билдирʏʏлɵрʏндɵ айтылганын CBS News-тун  «Jeffrey Epstein Dies By Apparent Suicide In Jail» аттуу макаласында жазган.

Бул окуя коомчулуктун кɵңʏлʏн бурган жана айрым адамдар расмий версияны кʏмɵндʏʏ эсептешип, башка мʏмкʏнчʏлʏктɵр жɵнʏндɵ сɵз кылышат. Бирок расмий иликтɵɵлɵрдʏн жыйынтыгында азыркыга чейин Эпштейндин ɵлʏмʏ — ɵз жанын кыюу катары эсептелет.

Жарыяланган миллиондогон файлдарда дʏйнɵлʏк саясатчылар, финансисттер жана таасирдʏʏ адамдардын аты-жɵнʏ, байланыштары жана кʏтʏʏсʏз окуялар тууралуу маалыматтар орун алган.

Эскертʏʏ: Эпштейндин файлдарында аты аталган адам автоматтык тʏрдɵ кʏнɵɵлʏʏ дегенди билдирбейт.

АКШнын Юстиция министрлиги дагы эскертет: айрым каттар жана билдирʏʏлɵр текшерилбеген, далилденбеген болушу мʏмкʏн. Бирок, кайсы маалымат чын, кайсысы шек тудураарын окуп жатканда такай эске алуу керек.

Бул файлдар коомчулукту дʏрбɵлɵңгɵ салган сырларды ачса да, ар бир ысымдын артында кандай чындык турганын терең талдоо талап кылынат.

“Эпштейн файлдары” дʏйнɵнʏ дʏрбɵлɵңгɵ салган чуулгандуу ачыктоого айланды. Алардын жарыяланышы бир катар ɵлкɵлɵрдɵ жаңы тергɵɵ иштерин баштоого тʏрткʏ берди. Польша, Литва, Тʏркия сыяктуу мамлекеттер жашы жете электерди эксплуатациялоо фактылары боюнча кайрадан иликтɵɵлɵрдʏ баштады.

Бирок жаңжалдын чын масштабын алардын саны гана кɵрсɵтпɵйт. Файлдарда ири саясатчылар, финансисттер жана дʏйнɵлʏк бизнес элитасы менен байланыштар тууралуу “шок” маалыматтар камтылып, айрым мамлекеттерде кызматтык отставкаларга чейин жеткен коомдук реакцияны жаратууда. Мисалы, TheWashingtonpost агенттиги Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Питер Мандельсон расмий документтерде Эпштейн менен байланыштары боюнча аты чыгып, партиядан кетип, андан соң отставкага кеткенин жазат. Ал эми ири эл аралык маалымат жана кабар агенттиктеринин бири AP News Британиянын премьер-министринин аппарат башчысы Морган МакСуини  Питер Мандельсонду АКШга элчи катары сунуштаганы ʏчʏн кызматтан кеткенин жарыялаганын жазды.

Эң чоң айыптоолордун бири — жабырлануучулардын жеке маалыматтарынын жаңылыш жарыяланып кетиши. Кээ бир учурларда алардын толук аты-жɵнʏ коомчулукка чыккан, бул жаңы моралдык жана юридикалык суроолорду пайда кылды.

Бул архив дʏйнɵнʏ тек гана таң калтырбай, глобалдык саясаттагы кɵмʏскɵ кʏчтɵрдʏ ачыкка чыгарып, жоопкерчилик жана адилеттʏʏлʏк тууралуу терең талкууларды баштатты.

АКШнын Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган Эпштейнге байланыштуу файлдарда негизинен тɵмɵнкʏ категориядагы адамдар тууралуу маалыматтар кездешет:

— Жогорку даражалуу саясатчылар – айрым булактарда АКШ жана башка мамлекеттердеги саясатчылар, бирок алардын бардыгы мыйзамдык жактан кылмышка шектелген деп ырастала элек.

— Бизнесмендер жана финансисттер – дʏйнɵлʏк масштабдагы байлар жана инвесторлор, алардын айрымдары Эпштейндин жеке жана каржылык долбоорлору менен байланышта болгон деп кɵрсɵтʏлɵт.

— Саясий жана коомдук таасирдʏʏ инсандар – айрым учурда атактуу профессорлор, медиа-адамдар, маданий фигуралар жɵнʏндɵ маалыматтар камтылган.

— Эпштейнге жакын адамдар – Гислейн Максвелл сыяктуу анын ишмердʏʏлʏгʏнɵ тʏздɵн-тʏз катышкан адамдардын тизмеси бар.

Мисалы:

Билл Клинтон – АКШнын мурдагы президенти. Эпштейн менен бир нече жолу каттам же иш-чараларда жолукканы белгилʏʏ.

Принц Эндрю – Британиянын ханышасынын уулу. Эпштейнге байланыштуу окуяларга байланыштуу кɵп сынга кабылган.

Дональд Трамп – АКШнын мурдагы президенти. Эпштейн менен мурдагы достук мамилелери маалым.

Гислейн Максвелл – Эпштейндин жакын кɵмɵкчʏсʏ жана уюштуруучусу.

Алан Дершовиц – белгилʏʏ адвокат. Эпштейн менен юридикалык жана жеке байланыштары болгон.

Дагы башка атактуу адамдар — Майкл Жексон, Леонардо ДиКаприо, Наоми Кэмпбелл, Кэмерон Диаз, Брюс Уиллис, Крис Такер ж. б. аты аталган учурлар бар.

Негизинен тизме дʏйнɵ жʏзʏнɵ белгилʏʏ инсандардын ысымдарына толгон. Бирок анын баары кылмышка катышкан деген маанини бербейт, жɵн гана байланышы бар деп жазылган.

«Азаттык» басылмасы жазгандай, Эпштейн менен байланышы бар делгендердин арасында кремлчил кыймылдын активисттеринин бири Мария Дрокованын ысымы аталды. Ал америкалык финансист, абакта каза тапкан Жеффри Эпштейндин пиар-ɵкʏлʏ болгон деген маалымат ачыкка чыкты. Дрокова 2022-жылы кыргыз паспортун алган. Ал тууралуу эмне белгилʏʏ?

Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлиги жарыялаган «Эпштейн документтеринде» Кыргызстандын жараны Мария Дрокованын ысымы 1636 файлда кездешет. Документтерди Улуу Британиядагы Byline Times басылмасы иликтеп чыккан.

«Жарыяланган документтерге ылайык, Мария Дрокова жашы жете элек кыздарды секс-кулчулукка иштетʏʏгɵ айыпталган америкалык финансист Жеффри Эпштейнге пиар кызматын кɵрсɵтʏп иштеген. 2016-2019-жылдары АКШда Эпштейн менен активдʏʏ кызматташкан анын басылмалар жана илимпоздор менен кат жазышканы, аларда ɵзʏн Эпштейндин пиар-агенти катары тааныштырганы белгиленген», — деп жазат «Азаттык».

Ал эми айрым интернет талкууларда же социалдык тармактарда башка Борбор Азия мамлекеттери (мисалы, Казакстандын жогорку даражалуу жетекчилери (kursiv.media)) тууралуу божомолдор талкууланып жатат, бирок бул расмий тастыкталган маалымат эмес.

Башкача айтканда, Кыргызстан “Эпштейн файлдарынын” тʏз борборунда турган ɵлкɵлɵрдʏн катарына кирбейт, кɵптɵгɵн эл аралык документтер — саясат, медиа жана жеке байланыштар боюнча глобалдуу контекстте талкууланууда.                                     

Гульнура Ормонова

About The Author