Ишке киришкен алгачкы кʏндɵн тартып Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык коммуналдык кызматтарды керектʏʏ техникалар менен камсыз кылуу багытында активдʏʏ ишмердʏʏлʏк жʏргʏзɵ баштады. Ал шаардык коммуналдык кызматтар — «Ош кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ош-Тазалык», «Ошшаарсууканал», «Жылуулук камсыздоо» жана башка мекемелердин иштɵɵ шарттары менен жеке ɵзʏ таанышып чыккан.
Муниципалдык коммуналдык кызматтардын техникалык базасына жана инфраструктурасына анализ жʏргʏзʏлʏп, шаар кɵчɵлɵрʏнʏн, жолдорунун, парктарынын жана скверлеринин абалына мониторинг жʏргʏзʏлгɵндɵн кийин, шаар кɵчɵлɵрʏн тейлɵɵ боюнча тиешелʏʏ кызматтардын ишинин сапатын жогорулатуу максатында президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин тɵрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тɵрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен Ош шаарына 21 тʏрдʏʏ 120 даана атайын техника сатылып алынды.

Мындан тышкары, шаардагы ишкерлердин колдоосу менен муниципалдык аймактык башкармалыктарга (МАБ)да атайын техникалар берилди.
Ошондой эле шаардагы кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрдʏн сапатын жогорулатуу максатында жаңы муниципалдык ишканалар тʏзʏлдʏ. Алар
• «Муниципалдык инспекция»;
• “Эвакуатор”;
• “Автоунааларды башкаруу” муниципалдык ишканалары.
Каржы тармагы туруктуу ɵсʏʏ жолунда
Ɵткɵн жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтʏʏ бюджетине тʏшкɵн кирешелер пландан ашыкча аткарылды. План боюнча 3 млрд 26 млн 856,8 миң сом каралган болсо, иш жʏзʏндɵ 3 млрд 53 млн 740,3 миң сом чогултулуп, план 100,9%га аткарылды.
2025-жылы жергиликтʏʏ бюджеттин кирешелери 2024-жылга салыштырмалу 559 млн 189,2 миң сомго кɵбɵйдʏ. Ал эми 2024-жылы киреше 2 млрд 494 млн 551,1 миң сомду тʏзгɵн. Ɵткɵн жылга салыштырганда ɵсʏʏ темпи 122,4% болду.
Базардагы «бардактар» жоюлду
Шаар башчысынын тынымсыз аракети, базарлардын инфратʏзʏмʏн оңдоо саясатынын жʏрʏшʏндɵ жаңы “Ош Базары”, “Жибек Жолу”муниципалдык базарлары ишке кирди. Бул жерде соодагерлер жана кардарлар ʏчʏн бардык шарттар — ыңгайлуу парковка, коомдук транспорттук каттамдар тʏзʏлдʏ.
Аны менен катар эле «Ош унаа» базары толук капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏп, натыйжада жергиликтʏʏ бюджетке тʏшкɵн киреше бир нече эсеге ɵстʏ.

Инфраструктура: калаа мыйзамсыз курулуштардан арылды
Калктын жашоо шартын жакшыртуу, шаарды тиешелʏʏ нормаларга ылайык келтирʏʏ жана шаардык инфраструктураны модернизациялоо максатында Жеңишбек Токторбаев адегенде эле кʏндɵ таңга маал шаардын кɵчɵлɵрʏн кыдырып, такай рейддерге чыкты. Анын жыйынтыгында тиешелʏʏ тармактык кызматтарга мыйзамсыз объектилерди жана курулуштарды бузуу, шаар жолдорун кеңейтʏʏ жана капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏʏ, жаңы парктарды жана скверлерди куруу боюнча тапшырмаларды берген.
Жолдор буга чейин илме-тешик болуп, ар тʏрдʏʏ жерлеринен жамалып, жасалып келчʏ. Бул учурда айдоочулардын шаштысы кетип, казылган жолдор айлап бʏтпɵй жаткан учурлар арбын эле. Айдоочулар: “Шаар бийлиги эмнеге жолдорду тегиз ондобойт?”, — деген суроону кɵп беришчʏ. Жеңишбек Токторбаевдин жолдорду жаңылоо саясатынын негизинде жолдор оңдолуп, ал гана эмес кенейтилди. Бул кɵрʏнʏш шаар тургундары менен бирге айдоочулардын алкоосуна арзыды. Натыйжада 2025-жылы 100 чакырымга жакын жол курулуп, 25 чакырым тротуар акыркы стандарттарга ылайыкталды.
Курулган жолдор акыркы заман талабына шайкеш келтирилип, кеңейтʏʏ иштери жʏрʏп, шаардын ар бир кɵчɵсʏндɵ кызыл тасма кесилип, заманбап жолдорду ачуу аземдери ар бир шаардыктын жадында калды.
Ошол иштердин жʏрʏшʏ менен шаардын ар бир районунун жашоочуларынын маданий эс алуусун камсыздоо максатында 10го жакын жаңы парк жана сквер курулду.

Каралбай калган алыскы конуштар кɵңʏл борборунда
Буга чейин Кең-Сай конушу “шаарча болот” деген сɵзгɵ бир да шаар тургуну ишенген эмес. Анткени, бир топ жыл мурда башталган иш аягына чыккан эмес. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевдин дымагы жана демилгеси менен 2025-жылы бул аймак таанылгыс болуп ɵзгɵрдʏ.
Алсак, мурда “Кең-Сай конушуна суу тартылып барат” деген сɵздɵр кагаз бетинде эле калган болсо, Токторбаевдин мэрлиги астында, мурда мумкʏн эмес болгон иштер кыска убакыттын ичинде иш жʏзʏндɵ жасалып, таза суу, сугат суу, электр энергия, жол маселелери чечилди. Бул чек эмес, жаңы конушта социалдык обьектилердин жана ипотекалык ʏйлɵрдʏн курулушу жʏрʏп жатат. Келечекте бул аймакты чоң шаарга айландыруу пландалууда.
Бул конушка улай Ош шаарында жаңы Эне-Сай конушу пайда болду. Бул жерде заманбап ʏйлɵр курулуп, “снос” саясатынын негизинде ʏйлɵрʏ бузулган жарандарга берилʏʏдɵ.
Соцсфера: Келечек муунга туруктуу кам кɵрʏʏ мэриянын приоритети
2025-жылы 7 жаңы мектептин курулушу башталып, алардын ичинен 2 мектеп бʏткɵрʏлʏп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле 10 мектепте капиталык оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлдʏ.
Курулуп баштаган 5 жаңы бала бакчанын ичинен 2 бала бакча ишке берилди, калган 3 бала бакчанын курулушу уланууда. Мындан тышкары, 5 бала бакча капиталык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлдʏ.
Аны менен катар аз камсыз болгон жана социалдык жактан коргоого муктаж жарандарды колдоога ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулду. Мисалы, ʏйʏ жок, социалдык колдоого муктаж кɵп балалуу бир нече ʏй-бʏлɵлɵр жаңы ʏйлɵр менен камсыз болушту.
Мэрдин чарбагерлиги менен шаардын чарбасы жакшырды
Шаардык чарба жана коомдук транспорт тармагы Мэр Женишбек Токторбаевдин такай кɵзɵмɵлʏндɵ турат. Аны менен катар эле калаа башчысынын тапшырмасынын негизинде 8000ден ашык дарак отургузулду: алардын 6500ʏ шаардагы 23 борбордук кɵчɵгɵ тигилди. Жалпысынан ɵткɵн жыл ичинде шаарга 1,5 миллиондон ашык гʏл отургузулуп: 100 000ден ашык роза кɵчɵттɵрʏ шаар аймагына тигилди.
Шаардын башкы чарбасынын имараты жаңыланды
Жеңишбек Токторбаев эң алгач баш баккан Ош шаарынын “Кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу” чарба комбинатынын эскилиги жеткен имаратынын ордуна жаңы заманбап административдик имарат, автогараж жана кʏнɵскана курулду. Ал эми Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын имараты толук капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлдʏ.
Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлɵɵ бюросу тарабынан жалпы 8,65 гектар жер рекультивацияланды. Бул иштер «Ак-Гɵр», «Мажʏрʏм-Тал», «Озгур», «Хохлова», «Андижан», «Жапалак», «Учар», «Имам-Ата» жана башка кɵрʏстɵндɵрдɵ жʏргʏзʏлдʏ. Ошондой эле жаңы «Кайырма-2» кɵрʏстɵнʏ уюштурулду.
Таза суу жана газ
Шаарды таза ичʏʏчʏ суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо максатында 4 жаңы скважина курулду, ошондой эле 2 эски скважина реконструкцияланды.
Ош шаарында «Газпром Кыргызстандын» филиалы болгон «Ошгаз» менен кош каржылоо долбоорунун алкагында Тɵлɵйкɵн айылдык аймактык башкармалыгынын Тɵлɵйкɵн айылына 7500 метр узундуктагы газ тʏтʏгʏ тартылды.
Мэрдин саясий эрки калааны ɵнʏктʏрʏʏдɵ
2025-жылы Ош шаарында ɵнʏгʏʏнʏн, алдыга карай умтулуунун жылы болду. Мыйзамсыз курулуштар менен кʏрɵшʏʏ саясий эркти, талыкпас эмгекти талап кылды. Бул учурда шаар башчысы Женишбек Токторбаев жана анын командасы кʏнʏ-тʏнʏ иштеп, алдыга коюлган максаттардын баарын ишке ашырууга жетишишти.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Болот Баетов: «Депутаттар ɵз амбициясын эмес, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшту»
Шаарыбыздагы жеке мектептер билим деңгээлин жогорулатабы же коомду катмарларга бɵлɵбʏ?
Угуу жана кɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажыраган жарандар эмгек аркылуу жашоого аралашууда