XXI кылым технологиялык секирик доору катары мʏнɵздɵлɵт. Ар бир жаңы гаджет жɵн гана байланыш каражаты болбостон, адам жашоосун ɵзгɵртɵ турган куралга айланып барат. Ушундай чоң ʏмʏттɵрдʏ жараткан, бирок али кʏнчɵ расмий тастыкталбаган долбоорлордун бири — Tesla Pi смартфону. Акыркы жылдары бул аталыш интернет мейкиндигинде кайра-кайра пайда болуп, айрымдар аны келечектин символу катары кɵрсɵ, башкалары жɵн гана кезектеги технологиялык миф деп эсептешет. Анда чындык кайсы жерде бʏтʏп, божомол кайсы жерден башталат?
Tesla Pi деген эмне?

Tesla Pi — бул Tesla компаниясы жана анын негиздɵɵчʏсʏ Илон Маск менен байланыштырылган болжолдуу смартфон долбоору. Бирок бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин компания мындай смартфон иштеп чыгып жатканын расмий жарыялаган эмес. Ошого карабастан, социалдык тармактарда жана технологиялык блогдордо бул смартфон келечектеги эң революциялык гаджеттердин бири катары сʏрɵттɵлʏп келет.
Жайылган маалыматтарга караганда, мʏмкʏн болгон функциялардын катарына спутник аркылуу интернетке тʏз туташуу, кʏн энергиясы менен кубат алуу, мээ-компьютер интерфейси аркылуу башкаруу, криптовалюта менен иштɵɵ жана жасалма интеллектке негизделген кызматтар кирет. Мындай мʏмкʏнчʏлʏктɵр иш жʏзʏндɵ бир смартфонго бириксе, бул кадимки смартфондордун тʏшʏнʏгʏн тʏп-тамырынан ɵзгɵртмɵк.
Бирок бул сʏрɵттɵмɵлɵрдʏн баары расмий эмес булактарга таянат. Демек, азырынча сɵз реалдуу продукт тууралуу эмес, технологиялык фантазия тууралуу жʏрʏп жатат.
Айрым идеялар чындыкка жакынбы?
Tesla Pi-нин айланасындагы маалыматтарды толугу менен ойдон чыгарылган деп бир тараптуу баалоо да туура болбойт. Себеби анда сɵз болгон кɵптɵгɵн технологиялык багыттар бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵлʏк илим-техника тармагында чындап эле активдʏʏ изилденип, акырындап чындыкка жакындап келе жатат. Маселен, Gizmochina сайтынын берген маалыматына караганда, спутник аркылуу интернет берʏʏ системалары акыркы жылдары чоң ылдамдыкта ɵнʏгʏп, мурда байланышы начар болгон алыскы аймактарга да жогорку ылдамдыктагы интернет жеткирʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏн ачты. Ошол эле учурда азыркы смартфондордун спутник тармагына тʏз, туруктуу жана толук функциялуу туташуусу кеңири жайыла элек. Бул дагы деле болсо техникалык жана экономикалык жактан чечʏʏнʏ талап кылган маселе бойдон калууда.
Techradar басылмасы жазгандай, кʏн энергиясы менен заряддоо идеясы да реалдуу илимий негизге ээ. Айрым эксперименттик аппараттарда же кошумча аксессуарларда кʏн панелдери колдонулуп келет. Бирок алардын кубаттуулугу смартфондун батареясын толук жана тез заряддоого жетишсиз болгондуктан, мындай ыкма азырынча негизги эмес, кошумча энергия булагы катары гана каралууда. Технология ɵнʏккɵн сайын панелдердин эффективдʏʏлʏгʏ жогорулашы мʏмкʏн, бирок бул дагы убакыт талап кылган багыт.
“Мээ аркылуу башкаруу же нейроинтерфейс маселеси да эң татаал жана узак мɵɵнɵттʏʏ изилдɵɵлɵрдʏн бири. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул тармакта олуттуу эксперименттер жʏрʏп, айрым медициналык колдонмолордо алгачкы жыйынтыктар байкалууда. Ошентсе да мындай технологияны кадимки кʏнʏмдʏк смартфон пайдаланууга ыңгайлаштыруу азырынча практикалык деңгээлге жете элек”, — деп жазат аталган басылма.
Жыйынтыгында, Tesla Pi тууралуу айтылган идеялар толук фантастика эмес. Алар реалдуу технологиялык тенденцияларга таянат. Бирок ошол мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏн баары бир убакта, бир гана смартфонго ишке ашкан деңгээл азырынча жетиле элек. Демек, бул тема азырынча келечекке болгон божомолдор менен технологиялык ʏмʏттɵрдʏн айкалышы катары каралат.

Эгер Tesla смартфон чыгарса, кандай болмок?
The GEEK технопорталынын божомолдоруна таянсак, мындай смартфон жогорку класстагы техникалык мʏнɵздɵмɵлɵргɵ ээ болмок деген ойду жаратат. Кең OLED дисплей, чоң оперативдик эс, кʏчтʏʏ камера системасы, 8K видео тартуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ — мунун баары бʏгʏнкʏ флагман моделдерге мʏнɵздʏʏ параметрлер.
Негизги айырма — экосистема менен терең байланыш болмок деген пикирлер бар. Смартфон аркылуу электр унаасын башкаруу, абалын текшерʏʏ же башка акылдуу кызматтарды колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ логикалык жактан тʏшʏнʏктʏʏ кɵрʏнɵт. Анткени заманбап технологиялар бирдиктʏʏ санарип чɵйрɵгɵ биригип баратат.
Тесла телефондору тууралуу обзордо россиялык мультимедиалык холдинг «РБК» (РосБизнесКонсалтинг) батареясы боюнча оптимисттик божомолдорду айтат: чоң сыйымдуулук, ɵтɵ тез кубаттоо жана кошумча энергия булактары. Бирок булардын баары азырынча теориялык деңгээлде гана, иш жʏзʏндɵ али кɵрɵ элекпиз.
Бул миф эмне ʏчʏн ушунча узак жашап атат?
Tesla Pi — маалымат доорунун кызыктуу мисалы. Биринчиден, бул жерде бренд фактору чоң роль ойнойт. Tesla жана Илон Маск инновация менен тʏз байланышкан ысымдар. Ошондуктан коомчулук алардан кʏтʏʏсʏз, бирок мʏмкʏн болгон жаңылыктарды кʏтɵт.
Экинчиден, интернеттеги алгоритмдер элди кызыктырган маалыматтарды биринчи болуп кɵрсɵтɵт. Кызыктуу аталышы бар жаңылыктарды адамдар кɵп кɵрʏп, бири-бирине бат бɵлʏшɵт. Ошентип, текшерилбеген маалыматтар да тез эле кеңири жайылып кетет.
ʏчʏнчʏдɵн, маалыматты текшерʏʏ маданияты жетишсиз. Социалдык тармактарда бир нече жолу кайталанган билдирʏʏ чындык катары кабыл алынып калат.
Негизи эле спутник интернети, жасалма интеллект, нейротехнологиялар — мунун баары чындап ɵнʏгʏп жатат. Ошондуктан аларды бир смартфондо кɵрʏʏ каалоосу табигый кɵрʏнʏш.

Реалдуубу же мифпи?
Бʏгʏнкʏ фактыларга таянсак, Tesla Pi – реалдуу рыноктук продукт эмес. Эл аралык AAP сайтындагы фактчекинг материалдары белгилегендей, Илон Маск жана Tesla компаниясы смартфон чыгара турганы тууралуу расмий билдирʏʏ жасаган эмес, ошондой эле мындай смартфондун жакын арада жарык кɵрɵрʏн тастыктаган ишенимдʏʏ далилдер жок.
Мындан тышкары, социалдык тармактарда тараган «Tesla Pi Phone» тууралуу маалыматтардын кɵбʏ жасалма сʏрɵттɵргɵ жана бурмаланган цитаталарга негизделгени да аныкталган.
Ошол эле учурда технология жаатындагы жаңылыктарга сереп салып келген Lifewire сайты мындай идея толугу менен мʏмкʏн эмес деп да айтууга болбойт дейт. Сайтта белгилегендей, Маск смартфон чыгаруу мʏмкʏнчʏлʏгʏн толук четке какпастан, мындай кадам Apple же Google сыяктуу экосистема ээлери олуттуу чектɵɵлɵрдʏ киргизген шартта гана каралышы мʏмкʏн экенин билдирген.
Демек, азыркы учурда Tesla Pi кɵбʏнчɵ интернет мифи катары бааланганы менен, технологиялык ɵнʏгʏʏнʏн узак мɵɵнɵттʏʏ перспективасында жаңы форматтагы смартфондордун пайда болушу теориялык жактан мʏмкʏн бойдон калууда.
Эмне кʏтсɵк болот?
Келечектеги мобилдик смартфондордо спутник байланыш, энергияны ʏнɵмдʏʏ пайдалануу жана жасалма интеллект менен терең интеграция сыяктуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏн кеңири жайылышы толук ыктымал. Бул багыттагы изилдɵɵлɵр азыртан эле активдʏʏ жʏрʏп, ири технологиялык компаниялар жаңы байланыш стандарттарын, узак иштеген батареяларды жана акылдуу программалык чечимдерди иштеп чыгууга аракеттенʏʏдɵ экендигин, Индиянын БизнесСтандарт басылмасы талдап, баа берген. Алардын айтымында айрым ɵндʏрʏʏчʏлɵр спутник аркылуу ɵзгɵчɵ кырдаалда байланышууга мʏмкʏн болгон функцияларды сыноодон ɵткɵрʏп жатса, башкалары энергияны ʏнɵмдʏʏ пайдаланган процессорлорду жана тез кубаттоону жакшыртууга кɵңʏл бурууда.
Мындан тышкары, жасалма интеллект смартфондордун негизги бɵлʏгʏнɵ айланып бара жатат. Ал сʏрɵттʏ автоматтык жакшыртуу, ʏн аркылуу башкаруу, колдонуучунун адаттарын ʏйрɵнʏп, кʏнʏмдʏк иштерди жеңилдетʏʏ сыяктуу функцияларды аткара алат. Келечекте мындай мʏмкʏнчʏлʏктɵр дагы да ɵнʏгʏп, смартфон жɵн гана байланыш каражаты эмес, адамдын санарип жардамчысы катары кеңири колдонулушу кʏтʏлɵт.
Гульнара Ормонова


Окшош макалалар
Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары
Жеке автомектептердин базасы жабылды: Айдоочуларды даярдоо системасы реформаланды
Алтын – акчанын кунун кармоодогу ишенимдʏʏ “касса”