Ыйык Рамазан айынын келиши менен мусулман журту чоң ибадатка кадам таштайт. Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Орозо айынын башталышы, анын ички маңызы жана орозо кармоонун тартиптери тууралуу маалымат берди.
Самидин кары Атабаев:

— Быйылкы эсеп боюнча 19-февралда Орозо айы башталат. Айды кɵрʏʏ маселесине токтолсок, Кыргызстандын географиялык шартында айды кɵрʏʏ кыйынчылыктарды жаратат. Бирок бʏгʏнкʏ кʏндɵ техника ɵнʏккɵн мезгил. Кыргызстан, Ɵзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Тʏркия мамлекеттери биригип, обсерваториялардын негизинде айды байкап, тактап жатышат. Бул мамлекеттер аралык кызматташтык орозонун так башталышын камсыздайт.
Орозонун эң башкы максаты — ибадат жана Аллах Таалага сыйынуу. Ар бир орозо туткан адамда Кудайга жакындоо, такыба болуу сезими ойгонот. Такыбалык — бул Аллахтан коркуу менен сооптуу иштерге умтулуу жана жамандыктан алыс болуу. Бул ибадат адамдын адеп-ахлагына эң чоң таасирин тийгизет.
Орозонун ʏч даражасы
-Аалымдар орозонун касиетин жана деңгээлин ʏчкɵ бɵлʏп карашат:
1. Коомдук (жалпы) орозо: Таң аткандан кʏн батканга чейин (саарлыктан ифтарга чейин) ниет кылып, ичип-жегенден жана аялга жакындык кылуудан ɵзʏн тыюу. Бул — жалпы элдик орозо.
2. Ɵзгɵчɵ орозо: Коомдук орозонун шарттары менен бирге, дене мʏчɵлɵрʏн кʏнɵɵдɵн сактоо. Башкача айтканда, кулакты ушак угуудан, кɵздʏ арамды кароодон, тилди жалган айтуудан, сɵгʏнʏʏдɵн жана гыйбат кылуудан тыюу.
3. Ɵзгɵчɵнʏн ɵзгɵчɵсʏ: Бул — эң жогорку деңгээл. Мында напси гана эмес, ой-пикир да тазаланат. Жаман ойлордон тыйылып, таза ниет, таза ой жана таза жʏрʏм-турум менен орозо тутуу.
Мусулмандар жок дегенде биринчи деңгээлди, мʏмкʏнчʏлʏк болсо экинчи жана ʏчʏнчʏ даражадагы орозону тутууга аракет кылганы жакшы. Бир ай бою сɵгʏнгɵн жок, жалган айтпаган, сабырдуу жана берешен болгон адам ʏчʏн бул ай — бир жылдык адеп-ахлак курсу сыяктуу таалим-тарбия берет.
Орозонун тартиби жана медициналык суроолор
-Муфтият тарабынан бекитилген атайын календарлар бар. Ооз бекитʏʏ — Субхосадыкка чейин (чын таң атканга чейин) бʏтʏшʏ керек. Ал эми ооз ачуу— кʏн баткан учурга туш келет.
Орозону эмнелер бузат?
• Укол жана капельница: Аалымдар арасында кайчы пикирлер бар. Бирок этияттык ʏчʏн, тамырга берилʏʏчʏ азык боло турган капельницалар оозду ачат. Ал эми булчуңга сайылган, азык бербей турган уколдор оозду ачпайт.
• Дары-дармек: Кызыл ɵңгɵч аркылуу кирген дарылар оозду ачат.
• Тамеки: Тамеки чегʏʏ жана атайлап тʏтʏн жутуу оозду ачат. Эгер кокусунан тʏтʏн бар жерден ɵтʏп кетсеңиз, орозо бузулбайт, бирок атайлап жыттаса ачылат.
• Тиш дарылатуу: Оозго суу же дары кирип кетпесе, дарылатса болот. Бирок эң жакшысы — ооз ачкандан кийинки убакытка жылдыруу.
Жеңилдиктер жана фитир садака
Айыкпас дарты барлар, тез-тез тамак ичʏʏсʏ зарыл болгондор, ɵтɵ карыган адамдар, ошондой эле боюнда бар же эмчек эмизген аялдар (эгер ɵздɵрʏнɵ же балага зыян келʏʏ коркунучу болсо) орозо тутпаса болот. Алар ʏчʏн фидия (орозонун ордуна берилʏʏчʏ тɵлɵм) каралган.
Фитир садакасынын ɵлчɵмʏ буудай, ун, арпа, мейиз жана курманын баасына жараша аныкталат. Региондордогу баалар Муфтияттын Фатва бɵлʏмʏнɵ жɵнɵтʏлдʏ, алар жакын арада расмий бааны жарыялашат.
Айнура Валижанова



Окшош макалалар
Санарип доордогу манкуртчулук жана Айтматовдун каарман айымдары
Жеке автомектептердин базасы жабылды: Айдоочуларды даярдоо системасы реформаланды
Алтын – акчанын кунун кармоодогу ишенимдʏʏ “касса”