Тээ эгемендиктин алгачкы жылдарында кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда боло баштады. Бирок, ал жылдыздардын, эстрадалык топтордун баары эле бүгүнкү күнгө чейин өз чыгармачылыгын улап кала алган жок. Алардын арасында ушул күндөргө чейин жетип, ырлары классика айланган бир топ бар. Ал топ өз учурунда Чолпон жылдызындай жанып, азыркы күндө элге аттын кашкасында таанымал болуп калды. Ал – «Биз» тобу. Бул жолу аталган топтун негиздөөчүсү, аткаруучусу, ондонгон хит ырлардын автору Бактияр Токторов менен анын чыгармачылык жолунун башталышы, «Биз» тобу кантип түзүлгөнү, элге кеңири тараган ырларынын тарыхы жана үй-бүлөсүнүн колдоосу тууралуу маектештик.

— Саламатсызбы, Бактияр мырза! Алгач сиз түзгөн топтун тарыхына кайрылалы деп турам. Чыгармачылык жолуңуз башталып калышына эмне түрткү берди?
— Саламатчылык. Мен так бир адам же бир окуя болду деп айта албайм. Негизи чөйрө чоң роль ойноду. Биз союздун убагында чоңойдук, ар кандай ырларды угуп калчубуз. Айылда деле музыка бар эле. Көп балдар гитара, аккордеон чертип, өздөрү ырдап жүрүшчү. Ошолорду көрүп эле кызыга баштайсың да. “Аганы көрүп, ини өсөт” деген сөз бар го, ошого окшош. Чоң балдарды карап, ошолордон үйрөндүк. Башында жөн эле кызыгуу болду, кийин бара-бара бул нерсе жакын болуп калды. Ошентип акырындап ушул жолго кирип кеттик.
— «Биз» тобу кандайча түзүлүп калган?
— Бул атайын пландалган чоң долбоор болгон эмес. Баары жөнөкөй башталган. Фрунзедеги политехникалык институтта окуп жүргөндө студенттер менен эле чогулуп, ырдап калдык. 90-жылдар болчу, союз тараган мезгил. Элдин жашоосу өзгөрүп жаткан учур эле. Музыкада да жаңы топтор чыгып жаткан. Мисалы, «Элес» тобу сыяктуу топтор бар болчу. Биз да ошол учурда өз алдынча аракет кылып баштадык. Башында жөн эле аудиторияда, достор арасында ырдап жүрдүк. Кийин бара-бара олуттуураак карай баштадык.
— Топтун аталышы башынан эле ушундай беле?
— Жок, башында “Кыргызстан” деп атаганбыз. Анан биринчи жолу КТРКга Мыктыбек Арыстанбек чакырып калды. Ошол жерде журналист биздин ырларды угуп, “ат башкача болсо жакшы болот эле, ырлар менен шайкеш келбей жатат” деген сунуш айтты. Ошол сөз бизге ойлонууга себеп болду. Анан отуруп алып, ар кандай варианттарды карадык. Акыры “Биз” деген атка токтолдук. Бул сөз жөнөкөй көрүнгөнү менен мааниси чоң. Элге жакын, баарына тиешелүү сөз. Кийин маркум Жаныбек Алыкулов да колдоп, ушул ат менен калып калдык.
— Алгачкы элдин реакциясы кандай болду?
— Ар кандай эле болду. Кээ бирөөлөр дароо колдоду, айрымдары ишенген жок. Сын-пикирлер көп эле айтылды. Бирок бул нормалдуу нерсе. Жаңы чыккан топ болгондон кийин эл ар кандай кабыл алат экен. Биз деле башында кыйынчылыктарды көрдүк. Бирок ошол сындар да бизге жардам берди. Өзүбүздү оңдоп, изденип, жакшыраак иштөөгө аракет кылдык. Акырындап эл таанып, ырларды угуп баштады.
—Эми чыгармачылыгыңыздагы көп талкуу болгон ырларга келели. Бүгүнкү күнгө чейин эл сүйүп уккан, ырдаган “Буй-Буй” ырынын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз?
— «Буй-Буй» — бул сүйүү тууралуу ыр. Бирок жөн эле жеңил сүйүү эмес, жетпей калган, ичинде кайгысы бар сүйүү. 2000-жылдардын башында чыккан. Ошол убакта жашоодо ар кандай учурлар болду, маанай да ар дайым эле жакшы боло бербейт экен. Кээде адамдын ичиндеги абал сыртка чыгат. Бул ыр да ошондой маанайда жаралган. Негизи кайгылуу өңүттө болсо да, ичинде сүйүү бар. Ошол себептен элге жакын болду окшойт. Ар ким өзүнүн турмушуна салыштырып угат.
— Ата-энеңиз сиздин чыгармачылык жолду кандай кабыл алган?
— Бизди ата-энебиз эркин өстүргөн. Башында мен деле башка кесиптерди ойлогом. Мисалы, аскер болом дедим, ошол жакка тапшырдым. Анан заводдо иштеп калдым. Кийин инженер болоюн деп институтка кирдим. Азыр ал окуу жай КТУ болуп калыптыр, мурда башкача аталып жүрчү. Ошол мезгилде өлкөдө абал оор эле, союз тарагандан кийинки убак, жумуш да аз. Ошого карабай ар ким өз жолун издеп жүргөн учур болчу. Акырында ушул чыгармачылык жолго келдик. Ата-энем каршы болгон жок. Негизи артист болуу жаман кесип эмес да. Элге жакшы маанай тартуулайсың, ыр менен адамдарды кубантасың.
— Балдарыңыз сизди сахнада көргөндө кандай кабыл алышат?
— Алар сүйүнүшөт. Балдар үчүн атасынын ырчы болгону кызык да. “Менин атам ырчы” деп айтышат болуш керек. Бул мага да жакшы сезим берет. Балдардын колдоосу өзүнчө маанилүү.
— Алар да сиздин жолду тандаса каршы болбойсузбу?
— Мен каршы болбойм. Ар ким өз жолун өзү тандашы керек деп ойлойм. Эгер алар чыгармачылыкка кызыгып, ырчы болобуз дешсе, колдойм. Тескерисинче, азыртан эле айтып жатам — гитара, пианино үйрөнгүлө деп. Музыка адамга көп нерсе берет. Кийин башка кесипти тандаса да, бул нерсе жардам берет.
— Азыр артка карап, ошол баштапкы мезгилдерди эстегенде кандай ой келет?
— Негизи ошол мезгилдер оңой болгон жок. Бирок кызыктуу эле. Баары жаңы, баары башкача. Азыркыдай шарт жок болчу, техника жок, мүмкүнчүлүк чектелүү. Бирок ошого карабай аракет кылдык. Азыр ойлосом, ошол кыйынчылыктар деле керек экен. Алар адамды өстүрөт.
— “Биз” тобунун өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?
— Менимче, жөнөкөйлүктө. Биз атайын татаал нерсе кылалы деген эмеспиз. Элге жеткиликтүү, түшүнүктүү ырларды аткардык. Балким ошон үчүн эл кабыл алды. “Биз” деген ат өзү деле ошону билдирет да — жалпы, баарына тиешелүү дегендей.
— Сиз үчүн музыка деген эмне?
— Музыка — бул жашоонун бир бөлүгү. Жөн эле жумуш эмес. Кээде адам сөз менен айта албаган нерсени ыр менен жеткирет. Ошол жагы менен маанилүү.
— Азыр дагы жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатасызбы?

— Ооба, иш жүрүп жатат. Музыка эч качан токтобойт. Ар дайым жаңы нерсе издейсиң. Элге дагы жакшы ырларды тартуулайын деген максатым бар.
— Акыркы суроо, сизди алдыга жылдырган негизги нерсе эмне деп ойлойсуз?
— Балким ошол эле кызыгуу жана аракет. Башында кандай кызыгуу болсо, азыр деле ошол бар. Ошону жоготпой иштей берсең, жыйынтык болот деп ойлойм.
Айша Нуридинова
