9-февраль — Кыргызстанда стоматологдордун кесиптик кʏнʏ катары белгиленип келет. Бул кʏн — адамдын ден соолугунда маанилʏʏ орунду ээлеген тиш саламаттыгы ʏчʏн тынымсыз эмгектенип жаткан адистерге урмат кɵрсɵтʏлɵ турган дата. Кесиптик майрамдын алкагында Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо бейтапканасынын жетекчиси, ошондой эле бул тармакта кɵп жылдык тажрыйба топтогон адистер ɵз пикирлери жана ишмердʏʏлʏгʏ, жетишкендиктери, келечек пландары тууралуу кеп кылышты.
— Алгач кесиптик майрамга карата куттуктоо сɵзʏңʏздʏ айта кетсеңиз?
Ош шаардык №1 тиш дарылоо бейтапканасынын башкы дарыгери Мурзали Молдоев:

— 1982-жылы негизделген бул мамлекеттик стоматологиялык мекеме бʏгʏнкʏ кʏндɵ калкка жеткиликтʏʏ жана сапаттуу медициналык жардам кɵрсɵтʏп, заман талабына ылайык ɵнʏгʏʏгɵ умтулуп келет. 9-февраль — стоматологдордун кесиптик майрамы менен жалпы ɵзʏмдʏн жамаатымды, Ош шаарындагы жана жалпы ɵлкɵбʏздɵгʏ бардык кесиптештеримди чын жʏрɵктɵн куттуктайм. Баарыңыздарга иштериңиздерге ийгилик, ʏй-бʏлɵлʏк бакыт жана бекем ден соолук каалайм. Медицина тармагында иштɵɵ абдан оор. Бул дарыгерлерге гана эмес, медайымдарга, санитардык кызматкерлерге, техникалык персоналга да тиешелʏʏ. Чынында медицина оңой иш эмес, кыйынчылыктары абдан кɵп. Бул кесипти аркалоо ʏчʏн чоң жоопкерчилик жана сабыр керек. Ушундай оор, бирок абдан жоопкерчиликтʏʏ кесипти аркалап жʏргɵн ар бир медицина кызматкерине терең таазим этем.
— Бейтапкана тууралуу жалпы маалымат берсеңиз?
— Биздин бейтапканада азыркы учурда ʏч негизги бɵлʏм иш алып барат: тиш ооруларынын алдын алуу бɵлʏмʏ, терапия жана тиш салуу бɵлʏмдɵрʏ. Мындан тышкары физикалык кабинет, рентген кабинети, тиш жасоочу лаборатория сыяктуу кошумча бɵлмɵлɵрʏбʏз бар. Учурда 68 дарыгер эмгектенет. Кароол, электрик, санитардык кызматкерлер менен кошо жалпы 138 кызматкер иштейт. Биз мамлекеттик стоматологиялык мекеме болуп эсептелебиз.
— Мамлекеттик стоматология катары азыркы шартта кандай ɵзгɵрʏʏлɵр бар?
— Акыркы жылдары жеке менчик стоматологиялык клиникалар жакшы ɵнʏгʏп жатат. Биз да заман талабынан артта калбайлы деген аракеттерди кɵрʏп жатабыз. 2025-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нуркожоевичтин указы чыгып, Кыргызстан боюнча 15 медициналык мекеме финансылык автономияга, ɵзʏн-ɵзʏ каржылоого ɵттʏ. Ошол тизмеде биздин клиника да бар. Бул биз ʏчʏн чоң мʏмкʏнчʏлʏк. Чогулган каражатты клиниканын муктаждыктарына жумшап, заманбап медициналык жабдууларды алууну пландап жатабыз.
— Учурдагы негизги кɵйгɵйлɵр кайсылар?
— Кадр жагынан, кудайга шʏгʏр, адистерибиз жетиштʏʏ. Негизги кɵйгɵй — аянттын тардыгы. Борбордук залалсыздандыруу бɵлʏмʏн кеңейтʏʏ зарыл. Бул маселе боюнча шаардык мэрия менен сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Ошондой эле жыйындар залыбыз жок. Ал бир нече жыл мурун белгисиз себептер менен менчикке ɵтʏп кеткен. Учурда аны кайтарып алуу боюнча да сʏйлɵшʏʏлɵр жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

— Келечекке коюлган негизги максаттар?
— Заман талабына ылайык имплантология багытын ачуу ниетибиз бар. Каржылык мʏмкʏнчʏлʏк жаралса, 3D технологиялар менен тиш жасоочу жабдууларды, визиограф, панорамалык рентген аппараттарын алууну пландап жатабыз. Ошондой эле клиникабызды жеке менчик стоматологиялардын деңгээлине жеткирʏʏ жана кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу негизги максаттарыбыздын бири.
— Калкка кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтар кандай тартипте жʏргʏзʏлɵт?
— Кызматтар кепилдик программасынын негизинде кɵрсɵтʏлɵт. Ага ылайык 10 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу жана каттоого турган келиндерге, 70 жаштан ɵткɵн аксакалдарга кызматтар бекер. Камсыздандырылган жарандар 30-50 пайыз тɵлɵшɵт, ал эми камсыздандырылбагандар толук 100 пайыз тɵлɵшɵт.
— Тɵлɵмдɵрдʏн ачык-айкындуулугу кандай камсыздалат?
— Мыйзам боюнча дарыгерлер колуна акча алууга тыюу салынган. Бизде коридорлордо терминалдар бар. Андан сырткары QR-код аркылуу тɵлɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ тʏзʏлгɵн. Учурда ар бир стоматологиялык бɵлмɵгɵ QR-код орнотуу иштери жʏрʏп жатат. Бул бейтаптар ʏчʏн ыңгайлуу жана ачык-айкын система болуп, мекемеге жана коомчулукка ишенимди бекемдейт.
Гапиров Бахадыр, ортопедия бɵлʏмʏнʏн тиш коюучу адиси:

— Мен бул ишканага 1993-жылы жумушка киргем. Азыр иштеп жатканыма 33 жыл болду. Ташкентте окуп келип, ошол замат ушул жерде иштей баштагам. Алгач келгенде жабдуулар эски болчу, техника аз эле. Азыр болсо ишибиз кыйла жеңилдеди. Мурун бир тишти дарылоого бир сааттай убакыт кетсе, азыр 20 мʏнɵттɵ бʏтʏрɵбʏз.
— Бейтаптар менен иштɵɵдɵ кыйынчылыктар барбы? Бул кесипти тандаганыңызга ɵкʏнбɵйсʏзбʏ?
— Биз ортопедия бɵлʏмʏндɵ негизинен протез салабыз. Айрым бейтаптар протезге кɵнɵ албай, кайра-кайра келип коррекция жасатышат. Кээде 2-3 айга чейин созулган учурлар болот. Бирок бул менин сʏйгɵн кесибим болгондуктан, бардык кыйынчылыктарга чыдайм. Анткени бул кесипти мен сʏйʏп тандагам.
Кулмаматова Чынара, врач-стаматолог:

— Мен 1991-жылдан бери иштейм. Бишкектен окуп келип, ушул жерде эмгектенип келем. Алгач келгенде техника жɵнɵкɵй болчу. Азыр шарттар жакшырып, заманбап аппараттар менен иштеп жатабыз. Быйыл дагы элге кызмат кылуучу жаңы приборлор келʏʏдɵ.
— Калктын тиш саламаттыгына болгон мамилеси тууралуу эмне айта аласыз?
— Айрым адамдар дагы эле кайдыгер. Кɵбʏ тиши катуу ооругандан кийин гана келет. Бирок учурда жаш балдар кɵбʏрɵɵк кайрылууда. Алдын алуу иштеринин мааниси абдан чоң. Балдарга жана чоңдорго ооз кɵңдɵйʏн туура кармоо, паста жана щетка колдонуу, туура тамактануу тууралуу тʏшʏндʏрʏʏ иштери дарыгерлер тарабынан жʏргʏзʏлʏʏдɵ.
-Коомчулук менен иштешʏʏ жана инновациялар боюнча айтсаңыз?
— Ош шаардык №1 тиш дарылоо бейтапканабызда коомчулук менен аябай тыгыз иш алып барабыз. Бул биздин негизги милдетибиз. Бардык кызматтарды ачык-айкын кɵрсɵтɵбʏз. А эми дарыгерлер квалификациялык билимибизди жогорулатуу ʏчʏн, окутуу борборлорго ишкана тарабынан жɵнɵтʏлʏп, республикалык жана эл аралык семинарларга катышып келебиз. Ал эми мындай иш-аракеттер келечектеги ɵнʏгʏʏсʏ жана калкка сапаттуу, коопсуз стоматологиялык жардам кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн негизги факторлор болуп саналат.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары
Жеке автомектептердин базасы жабылды: Айдоочуларды даярдоо системасы реформаланды
Алтын – акчанын кунун кармоодогу ишенимдʏʏ “касса”