
Урматтуу бүтүрүүчү!
Ар бир адамдын жашоосунда кесип тандоо — бул жөн гана чечим эмес, бул келечекке багыт алган маанилүү кадам. Дал ушул кадам сиздин эртеңки ийгилигиңизди аныктайт. Ош технологиялык университети (ОшТУ) — сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүздү ачып, кыялдарыңызды ишке ашырууга жол көрсөтүүчү ишенимдүү билим ордосу.
Көп жылдык тажрыйбаны заманбап билим берүү ыкмалары менен айкалыштырган ОшТУ бүгүнкү күндө энергетика, автотранспорт, курулуш, архитектура, IT-технологиялар, экономика, экология, кибернетика, педагогика жана юриспруденция багыттары боюнча суроо-талапка ээ адистерди даярдап келет. Бул жерде ар бир студент өз потенциалын ачып, кесиптик жактан өсүүгө кеңири шарт таба алат.
ОшТУ — бул жөн гана билим берүүчү жай эмес, бул чоң мүмкүнчүлүктөрдүн платформасы. Университет эл аралык билим берүү мейкиндигинде активдүү иш алып барып, студенттерге дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билим алууга, тажрыйба топтоого жана жаңы маданияттарды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ОшТУнун ректору,
профессор Турсунбаев Жанболот Жанышович
ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН СТРУКТУРАСЫ
Архитектура жана курулуш институту
Энергетика жана транспорт институту
Инновациялык маалымат технологиялар институту
Технология жана жаратылышты пайдалануу институту
Экономика жана башкаруу институту
Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институту
Академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
Гуманитардык-технологиялык колледж
Байланыш номерлер: +996 770 777 770: +996 771 058 022: +996 777 485 042: +996 776 225 596: +996 779 910 912

Студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр:
• Эл аралык программалар аркылуу кош диплом алуу;
• Чет өлкөлөрдө билим алуу жана иш тажрыйбасына ээ болуу;
• Чет тилдерин акысыз үйрөнүү;
• Заманбап жатакана, интернет, китепкана жана спорттук шарттар;
• Илимий долбоорлорго, олимпиадаларга жана конференцияларга катышуу;
• Магистратура жана PhD программаларында билимди улантуу.
ОшТУда 500гө жакын тажрыйбалуу окутуучулар, анын ичинде илим докторлору, академиктер жана эл аралык тажрыйбасы бар адистер эмгектенет.Университеттин бүтүрүүчүлөрү өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да өз ордун таап, ийгиликтүү карьера куруп келишет.
АРХИТЕКТУРА ЖАНА КУРУЛУШ ИНСТИТУТУ
Багыттар:
- 750100 Архитектура (Негизги тест, чыгармачылык сынак)
профили:
- Имараттардын жана курулмалардын архитектурасы
- 750200 Архитектуралык чөйрөнүн дизайны
профили:
- Шаардык чөйрөнүн дизайны(Негизги тест, чыгармачылык сынак)
- 750500 Курулуш
- профилдери:
- Өнөр жай жана атуулдук курулуш (Негизги тест, математика же физика)
- Имараттарды долбоорлоо (Негизги тест, чыгармачылык сынак)
- Автоунаа жолдору жана аэродромдор (Негизги тест, математика же физика)
- Кыймылсыз мүлктү башкаруу жана эксперттөө (Негизги тест, математика же физика)
- Гидротехникалык курулуш (Негизги тест, математика же физика)
- 570400 Дизайн
- профилдери:
- Графикалык дизайн (компьютердик дизайн)(ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)
- Дизайн интерьер (ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)
Иновациялык маалымат технологиялар институту
690300 Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары
Профили:
- Программалык-корголгон инфокоммуникациялар;
710100 Информатика жана эсептөө техникасы (ПОВТАС)
Профили:
- Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу.
590100 Маалыматтык коопсуздук (МК)
Профили:
— Укук коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык технологиялардын коопсуздугу.
710400 Программалык инженерия (ПИнж)
Профили:
— Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы
700500 Мехатроника жана робототехника (МиР)
Профили:
– Робототехника
710300 Колдонмо информатика (КИ)
— Чоң маалыматтардын аналитикасындагы колдонмо информатика
710200 Маалыматтык системалар жана технологиялар (МСТ)
Профили:
— Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар.
Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институту (ЭМУБИ)
531500 — Эл аралык мамилелер —
профиль: Эл аралык мамилелер
530500 — Юриспруденция —
профиль: Ишкердик укук
580700 — Бизнес башкаруу —
профилдери:
- Эл аралык бизнес
- Программаларды жана долбоорлорду башкаруу
540200 — Социалдык иш —
профиль: Социалдык иш
510200 — Колдонмо математика жана информатика —
профиль: Колдонмо математика жана информатика
550800 — Кесиптик билим берүү —
профилдери:
- Информациялык технологиялар
- Психология
550700 — Педагогика —
профиль: Баштапкы билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
550500 — Технологиялык билим берүү —
710600 — Компьютердик лингвистика —профиль: Маданияттар аралык коммуникация жана автоматташтырылган котормо системалары
531100 — Лингвистика —
профиль: Котормо жана котормо таануу
530003 — Котормо жана котормо таануу —
5 жылдык (специалитет) (жогорку билим)
ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУ ИНИСТИТУТУ
520800 “Экология жана жаратылышты колдонуу”
Адистиги: Экология жана жаратылышты колдонуу
730100 «Токой иштери жана ландшафттык курулуш»
Адистиги: Токой иштери жана ландшафттык курулуш
720100 Химиялык технология багыты
Адистиги: “Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы”
Адистиги: “Табигый энергия алып жүрүүчү нефтинин, газдын жана көмүртектүү
материалдардын химиялык технологиясы”
610600 “Айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы”
Адистиги: Өсүмдүк азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы
720200 Биотехнология
Адистиги: “Тамак-аштын биотехнологиясы”
Адистиги: Бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл
570700 Костюм жана текстиль искусствосу
Адистиги: “Кийимди көркөмдөп долбоорлоо”
740700 “ Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо”
Адистиги: «Тигилүүчү буюмдардын технологиясы”
570020 Дизайн багыты
Адистиги: « Кийимдин дизайны»
630001 Колдонмо геология багыты
Адистиги: «Пайдалуу кендерди геологиялык сүрөттөө, издөө жана чалгындоо»
Адистиги: «Мунай жана газдын геологиясы»
760300 Техносфералык коопсуздук багыты
Адистиги: «Өзгөчө кырдаалдарда коргоо»

ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ИНСТИТУТУ
Багыты 580100 «ЭКОНОМИКА»
(негизги тест, математика)
Профиль:
- Финансы жана кредит
- Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
- Салык салуу жана каржылык технологиялар
- Экономика жана ишканаларды башкаруу
- Дүйнөлүк экономика жана эл аралык экономикалык мамилелер (ЭЭМ)
Багыты 710500 ИНТЕРНЕТ-ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАШКАРУУ
(негизги тест, математика же физика)
Профиль:
- Эсептеги, анализдеги жана аудиттери интернет технологиялар
Багыты 580500 «БИЗНЕС-ИНФОРМАТИКА»
(негизги тест, математика)
Профиль:
- Электрондук бизнес
- МКТ менеджер
- Санариптик экономикадагы бизнес
Багыты 710300 КОЛДОНМО ИНФОРМАТИКА
(негизги тест, математика же физика)
Профиль:
ü Экономикадагы колдонмо информатика
Багыты 580200 МЕНЕДЖМЕНТ
(негизги тест, математика)
Профиль:
- Өндүрүштүк менеджмент
Багыты 580600 ЛОГИСТИКА
(негизги тест, математика же физика)
Профиль:
- Ишмердүүлүк логистикасы
- Каржы банктык ишмердүүлүгүнүн логистикасы
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ ИНСТИТУТУ
Багыты – 670300 Транспорттук процесстердин технологиясы (Негизги тест, математика же физика)
Профилдери: — Кыймыл коопсуздугун уюштуруу;
— Автоунаадагы бажы иши;
— Темир жолдогу ташууну уюштуруу жана башкаруу;
— Унаадагы жүктөрдү ташууну уюштуруу жана башкаруу;
Багыты – 670200 Унаа-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү (Негизги тест, математика же физика)
Профилдери: — Автомобиль жана автомобилдер чарбасы;
— Автоунааларды тейлөө;
— Транспорт жана транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды тейлөө (Мунай жана газ өндүрүү);
— Транспорттук жана транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды тейлөө (Мунай продуктыларын берүү жана газ менен камсыздоо)
Багыты – 650300 Машина куруу (Негизги тест, математика же физика)
Профилдери: — Өндүрүштүк инженерия;
— Машина куруудагы технология жана менеджмент
Багыты – 640200 Электр энергетикасы жана электр техникасы (Негизги тест, математика же физика)
Профилдери: — Электр менен жабдуу;
— Электр станциялары;
— Электр энергетикалык тармактар жана тору;
— Электр энергетикадагы IT;
— Электр энергетикадагы менеджмент;
— Электр унаа жана учкучсуз транспорт;
— Электр энергетикада энергияны үнөмдөө
— Электр энергетикалык системадагы релейлик коргоо жана автоматика
Багыты – 640100 Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (Негизги тест, математика же физика)
Профили: — Жылуулук электр станциясы
Багыты – 610300 Агроинженерия (Негизги тест)
Профилдери: — Электр жабдыктары жана электр технологиялары;—Агроөнөр жай комплексинин электр энергетика тармагындагы электр техникалык маалымат системалары.
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо
140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
050704 Мектепке чейинки билим берүү
050709 Башталгыч класстарда окутуу
080106 Финансы (тармактар боюнча)
080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча)
030503 Укук таануу

Гуманитардык-технологиялык колледжи
- 050709. Башталгыч класстарда окутуу (квалификациясы – башталгыч класстын мугалими);
- 050720. Котормо иши (квалификациясы — котормочу);
- 050303. Чет тили (квалификациясы -башталгыч класстын чет тил мугалими);
- 040101. Социалдык иш (квалификациясы – социалдык кызматкер);
- 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу (квалификациясы — юрист);
- 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)(квалификациясы-бухгалтер);
- 080106. Финансы (тармактар боюнча) (квалификациясы — финансист);
- 080501. Менеджмент (тармактар боюнча) (квалификациясы — менеджер);
- 080601.Статистика (квалификациясы — экономист);
- 080808. Банк иши (квалификациясы — банк ишинин адиси);
- 100201. Туризм (квалификациясы — туризм боюнча адис);
- 210406. Байланыш тарамдары жана коммутациялык системалар (квалификациясы — техник);
- 230109. Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (квалификациясы – техник-программист);
- 230110. Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө
(квалификациясы — техник);
- 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча) (квалификациясы – техник-программист);
- 230108. Компьютердик системалар жана комплекстер(тармактар боюнча) (квалификациясы –компьютердик системалар боюнча техник);
- 230111. Компьютердик системаларда программалоо (квалификациясы –– техник-программист);
- 220206. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник);
- 260903. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы (квалификациясы –модельер-конструктор);
- 070602. Дизайн (тармактар боюнча) (квалификациясы –дизайнер);
- 130403. Ачык тоо-кен иштери (квалификациясы – тоо-кен техник-технологу);
- 280105.Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу
(квалификациясы – техник);
- 240404. Мунай менен газды кайра иштетүү (квалификациясы – техник-технолог);
- 110305. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (квалификациясы — технолог);
- 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник-электрик);
- 140203. Электр-энергетикалык системаларды автоматташтыруу жана релелик коргоо (квалификациясы —
nехник — электрик);
- 140206. Электр станциялары, тармактар жана системалар (квалификациясы – техник-электрик);
- 110302. Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу (квалификациясы — техник-электрик);
- 270208. Инженердик курулуштарды куруу жана пайдалануу (квалификациясы — техник);
- 270103. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы — техник);
- 270206. Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы – техник);
- 270301. Архитектура (квалификациясы — техник);
- 190604. Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (квалификациясы — техник);
- 190701. Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (квалификациясы — техник);
- 190503. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (квалификациясы – техник-электр-механик);

Окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
1. ЖРТ сертификаты түп нускасы
2. Аттестат, 9-11-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк (түпнускасы);
3. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү);
4. Сүрөт 3х4 – 6 даана;
5. Аскердик билет же каттоо күбөлүгү (аскерге милдеттүүлөр үчүн, көчүрмөсү).6. Ата-энесинин паспорту (көчүрмөсү).
