Ош шаарынын аймагында «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө

Архитектура – бул имараттарды, курулуштарды жана шаардык чөйрөнү долбоорлоо искусствосу жана илими. Кыргыз Республикасында архитектуралык ишмердүүлүк мыйзамдар аркылуу жөнгө салынып, коопсуз, сапаттуу жана эстетикалык жактан туура курулуштарды камсыз кылууга багытталган.

Архитектура жана курулуш мыйзамдарын бузган учурда төмөнкү жоопкерчиликтер каралат: административдик айып пул, курулушту токтотуу, объектти буздуруу, оор учурларда кылмыш жоопкерчилиги. Бул чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулат.

Архитектура мыйзамы – бул коопсуз, сапаттуу жана заманбап шаарларды куруунун негизги куралы. Ал архитектуралык ишмердүүлүктү тартипке салып, жарандардын укуктарын жана коопсуздугун коргойт.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан шаар куруу жана архитектура мыйзамы боюнча 3 текшерүү жүргүзүлүп, 6 мыйзам бузуу аныкталып, 1 сунуштама, 1 талап келтирилип, 1 кылмыш иши козголгон.

Мисалы, Ош шаарынын мэринин токтому менен А.И. аттуу жаранга жалпы 2733 чарчы метр, анын ичинен 913 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке, ал эми 1820 чарчы метр жер тилкеси 15 жылдык мөөнөткө пайдалануу үчүн ажыратылып берилген.

Бирок, 2014-жылдын 9-июлунда жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жер тилкенин аянтын 3030 чарчы метрге өз алдынча чоңойтушуп, толугу менен жеке менчик катарында каттап жиберишкен.

Ошондой эле, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана Шаар куруу жана архитектура Мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызмат адамдары, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып,  “Р.Б” ЖЧКна Ош шаарынын Башкы планына ылайык, Нурматов көчөсүнүн кеңейүүсүнүн ээни 50 метр (кызыл сызык) болуп бекитилгендигине карабастан, аны 40 метр кылып кичирейтүү менен жылдырышып, 12 кабаттуу турак үй жана төмөнкү кабаттарында коммерциялык каналары менен долбоорлоого архитектуралык уруксат иш-кагаздарын берип жиберишкен.

Ал эми, Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы “Р.Б” ЖЧКсы тарабынан курулуштар толук бүтпөгөндүгүнө, б.а. турак үйдүн курулушу долбоорго дал келбегендигине, өрткө каршы аралыктар факт жүзүндө сакталбагандыгына, ошондой эле, балдар жана спорт аянтчалары курулбагандыгына карабастан пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө актыны мыйзамсыз түзүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-бер. 2-бөл. менен кылмыш иши козголгон.

Ош шаарынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө

жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмү

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *